АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО

  • 16.06.2021
  • 0

Аралыктан окуу курстарын баалоо максатында мугалимдер арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун  жыйынтыктары.

Жалпы маалымат

Өткөн жылдын август айында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту (РПККЖжКДИ) жана Америкалык Resonant Education изилдөө компаниясы менен кызматташтыкта, башталгыч класстардын мугалимдеринин арасында өткөрүлө турган сурамжылоону иштеп чыкты. РПККЖжКДИ электрондук катталуу мүмкүнчүлүгүн камтыган аралыктан окутуу платформасынын негизинде онлайн форматта кесиптик чеберчиликти жогорулатууну колдоо процессин иштеп чыккан.  Мугалимдердин арасында сурамжылоо РПККЖжКДИнин аралыктан окуу курстарын баалоо жана мугалимдер бул курстарга эмне себептен катыша албай жаткандыгын түшүнүү максатында өткөрүлдү. Сурамжылоонун жүрүшүндө аралыктан окутуу курстарына катышуу үчүн зарыл болгон технологиялар жана коммуникация каражаттары, ошондой эле мугалимдер эң көп колдонгон технологиялар жана каражаттар, алардын технологиялар менен иштөө жөндөмүнүн жалпы деңгээли тууралуу кайтарым байланыш алынды. Анкета COVID-19 пандемиясы убагында окутуунун учурдагы шарттары жөнүндө жана мугалимдер видео-сабактар жана коммуникациялык платформалар сыяктуу технологияларды окуу процессинин жүрүшүндө жана балдар, ата-энелер жана кесиптештери менен байланышуу үчүн кантип колдонгондугу жөнүндө суроолорду да камтыган.

Методология

Сурамжылоо төрт тилде: орус, кыргыз, өзбек жана тажик тилдеринде онлайн форматта жүргүзүлдү. Изилдөөгө камтылган жети областта (Баткен, Чүй/Бишкек шаары, Ысык Көл, Жалал-Абад, Нарын, Ош/Ош шаары жана Талас) жайгашкан долбоордун максаттуу мектептеринин мугалимдеринин баарына сурамжылоого көп жолу колдонулуучу ачык шилтеме жана анкетаны толтуруу боюнча толук нускама берилди. Сурамжылоого долбоордун 1 687 максаттык мектептеринде эмгектенген 16 380 мугалим катышты.

Негизги жыйынтыктарга сереп

2020-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн сурамжылоонун жүрүшүндө башталгыч класстардын мугалимдерине РПККЖжКДИнин аралыктан окутуу программалары, аларга катышуу үчүн мугалимдер кандай жеткиликтүү технологияларды колдонгону, кандай байланыш ыкмаларын колдонгону, жана Covid-19 пандемия учурунда окутуу шарттары тууралуу суроолор берилди. Төмөндө негизги жыйынтыктар жөнүндө жалпыланган маалымат берилген.

РПККЖжКДИнин курстарына катышуу

  • Респонденттердин 28% гана РПККЖжКДИнин кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарына Институттун электрондук порталы аркылуу аралыктан катышканын белгилешти.
  • РПККЖжКДИнин аралыктан окуу курстарына катышпаган респонденттер эң көп белгилеген себеп — кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсунун мөөнөтү келе электиги болду (34%) жана компьютердин жоктугун белгилеген респонденттер да ушуга чамалады (30%). Респонденттердин дагы 17% РПККЖжКДИнин курсу тууралуу укпаганын белгилешти. 1 жана 2 – cүрөттөр.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО

  • Мугалимдердин 15,2% гана аралыктан окутуу курстарына катталуу боюнча нускамаларды түшүнүү кыйын деп белгилеген болсо, анын себеби тил билбестик тоскоолдугу болгонун белгилешти, анткени респонденттердин 12,1% нускамалар аларга ыңгайлуу болгон тилде жок экендигин билдиришкен. 3-сүрөт.

 

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО

 Курс боюнча кайтарым байланыш

  • РПККЖжКДИнин аралыктан окутуу курстары эмнеси менен пайдалуу болду деген суроого респонденттер көбүнчө «курстун темалары менин азыркы муктаждыктарыма туура келди» (35%)
  • «Курстун мазмуну түшүнүктүү, кызыктуу жана визуалдык презентацияларды камтыйт» деген (33%) жоопторду тандашты. 4-сүрөт.
  • АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО
  • Аралыктан окуу курстарына катышкан респонденттердин жарымына чукулу (49%) курстардан өтүүдө кыйынчылыктарга дуушар болбогонун белгилешти. Кыйынчылыкка дуушар болгон респонденттер көбүнчө электрондук баракча колдонуучулар үчүн татаал болгонун (24%) жана курстардын темалары чектелүү болгонун (14%) белгилешти.
  • 1 400ден ашуун мугалим (8,6%) курстун мазмуну алардын муктаждыктарына туура келбегенин белгилешти, демек кээ бир кошумча курстар талап кылынышы мүмкүн экенин болжойт. 5-сүрөт.
  • АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО

 

  • «Келечекте кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарына кандай темаларды сунуштайт элеңиз?» деген суроого респонденттер билим берүүдө жаңы технологиялар (46%) жана окуганды инновациялык жол менен үйрөтүү (32%) темаларын сунушташты. 6-сүрөт.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО

  • Мугалимдердин көпчүлүгү (75,1%) кесиптик чеберчиликти жогорулатуунун катышып окуу (салттуу, бетме-бет окутуу) форматын артык көрүшөт. Ошентсе да, респонденттердин олуттуу бөлүгү (11,5%) аралыктан окутуу форматын артык көрөрүн билдиришти. 7-сүрөт.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО

Мугалимдер аралыктан же онлайн-окутууда пайдалуу жардам катары жогорку сапаттагы интернет байланышты (39%) , керектүү технологияларды камсыз кылууну (38%) жана компьютердик сабаттуулук боюнча негизги курстарды (33%) белгилешти.

  • Изилдөө камтыган ар бир областта респонденттердин кеминде 36% жогорку сапаттагы интернет байланыш эң пайдалуу болмок деп белгилешти. 8-сүрөт.АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО

 Технологияларды колдонууну билүү

  • Респонденттердин 9% гана ар кыл компьютердик жана онлайн-программаларды жогорку деңгээлде колдоно аларын белгилешти. Ал эми респонденттердин 26% компьютер колдонууда башка адамдардын жардамына муктаж экенин мойнуна алышты.
  • Технологияларды колдонууда жардамга муктаж болуу көрсөткүчү мугалимдин эмгек стажынын көбөйүшү менен олуттуу түрдө өсуп, жаңыдан иштеп баштаган (0-2 жыл тажрыйбасы бар) мугалимдердин арасында 13%дан тажрыйбалуу (10 жылдан ашык стажы бар) мугалимдердин арасында 31%га дейре эки эсе көбөйөт.
  • Технологияларды колдонууну билүүдө мындан да чоң айырмачылык окутуу тили боюнча айырмаланган эки топто байкалды: орус тилинде окуткан мугалимдердин 14%на салыштырганда кыргыз тилинде окуткан респонденттердин 7% гана технологияларды жогорку деңгээлде колдоно аларын белгилешти. 9-сүрөт.
  • АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛОО

Байланыш технологиялары

  • Мугалимдер кесиптештери, окуучулар, ата-энелер, мектеп жетекчилиги же райББ/ШаарББ менен байланышуу үчүн башка тиркемелерге караганда WhatsApp тиркемесин көбүрөөк колдонушун билдиришти. 10-сүрөт.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ КУРСТАРЫН БААЛОО: МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА СУРАМЖЫЛООСунуш-көрсөтмөлөр

Жалпысынан, сурамжылоонун жүрүшүндө мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарына катышуусу жана аларга кандай колдоо керек экендиги, курстардын жеткиликтүүлүгүн жана темаларынын актуалдуулугун кандай жолдор менен оптималдаштыруу керек экендиги тууралуу бир нече олуттуу тыянак чыгарылды.

Мисалы, курстун мазмуну боюнча, курстардын угуучулары, өзгөчө тажрыйбалуу жана кыргыз тилинде окуткан мугалимдер үчүн, базалык компьютерде иштөө көндүмдөрүн үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүү зарылдыгы белгиленди. Компьютердик сабаттуулукту жогорулатпастан технологияларды камсыздоого кеткен чыгымдар каалаган натыйжаларды бербей коюсу мүмкүн. Курстардын угуучуларына компьютердик сабаттуулук же онлайн режимде окутуу көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча курстарды тандоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн күндүзгү (катышып окуу, бетме-бет) окуу курстарын дифференциациялоо сунушталат. Квалификацияны жогорулатуу курстарында онлайн окутууга, окуганды үйрөтүүгө жана дифференциацияланган окутууга колдоо көрсөтүүгө артыкчылыктуу көңүл буруш керек экендиги аныкталды. РПККЖжКДИге өзүнүн ишин оптималдаштыруу үчүн мугалимдердин билим берүүдөгү жаңы технологияларга жана окуганды үйрөтүүнүн жаңы ыкмаларына болгон олуттуу кызыгуусун, мүмкүн экөөнү тең айкалыштырып, кандай колдонсо болорун изилдеп көрүүсү сунушталат.

Курстун форматы боюнча, көпчүлүк мугалимдер окутуунун күндүзгү (бетме-бет, катышып окуу) окуу форматын артык көргөнү менен, кандайдыр бир өркүндөтүлгөн мазмундагы материалдар онлайн-окутууга мыкты кошумча болушу мүмкүн. Ошондой эле, өзбек жана тажик тилдеринде да нускаларды жана курстардын материалдарын иштеп чыгуу зарылдыгы бар.

Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарына мугалимдердин катталуусуна жана катышуусуна таасир этүүчү өтө маанилүү фактор — мугалимдерге компьютердин жеткиликтүү болушу жана алар компьютердик сабаттуулукка ээ болушу. Угуучулардын болжол менен 35% курска катталуу боюнча нускамалардын такталышын жана бир нече тилде окууга мүмкүнчүлүк берилишин каалагандыгын билдиришти. Мектептердеги курч көйгөй — интернеттин жана технологиялардын жеткиликтүү болбогону, андыктан аларды жетиштүү деңгээлде компьютерлер/планшеттер менен камсыз кылуу зарылдыгы орчундуу.

WhatsApp сыяктуу ар кыл коммуникациялык платформаларды маалымат алмашуу, мугалимдерге кесиптик чеберчиликти жогорулатуу жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн активдүү колдонуу сунушталат. Көп жылдык эмгек стажысы бар мугалимдер үчүн «Сурап-билүү» системасын («Справочная») ишке киргизүү пайдалуу болмок. Шаарларда жана орус тилинде окуткан мугалимдердин жана жаңыдан иштеп баштаган мугалимдердин арасында РПККЖжКДИ өз иши тууралуу маалымат таратуу иштерин жүргүзүшү зарыл. Компьютери бар мугалимдер да РПККЖжКДИнин квалификацияны жогорулатуу курстары тууралуу укпаган учурлары көп кездешти.

Мугалимдер сурамжылоого активдүү катышып, дилгирлик менен кайтарым байланыш бергенин белгилеп кетүү керек. Эгер кандайдыр бир маселелер боюнча ыкчам сурамжылоо өткөрүү керек болсо, мугалимдердин мындай дилгирлиги РПККЖжКДИге пайдалуу болот. Сурамжылоонун жыйынтыктарынын негизинде аралыктан окутуу курстарынын натыйжалуулугун жана актуалдуулугун жогорулатуу үчүн курстарды иштеп чыгуучуларга сунуш-көрсөтмөлөрдү берсе болот. Мугалимдер кыска мөөнөттүн ичинде кеңири масштабда окутуунун жаңы платформасын (видео-сабактарды) өздөштүрө жана пайдалана аларын көрсөтө алышты. Тийиштүү колдоо көрсөтүү аркылуу мындай жаңылыктардын баалуулугун жогорулатууга болот, өзгөчө эгер окуу материалдары жана баалоо усулдары сыяктуу кошумча элементтер камтылса.

Бөлүшүү

Комментарийлер