РЕСПУБЛИКАЛЫК КЕҢЕШМЕ ИДЕЯЛАРДЫН АЯНТЫ БОЛУУГА ТИЙИШ

  • 21.08.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үстүбүздөгү жылдын 23-августунда билим берүүнүн баардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн алгачкы ирет “Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим – өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү ” аталышында республикалык кеңешме өткөрүү алдында турат. Кеңешме Ала-Тоо Эл аралык университети менен биргеликте аталган окуу жайдын базасында уюштурулат. Учурдан пайдаланып кылчактабай сунушту кабыл алып, кеңешменин жогорку деңгээлде өтүшү үчүн баардык шарттарды түзүп жаткан окуу жайдын Санжар Эрдулатов баштаган жетекчилигине жана эмгек жамаатына терең ыраазылык билдиребиз.

Ар бир жаңы окуу жылынын башталышы агартуучулар үчүн дайыма кечээгинин сабактарын эске алуу менен жаңы ойлордун, жаңы багыттардын жаралышын шарттап, жаңы максаттарды жаратат.

Кеңешме өткөрүүнүн негизги максаты- билим берүү тармагынын баардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин башын бириктирүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн логикалуу, системалуу, натыйжалуу багыттарын аныктоо жана күтүлүүчү натыйжаларга жетишүү максатында аянтча түзүү болуп саналат.

Бул максатта аталган жыйынга республиканын бардык аймактарынан тандалып алынга тажрыйбалуу, алдыңкы чыгармачыл кыргыз тили мугалимдери, окумуштуулар, коомдук ишмерлер катышат.

Белгиленген секциялардын модераторлору билим берүүнүн баардык баскычтарынын курамынан турган топтор менен аныкталган тиешелүү иштерди алып барышат. Кеңешменин өзгөчөлүктөрү ушунда болуп эсептелет. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдери мектеп программасы менен таанышса, мектеп мугалимдери кесиптик билим берүү окуу жайларындагы кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутулушу тууралуу кеңири маалымат ала алышат. Жыйынтыгында, кыргыз тилинин мектепке чейинки билим берүүдөн тартып жогорку кесиптик окуу жайга чейинки окутулушунун логикалык өнүгүүсү байкалат.

Билим берүү тармагында мамлекеттик тилди окутуунун сапаты тууралуу ар түрдүү көз караштагы пикирлерди угуп келебиз. Бири анын казанында кайнап айтса, бири укканын айтат. Кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу, жайылтуу жана үгүттөө жаатында кыргыз тилчи кесиптештеримдин эмгеги эбегейсиз экендиги талашсыз. Өз ишинин устаты, кыргыз тили талаасынын дыйканы катары талыкпай үрөнүн сээп келе жаткан кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин четтен саноого болот. Ал эми кыргыз тилин окутуунун методикасы жок дегендерге таптакыр кошулууга мүмкүн эмес. Эгемендүүлүк алган 30 жыл ичинде кыргыз тили жана адабиятын окутуунун мыкты усулдары иштелип чыкты. Акыркы 5 жылдыктын аралыгында ар түрдүү кесиптик багытта 240тан ашуун окуу басылмалары мамлекеттик тилде жарык көрдү.Окутуунун бул алдыңкы усулдарынын мугалимдер тарабынан канчалык деңгээлде өздөштүрүлүп жаткандыгы-башка маселе.

Билим берүүнүн кайсы гана баскычынын мугалими болбосун тилди өнүктүрүүгө болгон аракетти алгач өзүнөн баштоосу-бүгүгнкү заманбап талаптардан. Эмнени окутуп жатам, кантип окутуп жатам жана эмнеге жеттим, берип жаткан билимим канчалык деңгээлде окуучуларым үчүн маанилүү, алар алган билимин эртең турмушта кеңири колдоно алабы деген бир катар суроолорго жооп бере алганда гана максатыбыз айкын болор беле деп ойлойм.

“Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо” мамлекеттик билим берүү стандартында каралгандай окутуп-тарбиялоо орус тилинде жүргүзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жумасына ортоңку тайпаларга 1 жолу (20 мүнөт), ал эми жогорку топ жана мектепке даярдоо тайпасына 2 жолу (30 мүнөт) өткөрүлөт. Азыркы тапта тайпаларда балдардын саны 45тен 100гө чейин жетет. Мындай шартта бөлүнгөндөн кийинки тайпаларда балдардын саны 30-40ты түзөт. Кыргыз тили кабинети бар бакчаларда топко бөлүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, кабинети жок бакчаларда балдар топко бөлүнбөйт. Мындай абалда балдарды тилге үйрөтүү эч мүмкүн эмес.

Программада каралган саат менен бакчанын тарбиялануучуларын кыргыз тилине үйрөтүү эч мүмкүн эмес экендигин адистер белгилешет. Мындай кырдаалдан чыгуунун бир жолу катары бакчаларды көп тилдүү билим берүү программасына өткөрүү зарылчылыгын белгилейбиз. Мына ушул маселе да секциялардын биринде талкууга алынышы жана конкреттүү сунуштар берилиши шарт.

Кыргыз тилин окутуунун сапаты — кыргыз тилчи мугалимдин кесипкөйлүгүнөн көз каранды. Кесипкөй адис өз ишин алгач предметтик стандартты жана программаны талдоодон баштап, анын талаптарынын заманга шайкештигине көңүл бурат. Андыктан талкуунун жүрүшүндө мугалимдер жаңыдан иштелип чыгып, талкууга коюлуп жаткан “Кыргыз тилин эне тили, экинчи тил катары окутуунун өркүндөтүлгөн концепциясын” кеңири талкууга алып, өз сунуштарын бериши кажет.

Ар бир мугалим иш тажрыйбасына, чыгармачылык дареметине жараша балдарга сапаттуу билим берүү үчүн өз багытын аныктоого аракет жасайт. Кыргыз тили жана адабияты сабагы чыгармачылыкты, ар түрдүүлүктү талап кылган сабак болгондуктан автордук программалардын жаралышына шарттарды түзүп берүү учур талабы.

Филологиялык багытта келечек адистерди даярдап жаткан кесиптик окуу жайлар өздөрүнүн тил алдындагы жоопкерчилигин терең түшүнүү менен мектеп окуучуларынын талаптарын да эске алып, окуу программаларын кайрадан карап чыгуулары зарыл. Кесиптик окуу жайларда кыргыз тил жана адабиятын окутуу программалары жана комплекстүү тестирлөө өз натыйжасын бербей келе жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Андыктан кеңешмеде “Кесиптик кыргыз тили” сабагын киргизүү жаатында да талкуу жүрүшү керек. Башталгыч, орто, жогорку кесиптик окуу жайларынын билим алуучулары мектеп программасын кайталабастан, негизги кесиби боюнча кыргыз тилиндеги терминдерди билип чыгуусу керек. Баардык аракеттер мына ушуга багытталышы керек.

Көп тилдүү билим берүү мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн бирден бир жолу болуп саналат. Азыркы тапта билим берүү тармагында беш жогорку окуу жайы, сексен мектеп жана 45 бала бакча аталган программа менен иштеп жатат. Ал өз жемишин бербей койгон жок. Тилекке каршы аталаган программанын аткарылышы боюнча системалуу көзөмөл болбой жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Ошону менен бирге “Манас” эпосун окутуу жаатында да кесиптештердин пикирин угуу абдан маанилүү.

Биз майда деп маани бербей келген бир катар маселелерге токтолуп кетели.

Биринчиден, кыргыз тили мугалиминин негизги милдети – окуучуларга сапаттуу жана сабаттуу билим берүү болгондуктан тиешеси жок ар кандай маданий иш-чараларды таңуулоону токтотуу. Экинчиден, республикалык деңгээлде тажрыйбалуу кыргыз тили мугалимдеринин базасын түзүү жана алдыңкы тажрыйбаларды системалуу түрдө жайылтуу, чыгармачыл мугалимдерге колдоо көрсөтүү.Үчүнчүдөн, билим берүү баардык баскычтарынын тилчилеринин башын бириктирүү жана кыргыз тилин окутуунун системалуу багыттарын аныктоо.Төртүнчүдөн, стандарттын талаптарын практикада ишке ашыруу жана андагы компетенттүүлүктөрдү калыптандырууда мугалимдердин билимин жогорулатуу иштерин уюштуруу. Бешинчиден, ар жылы өтүүчү кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин Курултайын уюштуруу сунуштары берилет.

Республикалык кеңешменин чечимдери облустук, райондук билим берүү борборлору тарабынан андан ары аткарылышы керек. Ага чейин кеңешменин ишине ийгилик каалап туралы.

Гүлнара Ибраимова,
Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер