РЕКТОРЛОР ФОРУМУ – ЖОЖДОРДУН ИЛИМИЙ, ИННОВАЦИЯЛЫК ИШМЕРДИГИН АРТТЫРАТ  

  • 30.06.2022
  • 0

14-15-сентябрда Бишкекте биринчи жолу дүйнөнүн 200дөн ашуун университетинин ректору  катышкан эл аралык форум өтөт. Учурда курамына министрликтин өкүлдөрү жана республиканын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору кирген уюштуруу комитети форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүүдө.

Форум «Улуттук инновациялык экосистеманы түзүүдө университеттердин ролу» деп аталып, алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, КР потенциалын таанытуу максатын көздөйт. Анда жогорку окуу жайлардын интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын коммерциялаштыруу, инновация үчүн кадрларды даярдоо боюнча илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгуу максатында илимий-техникалык потенциалды чыңдоо, байланыштар тармагын (нетворкинг) кеңейтүү маселелери талкууланат.

Иш-чарага Президент Садыр Жапаров өзү катышып, сөз сүйлөйт. Андан сырткары башкы конок катары Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун башкы директору Дарен Тан, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде жана бир Нобель сыйлыгынын лауреаты чакырылууда. Ректорлордон сырткары эл аралык уюмдардын, фонддордун өкүлдөрү, эл аралык программалардын билим жана илим боюнча кеңешчилеринен турган өкүлдөр да келет. Учурда чет өлкөлүк катышуучуларга чакыруу каттары жөнөтүлүп, келе турган коноктордун тизмеси такталууда.

 

КОЛДООГО ТАТЫГАН ДЕМИЛГЕ

Кыргызстандын жогорку билим берүүсүн дүйнөлүк билим берүү алкагына интеграциялоо, билим берүү системаларынын ортосундагы алака-катышты бекемдөө үчүн дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин топ-менеджерлерин жана жогорку окуу жайларынын ректорлорун бир аянтчага чогултуу демилгесин Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өткөн жылы эле көтөрүп чыккан. Ушул жылдын май айынын башында республикадагы он жогорку окуу жайдын ректору жана көз карандысыз эксперттер менен биргеликте Америка Кошмо Штаттарына барып,жогорку билим берүүгө инновацияларды киргизүү жана билим берүү стартаптарын ишке ашыруу тажрыйбасы менен таанышып келген. Бул дүйнөлүк ЖОЖдор менен кызматташууга жол ачкан эң алгылыктуу кадам болуп саналат.

 

ИННОВАЦИЯГА АРНАЛАТ

Форумдун биринчи күнүндө “Инновация — экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы” деген панелдик секциянын алдында “Инновациялык саясат жана башкаруу”, “Инновация жана социалдык таасир”, “Инновациялык экосистеманын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу”, “Жогорку окуу жайларда ишкердикти өнүктүрүү”, “Академиялык жана өнөр жай ортосунда технология алмашуу”, “Стартаптар жана инкубация” деген секцияларда баяндамалар окулуп, талкуулар жүрөт. Эртеси Бишкекте Эл аралык билим жана карьера көргөзмөсү өтүп, ЖОЖдор ортосундагы эки тараптуу жолугушуулар болот. Анда кыргызстандык ар бир окуу жай өздөрүнүн өнөктөш университеттери менен түрдүү келишимдерге кол коюп, кызматташтыгын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

  • Чындыгында мындай иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөнү жатат. Бул биз үчүн абдан зарыл. Себеби азыр коом өтө тездик менен өзгөрүүдө. Пикир, тажрыйба алмашуу мейкиндиги бизге абдан керек. Анткени бардык окуу жайга чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Ар бир мамлекеттен жок дегенде бирден ректор келсе эле 200 жакын университет менен кызматташтыкты бекемдеп алсак болот. Программаларды бирге иштеп чыккан өзүбүздүн өнөктөштөр менен да жолукканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кайрадан бүгүнкү талапка ылайык билим берүү программаларын биргеликте иштеп чыгуу боюнча макулдашсак болот. Экинчи жагынан интернационалдаштыруу, интеграция, академиялык мобилдүүлүк, университеттердин эркиндиги сыяктуу маселелерди чечүү жолдору дагы форумда талкууланат деген ойдобуз. Анын үстүнө  азыр бизде магистратураны оптималдаштыруу зарылдыгы дагы турат, — дейт Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору Акымбек Абдыкалыков.

Акымбек Абдыкалыковичтин айтымында, жүздөн ашык мамлекеттен миңден  ашык университет Болон процессине кирген. Кыргызстандын ЖОЖдорунун Болон процессине расмий  өткөнүнө сегиз жылдай болуп калды. 13 университет Болониядан кол коюп келген. Бирок ага өтүү процесси андан мурун эле башталган. Болон системасы дүйнөдө колдонулган система болгондуктан биз мындан кыйгап өтүп кете албайбыз жана ал биздин бүтүрүүчүлөргө каалаган жеринде иштегенге мүмкүнчүлүк түзөт.

  • Кечээ жакында Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумда түзүлгөн Евразиялык тармактык университет дагы ушул максатты көздөйт. Ага Кыргызстандан беш — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз экономикалык университети, Бишкек мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук агрардык университети жана Ош мамлекеттик университети кирди. Бул окуу жайлардын студенттери  бир программа менен каалаган беш мамлекетке барып окуй алышат жана алардын диплому жок дегенде беш мамлекетте түздөн-түз таанылат. Азыркы талап замандын өзгөрүшүнө жараша кичине башкачараак болуп жатат. Бүтүрүүчүнүн бир эле эмес эки профилде  билим алып чыгышына басым жасалып, инновациялык программалар түзүлүүдө. Мисалы, математик математик эле болуп чыкпастан кошумча информатика, маалымат технологияларын билген, инженердик программаларды түшүнгөн универсал болуп чыгышы керек. Аны менен бирге санариптик компетенциясына да көңүл буруу зарыл. Себеби бүгүнкү бир эле профилдеги билим берүү иш берүүчүлөрдү канааттандырбай калды. Жумуш берүүчүлөр үчүн ал толук кандуу адис болуп барышы керек болууда. Бул талапты аткаруу үчүн бакалавр даражасында окуткан төрт жыл кичине азыраак сыяктуу сезилип жатат. Себеби жумуш берүүчүлөр бизге мурункудай деңгээлдеги инженер керек, бакалавр даражасы мурунку инженерди алмаштыра албай жатат дешүүдө. Экинчи деңгээлди – магистратураны бүтмөйүнчө бүтүрүүчүлөрдүн келечегине жол толук ачылбайт. Милдеттүү түрдө алар экинчи баскычты дагы бүтүшү керек болот. Бирок тилекке каршы, бизде биринчи баскычты бүткөндөн кийин баары эле экинчи баскычка бара бербейт. Ошондуктан магистратуранын окуу мөөнөтүн кичине кыскартсак болот. Анткени азыр биз инженерди, курулуш инженерин же архитекторду даярдай турган болсок жаңы көз караш менен караганда, аларды биз бакалавр эмес толук адис кылып чыгарышыбыз керек болуп жатат. Чыгармачылык талап кылынган адистиктер – архитектура, дизайнер, шаар куруу багыттары боюнча окуу мөөнөтү кичине башкачараак болушу керек. Экинчи жагынан жумуш берүүчүлөр менен мамилени чыңдап, алардын талабын жана сунуштарын эске алып, студенттердин фундаменталдуу билим алышына шарт түзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттин өнүгүшүнө багытталган фундаменталдуу, ийкемдүү билим берүү программалар иштелип чыгышы керек.  Сентябрда өтө турган форумда ушул маселени да көтөрөбүз деген ойдомун, — дейт ректор.

 

 

 Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер