ПЕДАГОГИКАДАГЫ ҮЧ АЗАМАТТЫН КӨТӨРГӨН ЖҮГҮ

  • 06.09.2021
  • 0

Редакциядан: Республикага аттын кашкасындай белгилүү педагогдор Советбек Байгазиев, Абдыкерим Муратов, Сулайман Рыспаев Кыргыз билим берүү академиясына (ал кезде институт) өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында келишкен. С.Байгазиев “Кыргыз тили жана адабияты” секторун жаш жана таланттуу кадрлар менен чыңдоо максатында А.Муратов менен С. Рысбаевди Ош, Жалал-Абад облустарынын мектептеринен издеп таап, экөөнү институтка иштөөгө чакырган. А. Муратов менен С. Рыспаев күткөн үмүттү актап, бара-бара чыгаан илимпоз-педагогдор болуп калыптанып, күлүктөй бөлүнүп өсүп чыгышты. Төмөндө Эгемендүүлүк жылдарында үч азаматтын көтөргөн жүгү жөнүндө кыска жана нуска аңгемелерди сунуш кылабыз.

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ

Советбек Байгазиев окутуу, тарбиялоого байланышкан «Гумандуу педагогика», «Окутуунун жана тарбиялоонун философиясы», «Этика жана этнопедагогика» сыяктуу бир катар олуттуу эмгектерди, китептерди жаратты, “Мугалими күндөй тийсе чачырап,окуучусу гүл сыяктуу бажырайып ачылат” деген С.Байгазиевдин сөзү мектеп чөйрөсүнө афоризм болуп кирип кеткен. “XX кылымдагы кыргыз драматургиясынын тарыхы”, “Талант жана адабий прогресс” сыяктуу адабият таануу китептери ЖОЖдордо колдонулууда. Ал “Бүркүттүн көз жашы”, “Кишенден бошонгон рухтун ырлары”, “Жалгыз кайык” деген поэтикалык жыйнактардын да автору. Эгемендүүлүк жылдарында жети томдук публицистикалык эмгекти да окурмандарга тартуулаган. Бул публицистикалык жети томдук менен кыргыз адабиятында аталган жанрды жаңы деңгээлге көтөрдү. С.Байгазиев Октябрь революциясына чейин кыргыздын манаптары, молдолору ачкан мектептерди изилдеп, өзүнчө китеп чыгарды. СССРдин тушунда бул жабык тема эле. Орхон-Енисей жазууларынын этикасын жана педагогикасын Борбордук Азияда биринчилерден болуп иликтеп, өзүнчө китеп жараткан.

ПЕДАГОГИКАДАГЫ ҮЧ АЗАМАТТЫН КӨТӨРГӨН ЖҮГҮ

С.Байгазиев айрыкча “Манас” эпосунун нарк-дөөлөттөрүн, баалуулуктарын, идеологиясын талдап ачууга көп эмгек жумшады.
1990-жылы мектептер үчүн “Кыргыз адабияты” программасын жаңылап кайрадан түзүп, СССРдин тушунда “Манас” эпосуна окуу программасында берилип жүргөн он саатты 50 саатка чейин көбөйтүп, эпосту кененирээк үйрөнүүгө шарт түзгөн. 1994-жылы “Манас” эпосун мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуунун актуалдуу проблемалары” аттуу республикалык илимий конференцияны уюштуруп өткөрүп, анда башкы баяндаманы жасаган. Мындай деңгээлдеги конференция Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулган эле.
Манастын 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Манас” боюнча республикалык илимий конкурста “Улуу Манас – улутубуздун тил жана дил бешиги” аттуу китеби үчүн С.Байгазиев экинчи сыйлыкты жеңип алган.

ЖОЖдорго арналып биринчи жолу жазылып, министрлик тарабынан бекитилген “Манас таануу” окуу китебинин автору катары “Манас” эпосун мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуунун концепциясын” түзүп, ал Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясында бекитилген. Ошондой эле ал 2013-жылы Республиканын жаштар министрлиги бекиткен “Жаштарды рухий-адептик, патриоттук жактан тарбиялоонун концепциясынын” да автору болуп саналат.

С.Байгазиев авторлош болуп жазган “Манас таануу” окуу китеби 2016-жылы Кытайда басылып чыккан. Окумуштуу “Манас” эпосу: Каныкейдин улуу махабаты жана анын образынын рухий-адептик, патриоттук сабактары”, “Улуу “Манас” эпосунун улуттук жана дүйнөлүк мааниси”, “Бакай-чыгыштын акылманы, кыргыз калкынын руханий жол башчысы жана улуу патриоту”, “Кошой даанышмандыктын, улутмандыктын жана мекенчилдиктин улуу өрнөгү”, “Улуу Манас баатыр – урпактардын патриоттук идеалы”, “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси”, “Манас жана Чыңгыз”, “Манас, Бакай, Кошой-Ата журтка жеңиш жана бакыт алып келген жарандык улуу биримдиктин символу”, “Улуу “Манас” эпопеясы – дүйнөлүк көркөм маданияттын өчпөс жылдызы”, “Манас” эпосун интерактивдик усул менен окутуу”, “Манас” эпосунун педагогикасы”, “Улуу “Манас” эпосунун руханий, адептик-ыймандык, идеялык-философиялык, патриоттук баалуулуктары” сыяктуу көптөгөн орчундуу китептерди жазып, билим берүү системасына жайылткан.

Эмгектери үчүн ал төмөнкүдөй наамдарга жана сыйлыктарга ээ болуп отурат. Бүгүнкү күндө С.Байгазиев КР эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор, КР Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү. Орус педагогикасынын атасы – Ушинский атындагы медалдын ээси, И. Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз педагогика академиясынын академиги, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын
Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын ээси.

СУЛАЙМАН РЫСБАЕВ

Окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор белгилүү балдар жазуучусу Рысбаев Сулаймандын авторлугу менен жазылган 14 окуу китеп Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын мектептеринде негизги окуу китептер катары окулуп келатат. Тактап айтканда, кыргыз мектептеринин 1-класстарынын «Алиппе», “Адеп алиппеси” жана 2-3-класстарынын «Кыргыз тили» жана “Адабий окуу” аттуу окуу-комплекстери. Булардын ичинен «Алиппе» китеби 2000-жылы Вильнюс шаарындагы бүткүл дүйнөнүн 300дөн ашык тилдеринин жана диалектилеринин «Алиппелеринин» музейине коюлган. Ошону менен катар, бул «Алиппе» окуу-методикалык комплекси республикабыз эгемендигин алгандан кийинки алгач ирет этнопедагогикалык багытта жазылган “Улуттук Алиппе” катары таанылып, бааланды.

 

ПЕДАГОГИКАДАГЫ ҮЧ АЗАМАТТЫН КӨТӨРГӨН ЖҮГҮ

Рысбаев Сулайман – кыргыз тилин окутуу методикасы илими боюнча республикабызга таанымал адис. 1995-жылы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргогон, докторлук даражага 2006-жылы ээ болуп, 2010-жылы профессор илимий наамын алган. 2015-жылы Кыргыз билим берүү академиясынын корреспондент мүчөсү болуп шайланган.

С.Рысбаевдин педагогикалык ишмердүүлүгү ар тараптуу. Ал кыргыз тилин окутуунун методикасы менен бирге, кыргыз балдар адабиятынын өнүгүш проблемалары, учурдагы абалы жана аны окуп-үйрөнүү боюнча да изилдөөлөрүн жүргүзүүдө. Буга байланыштуу ал «Азыркы кыргыз балдар адабияты: проблемалары, портреттер» (2000-ж.), «Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы» (2006-ж.), “Кыргыз акын-жазуучулары – балдарга” (2 томдук, 2010-ж.) хрестоматиясын ж.б. жарыялаган жана өзүнүн адабий чыгармачылыгы педагогикалык ЖОЖдордун окуу программасына (түзүүчү: профессор А.Муратов) киргизилген. Мындан сырткары, анын беш томдук илимий-методикалык эмгектеринин жыйнактары жана монографиялык эмгектери окуу куралы катары педагогикалык жогорку окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары тарабынан колдонулуп келе жатат.

Ал республикабыз эгемендүүлүгүн алгандан кийин улуттук балдар адабиятына жомокчу катары кирди. Улуттук адабиятта унутулуп бараткан адабий жомок жанрын кайрадан жандандырып, ондогон жомок жыйнактарын чыгарды. Буга мисал: анын “Бакыт издеген бала”, “Шамбала”, “Балык балдар”, “Умай бала”, “Миң бир туугандар” ж.б. Аңгеме жана жомокторунун топтомунан турган үч томдугу да басылып чыгып, жеткинчек балдардын сүйүктүү китептерине айланган. Көптөгөн аңгеме-жомоктору боюнча мультфильм тартылып, куурчак театрлары сахналаштырган.

Мына ушундай илимий-педагогикалык жана адабий чыгармачылык көп жылдык эмгеги бааланып, Тоголок Молдо, Э.Арабаев атындагы республикалык абройлуу сыйлыктар ыйгарылган. Улуттук балдар адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаты, КР ЖСнын “Алтын калем” сыйлыгынын ээси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери болду.

АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ

Абдыкерим Муратов Ноокат районунда мектептерде мугалим, Ош пединистутунда окутуучу булуп иштеп жүргөн өткөн кылымдын 70-80-жылдарында мектеп публицистикалары аркылуу, мугалимдердин көйгөйлөрүн көтөргөн курч макалалары аркылуу тааныла башталган. Бул учурда мектепте адабий билим берүүнүн, балдарды окутуунун жана тарбиялоонун проблемалары анын «Проблемалык суроо – проблемалык жагдай түзүүнүн башкы формасы», «Отур, «эки», же бир баа тууралуу бир топ ой», «Биз муну өткөн эмеспиз..: мектепте адабият теориясын окутуу тууралуу», «Курсташтарга кат, же айыл мектеби жөнүндө ойлор», «Класс жетекчилик жеңил ишпи?», «Кесипти туура тандасак…», «Адабият сабагы: ал жөнүндө ой толгоо», «Рухий байлыкты өстүрүүнүн сабагы» ж.б. макалаларында, публицистикаларында чагылдырылган. Булардын айрымдары газета бетинде талкуулардын жаралышына жем таштаган. Дал ушул макалалардын мазмунунда улуттук рухтун идеялары, эгемендүүлүктүн зарылдыгы көрсөтүлгөн.

ПЕДАГОГИКАДАГЫ ҮЧ АЗАМАТТЫН КӨТӨРГӨН ЖҮГҮ

Азыркы учурда жалпы билим берүүчү мектептер дээрлик чейрек кылымга жакын анын С.Байгазиев менен бирге түзгөн окуу программасы менен билим алып келет, ал 7-класстар жана 11-класстар үчүн кыргыз адабияты окуу китептерине авторлош. Соңку учурларда ал авторлош болгон 5-класстар, 6-класстар үчүн адабият окуулуктары конкурстан жеңип чыгып, практикага сунуш кылынды. Кыргыз адабиятынын мектеп программаларына кирген чыгармаларын талдоонун жана жолдорун көрсөткөн «Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романын үйрөнүүнүн айрым маселелери» (1988-ж.), «V-VIII класстарда адабият теориясын окутуу» (1990-ж.), «Көркөм текстти жана адабият теориясын үйрөнүү» (1992-ж.) деген усулдук колдонмолору чыгып, мектептерге таратылган.

Балдардын эне тилин унутуп жатышы, руханий маданиятыбыздын жана эне тилибиздин өкүнүчтүү абалы «Далил керекпи?.. (Эне тил көйгөйлөрү)», «Эне тилдин эртеңи кандай?», «Тереңдеги тамырлар: маданий мурастарга мамилебиз кандай?», «Кыргызга окшоп турабыз, бирок…», «Келгиле!.. (Балдар адабияты тууралуу)», «Кыргызбызбы?», «Гимнби, же кошоматчылыктын ырыбы?..», «Эне тилин жана адабиятын окутуу эмнеге муктаж?» аттуу макалаларында курч жана таамай айтылды.

Ал И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасында 2010-жылдан бери профессор кызматында иштейт. Адабиятчы жана педагог катары «Манас», «Кыргыз адабияты», «Кыргыз педагогикасы», «Кыргызстан», «Токтогул», «А.Осмонов» «Сагынбай», «Саякбай» энциклопедияларында педагогикага байланыштуу көптөгөн макалаларын басып чыгарды. Кенже мектеп жашындагы окуучулар үчүн жазган аңгемелери ар кандай хрестоматияларга киргизилип, атайын кыргыз тилин үйрөнүү үчүн жаңылмачтары мектептердин окуу куралдарынан жана хрестоматиялардан орун алып жүрөт.

2001-жылы «Адабий-теориялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун илимий-методикалык негиздери» деген темада кандидаттык, 2010-жылы «Көркөм адабий тексттердеги элдик педагогикалык ойлор жана аларды окутуу процессинде интерпретациялоонун илимий-методикалык негиздери (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мисалында)» деген темада докторлук диссертациясын коргогон.

Анын катышуусунда жазылган кыргыз адабияты терминдердин түшүндүрмө сөздүгү мугалимдердин жана окуучулардын, студенттердин үстөл китебине айланып, алты жолу басылып чыкты. Ал соңку учурда адабияттаануу менен этнопедагогиканы интеграциялоо аркылуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы элдик таалим-тарбиялоо салттарынын чагылдырылышын изилдеп жүрөт. Бул багытта анын «Чыңгыз Айтматов – жазуучу-этнопедагог» деген китеби жарык көрдү жана бул китеп улуттук айтматов таануу илимине кошулган салым болду.

Майрамбек ТОКТОРОВ, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер