PISA-2025: ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ  ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

  • 24.04.2024
  • 0

Дүйнөдөгү эң бир абройлуу PISA-2025 изилдөөсүнө бир жылдай убакыт калды. Бүгүнкү макалада биз өлкөбүздүн мектептеринде даярдык иштери кандай жүрүп жатканына саресеп салабыз.

PISA-2025: ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ  ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

Базар-Коргондо STEM предметтеринен  мугалимдер жетиштүү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан PISA-2025 иликтөөсүнө карата пилоттук долбоорго кыргыз тилдүү №8 Ж.Сулайманкулов,  орус тилдүү  №11 М.Алыкулов, окутуу кыргыз-орус тилинде жүргүзүлгөн №30 Ө.Атабекова атындагы орто мектептер тартылган. Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бактыкан Айдарованын айтуусунда, пилотко кошулгандардан тышкары бул маанилүү өнөктүккө калган билим берүү мекемелеринин баары активдүү катышып жатат.

— Район аймагындагы билим берүү мекемелеринин баары окутуу кайсыл тилде жүргүзүлгөнүнө карабастан тил, адабият, математика, табият таануу предметинен мугалимдер менен толук камсыз болгон. Март айында SТЕМ  жана  педогогикалык инновацияларды киргизүү боюнча курстар өтүлдү.  6 мектепте STEMге байланышкан семинарлар уюштурулуп, агай-эжейлер толук катышып, тажрыйба алмашты. “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 39 билим уясына  компьютерлер берилди, — дейт ал.

PISA-2025: ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ  ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

Чындыгында эле «Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун райондун билим берүү уюмдарына көрсөткөн колдоосу зор. Долбоор аркылуу берилген компьютерлер химия, физика, география, биология, математика, кыргыз тили кабинеттерине орнотулуп, РISA тесттерин тапшыруу максатында аталган кабинеттерде кошумча даярдануу иштери жүрүүдө. Буга байланыштуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси төмөнкүлөрдү кошумчалады:

— Жалпы  билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана бул ишке жооптуулар РISA га даярдык көрүүдө керектүү электрондук ресурстардан маалымат алууну жакшы билишет. Райондук  билим берүү бөлүмүнөн  да 6 тренер, 2 методист  РISA тесттери менен иштөө жолдорун түшүндүрүп, алынган тесттерге анализ жүргүзүп, кошумча маалымат берүүдө.

PISA-2025: ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ  ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

Ош облусунда да даярдык тыкыр жүрүүдө

Ош облусу –  өлкөбүздүн ири аймактарынын бири. Облус мектептери PISA-2025 иликтөөсүнө активдүү катышууга белсенип киришкени, албетте, кубанычтуу көрүнүш. Анткен менен бир топ жерлерде PISA иликтөөсүнө байланышкан предметтерден адистер жетишпейт. Мисалы,  Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда бирден же экиден математика, физика, айрым жерлерде география, химия, информатикадан  жетишпесе, Чоң-Алай району эки химия мугалимине муктаж болуп турат. Жакшы жагы жогорудагы райондордо STEM жана  педогогикалык иновацияларды окуу процессине киргизүү багытында бир топ иштер аткарылып жатыптыр.

— Ош, Өзгөн шаарында, Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай  райондорунда STEM  жана  педогогикалык иновацияларды киргизүү боюнча март айында 8-агым курстар өтүлдү. Алай районунда “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу 30 мектепке, Араванда 29, Кара-Сууда 74, Кара-Кулжада 32,  Ноокатта 64, Өзгөндө 55, Чоң-Алай районунда 10, Ош шаарында 31, Өзгөн шаарында 5 билим ордосу компьютер менен камсыздалды.  Ушул эле долбоордун алкагында жогорудагы район-шаарларда “Санариптик сабаттуулук” курсунун 10-агымы башталуу алдында турат, – деди Ош облустук билим берүү институтунун Информатика кабинетинин башчысы Тынчтыкбек Досмуратов.

Ош облустук билим берүү институтунун кабинет башчысынын айтымында, аймактагы билим берүү уюмдарынын баарында STEM багытына ылайык химия, физика, география, биология, математика, кыргыз тили кабинеттерине проекторлор жана компьютерлер орнотулуп, кошумча даярдануу иштери жүрүүдө. Жалпысынан Ноокат районунда 121дин ичинен 119, Алайда 52, Араванда 51дин арасынан 50, Кара-Сууда 132 мектептин арасынан 104, Кара-Кулжада 55, Чоң-Алайда  17, Өзгөн районунда 97нин 92си, ал эми Өзгөн шаарында 8 мектептин баары “Кыргыз Телеком” аркылуу интернетке кошулган.
Жалпы  билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана жооптуулар алдыдагы эл аралык иликтөөгө байланыштуу электрондук ресурстар менен иштөөнү жакшы билишет жана окуучулар менен практика жүзүндө иш алып барышууда.

Нарында да аракет күч

PISA-2025: ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ  ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун кабинет башчысы Гүлмира Таранчиеванын бизге берген маалыматына караганда, бийик тоолуу аймактан республикалык пилотко Ат-Башыдан Н.Үсөналиев, Жумгалдан Султан уулу Турусбек, Нарын районунан Асанбек Таабалдиев, Нарын шаарынан №2 В.П.Чкалов жана №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы билим берүү мекемелери катышууда. Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондору жана Нарын шаары тил, адабият, математика, табият таануу предметтеринен окутуучулар менен толук камсыз болгон. Жумгал районундагы Кекилик уулу Жолдошбек жана Асылбек Молдокеев атындагы орто мектептерине бир кыргыз, бир орус тилдүү математика мугалими, Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын орус класстарына бир химия мугалими керек.
Жер-жерлердеги аткарылып жаткан иштерге токтолуп, облустук усулдук борбордун кабинет башчысы мындай деди:

PISA-2025: ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ  ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

— Облустун аймагында даярдык иштери жакшы жүрүп жатат. Мисалы Ак-Талаа районунда  “Келечекке билим берүү” долбоорунун алкагында  “Санарип сабаттуулук” прогаммасынан Токтогулова Астра менен Шекенова Махабат тренингдерди өтүүдө. Жалпысынан 80 мугалим тренингге катышууда. Ат-Башыда  «Инновациялык педагогикалык технологиялар жана Stem ·  билим берүүнүн негиздери» курсуна табигый илимдер предметтеринен 165, башталгыч класстардан 43 педагог курстан өтүштү, Жумгалда жалпы 24 мектепте ушундай эле мазмундагы курстар уюштурулуп, окуу иштери өткөрүлүп жатат. Кочкордо “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 49 педагог билим алууда. Нарын районунда Stem багытындагы курстардан жалпы 278 мугалим өттү. Нарын шаарында да ушундай эле максаттагы окуу иштери өз максатына жетти. Облустагы бардык билим берүү уюмдары электрондук китепкана, ИКТ шаймандары менен толук жабдылган.

PISA-2025: ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ  ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

Облустук усулдук борбордун маалыматына таянсак, Ат-Башы районунда билим берүү органдары жана мектептер эл аралык тестирлөөгө даярдык көрүү иретинде тренингдерди, семинарларды, мастер-класстарды байма-бай уюштурууда. Билим берүү жана илим министрлигинин  2024-жылдын 28-февралындагы №306/1 буйругунун негизинде  Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинен 15-сентябрда болуучу  пилоттук изилдөөгө 61 окуучу  катышмакчы. Электрондук тест менен иштөөдө интернеттин сапаттуу  болушу үчүн райондо компьютерлерди кабелдик туташтыруу иш-аракеттери жүрүп жатыптыр.

PISA-2025: ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ  ДАЯРДЫК КАНДАЙ?
Райондо 5-6-7-8-9-класстын окуучуларынан мектеп ичинде тесттик иштер алынганын билдик.  Ошондой эле  2024-жылдын 5-мартында  Ж.Кайыпов, А.Табылдиев атындагы орто мектептеринен 7-класстардын 20 окуучусу, 6-мартта Ой-Терскен, А.Искендеров, Н.Үсөналиев  мектептеринин 8-класстарынын 30  окуучусу  онлайн түрүндө электрондук  форматта тесттик тапшырмаларды аткарганы биз үчүн жагымдуу жаңылык болду. Мындан тышкары,  Абыл Искендеров  атындагы орто мектебинде 4-мартта “Химия – жашоо, биология ·  тиричилик” деген  темада райондук семинар уюштурулуп, семинарда биология, химия сабактарынан STEM окутууну камтып, 7-9-класстарга “Канаттуулардын сырткы түзүлүшү”, “Металлдардын сырткы түзүлүшү”  деген темаларда, 11-мартта  географиядан   “Атмосфералык жаан-чачындар” деген темада маалыматтык-компьютердик технологияларды колдонуу менен 6-класска изилдөө сабагы өтүлгөн.

PISA-2025: ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ  ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

Райондогу  К.Керималиев атындагы орто мектебинде март айында 8-класстан химия сабагынан «Сууну хлордоо», кыргыз тилинен «Белек», математикадан 6-класстардан «Тосмо»,   7-класстардан «Тротуар плиталары», 9-класстардан «Шырдак, төрт бурчтук», биологиядан 5-класста «Жаңгак токоюнун  экосистемасы» деген темада тесттер  алынганын, ал эми Ой-Терскен  атындагы орто мектебинде сабакты өтүүдө, кайтарым байланыш жүргүзүүдө STEM билим берүү багытындагы  инновациялык методдор арбын колдонулганын сөз соңунда белгилей кетели.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер