С.РЫСБАЕВДИН “ДЕҢГЭЭЛДИК НЕГИЗДЕ ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ” (Китепке пикир)
- 12.02.2024
- 0
Педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев жакында “Деңгээлдик билим берүү технологиялары” аттуу эмгеги жарык көрдү. Анда окумуштуу: “Менин бүгүнкү сабагым окуучуларга эмне берет? Менин бүгүнкү сабагымдан окуучу эмнени алат? Мен ага окуучуларды кантип машыктырам?” — деген талылуу суроолорду алдыга коюп, мугалимдин жоопкерчилигин баса белгилеген.
Автор Блумдун таксономиясын ѳркүндѳтүү жана учурдагы предметтик стандарттардагы окуучулардын ѳздѳштүрүүсүнүн деңгээлдерин эске алуу менен, мына мындай логикалуу иш-аракеттердин ыраатын белгилейт: билүү, колдоно алуу, ой жүгүртүү, ишмердик мамиле, чыгармачыл мамиле, жаңылык табуу, ачылышка жетүү. Ошону менен бирге натыйжада тѳмѳндѳгүдѳй бирдиктүү ой туюмдарына келген: билүүсүз колдоно албайт; колдонуусуз ой жүгүртүү болбойт; ой жүгүртүүсүз проблеманы чече албайт; проблеманы чече албаса ишмердик болбойт; чыгармачылыксыз жаңылык жаралбайт; жаңылыксыз ачылыш болбойт; ачылышсыз өсүш болбойт.
Бул иш-аракеттер калыптандыруучу баалоодо аткарыла турган жандуу процессти эске салат. Окуучунун чыгармачылык ишмердиги жана калыптандыруучу баалоодо сабакта калыптандыруучу (формативдик) баалоонун мааниси чоң, анткени окуучунун билиминин калыптануусун текшерүү да, аны байкоо да, аны баалоо жана баа берүү да дал ошол мезгилде ишке ашырылат. Тактап айтканда, бул баалоо, жогоруда айтылгандай биринчиден, баланын билиминин калыптануу абалын ырааттуу текшерүү жана баалоо болсо, экинчиден, баланын билиминин калыптануусунун абалы тууралуу маалымат алуу, аны билүү, байкоо, кайтарым байланышты ырааттуу ишке ашыруу.
Бул учурда мугалим менен окуучунун ортосундагы кайтарым байланыштын мүнөзү төмөндөгүдөй болмокчу: маалыматтык кайтарым байланыш; үйрөнгөнүн практикада колдонуу боюнча кайтарым байланыш; материалды түшүнүү жана колдонуудагы түзүлгөн проблемаларды чечүү боюнча кайтарым байланыш: окуучунун чыгармачыл ишмердигин уюштуруу, аны ишке ашыруу боюнча кайтарым байланыш.
Мына ушул багыттардагы кайтарым байланыш жүзөгө ырааттуу ашырылганда гана окуучунун билиминин калыптануусу жана анын абалы тууралуу толук маалымат алынат жана окуучунун билими критерийлер аркылуу туура бааланат. Профессор Сулайман Рысбаев китебинде критерийлер дагы жогоруда айтылган төрт багыттарда болорун, алар — маалыматты билүү, үйрөнгөнүн практикада колдоно алуу, проблемалуу жагдайларды чече алуу, чыгармачыл мамилесин көрсөтө алуу экенин белгилейт.
Кайтарым байланыш кезинде окуучуларга берилген суроолор жана тапшырмалар дагы сөзсүз логикалуу, ырааттуу өнүгүүгө багытталган, горизонталдуу мүнөздө эмес, вертикалдуу мүнөздө түзүлгөн суроо-тапшырмалардын системасынын негизинде болуш керек. Ансыз суммативдик баалоого толук жетишүү болбойт. Ошондон улам, окумуштуу мына ушундай иш-аракеттердин системасын камтыган жана анын логикасын чагылдырган төмөндөгү төрт деңгээлди сунуш кылат, алар — окуучунун маалыматтык билим деңгээли; билимди практикада колдонуу деңгээли; проблемалык кырдаалды чечүү; чыгармачыл мамиле жасоо деңгээли. Бул деңгээлдер окуучунун сабактан алган формативдик билиминин калыптануу процессин чагылдыргандыгы жана аны формативдик баалоону максаттуу түрдө жүзөгө ашыруудагы маанилүүлүгү менен айырмаланмакчы.
Төрт деңгээлдин суроолору кандай болот? Окумуштуу ар бир деңгээлди тѳмѳндѳгүдѳй мүнѳздѳгѳн. Биринчи деңгээл: маалыматтык билим деңгээли — жеткиликтүү бекем жана терең билимдин болуусу. Мындагы суроо, тапшырмалардын мүнөзү төмөндөгүдөй болот: баяндап айтып берүү үчүн суроо-тапшырмалар; сүрөттөп айтуу үчүн суроо-тапшырмалар; эсте сактоосун текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар; жаттоосун текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар; көркөм окуусун текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар; көркөм айтуу үчүн суроо-тапшырмалар; окуу техникасын текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар;
Экинчи деңгээл: билимди практикада колдонуу деңгээли. Бул деңгээл коюлган суроолор менен тапшырмалардын татаалдануусу менен айырмаланат. Мында мугалим сабакта өтүлгөндөрдүн маанисин түшүнүүсүн, аны практикада колдонуп сүйлөп, жазууга машыгуусун текшерет. Окутуунун практикалык багыты жүзөгө ашырылат. Окуучулар үйрөнгөнүн чыгармачылык менен өздөштүрүүгө жол алат. Мисалы: үйрөнгөнүн практикада колдонуу үчүн суроо-тапшырмалар; үйрөнгөнүн практика жүзүндө түшүндүрүү үчүн суроо-тапшырмалар; эрежени далилдөө үчүн суроо-тапшырмалар; сөз маанисин талдап түшүндүрүү үчүн суроо-тапшырмалар; фактыларды талдоо үчүн суроо-тапшырмалар; түшүнүктү аныктоо үчүн суроо-тапшырмалар; түшүнүктү тактоо үчүн суроо-тапшырмалар; түшүнүктү мүнөздө үчүн суроо-тапшырмалар.
Үчүнчү деңгээл: Проблема чечүү деңгээли. Бул деңгээл ишмердик парадигмасына негизделет. Анда окуучунун ишмердик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө стимул берүүчү проблемалуу, татаалыраак көнүгүү-тапшырмалары менен суроолор, сүйлөмдөр жана тексттер менен иштөөгө басым коюлат. Анын суроолору, түшүнүктөрдү системалуу түшүндүрө алуу ж.б. Мында айтылган ойду далилдөө үчүн суроо-тапшырмалар берилет: түшүнүктөрдү анализдөө үчүн суроо-тапшырмалар; проблемаларды чечүү үчүн коюлган суроо-тапшырмалар; далилдерди салыштыруу үчүн суроо-тапшырмалар; түшүнүктөрдү синтездөө үчүн суроо-тапшырмалар; түшүнүктү жалпылоо үчүн суроо-тапшырмалар; түшүнүктөрдү классификациялоо үчүн суроо-тапшырма -схема түзүү үчүн суроо-тапшырмалар.
Төртүнчү деңгээл: Чыгармачыл деңгээл. Окутуунун чыгармачыл мамилесин өнүктүрүүчү бул деңгээл “чыгармачыл парадигмасына” негизделет. Бул деңгээл кыргыз тилин өздөштүрүүдө өзгөчө зиректигин көргөзгөн, таланттуу, өздүк чыгармачылыгы күчтүү окуучуларды аныктоого жана алар менен иштөөгө багытталат. Бул мезгилде адабият сабагында төмөндөгүдөй иштер аткарылышы мүмкүн экендигин да кѳрсѳткѳн: чыгармага, анын каарманына жеке пикирин, сын көз карашын билдирүү, пикир жазуу; чыгарманын эпизоддору боюнча элестетип, өз алдынча иллюстрация тартуу, каармандарын элестетип портреттерин тартуу; чыгарманын окуясын логикалык жактан улантып, өз алдынча улама дилбаян жазуу; чыгарманын сюжети, идеялык мазмунун жана анын авторунун жалпы чыгармачылыгы тууралуу тесттик тапшырмаларды түзүү; чыгарманын авторунун башка чыгармаларын иликтөө жана окуп-үйрөнгөн башка чыгарма менен салыштыруу; чыгарма боюнча талкуунун суроолорун түзүп, класста талкуу уюштуруу; чыгарма боюнча диспут уюштуруу; чыгарманын мазмуну, сюжети боюнча викторинанын суроолорун түзүү жана аны класста өткөрүү; чыгарма боюнча конференция өткөрүү; чыгарманын автору жана чыгарма тууралуу долбоор түзүү; чыгарманын автору менен жолугушуу уюштуруу; чыгарманын авторунун сабагын уюштуруу; чыгарманын эпизоду боюнча ролдорду аткарып, сценка көрсөтүү; чыгармага баа берип, ал тууралуу пикир, рецензия жазуу; чыгарманын сюжетин поэмага айлантуу; чыгарма тууралуу чакан дилбаян жазуу; чыгарманын тилин изилдөө; чыгарманын сюжети, мазмуну тууралуу кластер, синквейн, таяныч чиймелерди түзүү; чыгарма боюнча реферат жазуу; чыгармага аннотация жазуу; чыгармага жараша музыкалуу кече уюштуруу. Ушулардан улам, окумуштуу Уилям Артур белгилеп кеткендей “Жакшы мугалим түшүндүрөт, мыкты мугалим көрсөтөт, улуу мугалим шыктандырат” деген акылман сѳзү эске түшѳт.
Албетте, сабакта мугалим модератор болушу керек. Ал туура багыт берип окутпаса, шыктандырбаса анда мугалимдиктен аксаганы. Жогоруда берилген денгээлдер боюнча окутуу бүгүнкү күндө эң актуалдуу жана алгылыктуу технология. Мында балдардын өсүшүнө, билим алуусуна ирети менен иштелип чыккан технология деп айта алам. Сөзүм куру болбошу үчүн бир теманы мисал келтирейин. Ал компьютерге байланыштуу. Компьютер адамга караганда миллион эсе тез эсептөө жүргүзө ала турган электрондук түзүлүш. Компьютер алгач биз киргизген маалыматтарды кабыл алып, аны пайдалануучу үчүн түшүнүктүү кылып кайрадан иштеп чыгат.
Алгачкы компьютерлердин көлөмү ушунчалык чоң болгондуктан, бир бөлмөнү толук ээлеп, пайдаланганга ыңгайсыз болгон. 1960-жылдардан тартып, микроэлектроника тармагынын өнүгүүсүнө байланыштуу компьютердин түзүлүшүндө чоң өзгөрүүлөр болгон. Он миңдеген элементтер тырмактай болгон пластинага бата турган микросхемалар колдонула баштаган соң, азыркы биз колдонуп жүргөн ыңгайлуу, персоналдык компьютерлер пайда болгон. Булар тексттик маалыматтарды иштеп гана тим болбостон, музыка жазып, аны кайрадан иштеп чыгат. Мындан 50-60 жыл илгери жазылып калган, бирок убакыттын өтүшү менен сапатын жоготуп койгон Атай Огомбаев, Мыскал Өмүрканова, Сайра Кийизбаева жана башка белгилүү таланттардын аткаруусундагы обондуу ырлар, мукам күүлөр азыркы учурда компьютердин жардамы менен оңдолуп жазылып, кайрадан элге ырахат тартуулоодо.
Бүгүнкү күндө илим менен техниканы компьютерсиз элестетүү кыйын. Ал теле көрсөтүүдө, космосто, машина курууда, айыл чарбасында, медицинада, ал тургай үй тиричилигинде да кеңири колдонулууда. Дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда жашаган адамдар бири-бири менен интернет аркылуу бир нече секунданын ичинде байланыша алт.
Сабакта профессор С.Рысбаевдин таксономиясындагы талаптар боюнча иштесек, тѳмѳндѳгүдѳй натыйжага ээ болобуз: Биринчи деңгээл: маалыматтык деңгээлге жараша суроолор: 1. Компьютер кандай система экен? 2. Ал учурда биздин жашообузда кандай кызмат аткарууда? Экинчи деңгээл: колдонуу деңгээлине жараша суроолор: 1. “Компьютер” деген сөзгө фонеткалык талдоо жүргүзгүлө. 2. Тексттеги энчилүү аттарды жана татаал сөздөрдү таап, жазылышын түшүндүргүлө.
- Созулма үндүүлөр катышкан сөздөрдү талдагыла.
- Өздөштүрүлгөн сөздөр кайсылар? Таап, маанисин түшүндүргүлө.
- — ып; мүчөсү колдонулган сөздөрдү таап, уңгу жана мүчөгө ажыратып, мүчөнүн алгачкы формасын жазгыла.
Бат жазма. Төмөндө берилген мисалдарга көңүл бөлгүлө. Текстте кездешкен сөздөрдү эстеп, созулма үндүүлөрдү жайгаштыргыла.
Үчүнчү деңгээл: проблемалуу жагдайларды чечүү деңгээлине жараша суроо-тапшырмалар: 1. Биздин күндөлүк турмушубузду компютерсиз элестетүүгө мүмкүнбү? Эмне үчүн? 2. Компьютерди колдонуу менен дүйнө таануубузду, билим алуубузду кантип өркүндөтө алабыз деп ойлосуңар? 3. Элибиздин маданиятын компьютер аркылуу дүйнөгө кантип тааныта алабыз? Жолдорун таба аласыңарбы? 4. Компьютерден жакшыны да, жаман нерселерди да таап үйрөнүүгө болот. Бирок канткенде биз компьютердик заманда, кыргыздын наркын, баалуулуктарын сактай алабыз?
Төртүнчү деңгээл: Чыгармачылык деңгээлине ылайык суроо-тапшырмалар: 1.Текстти кептин түрүнө жараша талдап, сөз каражаттарын аныктоо. Айрым өздөштүрүлгөн сөздөрдүн этимологиясын иликтөө. 2. Тексттен грамматикалык формаларды, сүйлөмдүн түрлөрүн, типтерин таап, шериги менен изилдөө жүргүзүү. 3. “Канткенде биз компютердик заманда адеп-ахлагыбызды сактап, нарктуу кыргыз жаштарынан болобуз?» деген темада эссе жазуу.
Мына ушундай багыттардагы иштѳѳ студенттердин сабакка болгон кызыгууларын, изденүүлѳрүн ѳнүктүрүү менен, сабакта чыгармачылык менен иштѳѳгѳ ишенимин жаратаарын практика кѳргѳзүүдѳ. Демек, профессор Сулайман Рысбаевдин ишмердикке негизденген бул деңгээлдик технологиялары жакынкы күндѳрдѳ ѳз жемишин берери шексиз.
Бегимай НАДИЛБЕК кызы,
ОшТУнун окутуучусу
Комментарийлер