ПРОГРЕССИВДҮҮ СИСТЕМА

  • 26.04.2022
  • 0

Агартуучулар апрель айынын аякташын алдыдагы он күнгө созула турган май майрамдарынан да артык күтүп жатышканын айтуу ашыкча болор. Социалдык тармактардагы пикирлерге көз жүгүртсөк, сүйүнгөндөн да ишенбегендер арбын. Басымдуу көпчүлүгү “бир жагынан кошсо, башка жагынан өөнөп алчу эле” деген арсар ойлорун билдирүүдө. Ошондон улам, мугалимдердин масштабдуу көбөйгөн эмгек акысынын эсеп-кысабы жөнүндө кененирээк айтып берүүсүн өтүнүп, министрликтин Бюджет саясаты жана каржы анализи башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлнара Токтахуновага кайрылган элек.

Мугалимдердин эмгек акысы мындан ары ставка боюнча төлөнөт

Маалыматка ылайык, 80 пайызга жогорулаган мугалимдердин айлык эмгек акысы иш жүзүндө ынанарлык өлчөмдү түзөрүн айткан Гүлнара Базаракуновна, төмөндөгүдөй эсептеп берди.

— Педагогдордун эмгегине акы төлөө шарттарына өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу коомчулукка маалыматтар кеңири айтылып жатат. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун эмгек акысы мындан ары сааттык негизде эмес, ставка боюнча төлөнөт. Буга чейин биз билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын КР Өкмөтүнүн 2019-жылы чыккан №511 токтомунун негизинде ишке ашырып келгенбиз. Ошол система боюнча мугалимдин бир сааты билим деңгээлине жараша эсептелчү. Эгерде анын орто педагогикалык билими болсо, бир сааты 78 сом болчу, эгерде ал бакалавр болсо — 80 сом, магистр болсо — 97,5 сом төлөнчү. Эгерде 20 саат сабагы, ага кошумча алты саат сабакка даярдоо, дептер текшерүүгө кошулса, дагы алты саат сабактан тышкаркы иштери, маселен, класс жетекчилиги, методикалык иштери үчүн төлөнүп келген, башкача айтканда, мугалим эмгек акысын иштеген саатына жараша өлчөп алчу. Ошондо магистр билими бар мугалим бир айда 11 547,9 сом алып келген.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-мартындагы №181 токтомуна ылайык, биз бул төлөмдөрдүн баарын ставкага котордук. Эми ошол эле магистр жаңы эсептөөлөр боюнча канча эмгек акы аларына көз жүгүртөлү: эгерде ал 1-4-класстарга сабак берсе – 19 миң сом, 5-11-класстарга сабак берсе – 15 миң сом алат. Эгерде ал математика, физика, химия биология сыяктуу так илимдерден сабак берсе – 19 миң сом эмгек акы алат. Булардын баары ставкага которулду. Республика боюнча сааттардын көлөмү ставкага отургузулду, башкача айтканда, өтүлгөн сааттарынын көлөмүн 16 саатка бөлөбүз, мындан ары сабактан сырткары иштер боюнча деген болбойт. Бир ставка — 1-4-класста – 16 саатты, 5-11-класста – 18 саатты түзөт, — дейт Гүлнара Токтахунова.

Окуу жылы аяктаганга чейин мурдагы сааттар сакталат

Азыр окуу жылы аяктоо алдында тургандыктан, окуу пландары бөлүштүрүлүп, ар бир мектеп өзүнүн тарифтик торчосунун алкагында иштеп жаткан учуру. Мугалимдин эмгек акысы 1-апрелден баштап көбөйгөндүгүнө байланыштуу, эки ай ал сабактын сааттары сакталмакчы.

— Сентябрь айында жаңы окуу жылы башталгандан тартып, бир жарым ставкага уруксат берилет. Азыр эгерде 20 саатты эсептесек, эң көбү 25 саат, 5-11-класстардыкы – 27 саат болот. Мисалы, бир ставка 850 саат болсо, аны 1,5 ставкага көбөйтсөк — 1275 саатты түзөт. Бардык сааттар окуу жылы аяктаганга чейин сакталат, ким буга чейин эки ставкада иштеп келсе, ал алдыдагы эки ай ошол боюнча айлык алат. Жаңы окуу жылынан баштап, бир жарым ставкадан ашык коюуга уруксат берилбейт, анткени ашыкча жүктөм алган мугалимдин билим сапаты биз каалагандай болбой каларын тажрыйба көрсөттү, — деди Г.Токтахунова.

Кошумча үч төлөм өзгөрүлгөн жок

Эми мурда төлөнүп келген кошумча төлөмдөрдүн кайсынысы жоюлуп, кайсынысы сакталып калганын карап көрөлү. Адегенде дагы бир жолу мугалимдин эмгек акысы саат боюнча канча, оклад боюнча канча болуп калганын эсептейли.

— Эгерде мугалим 20 саат үчүн 11 миң сом акча алып келсе, эми 16 саат үчүн 19 миң эмгек акы алат. Бул оклад боюнча алган эмгек маянасы гана, ал эми ага кошумча алып жүргөн акчаларын кошкондо андан да көбөйөт. Мисалы класс жетекчилиги үчүн – 2700 сом алат. Бул жерден мугалим бир гана класска жетекчи болушу керектигин баса белгилеп кетким келет. Математика жана жазуу боюнча дептер текшергендиги үчүн 1400 сом алат. Ага педагогикалык стажын кошуу керек. Мурда педстаж беш жылдан баштап эсептелсе, эми үч жылдан баштап кошула баштайт.

2019-жылдан бери айылдык мугалимдердин эмгек акысына 1000 сом кошулуп келген, эми ал сумма 1800 сомго көбөйдү. Бул элет мугалимдери шаардык мугалимдерге караганда, 1800 сом көбүрөөк алат дегендик. Мурда стимул берүүчү фонд киргизилип, ошонун эсебинен ар бир мугалимдин кошумча эмгегине жараша кошумча каражат төлөнүп келген. Мындан ары мектептерде стимфонд деген болбойт, — деди ал.

Эске сала кетсек, стимфонд мугалимдердин категориясына жараша төлөнүп келген акчанын ордун басып, мугалимди билим сапатын жогорулатууга шыктандырат деген таризде киргизилген эле. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок, ар бир мектептин өзүнүн фондунан төлөнүүчү каражат көбүнчө “бармак басты, көз кысты” ыкмасына ооп кеткендиктен, мугалимдердин арасында нааразычылыктардын көбөйүүсүнө өбөлгө түзгөн.

Мындан тышкары, бийик тоолуу аймакта жашаган мугалимдерге кошумча төлөнүүчү төлөм мурдагыдай эле төлөнө бермекчи.

Мугалимдин категориясын атайын программа аныктайт

Мугалимдер мындан ары категорияларына жараша төлөнчү кошумча акчаны кайрадан ала баштайт. Тарифтерге ылайык, азыр анын да суммасы өзгөрүлдү. Эгерде жогорку категориядагы мугалим мурда үч миң сом алып келген болсо, эми беш миң сомдон ала баштайт. Ал эми биринчи категориядагы мугалим үч миң сом, экинчи категориядагы мугалим эки миң сом алат.

Алмазбек Бейшеналиев агартуу тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаганга жараша аларга коюлган талаптар да күчөтүлөрүн апрель айынын башында жолугушууда баса белгилеген эле. Анын айтымында, мугалимди изденүүгө багыттай турган бир катар методикалык кабинеттер түзүлөт.

Министр мырза ошондой эле Кыргызстан мугалимдердин рейтингин аныктай турган эл аралык TALIS (Окутуу жана окуу боюнча эл аралык мугалимдер корпусунун изилдөөсү) системасына катышарын айтып, мугалимдерди баалоо үчүн аттестациядан өткөрүү, квалификацияны көтөрүү боюнча бир катар жаңы талаптар киргизилерин, мамлекет шарт түзүп жаткандан кийин мугалим дагы изденип, өзүн өнүктүрүп, жаңыланып продуктивдүү болууга багыт алышы керектигин белгилеген.

Мугалимдин категориясын мындан ары атайын программа аныктайт. Ал программа адам факторунан тышкары болот. Мугалим ал программанын талабы боюнча өзүнө тиешелүү маалыматтарды жүктөп, катталат, ал мугалимдин артыкчылыктарын, кемчиликтерин эсептеп чыккан тесттин жыйынтыгы боюнча ал мугалимге кайсы категория ыйгарылганы маалым болот.

Окуучулары олимпиадада жеңген мугалимдерге сый акча берилет

Министр Алмазбек Бейшеналиев билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушканда, эл аралык, республикалык олимпиадаларда алдыңкы ийгилик жараткан окуучулардын мугалимдерине кошумча акча төлөнөрүн кабарлаган эле. Ал маалыматка ылайык, эми эл аралык олимпиадада байгелүү орунга жетишкен окуучунун ийгилиги үчүн мугалимине бир жолу 500 миң сом сый акча берилмекчи. Ал эми республикалык олимпиадада биринчи орунга ээ болгон окуучусу үчүн мугалимге бир окуу жыл ичинде ай сайын 10 миң сом, 2-орунду камсыздагандыгы үчүн — жети миң сом, ошондой эле 3-орунду ээлеген окуучусунун ийгилиги үчүн беш миң сом берилип турмакчы.

Кошумчалай кетсек, башталгыч класстын мугалимдеринин таңсыздыгын жоюу үчүн 2019-жылдан бери 1-4-класстын окууларына 20% кошумча акча төлөп келишкен. Бул ыкма өзүн актады десе болот. Азыркы учурда математика, информатика, химия, физика, биология предметтеринин мугалимдери жетишсиз болуп жаткандыктан, аларга да 20% кошулган. Гүлайым Токтахунова белгилегендей, мындан кийин да кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөр болуп калса, гуманитардык билим берген мугалимдерге да кошулууга тийиш.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер