Республикалык олимпиада: биринчи үчилтикте Бишкек, Ош, Нарын

  • 29.03.2024
  • 0

 Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабы жыйынтыкталды. Бул жылы таймашка республика боюнча 323 окуучу ат салышып, 52 окуучу алдыңкы орунга чыкты.Республикалык олимпиада: биринчи үчилтикте Бишкек, Ош, Нарын

Бишкек шаарынын №68 мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Жунусова Гулиза окуучусу Надырбекова Айдана биринчи орунду алганын айтып сүйүнүп отурат. Ал республикалык олимпиада эки күн эки тур менен өткөнүн, катышуучулардын жөндөмүнө, инсандык өзгөчөлүктөрүнө карата сый-урмат мамиледе, жайдары атмосферада болгонун белгиледи. Мугалимдин айтымында, олимпиаданын тапшырмалары мурунку жылдарга салыштырмалуу татаалыраак болгон.

Республикалык олимпиада: биринчи үчилтикте Бишкек, Ош, Нарын

“Айдана сынакта тексттеги окуяларга, каармандарга, кубулуштарга өз мамилесин толук туюндуруп, негизги проблемаларды так көрсөттү. Окуучум үчүн бул ийгиликтеринин акыркысы эмес деп ойлойм, дагы көп жетишкендиктери алдыда”, – деди окутуучу.

Мугалим Кыргызстандын келечеги өсүп келе жаткан муундун колунда экенин, мамлекет тарабынан мындай таланттуу окуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп шыктандырып турса дем болорун кошумчалады.

Быйылкы олимпиаданын жыйынтыгында Нарын облусу 3-орунга чыкты. Сынакка катышкан 32 окуучунун үчөө 1-орунга, экөө  2-орунга жана эки окуучу 3-орунга татыктуу болду. Бул облус үчүн жакшы жыйынтык.

Кочкор районунун Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын орус тили мугалими Касымалиева Жылдыз мектепте иштегенине 30 жылдын жүзү болду. Бул мезгил аралыгында көптөгөн окуучуларды республикалык олимпиадага даярдап, бирок байгелүү орундарга жетише элек эле.

Республикалык олимпиада: биринчи үчилтикте Бишкек, Ош, Нарын

“9-класстын окуучусу Шайырбекова Рабия быйыл 2-орунду ээледи. Кийинки жылы бардык аракетибизди жумшап биринчиликти алабыз деген ниетибиз бар. Олимпиадага даярдануунун артында чоң түйшүк, эмгек болду. Ата-энелер, жалпы кесиптештер, окуучулар баары колдоду. Башка кошумча курстарга барбай, мектептен гана даярдандык. Өзүбүздүн болгон күчүбүз, билимибиз менен аракет кылып ушул даражага жеттик. Эң негизгиси, эмненин үстүндө иштөө керектигин билип алдык. Эмдиги жылы быйылкыдан да күчтүү даярдык көрөбүз”, – деген мугалим мектеп, окуучусу, өзү үчүн мыкты жетишкендик экенин айтып кубанды.

Ал эми Ош шаарына караштуу №32 Жолон Мамытов атындагы 10-класстын окуучусу Шамшиев Баэл окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили жана адабияты сабагынан биринчи орунду алды. Ал жеңишин эң биринчи мугалимдеримдин эмгеги деп айтып, аларга ыраазычылыгын билдирди.

Республикалык олимпиада: биринчи үчилтикте Бишкек, Ош, Нарын

“Олимпиадага катышуу оңой иш эмес, канчалаган эмгекти талап кылат. Күнүнө алты-сегиз сааттан даярданып жатып ушул жыйынтыкка жеттим. Мен үчүн жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Олимпиада жогорку деңгээлде, эң негизгиси, таза өттү деп ойлойм. Мени менен бирге болгон мугалимдерим Нургүл Тайирова эже менен Муратова Сажида эжеге ыраазымын”, – деди жеңүүчү.

Баланын ийгиликке жетишине ата-эненин колдоосу аябай чоң таасирин тийгизет. Баратали Атабаев жети баланын атасы. Быйыл эң кичүү уулу Бектур биринчини алып сүйүнүп турган чагы. Уулу бала бакчадан тартып даярданып келгенин, өзүнүн аракети менен мындан да башка сынактарда мыкты жетишкендиктери бар экенине токтолду.

Республикалык олимпиада: биринчи үчилтикте Бишкек, Ош, Нарын

“Биз үйдө шартты гана түзүп бердик. Эч нерсеге алаксытпай, үй жумуштарына жумшаган жокпуз.  Мамлекет спортсмендерге колдоо көрсөткөндөй эле, мындай дилгир балдарга колдоо көрсөтүп турса дем бермек. Биз окутуучуларды өз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып жалдайбыз, жол киренин бардыгын өзүбүз төлөйбүз. Ушуларга мамлекет көңүл бөлсө, мыкты жаштарга жол көрсөтсө өлкөнүн келечеги үчүн жакшы болмок”, – дейт жеңүүчүнүн атасы.

Атанын уулу Баратали уулу Бектур Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу. Физика сабагына кызыгат, келечекте инженер болууну каалайт.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер