PISA-2024: ЖОЛ КАРТАСЫНА КАМЫЛГА КАНДАЙ?

  • 26.02.2021
  • 0

Кыргызстан мектептеринин дүйнөдөгү ордун колго салгандай көрсөткөн PISA-2024 сынагына үч жылдай убакыт калды. Өлкөбүздүн агартуучулары аз убакытта көп нерсени аткарууга тийиш, анткени эртеңки жеңиш бүгүнкү аракетке көз каранды экени талашсыз.

Жакында Билим берүү жана илим министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган кеңейтилген коллегиясынын жыйынында да бул тууралуу кеп болду. 2021-жылда аткарылчу иштерге токтолуп, Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев PISA — 2024 сынагына азыртан дыкат даярдык көрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

PISA-2024: ЖОЛ КАРТАСЫНА КАМЫЛГА КАНДАЙ?

– PISA – бул биздин өлкөнүн билим берүү системасын жаңылоочу жана реформалоочу чоң рычаг болуп саналат. Эгерде биз, педагогдор, ушул механизмди туура түшүнүп, туура кабыл алып, ар тараптуу даярдык көрсөк, анда бизде бир эле учурда жалпы билим берүү тармагын оңдоп алууга шарт түзүлөт. Андыктан, ага биз бир чоң мүмкүнчүлүк катары карашыбыз керек, — деди билим берүү тармагынын жетекчиси.

Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык PISA сынагына биздин өлкө 2006-жылдан бери катыша баштады. Ошондогу алгачкы изилдөөгө өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан 201 билим берүү мекеме ( 176 орто мектеп, 12 гимназия, сегиз лицей, төрт техникум, бир кесиптик лицей) тартылып, 15 жаштагы (1990-жыл төрөлгөн) 5904 улан-кыздар окуу, математика жана табигый илимдер боюнча күч сынашты.

Бул изилдөө үч тилде: кыргыз, орус жана өзбек тилинде жүрдү.

Изилдөөгө катышкан ар бир билим берүү мекемесинде 15 жаштагы (1990-жылы туулган) окуучулардын тизмесин түзүү милдети мектеп координаторуна жүктөлүп, ал тизмени PISA Улуттук борборуна — Билим берүүнү жана окутуу методдорун баалоо борборуна (ЦООМО) жөнөтүүгө тийиш болчу.

Ошентип, Улуттук борбордо компьютердик программанын жардамы аркылуу туш келди тандоо ыкмасында сынактын катышуучулары тандалып алынды.

Сынактын катышуучуларынан анкета алуу жана тестирлөө бул ишке даярдыгы бар тест администраторлору тарабынан жүргүзүлдү. Тесттин соңунда администратор анкета жоопторун жана тест дептерин ЦООМОго жоопторду код коюу үчүн жеткирүүгө милдеттүү эле.

Тест администраторунун башкы милдети окуучулардан анкета алууну жана тестирлөөнү баардык катышуучу өлкөлөр үчүн бирдей талаптардын негизинде жүргүзүү болуп эсептелет.

PISA-2006 сынагына баары болуп тест дептеринин 13 варианты иштелип чыгып, ар бир дептерде 60тай тапшырма бар болчу. Ар бир окуучуга бир гана тест дептери берилди. 35 окуучудан турган топто бир варианттагы дептерди алгандардын саны үчтөн ашкан жок. Ар бир окуучу үчүн дептердеги номур варианты компьютердик программанын жардамы аркасында аныкталып, тест суроолоруна жооп берүүгө эки саат убакыт берилди.

Кыргызстандык 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн тест көрсөткүчү башка өлкөлөргө салыштырганда эң начар болгону азыр баарыбызга белгилүү. Кыргызстандык окуучулардын 13,6% гана табигый билимдер боюнча эл аралык стандарттын деңгээлине жооп берери айкын болду. Өлкөлөр боюнча орточо көрсөткүчтөрдү анализдөө Кыргызстан 57 өлкөнүн арасында эң артта экенин ачыктады.

Мындан эки жыл мурун, 2019-жылдын 12-13-сентябрь күндөрү Бишкекте өткөн PISA-2024 сынагына даярдык көрүүгө арналган чоң жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Н. С. Джусупбекова Кыргызстан PISA-2006, PISA-2009 сынагынын жыйынтыгынан келечек үчүн сабак алууга тийиш деген пикирин билдирген.

— Мурунку эки жолку тажрыйбаны эстегенде, баарыбыз капа болобуз. Анткени ошондо 15 жаштагы өспүрүм окуучуларыбыздын 80%ы коомдо жашоого зарыл билим, көндүмдөргө ээ болушканын тастыктай алышпады. Анткен менен программага катышуунун өзү биз үчүн пайдалуу болду, — деди Надира Сынташевна.

Чындыгында Кыргызстан, 2006-жылкы тестирлөөнүн жыйынтыктары жарыяланары менен, билим берүүнүн мазмунун өзгөртүү, ошондой эле мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу жаатында бир катар чечкиндүү кадамдарга барганы белгилүү. Мында бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү жана донордук уюмдардын каржылык колдоосу байма-бай колдонулганы эсибизде. Бул иштердин туура нукта экенин PISAнын кийинки 2009-жылкы иликтөөлөрү айдан-ачык көрсөттү: үч жылдын ичинде окуу боюнча жыйынтыктар 5%га, математикадан 3%га, табигый илимдер боюнча жыйынтыктар дээрлик 5%га өскөн.

Билим берүү жана илим министринин орун басары өлкөбүздө мектептик билим берүү системасын реформалоо, окуучулардын билим сапатын жакшыртуу боюнча акыркы жылдардагы көрүлүп жаткан аракеттерге токтолуп келип, бул жаңылануу аракеттери, тилекке каршы, 15 жаштагы өспүрүмдөр билим алган 8-9-класстардын окуучуларын камтый албаганын айтып келет.

— 2024-жылы PISAга кайтып баруу тууралуу чечимди кабыл алып жатып, биз буга чейинки билим берүү системасын реформалоо аракеттерибиз кандай жыйынтыктарды берерин көргүбүз келди. Мындай кадамга барууга 2014-жылдагы жана 2018-жылдагы ЖРТ менен окуучулардын жетишкендиктерин Улуттук баалоо жыйынтыктары бизге дем берди, — дейт Надира Сынташевна.

Кыргызстандын алдыдагы эл аралык сынакка катышуу аракети өлкөбүздүн 2030-жылга карата Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын таламдарына төп келет.

Аталган маанилүү документке келсек, анын максаты 2030-жылга карата ар бир адамдын сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталганын көрөбүз. Бул бир жагынан инсандын таанып-билүү керектөөсүн канааттандырса, экинчиден Кыргыз Республикасынын адамдык капиталын өнүктүрүүнү камсыз кылат.

Бул стратегияны ишке ашыруу аркылуу биз 2030-жылы күчтүү байланыш көндүмдөрүнө ээ, санариптик маалымат жана байланыш технологияларын колдоно билген, өз пикирин ачык билдирип, өз алдынча иш алып барууга жөндөмдүү, кесиптик иштеринде чыгармачылык жана новатордук ыкмаларды пайдаланууга жөндөмдүү, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлай билген, гендердик, маданий, этностук жана саясий көп түрдүүлүк боюнча баалуулуктарды бөлүшүүгө даяр, турмушта жана эмгек рыногунда ийгиликтүү болуш үчүн жалпы жана өзгөчө жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон коомдун активдүү атуулун даярдай алабыз.

Стратегияда «Билим берүүнүн максаты, ар бир бүтүрүүчүнүн керектүү компетенттүүлүктөргө, анын ичинде санариптик компетенттүүлүккө ээ болуусун көздөйт. Бул анын глобалдык дүйнөгө аралашып, глобалдык, регионалдык жана өлкөнүн эмгек рыногунда ийгиликтүү аракеттенүүсүн камсыз кылат» деп таамай көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын 2021-2030 -жыл үчүн максаты бул билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана көрсөтүлгөн билимий кызматтардын сапаты үчүн зарыл шарттарды түзүү болсо, ал эми PISA программасынын максаты 15 жаштагы балдардын мектепте алган билимдерин турмушта колдонуу жөндөмүн баалоо болуп саналат.

Он беш жаштагы өспүрүм жаштардын окуудагы жетишкендиктерин баалоону көздөгөн PISA сынагын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) уюштуруп жүрөт. Программа аркылуу 15 жаштагылардын билими, көндүмдөрү жана бейпилдиги текшерилип, ошондой эле алар билим алган өлкөлөрдүн билим берүүдөгү улуттук саясатына баа берилет, башкалардын жетишкендиктери менен салыштырылат. Ошон үчүн дүйнөдө PISAнын жыйынтыктары менен баардык өлкөлөр, саясатчылар эсептешкенге мажбур.

PISAнын уникалдуулугу анын саясатынын «сабаттуулук» инновациялык концепциясына, үзгүлтүксүз билим берүүгө, регулярдуулукка, географиялык жактан кенендикке багытталганында турат. Мисалы, 2018-жылы бул иликтөөгө ЭКӨУнун 37 мүчө өлкөсү жана 42 шериктеш өлкөсү катышып, жалпы жонунан 79 өлкөнүн 15 жаштагы 600 000 окуучулары окуудан, математикадан жана табигый илимдерден сынак тапшырышты.

Ар бир жолку PISA сынагында изилдөөнүн жаңы цикли киргизилип турат. Мисалы, 2012- жылы каржылык сабаттуулукка, 2015-жылы көйгөйлөрдү чечүүгө, 2018- жылы глобалдык компетенцияларга же билгиликтерге басым жасалды.

Ал эми PISA-2024 иликтөөсү көйгөйлөрдү чечүү, компьютердик сабаттуулук жана чет тилдери боюнча жүргүзүлөт.

Учурда Билим берүү министрлигинин алдында бул эл аралык изилдөөгө даярдык көрүү боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, 2024-жылга чейин аткарылчу иш-чаралардын тизмеси жазылган жол картасын иштеп чыгуу иштерүү кызуу жүрүүдө.

Кыргыз Билим берүү академиясынын «Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун теориясы жана практикасы лабораториясынын» башчысы Тагаева Гүлмиранын пикиринде мурдагыдай жакшы эмес жыйынтыктарды албаш үчүн алдыдагы эл аралык иликтөөгө окуучуларды, алар менен чогуу мугалимдерди да даярдоого туура келет.

– Компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу тууралуу сөз болгондо, биз жогорку орундагы ой жүгүртүү көндүмдөрүн ойлошубуз керек. Бул сынактагы тесттик тапшырмалар ушундай деңгээлдеги көндүмдөрдү изилдөөгө багытталган, — дейт Гүлмира Сарыгуловна.

Азыркы тапта лаборатория адистери компетенциялардын калыптануусун кантип аныктап чыгуу жолдорун изилдеп жатышат, анткени PISA сынагы балдардын келечек жашоого даярдыгын текшерип жатып, аларда ушул компетенцияларды өлчөшөт.

Лабораторияда мугалимдер үчүн «PISAга даярдык» аттуу усулдук колдонмо даярдалып, анда аталган иликтөөдөгү тесттик тапшырмалардын максаты, концепциясы, өзгөчөлүгү так жана даана берилди.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер