PISA–2025: УЮШТУРУУЧУЛАР ҮМҮТ АРТКАН 66 МЕКТЕП

  • 14.03.2024
  • 0

PISA–2025: УЮШТУРУУЧУЛАР ҮМҮТ АРТКАН 66 МЕКТЕП

Билим берүү жана илим министрлиги PISA эл аралык сынагына катышууга даярдыктын алкагында өлкөдөгү 66 мектепте пилоттук изилдөө жүргүзүлөрүн жарыялады. Пилоттук изилдөө качан жана кайсыл предметтерден болорун, тестирлөөгө кимдер катышарын карап көрөлү.

Буга чейинки даярдыктарга саресеп салсак

Билим берүү жана илим министрлиги PISA сынагына даярдык иштерин туруктуу негизде жүргүзүп келүүдө. Белгилүү болгондой,  бул максатта 2024-жылдын 4-мартынан 7-мартына чейин республиканын жалпы билим берүү уюмдарында 7-8-класстын окуучулары математика, окуу жана түшүнүү жана табият таануу предметтеринен онлайн тестирлөөдөн өтүштү. Окуучулар үчүн мониторинг куралдарын (тесттик тапшырмалар менен анкеталарды)  Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбор даярдап берген.

— Заманбап окуучу алган билимин турмушта колдоно билүүсү керек. Бул изилдөөнүн максаты окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун деңгээлин диагностикалоо болуп саналат, — дейт  улуттук тестирлөө борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова.

Бактыгүл Сабыржановнанын айтымында, мониторинг тандап алуунун негизинде онлайн режимде жүргүзүлүп, тестирлөөгө 7-8-класстын 2 миңден ашуун окуучусу катышкан.

Тестирлөө кандай тартипте жүрдү?

Диагностикадан өтүп, маалыматтарды тестирлөө борборуна жөнөткөндөн кийин, мектеп окуучулардын тизмесин, логинди жана ар бир окуучуга тестирлөөгө кирүү үчүн жекече паролду алат.
Мониторинг жүргүзүү үчүн  улуттук тестирлөө борбору  мектептер үчүн нускамаларды (мектепти тестирлөөгө даярдоо); тесттин администратору үчүн нускамаларды (мектептеги тесттин администратору ушул класстын жетекчиси же класс жетекчиси боло алат) даярдады.
Тестирлөө учурунда окуучуларга тесттик тапшырмалардын жабык типтеги (бир туура жоопту тандаңыз); ачык типтеги (берилген тексттин негизинде жообуңузду жазыңыз)  түрлөрү сунушталды.
Берилген жооптордун ачык бөлүктөрүнө код коюлгандан кийин маалыматтарды иштеп чыгуу жана статистикалык талдоо жүргүзүлөт. Окуучулардын үч багыт боюнча алган жыйынтыктарынын негизинде мектептердин алдыдагы PISA-2025 сынагына даярдыгы тууралуу алгачкы маалымат даярдалат.

— Азырынча жыйынтыктар даяр эмес, учурда тесттин ачык бөлүктөрүнө код коюу процесси жүрүп жатат. Анализ бир айдын ичинде даяр болот, — деп билдирди тестирлөө боюнча улуттук борбордун жетекчиси.

Жер-жерлердеги аткарылган иштер

Учурда Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы PISA-2025 сынагына даярдык көрүү боюнча координациялык кеңештин дарегине өлкөбүздүн туш тарабынан билим берүү органдарынын жана орто мектептердин иши боюнча маалыматтар келип түшүүдө. Мисалы, 2024-жылдын февраль айында Кемин районунун бардык мектептеринин  5-8-класстары тестирлөөдөн өтүшкөн. Райондук билим берүү бөлүмүнүн  маалыматтына караганда, РИПКПР 2023-2024-окуу жылына карата бекиткен план-графигинин негизинде мугалимдер билимин жогорулатуу курстарына барышууда. Ай сайын Директорлор кеңешмесинде PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү иштери угулуп, талкууланып турат.
Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү, жашыл көндүмдөр жана  “STEM методика- биология” боюнча эки мугалим билимин жогорулатуу курсунан өтүштү.
Февраль айында  окуу-түшүнүү боюнча Ак-Бекет орто мектебинде  «Инновациялык сабактагы күтүлүүчү натыйжалар” аттуу мастер-класс жогорку деңгээлде өттү. Ар бир мектепте түзүлгөн Координациялык кеңештин мүчөлөрү менен функционалдуу сабаттуулук жана баалоо стратегиялары боюнча онлайн-семинар уюштурулду.

PISA–2025: УЮШТУРУУЧУЛАР ҮМҮТ АРТКАН 66 МЕКТЕП

Мааниси зор изилдөө 

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 15-апрелинен 24-майына чейинки мезгилде PISA-2025 пилоттук изилдөөсүн өткөрүү үчүн мектептердин тизмесин бекитти. Пилоттук тестирлөө өлкөбүздүн 66 мектебинде өткөрүлөт. Бул мектептер кандай критерийлер менен тандалып алынганын PISA-2025 долбоорунун улуттук менеджери Оңолкан Уманкулова бизге айтып берди.

— Пилоттук изилдөөгө кирген 66 мектепти Westat уюму «мектептер же жалаң кыргыз тилдүү, же жалаң орус тилдүү болушу керек жана 3 аралаш типтеги мектепти б.а. билим берүү орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерди киргизүүгө жол берилет», «тандоо мамлекеттик жана жеке менчик мектептер менен гана көрсөтүлүшү керек», «пилоттук изилдөөгө 2008-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн кеминде 57 окуучусу бар мектептер катыша алат» деген критерийлердин негизинде тандап алды.
Ал эми 2025-жылы тандоо талаптары такыр башкача болот жана, албетте, тандоого катышкан мектептердин саны да алда канча көп болот, — деди Оңолкан Уманкулова.

Ошентип, Кыргызстан PISA эл аралык изилдөөсүнө 2025-жылы катышууга чоң даярдык көрүп жатат. Бирок али алдыда аткаруучу иштер арбын экени талашсыз.

— Окуучулардын 30 пайызы тестке даяр эмес. Логикалык ой-жүгүртүүсү жакшы эмес. Балдар  төрт даяр жооптун бирин тандоого   көнүп алышкан. Функционалдык сабаттуулук — бул билимди практикада колдонуу. Учурда Бишкек, Ош шаарында, Чүй облусунда диагностика жүргүзүп жатабыз. Жарым ай убакыт бар. Балдарды тест менен иштөөгө каныктырышыбыз керек. Тест тапшыргандан кийин кайсыл көндүмдөрдү калыптандыруу керек, эмнеден кыйналышты деген анализ жүргүзүлөт. Балдарды тест тапшырууга да мотивациялоо керек. Тест үч саат өтөт. Бир саатын өзү, мектеби жөнүндө маалымат берет, – дейт Дүйнөлүк банктын доолбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева.

Ал эми PISA–2025 долбоорунун улуттук менеджери Оңолкан Уманкулованын ою боюнча кандай тест болбосун, ал акыр-аягында окуучулардын психикасына терс таасир этпеши абзел.

— Биз үчүн окуучулардын эмоционалдык-психологиялык абалы маанилүү. Алар эч нерседен коркпошу керек. Тесттин жыйынтыгы окуучунун баасына, окуусуна такыр таасир этпеши керек. Окуучулар өздөрүн — эң чоң дүйнөлүк масштабдагы сынак ишине катышып жатканына сыймыктангандай болушу керек, – деп баса белгиледи ал.

Маалымат үчүн: PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө, же болбосо, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат.
PISA изилдөөcү мамлекеттеги билим берүүнүн абалы боюнча объективдүү маалымат бере алат.
Кыргыз Республикасы бул изилдөөгө эки жолу — 2006-жылы жана 2009-жылы — катышкан. 2006-жылы изилдөөгө өлкөдөгү 201 билим берүү мекемесинен 15 жаштагы 5904 окуучу, 2009-жылы болсо PISA изилдөөсүнө 173 билим берүү уюмунан 4986 окуучу катышкан болчу.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер