PISA ИЗИЛДӨӨСҮНӨ АЗЫРТАН ДАЯРДЫК КӨРӨЛҮ

  • 28.02.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги алдыдагы эң бир абройлуу эл аралык иликтөөнүн келечек муун үчүн маанисин жетик түшүнүп, өлкө боюнча даярдык иштерин тыкыр көзөмөлгө алды.

PISA ИЗИЛДӨӨСҮНӨ АЗЫРТАН ДАЯРДЫК КӨРӨЛҮ

Жакында эле билим берүү министрлигинде PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү боюнча кеңешме өтүп, PISA-2025  эл аралык изилдөөсүнө тесттерди даярдап жаткан Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрдүн өкүлдөрү тегиз катышкан жыйында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева PISA-2025ке даярдык көрүүгө мугалимдер менен катар ата-энелердин дагы активдүү катышуусу маанилүү экенин, ал үчүн  түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Калыстык үчүн айта кетсек, буга чейин деле министрликтин аракети менен эл аралык уюмдардын, билим берүү долбоорлорунун катышуусунда бир топ маанилүү талкуулар, тегерек үстөлдөр, тренинг-семинарлар байма-бай уюштурулуп келген.

PISA ИЗИЛДӨӨСҮНӨ АЗЫРТАН ДАЯРДЫК КӨРӨЛҮ

2022-жылы  министрлик «PISA-2025 эл аралык изилдөөгө катышууга даярдоо боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө» атайын буйрук чыгарган. Бул Буйрукка ылайык, Кыргыз билим берүү академиясы баш болгон республикадагы бардык райондук, шаардык жана облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын жетекчилери жана усулдук кабинет башчылары, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун координациялоо бөлүмүнүн жетекчилери Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгына 2023-жылдын февраль-март жана май айларында 6-класстын окуучуларын тестирлөөнү компьютерди колдонуу менен мектептерде февраль айында 50%, ал эми май айында 70% кем эмес өткөрүүнүн графигин тапшырууга тийиш болчу. Ал эми  жүргүзүлгөн тестирлөөнүн натыйжалары боюнча отчётторду 2023-жылдын 30-мартынан жана 10-июнунан кечиктирбестен 1, 2, 3-тиркемелерге ылайык отчётторду тапшыруу зарылдыгы белгиленген эле.

Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо улуттук борбору КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына 6-класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жана тесттердин баалоо критерийлерин аныктоо үчүн жаңыланган тесттик тапшырмаларды жайгаштыруу менен, республикадагы мектептердин 5% окуучуларды жана мугалимдерди камтыган сыноо тестирлөөнү өткөрүүгө милдеттендирилген.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун директору Шамсутдинова Бактыгүл Сабыржановнанын бизге берген маалыматына ылайык, PISAга багытталган тесттер 5-8-класстардын сабактарында колдонуу үчүн жогоруда аталган борбордун ncokot.kg расмий сайтында  жайгаштырылган. Бактыгүл Сабыржановна жетектеген Улуттук борбор билим берүү борборлорунун усулчулары, мектептердин директор орун басарлары, ШМО жетекчилери үчүн окутуу методикасын колдонуу жана тестти киргизүү боюнча «Функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана баалоо» колдонмосун, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери жана ШМО жетекчилери үчүн жетектөө процедурасын көзөмөлдөөгө, бааларды коюуга, ошондой эле мектептик анализди жүргүзүүгө жана жыйынтыктарды колдонууга атайын нускаманы, улуттук эксперттер үчүн PISAга багытталган тесттерди түзүүгө окуу модулун даярдап беришкен. Мындан сырткары, Улуттук борбордун адистери мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге  PISAга даярдык көрүүгө байланышкан кыскача нускамаларды, колдонмолорду, мугалимдерге, окуучуларга стандартташтырылган тесттерди колдонууну  камтыган кыскача нускамаларды, колдонмолорду түзүшкөн. Өткөн жылы ушул эле Улуттук борбордун адистери 5,6-7 жана 8-класстар үчүн 7 предмет боюнча PISAга багытталган тесттерди апробациялоону Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 22 мектепте өткөрдү. Анда бардык тапшырмалар предметтик эксперттер тарабынан текшерилип, баалоо системасына ылайык ар бирине код коюлду. 2023-жылы 12-14-апрелде Ош шаарындагы ШМО адистери үчүн үч күндүк семинар-тренингге 34 адис, 16-18-майдагы түндүк аймагы үчүн семинарга 37 адис катышты. Аймактык семинарларда психометрикалык анализ — тапшырманын татаалдыгы, тапшырманын дифференциялаштыруу жөндөмү, категориялардын «толумдуулугу», дистракторлордун иштеши сыяктуу көрсөткүчтөргө ылайык жүргүзүлдү.

2023-жылдын апрель айында министрликтин буйругу менен Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мектептерде апробация өтүп, буга алдын-ала 7071 дептер даярдалды. Бул ирет апробация жүргүзүүнүн логистикасына, предметтер боюнча матрицаны иштеп чыгууга, баалоо критерийлерине ылайык ачык/кыска жооптуу,  толук жооптуу тапшырмаларга код коюуга, предметтер, класстар, варианттар  боюнча жыйынтыктарга психометрикалык анализ жүргүзүүгө маани берилди.

Алдыда борбор адистери  санарип форматта окуучулардын функционалдык сабаттуулугуна мониторинг жүргүзүшмөкчү. 2024-жылдын 20-25-февралында EKLavvya платформасында компьютердик тестирлөө өткөрүү пландалууда.  Улуттук борбордун адистери тандап алуу жолу менен 250 мектептин 7-класстарынан 2500 окуучуга, ушундай эле сандагы мектептердин 8-класстарынан 2500 окуучуга математика, окуу жана түшүнүү, табигый-илимий багытта тесттик тапшырмаларды беришет. Тесттик тапшырмалардын форматы жабык/ачык болору шексиз. Ошентип, өлкөбүздөгү ар бир жаран, айрыкча алдыдагы PISA -2025 сынагынын ийгилигине кызыккан агартуучулар, окуучулар Улуттук борбордун PISA.kg сайтына кирип, PISAга багытталган тесттер менен таанышып, ошол эле жерден онлайн тестирлөөдөн өтсө болот. Бул сайттан PISA-2025 тууралуу 50 суроону окуп, ошондой эле жаңылык лентасынан акыркы кабарлар менен тааныша аласыз.

Эми жер-жерлерде PISA-2025 сынагына кандай даярдык жүрүп жатканынан кеп кылсак.

«Биздин мектепте биология, кыргыз тили, математика мугалимдери ПИЗА боюнча иш алып барышат. Интернет булактарынан материалдарды алабыз, Нуристан Марат уулунун PISA -2025 «Окуу сабаттуулугу», «Математикалык сабаттуулук» деген китептери бар, ошол китептердеги тапшырмалардын үстүндө иштейбиз. Азырынча көйгөй деле жок. Өзүбүздүн алыбыздын жетишинче балдарга түшүндүрүп жатабыз» деп жазат Ош облусунун Өзгөн районунан  Атыргүл Бакаева.

Кара-Суу районундагы Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинен Замира Атакулова  башталгыч класстарда, айрыкча 4-класстарда кадам-кадам менен райондук билим берүү бөлүмүнөн жиберилген тесттер менен даярдык иштери кызуу жүрүп жатканын бизге кабарлады.

— Бизде ар бир чейректе тесттер алынып жатат. 4-5-6-7-8-класстарга сайттан атайын тесттерди көчүрүп алып иштеп жатабыз. Мектепте тесттик  баалоо боюнча комиссия түзүлгөн. Райондон келген тесттер эки баскыч менен математикадан, кыргыз тилинен жана Мен жана дүйнө предметтери боюнча кыргыз классы жана орус классында алынды. Биринчи баскычында тапшырмалар бир аз жөнөкөй. Экинчи баскычында математикадан турмуштук кырдаалдарга байланышкан татаал тапшырмалар келди. Окуучуларымды 3-классынан бери тест менен иштегенге үйрөткөнүм жакшы болуптур.

Математикадан турмуштук кырдаалдарга байланыштуу тесттик суроолорго  окуучуларым кылдат даярданышты. Анан башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы Абдибаитова Гүлиза текшерип жыйынтыгын чыгарды. Класста Каныбекова Милана, Адибаева Апал, Адибаева Үпөл, Арынова Айсезим, Асилбекова Адинай, Чынбердиева Аруузат, Неематов Акжол, Токтахунов Алинур жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Биз бул ишибизди такай жүргүзө беребиз, — дейт карасуулук алдыңкы агартуучу Замира Атакулова.

 

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер