ПЕНСИЯДАГЫ ПЕДАГОГДОР ДАГЫ КОНКУРСКА КАТЫШАЛЫ

  • 27.07.2022
  • 0

Тарыхка кылчайып…

Тарыхка сереп салып мектеп директорлорунун аброю, анын иш-аракети, билим деңгээли, мектептин материалдык базасын жаңылоо аракети боюнча үч мезгилди көрсөтүүнү туура көрөм.

Советтер Союзунун мезгилинде мектеп директорлорун дайындоо, тарбиялоо, аларга шарт түзүү менен жогорку талап коюучулукту айкалыштыруу мыкты кадрдык саясаттын мисалы деп айтаар элем. Мыкты кадрлар улутуна, уруусуна, өң-тааныштыкка карабастан көтөрмөлөнгөн, эмгектери бааланган. 60-70-жж. Нарын шаарында төрт мектеп боло турган эле. Ал мектептердин директорлору болуп Кыргыз ССР эмгек сиңирген мугалимдери, мамлекеттик орден-медалдардын ээлери: Б.Казакбаева — убагында СССР Жогорку Кеңеш депутаты, 2-класстын эне тили китебинин автору, В.Ф.Унгефухт, К.Токтогазиев жана Т.Токтосунов эмгектенишкен. Бул адамдар аброюн талыкпаган эмгек жана аракет, бийик инсандык  сапаттар менен түптөшкөн. Кадрларды мезгил талабына ылайык кайра даярдоо, кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатып туруу багытында коммунисттик партия дагы, агартуу министрлиги дагы ырааттуу саясат жүргүзүп келишкен.

КМУ алдындагы эки айлык мектеп директорлор курсу, облустук билим берүү институттарынын курстары, тажрыйба алмашуу иретинде көчмө семинарлар ж.б. иш-чаралар максаттуу саясаттын мисалдары эле. Билим берүү тармагы партиянын тыкыр көзөмөлүндө болуп, мугалимдердин райондук жана шаардык август кеңешмелеринде ошол деңгээлдеги мекеме жетекчилери мугалимдерден сын угуп калбайлы аракетин көрүп жүрүшчү. Мектептин материалдык-техникалык базасы борборлоштурулуп чечилүүчү, эмгек акы өз убагында берилип тураар эле. Ал мезгилде тоталитардык система болчу деп айтылып да, жазылып да келет. Бир окуя эсимде, түнкү саат бирлерде мектеп директоруна милиция нөөмөтүнөн чалышат, сиздин окуучу түн ортосунда көчөдө жүрөт деп. Ал киши нааразы болгон го — эмне ата-энеси жок бекен, деп. Ооба, партиянын идеологиясына каршы болуу, айрым волюнтаристик чечимдерин аткарбай коюу мүмкүн эмес эле. Баланын окуу-тарбиясын мектепке жүктөп койгон учурлар кездешчү, бирок мектептин кайрылганда жооптуу кызматкерлер өз балдары үчүн жооп берип калышы мүмкүн эле. Чейректин жыйынтыгы менен мекемелерге барып, ал жерде иштеген адамдардын балдарынын окуудагы жетишкендиктери атайын стенддерге илинүүчү, мекеменин партиялык чогулуштарында каралуучу.

Билим берүү тармагындагы социалдык өнөктөштүк, комсомол жана пионер уюмдары аркылуу жүргүзүлүүчү иш-аракеттер, өз мезгилинде өлкөнүн билим берүү тутумунун дагы, мектеп директорлорунун дагы татыктуу ордун шарттап келген. Бир кызматта узак мөөнөт иштеген адамдар баркталуучу, мен жогоруда жазып кеткен директорлор 20-30 жылдап иштеп, ардактуу эс алууга чыкканда ордун бошотушкан. Негизи эле биз азыр өнүгүүсү жана билим берүү системасы мыкты делген мамлекет  Сингапурда колдонулуп жүргөн меритократия принцибинин элементтери Советтер Союзунун мезгилинде эле колдонулуп келинген.

Элиттик жана элеттик мектептер

Билим берүү тармагын замандын нугуна жараша өзгөртүүнү шарттаган абал Горбачевдун “кайра куруусу” менен башталып, Кыргызстан эгемен алган жылдарда жаралды дейт элем. Мектептин өз алдынчалыгын өнүктүрүү багытында жана аны башкарууда ата-энелерди, жалпы коомчулукту тартуу максатындагы мектеп кеңештерин түзүү, окуу пландарын тандап алуу мүмкүнчүлүктөрү, айрым мектептерде директорлорду шайлоо, окуу программаларынын көп түрдүүлүгү жана мектептердин ар түрдүү типтеринин пайда болуусу, эл аралык окуу программаларына катышуу жана чет мамлекеттерде биздин окуучулардын окуу мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык уюмдардын КР билим берүү тутумуна аралашуусу сыяктуу жаңы багыттар жана иш-аракеттер менен биргеликте мектепти каржылоонун төмөндөшү, мугалимдердин эки айлап эмгек акыларынын кечигиши, мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу курстарынын кыскарышы, жалпы эле билимдин, билим берүү тармагынын баркынын төмөндөшү, аймактын экономикалык абалынын мектепке терс таасиринин өсүшү, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшү, китеп ж.б. окуу курал жана каражаттарынын жетишсиздиги, эскилиги, жалпы эле мамлекеттин өнүгүүсүнө багыт берүүчү эл тарабынан колдоого алынган мамлекеттик идеологиянын жоктугу ж.д.у.с. көйгөйлөр келип чыкты. Алдыңкы инновациялык мектептер, лицей-гимназиялар жергиликтүү бийликтин чама-чаркына жараша негизинен Бишкек шаарында калыптана баштап, элеттик мектептер өз дараметине жараша негизинен эски шартта иштеп калды. Бул жерде айрым райондордогу жергиликтүү бийликтин финансылык мүмкүнчүлүгү бар жерде новатор жетекчилердин аракети менен ачылган алдыңкы мектептер жөнүндө айткан жокмун. Элиттик делген мектептер менен жалпы элеттик мектептердин окуучуларынын билим сапатында кескин ажырым боло баштады.

Мына ушул жогорудагы факторлордун, шарттардын таасири менен мектеп бүгүнкү абалга кептелди. Негизи эле билим сапатынын төмөндөөсүнө карабастан агартуу тармагынын сакталып калуусуна анын консервативдүүлүгү жана инерттүүлүгү, ошондой эле элибиздин балам билим алсын деген менталитети себеп болду демекчимин. Бир эки сөз менен биздин бүгүнкү билим берүү тармагына баа берүү мүмкүн эмес. Азыркы мезгилде элиттүү деп аталган өзгөчө мектептер, менчик мектептер, чет элдик билим берүү стандартына окуу программасы айкалыштырылган  окуу жайлар, кошумча билим берүүчү окуу борборлору пайда болду. Мектепти колдоо фонддору түзүлүп, кошумча акча каражаттары мектептин толук кандуу иштөөсүнө көмөкчү шарт түздү. Алдыңкы мектеп окуучуларыбыз эл аралык предметтик жана интеллектуалдык конкурс-мелдештерде байгелерди жеңип, дүйнөдөгү алдыңкы жождордо билим алышып, бүгүнкү күндө заманбап окуу жайлары бар 60 тан ашуун мамлекеттерде окуп жатышса, айрым мектептерибиз билим берүү багытындагы кадыр-барктуу программалардын катышып, мугалимдерибиз жаңы инновациялык ыкмалар менен иштеп, дүйнөдөгү алдыңкы усулдук иштелмелерди ийгиликтүү колдонуп келишүүдө.

Балдарынын жакшы билим алуусуна шарт түзө алган ата-энелердин катмары да пайда болду. Ошол эле мезгилде замандын талабына, социалдык буюртмага төп келбеген бүтүрүүчүлөрдүн, окуучулардын билим сапатына нааразы болуп келген ата-энелердин кеңири катмары пайда болуп, билимге эмес, динге, анын ичинде диний радикализмге бет алган адамдардын таасири күчөй баштады. Өткөөл социалдык-экономикалык формациянын шарданында ээн ооздук пайда болуп, жеке басарлар менен пайдакечтер көбөйдү. Демек, ата-эне дагы, окуучу дагы, кандайдыр бир деңгээлде мугалим дагы өзгөрдү. Ошондуктан мектеп директорунун билим, инсандык, уюштуруучулук жана чыгармачылык сапаттарына коюлуучу талаптар күчөдү.

Мугалим, менеджер, финансист, психолог…

Мектеп директору алдыңкы мугалим гана болбостон, бир эле мезгилде менеджердик, финансылык, юридикалык жана психологиялык билимдеринин негиздерин билүүсү көп маселелерди чечүүдө негизги ролду ойномокчу. Мектепти башкарууда бири бири менен байланышкан үч деңгээлди белгилемекчимин: Биринчи – стратегиялык. Бул жаңы идеялар менен теорияларды колдонуу менен пландаштыруу, башкаруу принциптери жана приоритеттери ж.б. Экинчи — технологиялык же тактикалык деңгээл. Башкаруучулук принциптер жана ыкмалар аркылуу идеяларды, багыттарды ишке ашыруу жолдорун издөө, турмушка ашыруу.  Үчүнчү — инсандык байланыш. Бул күнүмдүк иш-аракетте стратегия жана технология менен байланышкан жетекчи-жамаат, жетекчи-жогорку жетекчилик ортосундагы мамиле. Менин баамымда, көпчүлүк мектеп директорлору инсандык байланыш деңгээлинде иштеп келүүдө. Азыркы шартта көптөн бери айтылып, бирок эми гана саясий эрктин аркасында ишке аша баштаган мектеп директорун конкурс аркылуу дайындоо чечимин мен колдойм. 1991-жылы шайлоо жолу менен келген мени директордук кызматка облустун губернатору, шаардын акими жана облустук билим берүү башкармасынын, шаардык бөлүмдүн башчысы келип отургузганы, мага ишенип  колдогон мугалимдердин жана ата-энелердин алдында мага кошумча моралдык жоопкерчилик дагы болуп келгенин айтып коюшум керек.

Ошол эле мезгилде билим берүүнүн мазмуну жаңыланып, билим сапатына коюлуп жаткан талаптардын күчөп, глобалдык айдыңда атаандаштык болуп жаткан  билим берүүнүн жаңы парадигмасы шартында директорлорду конкурстук жол менен тандоо, мамлекеттик жетекчиликтин билим берүү тармагын өркүндөтүү боюнча жасап жаткан иш-аракеттерине кошумча чукул арада жасалуучу эки нерсени сунуштамакчы элем.

Биринчиден, мектеп директорунун уюштуруучулук-чечим чыгаруучулук өз алдынчалыгын кеңейтүү керек. Экинчиден, мектеп турмушунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өркүндөтүү, камкордук кеңештерди жаңы мазмунда өнүктүрүү аркылуу коомчулукту, ошондой эле ата-энелерди билим берүү маселелерин чечүүгө кеңири катыштыруу абзел. Албетте, бүткөн ишке сынчы көп демекчи, кийин деле начар директор тандап койдуңар деп “өз киши” принцибин карманган жергиликтүү жетекчи, туура эмес тандап коюшту деген өтпөй калган адамдар, мурдагы эле директорубуз жакшы иштөөчү деген мугалим менен ата-эне, эки окуучу балалык кылып мушташа кетсе, аны көбүртүп жабыртып, мектеп директору кайда жүрөт деген “күйөрмандар” четтен табылаар.

Сөз соңундагы сунуштар

Сөз соңунда директорлордун тандоо сынагындагы суроолордун сапатына байланыштуу сунушумду кыстара кетейин. Атактуу окумуштуу А.Эйнштейн атактуу ойлоп табуучу Т.Эдисонго келип жумушка орношуу тести менен таанышкан экен. Биринчи суроону ачса ”Нью-Йорк метрополитенинин узундугу” дейт. Справочниктен карап көрүш экен деп ойлоп коет. Кийинки суроолору деле ушул сыяктуу экен, б.а. справочник-каталогдордон таап алынуучу суроолор экен. Эйнштейн Эдисондун лабораториясында ишке кабыл алуудан өтмөк эмес экенин мойнуна алыптыр.

Бир топ жыл мурун Нарындагы ардагер айтмакчы, жадагалса “класском” болбоптур, мекемени кантип башкарат дегизбей, тесттин суроолору маалыматты так айтып бере алганына эмес, уюштуруучулук көрө билүүсүнө, маалыматтарды туура пайдалана алуу жөндөмүнө, анын маңызын жана багытын билүүсүнө, б.а. компетенттүүлүккө  басым жасалса.

Конкурста талапкердин жалгыз эле билим деңгээлин аныктоочу тест эмес, кошумча кыскача эссе жазуу, кошумча тактап алуу максатында аңгемелешүү (адам факторунун таасирин минималдаштыруу менен) ж.б. формалар колдонулуусу мүмкүн. Жетекчилик жана уюштуруучулук иш тажрыйбасы биринчи кезекте, ошондой эле инсандык-атуулдук сапаттары, жалпы эле билим берүүгө, анын баркын жогорулатууга кылган аракеттери дагы эске алынышы абзел (кошумча балл аркылуу).

P.S. Мектеп директоруна жардам болсун деп “Мектепти башкаруу жана өнүктүрүү: мыйзам, талап, тажрыйба” колдонмосун 2014-ж. чыгаргам. ОшБББ жетекчиси К.Кимсанов чогуу иштешүү боюнча ойлорун айтып, ошол убакта “Ала-Тоо” ЭАУ проректору болуп иштеп турган А.Бейшеналиевдин уюштуруучулук демилгеси боюнча Кадамжай районунун мектеп директорлору Бишкекте эки күндүк семинарда билим берүүнү өркүндөтүүнүн жаңы багыттарын бул китеп боюнча дагы талкуулаганбыз. Ал китеп редакция жардамы менен республикада таркатылган. Кийинчерээк жаңы материалдар көбөйгөндүктөн кошумча 2-китеби 2017-ж. жарыкка чыккан. “Кутбилим” гезитине деле жарыяланган. Ал китептерде негизги мыйзам базасы, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө тиешелүү эл аралык документтер, мектептин ишин уюштуруу боюнча жалпы негиздер ж.д.у.с. жалпы жети  багытта мектеп директорунун функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон мыйзам базасы топтолгон. Каалоочуларга сатыкка азыр да бар (400 сом, Бишкектеги орто кафэдеги бир “обед”). Албетте, кийин дагы жаңы жоболор чыкты. ЮНИСЕФ колдоп, бул китептерди карап көрүшүп, сайт ачабыз деп долбоор демилгелеп жүрүшкөн жаштар бар эле.

Коомчулукта резонанс жараткан дагы бир маселе — пенсия жашындагы директорлор. Албетте, бул кийинки жылдардагы бийликке жаштар келсин деген коньюнктуралык саясатка байланып чыгарылган алгачкы сунуш эле. Натыйжада комсомолдук, партиялык “закалкадан” өткөн, эң жакшы иштеп жаткан агай-эжейлердин акылы, тажрыйбасы пайдаланылбай калуучудай болгон. Бир-эки жыл мурда АКШдагы окумуштуулар адамдын коомго көбүрөөк пайдалуу мезгили деп 60-70 жаш ортосу, экинчи 70-80 жаш, андан соң 50-60 жаш деп аныкташыптыр. АКШдагы жашоо шарты менен Кыргызстандыкы айырмаланаарына шек жок, бирок ошондой болсо дагы эске алынуучу нерсе.

Бишкектин “Алтын-Ордо” конушунда курулуп жаткан мектептин темпине ыраазы болуп, мен дагы бул мектепке директорлук орунга сынак болсо катышайын деген ниетим менен, мен курактуу пенсия жашындагы, мурда директор болуп иштеп келген агай-эжейлерди жер-жерлердеги бул өнөктүккө катышууга чакырат элем. Балким, айрым суроолор, компьютердик билимдер боюнча мүчүлүштүгүбүз болор, бирок жалпы конкурстун дараметин көтөрүүгө, жаштарга таасир берүүгө салымыбыз жакшы болот. Улам кийинки бийлик мурунку бийликти сындоо менен жумушун баштаган өнөкөт оорудан арылып, кызматтан бошотулган директорлорду жалпы коомчулук сый-урмат менен узатып, алдыңкыларына мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарып койсо туура болоор эле. Эгерде министрлик, жергиликтүү билим берүү органдары ардагер директорлордун кеңешин түзөбү, камкордук кеңешине иштеттиреби, бөлөк таризде пайдаланабы, айтор билим берүүгө күйгөн адам болсо кош колдоп жардам берээр эле. Алардын ичинде мен дагы. Директорлорду конкурстук жол менен дайындоо, көп жылдары өткөрүлүп келген депутаттарды шайлоодон, кызматка коюудагы “өз киши” принцибинен айырмаланып, билим берүү тармагын өркүндөтүү аркылуу жалпы эле коомубузду тазартуу менен мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө оң таасир этүүчү фактор болооруна тилек кылалы дагы, колдойлу.

ПЕНСИЯДАГЫ ПЕДАГОГДОР ДАГЫ КОНКУРСКА КАТЫШАЛЫ

 

 

ТИЛЕНБАЕВ Чолпонбек,

билим берүүнүн ардагери

Кызматташуу үчүн тел.

0778 888 733,

вотсапп 0703 888 730

Бөлүшүү

Комментарийлер