РУХАНИЙ-АДЕПТИК НАРКТАР АРКЫЛУУ КАНТИП ТААСИРДҮҮ ТАРБИЯ БЕРСЕ БОЛОТ?

  • 30.04.2024
  • 0

 РУХАНИЙ-АДЕПТИК НАРКТАР АРКЫЛУУ КАНТИП ТААСИРДҮҮ ТАРБИЯ БЕРСЕ БОЛОТ?Таалим-тарбиянын жүрүшүндө адеп-ахлак нарктарынын, баалуулуктарынын, баланын, инсандын жан дүйнөсүнө кирип, орун-очок алышы үч этапты басып өтөт.

Биринчи этап — бул адеп-ахлак эрежесинин адамга маалымат түрүндө жетиши. Бул этапта инсан мындай же тигиндей адеп баалуулугу, эреже нормасы бар экенин маалымат түрүндө билет. Бирок билип алуу али чыныгы билим эмес. Маалыматтык деңгээл жетишсиз. Нравалык баалуулукту өздөштүрүү маалыматтык биринчи этаптан экинчи этапка өтүш керек.

Экинчи этап – бул тарбиялануучунун өзүнүн ойлонуусу, толгонуусу, изденүүсү, талдоосу – талкуусу аркылуу адептик нарктын, эреже-жобонун түшүнүлүп, аңдалып – туюлуп, анын ички ынанымына, ишенимине айланышы, башкача айтканда, нравалык баалуулуктун чындыгына, коомдук зарылдыгына инсандын ишенип, өзүнүн менчик ынанымына айландырышы.

Үчүнчү этап муну менен мүнөздөлөт: Ошол ички ишенимге айланган адеп-ахлак нормасы тарбиялануучунун инсандык позициясына өсүп чыгып, жүрөгүнүн каалоосу болуп калат да, анан ал андан ары барып, кишинин реалдуу жүрүм-турумун аныктаган ички мотивге айланат, ишеним жүрүм-турумга өтөт. Демек, нравалык чындыктын адамдын жан дүйнөсүнө жетиши маалымат-ишеним-нравалык жүрүм-турум деген үч тепкичти басып өтөт. Ушуну эске түйүп туруп, төмөнкүгө көңүл буралы.

АДЕП-АХЛАК ЖАНА ПЕДАГОГИКА

Кээ бир тарбиячы мугалимдердин: «балдарга жакшы жүрүм-турум жөнүндө какшап эле акылыбызды айтып жатабыз, кулактарына куюп жатабыз, ошого карабай эле жаман жоруктарды жасап жатышат»,– дешип басма сөзгө жазган учурлары бар. Ушуга байланыштуу мобуну айтууга туура келет: Тарбиячылар көп учурда балдардын аң сезимин агартсак, мындайча айтканда, адеп-ахлак нормалары боюнча маалыматты камсыз кылсак эле жетиштүү деп ойлошот. Белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун «Сыртынан карасаң адам маалыматтуу, койкое кийинип, галстук тагынган, тышынан маданияттуу, мораль маселелеринен лекция да окуп жиберет, кынтык таппайсың. Бирок ал ичинен коррупционер, кабинетинде отуруп пара алат. Эмне үчүн? Анткени анда ыйман жок»,– деп айткан ою бар. Айталы дегенибиз, өспүрүмдү адеп-ахлак эреже-нормалары боюнча маалыматтуу кылуу аны адептүү, абийирдүү, уяттуу, ыймандуу кылып салуу деген сөз эмес. Адеп-ахлак жол-жоболорун маалымат түрүндө аң сезимге жеткирүү бул – биринчи гана тепкич. Иш андан ары тереңдеш керек. Адеп-ахлак жөнүндөгү билим ички ишенимге, инсандык позицияга айланышы зарыл. Моралдык билим маалыматтын деңгээлинен биринчи этаптан ары тереңдеп, кишинин жан-жүрөгүнө, эмоционалдык-психологиялык дүйнөсүнө өтүп, тилинен барып, дилине сиңип, анын ынанымы экинчи этап болуп калышы лаазым. Ошондой болгондо инсандын сөзү менен иши, айткан ою менен жасаган жосуну бир чыгат. Дастан Сарыгулов айткан жогорудагы адамдын сырты жалтырак ичи калтырак болуп атканы, мугалимдер жазгандай, этикалык эрежелерди билип туруп балдардын жаман жосунга барып атканы эмнеликтен? Анткени мораль деген нерсе кургак билим, маалымат түрүндө тилдин учунда гана жашап, ишеним, ынаным түрүндө алардын кан-жанына сиңбегендигинде болуп отурат. Демек, адептик тарбиянын спецификасы башка. Адеп-ахлак деген жаттап алган эрежелердин жыйындысы катары тил учунда турганда эмес, жүрөктө, жан дүйнөдө сезим менен жуурулушуп жашаганда гана ал адеп-ахлак боло алат. Ал эми адеп-ахлак жоболорунун жүрөккө, жан-дилге тамырлаган ички ишенимге айланышы эч убакта автоматтык түрдө болбойт. Бул татаал руханий изденүүлөрдүн жолун баса турган процесс. Мына ошон үчүн орус ойчулу Д. И. Писарев төмөндөгүдөй деп жазып отурат: «Даяр ишеним деген жок, аны жакшы көргөн таанышыңдан сурап алууга, же китеп дүкөнүнөн сатып алууга болбойт. Ишенимди жеке акыл жүгүртүүңдүн, ой-толгоолоруңдун процесси менен, өзүңдүн жеке башың, мээң менен иштеп чыгышың керек». Бирөөдөн жасалма түрдө үйрөнгөн акыл тетирисинче кишиге тушоо болоорун элдик педагогика да бизге макалдатып айтып турат. «Киши акылы кишен менен тушоо, өз акылың өзүң менен тамыр» – дейт эл акылмандыгы. Демек, элдик педагогика өзүңдүн өзөгүңө сиңип, тамырлаган нерсе гана сенин чындыгың, ишенимиң боло алат.

Адеп-ахлак баалуулугу жаш адамдын өзөгүнө сиңип, тамырлаш үчүн эмне кылуу керек?

Баланын, окуучунун жекече инсандык ой жүгүр¬түүсүн нү туу туткан бүгүнкү педагогикалык ой жүгүртүү бизге мындай дейт: Тартууланып, сунулуп жаткан рухий-адептик, нарктарды талдабастан, «чайнабастан», жетеленип, ээрчип, «бүкүлү» жута берген пендени тарбиялоодон кескин баш тартуу керек. Эгер тарбиячы болсоң, баланын өзү жасай турган нерсесин сен өзүң жасап бербе. Тарбия процессин жаш адамдын мээсин кыймылдата тургандай, акыл-эсин чукурантып ойгото тургандай, ички рухий потенциалын козгой тургандай кылып уюштур. Чындыкты, жаңы нравалык билимди, тарбиялануучунун өзү кызыгып издей тургандай болсун. Окутуу – тарбия  процессинде, өспүрүм адамда биринчи иретте, коюлган маселеге чыгармачылык, сынчыл, аналитикалык мамиле кылуу көнүмүшү калыптанышы абдан зарыл. Бала  өз түшүнүктөрү менен ишенимдерин өзүнүн жекече акыл жүгүртүүлөрүнүн жана ой толгоолорунун процесси менен түзүп чыксын, маселени өз аракети менен чечсин. Албетте, тарбиячынын багыттоочу көмөгү менен. Бул үчүн жаш адам проблемага, карама-каршылыкка, ойлордун түйшүгүнө кабылгандай кылып, тарбия процессин методикалык ыкчылык, усулдук айлакерлик менен кызыктуу түзүү кажет. Тарбия сабакты учурунда издөөгө, изилдөөчүлүк ишмердикке стимул түзүлүп, бир эле маселеде ар түрдүү көз караштар, позициялар кагылышып, альтернативалык чечимдер изделип, аргументтер салыштырылып талдалып, божомолдор текшерилип, мунун аркасында жаш адам класстан кандайдыр бир жаңырып, өзгөрүп, түйшөлүп чыгышы керек. Мындай натыйжага жетиш үчүн тарбия процессинин дискуссия, талаш-тартыш, семинар, диалог, окуу оюну, иликтөө-изилдөө формасы жана башка инновациялык ыкма-амалдар, интерактивдүү түрдө уюштурулушу талапка ылайык келет.

Кылымдап өнүгүп келаткан педагогика өзүнүн казынасына далайлаган түркүн методикалык «курал-шаймандарды» топтоду. Аңгеме, түшүндүрүү, лекция, этикалык маек, диспут, проблемалуу кырдаалдар, үйрөтүү, к, машыктыруу, ынандыруу, өзүн-өзү тарбиялоо, доклад, адептик үлгү-өрнөк көрсөтүү, көрсөтмө, тапшырма берүү, талап коюу, кызыктыруу, мелдеш, жекече мамиле, интерактивдүү аракеттенүү, оюн, сынчыл ойлом, тематикалык, суроо-жооп кечелери, тегерек үстөл, конкурс, көргөзмө, класстык саат, экскурсия, ийримдер, мамлекеттик майрамдар жана даталуу күндөргө байланышкан иш-чаралар, окурмандар конференциясы, тарбия кызыкчылыгын аркалаган жумалыктар, фестивалдар, декадалар жана башка толгон-токой усулдар, методикалык ыкмалар, каражаттар, формалар бүгүн педагог-тарбиячылардын карамагында. Ошондой эле поэзияны, ар кандай притчаларды, тамсилдерди, накыл сөздөрдү, ичине маанилүү турмуштук сабактарды камтыган икаяларды пайдалануу да тарбия практикасында түшүм берип келе жатат. Педагогиканын ушундай усулдук казынасынан ким эмнени алып, кайсыга колдонот, кайсы методикалык амалды кандай конкреттүү кырдаалга кантип чыгармачылык менен пайдаланат, тигил же бул ыкманы кантип айласын таап иштетип, көздөгөн натыйжаны алат, өзү тарабынан кандай табылгаларын кошумчалайт, – муну тарбиячы – мугалимдин өзүнүн чеберчилиги билет.

Кыскасы, таалим-тарбия ишинде өйдө жакта саналган методикалык арсеналды баланын нравалык чындыктарга өзүнүн индивидуалдуу ишмердиги жана өздүк тажырыйбасы аркылуу ынанышына сүрөө болгудай ыкчылдык менен иштете билишибиз керек. Мындай жолдун зарылдыгын жана жемиштүүлүгүн балдардын өздөрү да далилдеп отурушат. Бишкектин №77-мектебинде өспүрүмдөр арасындагы терс жорук-жосундар жөнүндө «зордук зомбулук көргөндөрдүн театры» аттуу сахна оюну окуучулардын өздөрүнүн катышуусу менен уюштурулган. 11-класстын окуучусу Качкынбеков Максат «Кутбилим» газетасына (1-ноябрь, 2008) минтип жазат: «Аты эле айтып тургандай, мында окуучулар өздөрү жасаган ар кандай терс көрүнүштөрдү чагылдырдык. Менин оюмча бала өзүнүн кылык-жоруктарын сырт жактан көрсө, кайсы жери туура эмес экендигин, кайсы каталарды кайталабаш керек экендигин даана сезет экен». Дагы бир окуучунун пикирине көңүл буралы: «Бектур агайдын сабагы бири-бирине эч окшобучу, күндө ар кандай өзгөрүү, күндө ар кандай изденүү. Бир сабагы конкурс түрүндө болуп, мелдешке катышсак, бир сабагы театрлаштырылып, анда актер болобуз, дагы бир сабагы конференция түрүндө уюштурулуп, биз докладчыбыз, айтор ар бир сабакта ар башка адамсың, биринде мээрман эне же ата, экинчисинде мугалим, үчүнчүсүндө журналист, төртүнчүсүндө акын же жазуучубуз». (Талас районундагы Арал орто мектебинин окуучусу Жийдегүлдүн анкеталык жообунан) Мектеп окуучуларынын бул сөздөрү дагы бир жолу айталы, тарбия процессин бала маселени өзү ойлонуп талдагыдай, толгонуп изденгидей, өз пикирин, ынаным-ишенимин өзү түзгүдөй кылып уюштуруу методикасынын артыкчылыгын дагы бир жолу даана тастыктап турат.

СОКРАТТАН ЭМНЕНИН ҮЙРӨНСӨ БОЛОТ?

Ал эми мугалимге тарбиялануучунун мээсин кыймылдатыш үчүн байыркы Сократтын педагогикалык мурасы жакшы жардамга келер эле. Сократ эч убакта шакирттерине, адамдарга акыл айтып, мораль окуган эмес, өз чындыгын таңуулап, маңдайындагынын аны дароо макул деп кабыл алып, эске сактап калуусун талап кылбаган. Ал чын ниеттен чыккан маекти талаш-тартышты, диалогду тарбиянын эң мыкты жолу деп эсептеген. Сократ мугалим, насаатчы деген ролду унутуп таштап, окуучусунун, шакиртинин катарына келип туруп, аны менен маселени бирге талкуулап, чындыкты бергелешип чогуу-чаран издеген. Сократтын аналитикалык маэктеринде, диалогдорунда окутуучу менен шакирт тең укуктуу атаандаштын ролун аткарышат. Ал өзүнүн суроолору менен маэктешин баш мээсин кыймылдатууга аргасыз кылат.

Сократ өзү да ойлонгон, өзгөнү да ойлонткон, өзү да шектенген, башкаларды да шектенүүгө түрткөн. Ал айтылган ар бир ойду, түшүнүктү үңүлүп текшерүүнү жана далилдей билүүнү окуучусунан, маэктешинен талап кылган. Мына ушундай ыкма-амал чындыкты, билимди даяр түрүндө эмес, талкуулоо, ой жүгүртүү, издөө аркылуу алууга, табууга мүмкүнчүлүк берген.

Чындыкты ой жүгүртүп, өз акылы менен издөө маселеси жагынан кыргыздын элдик педагогикасынын казынасынан да эң сонун нускоолорду өрнөк катары алууга болот… «Билимдүүнүн түнү – күн», «Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич», «Кылыч курал эмес, акыл курал», «Чаап айтканча, таап айт» – дейт калк даанышмандыгы. Ушул макалдардын түп маанисин жакшылап байкасак, чын билимдүү адам чындыкты кишиге уруп, чаап, кылыч менен зордоп таңуулабайт, тескерисинче, баланын дүйнөсүн күн сыяктуу жарык кылып, акыл дегенди ыгын таап, мөл булактын суусу сыяктуу ичирип, боюна сиңирет. Кыргыз ичиндеги акындардын, кыз-жигиттин айтыштары, чечендердин алым-сабак жарыштары жогорудагы Сократтын диалогдорун элестетип кетет. Мисалы, айтылуу “Талым кыз менен Көбөктүн айтышынан” бир үзүндүгө көңүл буруп көрөлү.

Талым кыз:

— Жер сиңип кеткен жети атаң,

Ал эмне Көбөк чоң?

Жерди жемире баскан чал буура,

Ал эмне Көбөк чоң?

Желини сүттүү куу инген,

Ал эмне Көбөк чоң?

Жез буйлалуу нар тайлак.

Ал эмне Көбөк чоң?

Оргочордон от күйөт,

Ал эмне Көбөк чоң?

Ысык-Көлдөн ит үрөт,

Ал эмне Көбөк чоң?

Жаң бүткөндүн баарынан,

Каргыш алган ким болот?

Түйүлгөндүн түйүнүн,

Чечип турган ким болот?

Сөөгүңдү ысытып,

Эзип турган ким болот?

Көбөк: — Жер сиңип кеткен жети атаң –

Жети атабыз эмеспи!

Жерди жемире баскан чал буура —

Түп атабыз эмеспи!

Желини сүттүү куу инген –

Өз энебиз эмеспи!

Жез буйлалуу нар тайлак –

Карындашым эмеспи!

Оргочордон от күйсө —

Эки көзүң жайнаган,

Ысык-Көлдөн ит үрсө,

Бака болот чардаган.

Жан бүткөндүн баарынан,

Каргыш алган карышкыр.

Түйүлгөдүн түйүнүн,

Чечип турган чечендер.

Сөөгүңдү ысытып,

Эзип турган бала дейт.

Караңыз, бу сөз таймашындагы Талым кыздын чукулунан берген суроолору Көбөктү ошо замат баш катырып, чагылгандай тездик менен ойлонууга, жооп издөөдө чукугандай тапкыч, билгич болууга, бүткүл ички рухий күч-кубатын мобилизациялоого аргасыз кылып жатат. Айтыш  — бул инсандын ой жүгүртүүсүн жогорку даражада активдештире турган, ой-пикирди чегине жеткизе чыңалтып, курчута турган диалог, акыл-эс эрөөлү, интеллектуалдык турнир.

Кыскасы, инсанда өз алдынча ойлонуу, чындыкты чырылдап издөөнү тарбиялоодо элдик акылмандык колдонгон мындай таасирдүү форманын өрнөгүнөн жана Сократтын жогорудагы диалог, маек аркылуу шакирттин аң сезимин машыктыруу өнөрүнөн эмне үчүн биз бүгүн таалим алууга тийиш эмеспиз? Эмне үчүн Талым кыз Көбөктү тердетип ойлондургандай, Сократ маектешип козгоп толгондургандай биз дагы жаш адамды ойлонто, толгонто албайт экенбиз?

Бул жерде мугалим — тарбиячы балага кенендик кылып, марттык, айкөлдүк менен мамиле жасап, ар бир өспүрүмдүн өзүнчөлүгүн, кайталангыс уникалдуулугун кыраакылык менен туюнуп, иш кылышы шарт. Тарбиячы баланын бир жагынан рухий атасы, энеси, экинчи жагынан рухий досу. Ал ат таптаган саяпкер, куш таптаган мүнүшкөр, кийик аттырган жандоочу сыяктуу. Ал кээ бир балдарды «мээң жок», «жөндөмүң жок, башың иштебейт» деп басынтып тилдебейт. Анын ишениминде табиятынан жөндөмсүз бала жок. Анын көзү көрөгөч, кулагы жер тыңшаар Маамыттыкындай уганаак. Чобур аттын турушунан чоң тулпардын сынын көрөт. Баланын дүйнөсүнө жата калып үңүлүп, ал жактан өсө элек чөптүн шуудурун, уча элек канаттын күүсүн уга билет. «Жерде жаткан жумуртка, асмандап учкан куш болор», «Жаман атты жакшы бакса, тулпар болот, жаман куштун табын тапса, шумкар болот», деген элдик философия анын педагогикалык позициясы. Баланын маселени түшүнбөгөндүгүнөн же үстүртөн кайпыган билиминен өзүнүн тарбиячылык жаңылыштыгын көрөт. Ал «акыркы чындыктарды» Сократ сыяктуу бала менен бирге издейт, тарбиялык сабакта акыркы чекитти бала менен бирге коет.

Философ Декарт мындай деген улуу ойду айткан экен: «Мен шектенип жатам, демек, ойлонуп жатам, а эгер мен ойлонуп жатсам, демек, жашап жатканым ошол». Мунун сыңарындай, эгер жаш адам тарбиячынын көмөгү менен класста шектенип, ойлонуп, чындыкты издеп жатса, анда анын жашап жатканы ошол.

Тарбия деген алтын уядан турмуш фактыларынын, дүйнөнүн «ичеги-кардын» сыдырып, «тогуз катын» аңтарып талдоо, анализдөө көнүмүшүнө айланган, өз алдынча ой жүгүртүүгө көнүккөн, өзүнүн индивидуалдуу нравалык ишенимдерине эгедер, өзүн өзү башкарган билимдүү, улуттук нарктарды рухуна сиңирген жаш шумкарлар учуп чыгууга тийиш. Ушундай инсандык өз алдынчалыгы өнүккөн мекенчил тукумдарга бүгүнкү эгемендүү Ата журтубуз муктаж.

Жогоруда айтылган методика, тарбия ыкмалары, мектеп тарбиячысына гана эмес, ата-энеге да, ЖОЖдордун окутуучуларына да, дегеле бардык тарбиячыларга багыттоочу нуска.

                                                                                                                                         Советбек БАЙГАЗИЕВ,

Кыргыз билим берүү

академиясынын академиги

 

Бөлүшүү

Комментарийлер