ПСИХОЛОГИЯ БАЛА БАКЧАДАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ЧЕЙИН КЕРЕК

  • 12.05.2022
  • 0

“Кут Билимдин” маек төрүндө – Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын (КРБА) ректору, психология илимдеринин доктору, профессор Чынара Шакеева. Чынара Асановна узак жылдар ушул тармакта иштеп келаткан республикадагы бирден-бир тажрыйбалуу кесипкөй адис катары педагогикалык психологиянын коомдогу орду, кыргыз жаштарын окутууда чет элдик жогорку окуу жайлардын кандай тажрыйбаларын үйрөнсө болорун жана деги эле педагог катары аны түйшөлткөн маселелер тууралуу ойлорун ортого салды.

ПСИХОЛОГИЯ БАЛА БАКЧАДАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ЧЕЙИН КЕРЕК

Башка элдин тажрыйбасы бизге эмнеси менен пайдалуу

Чынара Асановна көптөгөн өлкөлөргө барганда, адегенде ал жактагы билим берүү тармагына көңүл буруп, алардагы өзгөчөлүктөргө кызыгып, кандай тажрыйбалары бизге ылайыктуу болорун иликтеп көргөндү жакшы көрөт. Анын баамында, ар бир элдин басып өткөн жолу, өнүгүү тарыхы, жашоо философиясы билим берүүгө сөзсүз таасир этет.

– Билим берүү тармагы күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүүлөргө дуушар болуп, толуп-ташып толукталып турган чөйрө эмеспи. Андыктан мен өзүмдүн көрүп-билгендеримди айрыкча “Кут Билимдин” окурмандары менен бөлүшкүм келет. Себеби республикабыздын кайсы аймагына барсаң да, агартуу журтунун алдына коюп окуганы “Кут Билим” гезити экенин көрөсүң, алар бул гезитти агартуу тармагынын жарчысы деп билишет. Ооба, мен дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерди кыдырган кишимин. Ошондуктан шаарда болобу, айылда болобу, биздин мугалимдер илим-билим, методикадан тышкары да кругозорлорун кеңейтип, башка өлкөлөрдөгү окуу жайлар колдонгон тажрыйбалар эмнеси менен кызыктуу, эмнеси бизге ылайыктуу, ал эми эмнеси ылайыксыз экендигин иликтесе ашыкча болбойт деп ойлойм.

Кайсы мамлекетти албайлы, ошол жердеги жогорку окуу жайлардын билим берүү системасы биринчи кезекте ошол мамлекеттин жайгашкан географиялык абалына, маданий чөйрөсүнө, менталитетине жараша болот. Маселен, Англияда байыртадан калыптанып келаткан каада-салттары билим берүүдө, жада калса студенттердин жүрүм-турумунда да байкалып турат. Ошол эле учурда Чыгыш өлкөлөрүндөгү окуу жайларында ич ара айырмачылыктар бар. Мисалы, Японияда философиялык предметтерди көп окутушат, аларда адам таануу, экологияга багытталган предметтер басымдуу, башкача айтканда, коом башынан кечирген көрүнүштөрдү билим берүүдө чагылдырып, студенттер ошолордун баарын изилдеп, окуп чыгышына басым жасалат. Түштүк чыгыш аймагында болсо, Сингапурда такыр башка көрүнүш – ал жерде жеңилдик, динамика, жөнөкөйлүк, мобилдүүлүк, ийкемдүүлүк байкалат. Алардын аудиториялары да чакан, андагы компьютер жана китепкана гана жетиштүү, ошол гана маанилүү.

Биз да акырындап ошондой чакан, динамикалуу, мобилдүү, ийкемдүү системага барышыбыз керек деп ойлойм.

Мугалимдин билимин өркүндөтүү институттарын өнүктүрүүнүн мааниси

– Сингапурда эң эле бай институт – бул мугалимдердин, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институттары экен. Ал институттар эң жогорку IT технологиялары менен камсыздалган. Мугалимдер сөзсүз түрдө үч-төрт айда бир келип, өздөрүнүн билимин өркүндөтүп, квалификациясын жогорулатып турушат. Себеби ай сайын өзгөрүлүп турган коомдон артта калбай, окуп-үйрөнүү талабы күчтүү. Чынында эгерде мен мугалим катары өзүм окуткан окуучуларымдан эки-үч кадам алдыда болбосом, анда мен кандай мугалим болом?! Мугалимдер үчүн уюштурулган атайын курстар акы төлөнүп окутулат, аларды жергиликтүү шаардык бийлик каржылайт же билим берүү башкармалыктары демөөрчүлөрдү таап беришет, такыр эле болбосо, мугалимдер өздөрү акча төлөп окуп келишет.

ПСИХОЛОГИЯ БАЛА БАКЧАДАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ЧЕЙИН КЕРЕК

Биз да ошондой ыкманы колго алып, мугалимдердин кесибин өркүндөтүүчү институттарды өнүктүрүп-өстүрүүгө каражат жумшашыбыз керек, ал жакка мыкты кесипкөй мугалимдерди топтоп, жакшы акча төлөп, заманбап шарттарды түзүп беришибиз зарыл. Мугалимдерди окута турган күчтүү адистерди издеп алыска барыштын деле зарылдыгы жок, өзүбүздөн эле чыгат. Себеби алардыкы бизге жукпайт.

Өндүрүштүк-педагогикалык база түзүү керек

– Ар бир окуу жайларда өндүрүштүк-педагогикалык база болсо, мейли ал атайын орто кесиптик билим берүүчү лицей, колледж болобу, мейли, ал жогорку окуу жайлар болобу, аларда билим берүү багытына жараша база болууга тийиш. Бизде ушул багытта Медициналык академияга Онкология борборун жана Диагностикалык борборду бекитип берүү боюнча жакшы демилге башталды. Мисалы, мен Швейцарияга барганда чакан медициналык окуу жайындагы клиникалык базасын көрүп, таң калгам. Бир бөлмөгө кирсек, 10 мулляж жатат, ар биринин жанында кандай оору менен жабыркаганы жазылып, аны дарылоо жабдыктары бүт турат. Бул биринчиден, студенттерди психологиялык тоскоолдуктардан куткарат. Мулляж менен иштеген студенттин көзү көнүп, колу калыптанып калат. Ал эми бизде студенттер тирүү адамдарга ийне сайганда, канды көргөндө коркуп, тормоздук механизм иштеп, тоскоолдуктарды жаратат. Экинчиден, студенттер бирде кардиологияга, бирде хирургияга чуркап убара болбойт.

Бизде да мына ушундай өндүрүштүк-педагогикалык базаларды, лабораторияларды көбүрөөк ачсак абдан жакшы болмок. Чет өлкөлөрдөгү окуу жайлар каражаттын 45-48 пайызын өздөрүндөгү лабораторияларды иштетип табат экен.

Практика демекчи, аны кеңейтүүдө орто кесиптик билим берүүчү лицейлердин ролу чоң. Кытайга барганда мага жакканы, ал жерде ошондой орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлар жакшы сакталыптыр. Окуучулар түшкө чейин окуп, түштөн кийин завод-фабрикаларда иштейт экен. Мында биз балдарыбызды эмгекке үйрөтүп жатканыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Психологдор да баланы тарбиялап өстүрүүдө эмгектин ролу эбегейсиз экендигин белгилешет. Белгилүү орус психологу Александр Шмелев эмгек бааланышы керектигин, ага сөзсүз акы төлөө керектиги жөнүндө жакшы айткан. Эмгек бааланбай калгандыктан, бизде коррупция сыяктуу оңой акча табуучу терс көрүнүштөр күч алып кеткени өкүнүчтүү.

Мамлекеттик-менчик өнөктөштүгүнүн мааниси

– Мен мамлекеттик-менчик өнөктөштүгүн кош колдоп колдойм. Бул жөнүндө билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев агартуу тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда жакшы ойлорун айтты. Мамлекет имарат, тиешелүү жабдыктар, каражаттар менен камсыздап берсе, лабораторияларды түзүп, ишти тиешелүү деңгээлге көтөрүп ийгиликтерге жетише алаарыбызга ишенем. Студенттерди аудиторияларга камап, теориялык лекцияларды окуу менен чектелбей, алардын билимин практикада бекемдөөгө басым жасоо керек.

Мамлекеттик-менчик өнөктөштүгүн жолго салуу боюнча өзүмдүн сунуштарым да даяр, анткени менчик окуу жайындагы көйгөйлөрдү менден жакшы эч ким билбесе керек. Бизде күчтүү кадрлардын баары жеке менчик мекемелерде иштейт. Аларга мамлекет кенен мүмкүнчүлүк берип, тиешелүү шарт түзсө, кайсы тармак болбосун ишибиз кыйла алдыга жүрөрү шексиз.

Каражат тартыш, мамлекет акча каражат бөлүп бериш керек деп көп айтабыз. Эгерде акча жетпей жатса, ашыкча заңгыратып имараттарды куруштун деле зарылдыгы жок. Мисалы, кайра эле Сингапурду, Малайзияны алсак, мектептери, окуу жайларынын имараттары бийик эмес, чакан аудиториялары жер төлөдө жайгашкан. Анда доска, мугалим, компьютер турат, ашыкча эч нерсе жок. Ушундай тажрыйбаларды колдонсок эмне үчүн болбосун?!

Баланы гений кылган ким?

– Психология илимин бала бакчадан баштап, Жогорку Кеңешке чейин киргизсек туура болот. Баланын жөндөмүн, сезимталдуулугун, кабыл алуусун, эмне үчүн бирөө жөндөмдүү, бирөө жөндөмсүздүгүн бала бакчадан баштап аңдап-билүүгө тийишпиз. Муну жеке эле мугалимдер эмес, ата-энелер, жетекчилер да билгени оң. Психология аркылуу адамдын кесиптик жөндөмдүүлүгүн аныктап же аны эң жөнөкөй элементардык анализ жүргүзүүгө, бири-бири менен мамиле түзө билүүгө, жанындагы адамдын пикирин сыйлай билүүгө үйрөтүүгө болот. Биз турмушта орун алган кандайдыр бир окуяга көп учурда үстүртөн баа берип койгон учурлар көп эле кездешет. Адамдардын сезимталдык деңгээли ар түрдүү болот, биринде төмөн, биринде өтө жогору өөрчүгөн. Аны туура эмес чечмелегенде, кээ бир адамдардын өмүрүнө балта чаап коюшубуз мүмкүн. Бул адатта юридикалык психологияда көп колдонулат.

Психологияда жөндөмдүүлүк деген түшүнүк бар, анын түпкүлүгүндө уютку жатат, ал биологиялык табигый жөндөмдүүлүктү өөрчүтөт. Баладагы ошол жөндөмдүн өсүп-жетилүүсүнө эненин жардамы чоң. Мисалы, еврейлердин баары таланттуу, гений дейбиз. Мен Башмет деген скрипкачынын: “Бизди өзгөчө өнөрлүү кылган – бул энебиздин тарбиясы” деп жазганын окудум эле. Анын сыңарындай, ар бир адамда көп учурда улуттук өзгөчөлүк, таалим-тарбия үстөмдүк кылат деп эсептейм.

Менин өзүмдүн турмушумдагы жөнөкөй эле бир мисалды келтирейин. Менин апам мугалим эле, ал өз убагында Улуттук университеттин тарых факультетин аяктаган. Биздин жашоодогу ийгиликтерибизге апамдын салымы өтө чоң. Апам биздин окуп, билим алышыбыз үчүн күч-аракетин аяган жок. Азыр баарыбыз ошол алган билимибиздин үзүрүн көрүп жатабыз десем болот. Көрсө, ар бир адамдын турмушунда үй-бүлөсү, айлана-чөйрөсү, окуган мектеби, алган билими, жада калса туулуп-өскөн жеринин таасири өзүнүн изин калтырбай койбойт экен. Биз болгону алардын баарын аңдап-билип, окуп-үйрөнүп, жаман-жакшысын иргеп, ыңгайлуусун өзүбүзгө сиңирип алууну үйрөнүшүбүз керек.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер