ПРОФЕССОР КАРАТАЙ САРТБАЕВДИН ФЕНОМЕНИ

  • 01.06.2021
  • 0

19-майда профессор Каратай Сартбаевдин 90 жылдыгына карата И.Арабаев атындагы университеттин педагогика факультетинин Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасы уюштурган «ӨМҮР БИЗДЕН ӨТҮП КЕТСЕ, ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Андагы баяндамалардын бирин Билим берүү жана илим министрлигине караштуу

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун деректири п.и.к.  А. Токтомаметов жасады.

ПРОФЕССОР КАРАТАЙ САРТБАЕВДИН ФЕНОМЕНИ

Профессор Каратай Сартбаевдин феномени

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” (А.Токомбаев) дегендей, ар мезгилдин өзүнүн башкалардан эмгеги, мээнеткечтиги, акыл-ой даражасы, иш билгилиги, адамдарга кылган мамилеси менен айырмаланып турган чыгаан инсандары болот эмеспи. Ошондой инсандардын бири профессор Каратай Сартбаев эле.

1987-жылы күзүндө конкурстун негизинде Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунун Мектепке чейинки тарбиялоо жана башталгыч билим берүү секторуна кенже илимий кызматкер болуп келип, сектордун башчысы Каратай Сартбаевич менен жакындан иштеше баштадым. Убакыт өткөн сайын Каратай Сартбаевичтин көп тараптуу ишмердиги мен үчүн улам тереңдеп ачыла берди.

Илим дыйканы

2013-жылы Каратай Сартбаевдин эмгектеринин 10 томдук жыйнагы жарык көрдү [2]. Ага окумуштуунун илимий-усулдук эмгектери, макалалары, «Байчечекей», «Алиппе», класстан тышкаркы окуу китептеринен баштап, башталгыч класстардагы кыргыз тил окуу китептери, окуу программалары, жазуу дептерлери, кыргыз тил боюнча таблицалары, илимий жыйнактарга жарыяланган макалалары, замандаштарынын, окумуштуу-илимпоздордун Агайдын илимий чыгармачылыгы жөнүндө эскерүүлөрү, рецензиялары ж.б. кирди. Жыйнактын жалпы көлөмү 150 басма табактан ашат!

Каратай Сартбаевичтин дагы бир өзгөчөлүгү нукура элдик көөнөрбөс мурастарга, баалуулуктарга, таланттарга кайрылганында деп айтсак болот. Алсак, «Кыргыз тилин окутууда «Манас» эпосунан пайдалануунун кээ бир маселелери жөнүндө» (1995, 47 б.), «Ишеналы Арабаев – кыргыз элинин тунгуч агартуучу-окумуштуусу» (2003, 42 б.), «Ишеналы Арабаевдин Алиппесине 90 жыл» (2001, 52 б.), Касым Тыныстановдун лингвистикалык, педагогикалык мурастары жөнүндө» (2001, 35 б.), «Билим, илим жөнүндө макалдар, учкул сөздөр» (2001, 80 б.), «К.Д.Ушинский – орус элинин улуу педагогу» (1995, 35 б.) эмгектери «улуу адамдарды улуулар гана баалай алат» деген сөздү дагы бир жолу тастыктап тургандай. Терең адамдар гана башкаларга жакшылык тилеп, улуу инсандарды дагы да бийик көтөргүсү, даңазалагысы келет эмеспи.

Жогоруда белгилеп кеткендей, Каратай Сартбаевдин эмгеги окуу-тарбия процессинин ар тарабын камтыгандыгында. Алсак, балдардын сөзүн өстүрүү боюнча «Кыргыз мектептеринин башталгыч класстарында морфологиялык материалдарды окутууда окуучулардын сөзүн өстүрүү» аттуу изилдөө иши (1965), “Алиппе”, кыргыз тил, эне тил, класстан тышкаркы окуу китептери, усулдук колдонмолору, окуу программалары, белгиленип кеткендей, улуу адамдардын чыгармачылыгына кайрылган эмгектери, дидактикалык материалдары, педагогиканын ар тарабын камтыган илимий макалалары бар. Алардын ичинен айрымдарын өзгөчө белгилеп кетели: «Башталгыч класстарда кыргыз тилинин орфографиясын окутуу», 1-2-китеп (1985, 80 б.), «Башталгыч класстарда эне тилин окутуу» (1982, 123 б.), «Даярдоо класстарында өткөрүлүүчү класстан тышкаркы окуу жана сабатка үйрөтүү» (1982, 156 б.), «Педагогикалык окуу жайларда кыргыз тилин окутуунун методикасы» (1980, 151 б.), «Башталгыч класстарда окуучулардын стилистикалык каталары жана аны түзөтүүнүн жолдору» (1972, 70 б.), «Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуудагы көрсөтмөлүүлүк» (1971, 64 б.), «Класстан тышкаркы окууну өткөрүү» (1969, 92 б.), «Башталгыч класстарда сөз түркүмдөрүн окутуунун методикасы» (1966, 94 б.), «Окуучулардын сөзүн өстүрүү» (1966, 43 б.), «Диктанттар жыйнагы» (1974, 73 б.) ж.б.

Профессор Каратай Сартбаев кыргыз тилин окутууга болобу, педагогика илимине болобу, ар дайым кеңири диапазондо карап, илимий иште айрым бир чакан темалар, кууш багыт менен чектелбеди. Агайдын басмадан чыгарган эмгектеринин тизмеси буга далил болуп турат.

Ал эми авторлоштукта жазылган эмгектерине кайрылсак, «Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы» (2013, 420 б.), «Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы дисциплинасынын окуу-методикалык комплекси» (2013, 160 б.), «Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы» (1965, 425 б.), «Дидактикалык материалдар», 4-класс (1990, 105 б.), «Кыргыз тилинин дидактикалык материалдары», 3-класс (1973, 80 б.), «Орфографиялык сөздүк» (1990, 79 б.) ж.б.

Адамгерчилиги бийик устат

Мектепке чейинки тарбиялоо жана башталгыч билим берүү секторуна келген күндөн баштап кайсы эмгектерди окуш керектигине, эмнеге өзгөчө көңүл бурууга үйрөтүп, мезгил-мезгили менен Агай машинасына салып алып, мектептерге алып барып, сабактарга катыштырып, сабактарга кандай талдоо жасоону  практика жүзүндө көрсөттү. Муну мен Агайдын адамдык бийик сапаты, кадр даярдоого болгон кесипкөйлүк мамилеси деп түшүнөм.

Ошондуктан менин даярдаган эмгектеримде, жасаган иштеримде, деги эле турмушта кандайдыр бир ийгиликке жетишкен болсом, алардын баарында Каратай Сарбаевичтин салымы зор деп айткым келет.

Агайдын мага окшогон шакирттери, Агай жардам берген адамдар арбын.

Жетекчинин өрнөгү

Агайдын жетекчилик ишмердиги тууралуу айтардан мурун бир маселеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Айрым адамдар мектепке чейинки тарбиялоо жана башталгыч билим берүү оңой, жеңил деп ойлошот. Бирок, тескерисинче башталгыч мектеп, мектепке чейинки уюм менен иштөө бир жагынан оор, татаал, экинчи жагынан, абдан пайдалуу да, сыймыктуу да деп айтар элем.

Пайдалуу жана сыймыктуу жагын алсак:

Чыныгы методиканы билгиси, өздөштүргүсү келген адам башталгыч класс же бала бакча менен байланышуусу зарыл. Муну мен өз тажрыйбамдан жакшы билип калдым;

Бул курактагы балдардын дили таза, аруу кези. Алар үчүн иштөө абдан кызыктуу;

Бардык билимдин, өздөштүрүү өзгөчөлүктөрүнүн, ой жүгүртүүнүн, аң сезимдин, турмушка болгон көз караштын пайдубалы ушул куракта калыптанат.

Ал эми оордугу эмнеде?

Башка мугалимдер бир гана предметти алып кетсе, башталгыч мектепте бардык предметтер менен иштөөгө туура келет;

Эгерде сенин мамилең, методикаң жакпаса, бала бакчага, мектепке келбей коюшу же сабактын өзүндө эле ыйлап башташы мүмкүн. Бала жекече, өзгөчө мамилени талап кылат;

Бул куракта өсүү ай менен, күн менен, саат менен эсептелет. Ошондуктан бул курактагы балдар үчүн материал даярдоонун өзүнүн өзгөчөлүктөрү, оорчулугу бар.

Бүгүнкү күндө эң мыкты билим берүү системасына жетишкен Түштүк Кореяда башталгыч класстардын мугалими болуш үчүн жалпы республикалык тест алууда алдыңкы 5 пайызга киргендер гана документтерин тапшыра алышат. Ал эми Финляндияда алдыңкы 10 %га, Сингапур менен Гонконгдо алдыңкы 30 %га киргендер мугалим боло алышат [1,3,5].

Каратай Сартбаевич республикадагы мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн башында көп жылдар иштөө менен, Агай ушул көйгөй маселелерди учурунда комплекстүү түрдө жогорку деңгээлде чечип турду. Айтайын дегеним, Каратай Сартбаевич башталгыч мектептеги кыргыз тил маселеси менен гана чектелген жок. Башталгыч мектептеги, мектепке чейинки мекемелердеги бардык маселелердин чечилишинин башында болду жана ага жетекчилик кылды.

Учурунда 6 жаштан окутууга өтүү боюнча зор кампаниянын башында туруп, анын республикада ийгиликтүү ишке ашышына зор салымын кошту.

Мен ушундай адам менен менен кызматташып, бул Адам менин Агайым болуп калганына абдан сыймыктанам!

Каратай Сартбаевич нукура Элдик Мугалим эле.

Колдонулган адабияттар:

Барбер Майкл, Муршед Мона. Как добиться стабильно высокого качества обучения в школах: уроки анализа лучших систем школьного образования мира. Маалымат булагы: http://www.twirpx.com/file/1015363, алынды: 05.04.2021.

Каратай Сартбаев. Тандалган эмгектер. 10 томдук. – Б., “Айат”, 2013, 150 б.т.

Паси Сальберг. «Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?», – Б., «Китепстан», 2019, 272 б.

Токтомаметов А.Д. «Башталгыч билим берүүнүн учурдагы абалы жана болочок мугалим», И.Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетинин жарчысы, атайын чыгарылыш, 2015, 222-225-б.

Эң Пак Ти. Сингапур билим берүү системасы. Парадокстордун күчү. – Б., “Bugupress”, 2020, 254 б.

Редакциядан: Айтмакчы, устаттын шакирти Алмазбек Токтомаметов бул жыйында “Профессор Каратай Сартбаев атындагы төш белги” менен сыйланды. Кут болсун!

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер