Роза КАЙЫКОВА: “КЫЗДАРДЫ ТЕХНИКАЛЫК ИЛИМДЕРГЕ ТАРТУУ – ЗАМАН ТАЛАБЫ”

  • 25.10.2021
  • 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) каржылаган “Илимдеги кыздар” долбоорунун пилоттук мектептердин 14-17 жаштагы окуучу кыздардын так жана табигый илимдерге кызыгуусун арттырып, ийгилик жаратууга шарт түзүүдө. Долбоорду “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиянын Америка университетинин колледжи жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырылып келатат. Кыздарды техникалык адистиктерге кызыктырууда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду кандай иштерди жүргүзүп жаткандыгы тууралуу фонддун директорунун орун басары Роза Кайыкова менен маек курдук.

Роза КАЙЫКОВА: “КЫЗДАРДЫ ТЕХНИКАЛЫК ИЛИМДЕРГЕ ТАРТУУ –  ЗАМАН ТАЛАБЫ”

– Роза Жазыкбаевна, “Илимдеги кыздар” долбоору качан башталды эле? Максаты эмнеде?

– 2020-жылдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) STEM (илим, технология, инженерия, математика) багыты боюнча сынак жарыялап калды. Биздин фонд ошол конкурска катышып, өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, аткарган иштерибизди, алдыга койгон максаттарды айтып, “Илимдеги кыздар” долбоорун утуп алдык. Сынактын уюштуруучулары бул долбоорду үч өнөктөш уюмга берди: биздин фондго, БААУнын Инновациялык колледжине жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесине. Тапшырмаларды, компоненттерди да үчкө бөлдү. Алсак, Инновациялык колледжге – гендердик сезимтал модулдарды STEM предметтери боюнча иштеп чыгуу, мугалимдерди окутуу, аны ишке киргизүү, билим берүү борборлорунун мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу ж.б.у.с. иштерди аткаруу милдеттендирилди. Ал эми Балдар коргоо борбору 7-10-класстын окуучуларынан 500 тренер даярдашат. Даярдалган тренерлер өздөрүнүн курдаштарын окутуп, 2,5 жылдын ичинде 30000 кызды доид-тренингден өткөрүшөт. Анда кыздардын лидерлик сапаттарын өстүрүү, кесип тандоодо багыт берүү, ар кандай турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу, ата-энелерге түшүндүрүү, окутуу иштерин жүргүзүү боюнча тренингдерди өтүшөт ж.у.с.

– Сиздердин фонддун аткаруу иштерине токтолсоңуз?

– Биздики эң чоң компоненттин бири — КР билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын (2012-2020) анализдөө, ошондой эле Базистик окуу планын, мамлекеттик стандарттагы предметтик стандарттарда, мектептен тышкары билим берүүдө STEMдин орду канчалык бар экен, анын билим берүүнүн өнүгүү саясатындагы орду кандай деген иликтөө жүргүзүлдү.

Эксперт катары профессор Абакир Мамытов бул документти анализдеп, иликтеп, өзүнүн сунуштарын Билим берүү жана илим министрлигине тапшырган болчу. Ошондой эле ал 2021-2040-жылга чейин Билим берүүнүн өнүгүү стратегиясы тууралуу долбоорду да толук анализдеп, иликтеп чыкты. Биз иликтөө жүргүзүп жаткан учурда бул документ долбоор эле,  учурда Өнүгүү стратегиясы кабыл алынды. Ага дагы бир топ прогрессивдүү сунуштар берилген. Сунуштар менен мурдагы билим берүү жана илим министри
А.Бейшеналиев, министрдин орун басары Н.Жусупбекова, Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчиси, профессор Н.Дюшеева,Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жетекчиси А.Токтомамбетов жакындан таанышып жана биргеликте аракеттер жасалды.

Биргеликтүү аракеттердин негизинде Билим берүүнүн өнүгүү стратегиясында STEM тууралуу түшүнүк орун алып, жайыла баштады. Билим берүү жана илим министрлигинин өзүнүн пландары болсо керек жана биздин эксперттик сунуштар дагы эске алынды деп ойлойбуз.

– Долбоордун алкагында дагы кандай иштер жүргүзүлдү?

– Долбоордогу компоненттердин бири – ментордук курс. «Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасына Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй облусундагы Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун пилоттук мектептеринен 3000 кыз катышат. Беш ай аралыгында насаатчы айымдар өздөрүнүн баардык билимдерин, жөндөмдөрүн, өздөрүнүн кесиптик жана жашоодогу тажрыйбасын кыздар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ментор кыздарга «айымдарга тиешеси болбогон» кесиптер жөнүндө стереотиптерди жоюуга жардам берет. Ошондой эле STEM-билим берүүсү жөнүндө айтып берип, өз тагдырын аныктоо жана келечекте кесипти тандоо жагынан да жардам берет.

Бизнес-ассоциациялардан жана STEM кесиптерден тартылган Кыргызстандын ийгиликтүү айымдары «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары болгон жана болот. Мурда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду насаатчылыктын жөндөмдөрүн жогорулатуу максатында менторлор үчүн тренингдерди өткөргөн.

Баардык жагынан калыптанган, техникалык, эл чарбалык багыттар жагынан бутуна турган адис аялдар, ЖОЖдордун окутуучулары, эксперттер, компаниялардын башчылары ментор катары чакырылган. Учурдан пайдаланып «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ кайдыгер эмес, өзүнө зор жоопкерчиликти алган жана кыздардын ийгиликтүү келечегине салым кошууга ниетин көрсөткөн долбоордун менторлоруна долбоордун атынан терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап кетет элем.

Быйыл дагы атайын менторлук курстарды уюштура баштадык. Биз учурда 150 ментор даярдайбыз деп турабыз, бирок андан да көп даярдашыбыз мүмкүн. Менторлор техникалык тармак менен тааныш айымдар болушу керек. Себеби долбоордо жалаң кыздар. STEM тармагында эмгектенген айымдар негизи азыраак экен, табуу кыйын болду. Бирок ошентсе дагы уучубуз кур эмес экен. Бүгүнкү күнү 113 ментор иштеп, 800 кызды менторлук курстан өткөрүштү. Шыктандыруучу жолугушууларда устаттарга багыт берилип, фонд тарабынан иштелип чыккан “Устаттардын колдонмосу” таратылып, шакирттер менен иш алып баруу тартиби тууралуу маалыматтар кеңири берилип турду. Колдонмону
И.Раззаков атындагы КМТУнун профессору Анипа Усупкожоева иштеп чыкты. Андан кийинки процесс шакирттерди тандоо болду. ЮНИСЕФ менен Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда Меморандум бар экен. Алар Бишкек шаарынан 51 мектепти, Чүй облусунан 10 мектепти жана Ош шаарынан 20 мектепти, жалпы 81 мектепти пилоттук кылып бизге бекитип беришти.

– Кандай критерийлердин негизинде кыздар тандалды?

– Тандоодо бир топ кыйынчылыктар болду. Себеби ошол кезде окуу онлайн болуп жаткан учур болчу. Тандоого келгенде атайын критерийлерди иштеп чыктык. Биринчиден, социалдык долбоор болуп жаткандан кийин социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөнүн кыздары болушу керек эле. Так илимге умтулган, жөндөмү бар ж.б.у.с. Тандоону өнөктөш уюм “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте жүргүздүк. Андан кийин атайын онлайн-анкета иштелип чыгып, аны кыздар толтурушту. Былтыркы тандоодо бир топ мүчүлүштүктөр кетип, ар кандай себептер менен тандалып келген кыздардын көпчүлүгү каалабастыгын билдирип, чыгып кеткендер да болду. Кайрадан кошумча тандоолорду жүргүзгөнгө туура келди.

– Эмне себептен кээ бир кыздар долбоордон чыгып кетишти?

– Кыздардын, биринчиден, пандемиянын кесепетинен менторлук курс, долбоор жөнүндө маалыматтары аз экени байкалды. Ата-энелердин дагы маалыматы жоктугу долбоорго тескери таасирин тийгизбей койгон жок. Кээ бир кыздар окууга келбей коет, кээ бири кечигип келет дегендей, айтор, кайдигер мамиле болду, аны жашыра албайбыз. Бетме-бет отуруп тандоо болбогонунун кесепети деп билем. Бирок ошентсе дагы кандайдыр бир көндүмдөргө кыздар ээ болду. Көпчүлүгүнүн лидерлик сапаттары, кээ бирөөнүн түнт мүнөзү ачылды, сүйлөй албагандар сүйлөгөндү, элдин алдына чыкканга,  кесип тандоонун туура жолун үйрөнүштү.

Быйыл жаңы менторлорду тандап алып, аларды окуттук. Экинчи кадамыбыз – жаңы кыздарды туура тандап алып, окутуу. Окуу офлайн болгондуктан, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы да кыздарды тандоодо жакшы жардам берип жатат. Үй-бүлөдө ар дайым эле мындай мүмкүнчүлүк болбойт. Бир эле адам бирөөнүн баласын алып, ага таалим-тарбия, кеп-кеңешин берип, жол көрсөтүп, билбеген суроолоруна жооп берип, ушул учурга чейин китепкана, музей көрбөгөндөрдү ээрчитип жүрүү да оңой-олтоң иш эмес. Ата-эненин мүмкүнчүлүгү келбей жаткан учурда алардын ролун устат аткарып жатат. Ошон үчүн ата-эне дагы туура кабыл алып, кыздарын жок дегенде көзөмөлгө алышы зарыл. Долбоорго катыштырууга аракет, далаалат жасоосу керек. 2022-жылы долбоор аяктайт. Ошого чейин 2200 кызды менторлук курстан өткөрүп чыгышыбыз керек.

– Менимче, кыздарды дагы акысыз ЖРТга даярдадыңыздар. Жыйынтыгы кандай болду?

– Бул долбоордун дагы бир компоненти. 2020/2021, 2021/2022-окуу жылында 400 кызды Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап, техникалык багыттагы адистиктерге барууга үндөп, бир топ профориентациялык иштерди жасашыбыз керек. Өткөн окуу жылында 215 кызды SECOM окуу борборунда даярдадык, окуттук, алардын ичинен 11 кызыбыз ар кандай себептер менен быйылкы окуу жылында ЖОЖго тапшыруудан баш тартышты, кийинки жылга калтырууну чечишти. Калган 204 кыздын 197и жогорку окуу жайларга өтүштү. Бул кыздардын 72% табигый-техникалык адистиктерди тандашты. Оштон 46 кыздан бир гана кызы жогорку окуу жайга тапшырган жок. 45 кыз жогорку окуу жайга өттү. Ушундай камкордук менен кыздарды жетелеп, шыктандырып жүрүп отурбасак 197 кыздын канчасы окууга тапшырмак, канчасы окууга өтөт эле, тагдыры кандай болот эле,  ким билет? 197 кыздан алтоо чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларга өтүштү. Биз аябай аракет кылдык, жыйынтыгы жакшы болду. Үч айдын ичинде бир топ мотивация берүүчү кездешүүлөрдү өткөрүп, ишканаларга алып барып, окуу жайдагы лабораторияларды көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаттык. Статистика боюнча 25-30 жылдан кийин юрист, экономист, эсепчи, журналист ж.б.у.с. кесиптердин кереги жок болуп калса, эртеңки күнү жасалма интеллект, роботтор башкарса, келечекке кесип тандоодо туура багыт алыш керек деген түшүнүктөрдү берип жатабыз. Бул чоң жетишкендик.

– Окуп бүткөн кыздардын ичинен ментор болом дегендер барбы?

– Ментор болгонго тыңдары бар. Болом дегендерге каршылык жок. Азыр декабрда дагы алдын ала тестирлөө өткөрөбүз. Январь айында топторго бөлүштүрүп, февраль-март-апрель-май айлары окутуп, 2021-окуу жылынын аягында бирден жетелеп отуруп, жогорку окуу жайларга тапшыртканга аракет кылабыз. Быйылкы жылы өтө кыйналдык. Бекер окууга даярдап жатканда да кээ бир кыздар сабакка келбей моюндары жар бербегендер болду. Социалдык долбоор экен деп SECOM борбору 70% арзан окутуп беришти. Бул борборго да ыраазычылык билдиребиз. Же болбосо ар бир кызга негизги жана кошумча предметтен даярданууга үч айга 17-18 миң каражат кетет экен. Биздин фонд бул кыздарды акысыз окуттук. ЮНИСЕФ каржылады. Ошону түшүнгөн да, түшүнбөгөн да кыздар болду. Бекер китеп алып, бекер окуп атып, окууга келбеген беш-алты кызды чыгарып салдык. Алардын ордун кайрадан окуйм деп умтулган башка кыздардан толуктадык. Быйыл дагы 200 кызды окутабыз.

– Эмнеге эркек балдар бул долбоорго тартылбайт?

– Бул жерде балдар илимге тартылбасын деген ой жок. Илимде, технологияда деле, курулушта деле айымдардын саны аз, статистикага таянсак болгону 23-29 пайызды түзөт. Көбүнчө кыздар гуманитардык багыттагы адистиктерди тандашат. Айлыкка келгенде эркектерге салыштырмалуу кыздар аз алышат. Ошондуктан эмне үчүн кыз бала энергетик боло албайт, же инженер? Мына ушул өңүттөн алганда кыздарды табигый-техникалык илимдерге тартуу зарылчылыгы бар. Акыркы жылдары 30 жашка чейинки айымдардан техника илимдеринин докторлору жок экен. Кыздарды илимге, технологияга тартуу — замандын талабы.

Гүлнара Алыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер