РЕФОРМА: ЖЕТИШКЕНДИГИ, КЕМЧИЛИГИ, МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ

  • 08.12.2022
  • 0

Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлиги  ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, ЮСАИД, Сорос Фондунун өкүлдөрү менен  2021-2023-жылдарга Билим берүүнү өнүктүрүү программасынын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруудагы ийгиликтерди, кетирилген кемчиликтерди, мүмкүнчүлүктөрдү жана аткарылбай калган иштерди, билим берүү чөйрөсүндөгү кеткен чыгымдарын талкуулап, колдоо үчүн артыкчылыктуу багыттарды сунушташты. Талкуунун катышуучулары топтордо бирдей жеткиликтүүлүк, сапат, каржылоо, билим берүүнү санариптештирүү жана мугалимдердин өнүгүүсү боюнча жетишкендиктерге баа берип, коюлган милдеттердин аткарылбай жаткан себептерин айтып, Кыргызстандын билим берүү системасын трансформациялоо боюнча жаңы идеяларды аныктап, сунуштарын айтышты.

РЕФОРМА: ЖЕТИШКЕНДИГИ, КЕМЧИЛИГИ, МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ

Билим берүүнү өнүктүрүүдөгү бирдиктүү иш

Иш-чараны ачып жатып, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов ар кайсы секторлордо жүргүзүлүп жаткан мындай биргелешкен серептердин максаты -көйгөйлөрдү, ишке ашырылган саясат чараларын, алардын натыйжалуулугун бирге талкуулоо экенин белгиледи. Бул иштин экинчи маанилүү этабы — жаңы чечимдерди сунуштоо, улантууну талап кылган алгылыктуу тажрыйбаны талкуулоо, Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында Билим берүү системасын сапаттуу трансформациялоого мүмкүндүк бере турган артыкчылыктарды аныктоо экенин айтты.

— Беш тематикалык багыттар Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасына да киргизилгендиги маанилүү. Бул билим берүү кызматтарына жетүү, билим берүүнүн сапаты, билим берүү системасын санариптештирүү, мугалимдердин кесиптик жактан туруктуу өнүгүүсү жана билим берүүнү каржылоо маселелери кирет. Пандемия учурунда алынган сабактар билим берүү тутумун трансформациялоодо эске алынышы керек болгон бир катар негизги багыттарды көрсөтөт. Ушуну эске алуу менен, билим берүү системасын трансформациялоо инклюзивдүүлүккө, гендердик теңчиликке жана өмүр бою билим алууга басым жасоо менен саясатты, пландаштырууну жана каржылоону камтыган системалуу, бирдиктүү жана трансформациялык перспективада өз ара байланышкан компоненттерди кайра карап чыгууну жана бекемдөөнү талап кылат, — деди министр.

Ал пандемия окуу процессин калыбына келтирүүдөн тышкары, билим берүү тутумун келечектеги толкундоолорго туруктуу, ошондой эле адилеттүү, инклюзивдүү, актуалдуу жана ийкемдүү кылуу үчүн кайра карап чыгуу жана өзгөртүү зарылдыгын баса белгиледи.

Билим берүү системасында адам ресурстарын өнүктүрүүгө, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө, өзүнүн өнүгүүсү, мобилдүүлүгү жана суроо-талабы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга жөндөмдүү адамды калыптандырууга көмөктөшүүчү инновацияларга көңүл топтоо зарыл экенин ай        тты.

Билим берүү саясаты

Билим берүү жана илим министрлигинин Стратегиялык пландоо, мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Евгения Бойко катышуучуларга 2040-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү программасы жана 2021-2023-жылдарга билим берүүнү реформалоо боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттери менен тааныштырды.  Ошондой эле  мектептик билим берүү тармагындагы иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу баяндамасында министрликтин алдына коюлган милдеттер аткарылганын билдирди.

РЕФОРМА: ЖЕТИШКЕНДИГИ, КЕМЧИЛИГИ, МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ

Туруктуу өнүгүү максатынын 4.1. индикаторуна жетүү үчүн “2030-жылга чейин бардык кыздар жана балдар акысыз, тең укуктуу жана сапаттуу башталгыч жана орто билим алуусун камсыз кылуу” жарандык коом менен талкуудан кийин милдеттүү орто жалпы билим берүүгө этап-этабы менен өтүү пландаштырылууда.

Эми бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапаты “жашыл” жана жумшак көндүмдөрдү (soft skills), социалдык-эмоционалдык өнүгүүнү, өзүн-өзү таанууну жана көйгөйлөрдү чечүүнү камтыйт.

Евгения Бойко 12 жылдык мектептик билим берүү жогорку класстарга профилдик билим берүүнү киргизүү аркылуу билим берүү баскычтарынын үзгүлтүксүздүгүн бекемдей турганын белгиледи. Мындан тышкары, билим берүүнүн түзүмү интеграцияланган курстарды, критикалык ой жүгүртүү, командада иштөө, чыгармачылык жана баарлашуу сыяктуу 4K көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камтыйт.

Аткарылган иштин натыйжалуулугун аныктоо үчүн билим берүүнүн сапатына эл аралык жана ички баа берүү, анын ичинде PISA каралган.

Адамдын өнүгүү индекси (КЖК) үч негизги өлчөм боюнча узак мөөнөттүү прогрессти баалоо үчүн кыскача чара болуп саналат: жашоо узактыгы, окуу узактыгы жана жан башына эсептелген ИДП.

— Жашоонун узактыгы боюнча Кыргызстан 236 өлкөнүн ичинен 162-орунда, билим берүү индекси боюнча 189 өлкөнүн ичинен 70-орунда, калктын жан башына улуттук дүң кирешенин өлчөмү боюнча 213 өлкөнүн ичинен 182-орунда турат. 2025-жылы Кыргызстанда төрөттүн эң жогорку чеги (акыркы 74 жылдагы эң жогорку) күтүлүүдө, бул 2028-жылдан баштап бала бакчалардын жана 2032-жылдан баштап мектептердин жүктөмүн жүктү кескин жогорулатат. 456 мектеп 125 миң окуучуга ашыкча жүктөлдү, алардын ичинен 97 мектеп үч нөөмөттө окуйт. Бул жагынан алганда мектептерди курууга, аларды капиталдык оңдоого жана алардын авариялык көйгөйлөрүн жоюуга болгон муктаждык абдан жогору, — деди бөлүм башчы.

2040-жылдагы билим берүү системасы ар кандай курактагы адамга өзүнүн интеллектуалдык, чыгармачылык жана эмоционалдык потенциалын ачууга мүмкүндүк берет, окуучулардын сергек жашоо образын жана бейпилдигин камсыз кылуу үчүн  шарттарды жана жашаган жерине, жынысына, динине, ден соолугунун, материалдык абалына жана башка факторлорго карабастан, өлкө боюнча жарандардын ар кандай категориялары үчүн бирдей билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат.

2040-жылга карата билим берүү системасынын максаты — эркин ыңгайлашкан жана мамлекеттин жана коомдун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоо, ошондой эле башкаруу системасын модернизациялоо жолу менен өнүгүүчү социалдык-экономикалык чөйрөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү чыгармачыл жана дени сак адамдык потенциалды калыптандыруу.

РЕФОРМА: ЖЕТИШКЕНДИГИ, КЕМЧИЛИГИ, МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ

Белгиленген максатка жетүү үч негизги милдетти чечүүгө багытталган тиешелүү саясат жүргүзүлөт: адилеттүү, бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу; билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу жана натыйжалуу башкаруу жана каржылоо.

Ошентип,  өнүгүүнүн локомотиви боло турган жана билим берүү тармагындагы кызыкдар тараптардын ар кандай өкүлдөрүнүн пикирине негизделген билим берүүнү трансформациялоо боюнча ар кандай чечимдер сунушталды. Гезитибиздин кийинки санында кандай чечимдер кабыл алынганы боюнча кенен маалымат беребиз.

Жетекчилер эмне дейт?

Токтокан АШЫМБАЕВА, Билим берүү жана илим министринин мектептер боюнча орун басары:

— Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ЮНИСЕФтин жана Глобалдык билим берүү өнөктөшү менен өткөрүлүп жаткан иш-чарада 2021-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасындагы 2021-2023-жылдарга коюлган максаттар, милдеттер жана анын аткарылышы боюнча жалпы сереп жасалды. Анан кийинки жылдарга карата билим берүү секторунда кандай иш-чараларды алып баруу боюнча биргелешип талкуулап, өнөктөштөр тарабынан кандай көмөк болот, дегеле Билим берүү жана илим министрлигинин ичинде кандай көрүнүш, келечекте кандай кадамдарды жасашыбыз керек, ушул багытта талкуулагандан кийин ийгиликтүү натыйжа бере турган жыйынтыктарды чыгаруу зарыл. Беш багытта дискуссия өткөрүлүп жатат. Ар бир айтылган сунуш-пикирлер жазылат, документтештирилет, анан Билим берүү жана илим министрлигинин деңгээлинде карап, жыйынтыкты чыгарабыз.

Надира ЖУСУПБЕКОВА, Билим берүү жана илим министринин  мектепке чейинки орун басары:

— Жылына канча мектеп курсак балдарыбыз кадимки жакшы шартта окуй баштайт деген маселени карадык. Экинчи көйгөй — билим берүүнүн сапаты. Коомчулукка жакшы белгилүү болгондой, Президент, Министрлер Кабинети мугалимдердин эмгек маянасын 80 %га чейин жогорулатып берди. Педагогикалык адистиктерде окуган студенттерибизге стипендиялар көтөрүлдү. Бир нече комплекстүү чаралар көрүлүп жатат.  Бирок дагы эмне кылышыбыз керек? Дагы кандай чараларды көрсөк биздин мугалимдерибиз кесипкөй болуп, балдарыбызга сапаттуу билим бере баштайт?  Мисалы, мугалимдерди аттестациядан өткөрө баштадык. Бул дагы агай-эжейлерди өсүүгө багыттай турган механизм. Мисалы, жогорку категорияны алса, азыркы алып жаткан айлыгына дагы 5000 сом кошулат. Дагы кандай механизмдерди караш керек, башка өлкөлөрдө кандай? Мугалимдер өзүнүн кесиптик өнүгүүсүнүн үстүндө тынымсыз иштеш үчүн, биздин жаныбыздагы коңшу өлкөлөр эмне кылып жатат, алыскы өлкөлөрдө кандай механизмдерди иштеп чыгып жатат деп ошол жөнүндө сүйлөштүк.

Алмаз ТОКТОМАМБЕТОВ, Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору:

— 2021-2023-жылда биздин билим берүү өнүктүрүү программасында кандай максаттар, милдеттер кирген, кандай иш-чаралар бар, ошолорду биз канчалык деңгээлде ишке ашыра алабыз, канчалык реалдуу? Эгерде өзгөртүү, түзөтүү керек болсо, аны бүгүнкү заман талабын эске алуу менен киргизүү керек. Билим берүү системасында белгилүү нормативдик документтер бар, мисалы, Өкмөт тарабынан кабыл алынган Билим берүүнү өнүктүрүү программасы. Заман тездик менен өзгөрүп жатпайбы, ошондуктан тийиштүү программаларга айрым багыттар боюнча өзгөртүү түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Кристин ЖОЛЬМ, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы:

— Кыргызстанда  билим берүү тармагы абдан маанилүү. Биз бардык өнөктөштөрүбүз менен билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн алкагында иштеп жатабыз. Биринчи кезекте ЮСАИД менен. Биз ошондой эле кыздардын так илимдер боюнча билим алуусуна өзгөчө көңүл бурабыз. Мүмкүн болушунча көп балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу үчүн иштеп жатабыз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер