ПЕДАГОГИКА БАГЫТЫНДА КОНТИНГЕНТ САПАТЫ ЖАКШЫРАБЫ?

  • 14.07.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык 2022-2023-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл бекитилди. Ал эми педагогикалык багыттагы адистиктерге тапшыруунун босого баллы жогорулады. 

ПЕДАГОГИКА БАГЫТЫНДА КОНТИНГЕНТ САПАТЫ ЖАКШЫРАБЫ?

Гранттык жана келишимдик окутууга коюлган балл

Ош Мамлекеттик педагогикалык университетинин маалыматка таянсак, гранттык жана келишимдик негизде окутуунун бардык формаларына:  негизги тест — 110 балл, предметтик (кошумча)  тест — 60 балл. Педагогика багыттарына гранттык  (бюджет)  негизде: негизги тест — 115 балл, предметтик (кошумча)  тест — 60 балл. Ал эми педагогика багыттарына келишимдик негизде окутуунун бардык формаларына:  негизги тест — 110 балл, предметтик (кошумча)  тест — 60 балл бекитилди.

Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алуу 18-июлда башталып, үч этап менен жүрөт. Биринчи туру — 18-июлда таңкы саат 08-00дө башталып, 20-июлда 14:00дө бүтөт. Кабыл алуунун экинчи туру 25-27-июль күндөрү болот. Ал эми үчүнчү тур 1-августта башталып, 3-августта жыйынтыкталат. Бул өнөктүккө Жалпы республикалык тестирлөөдө босого баллдан өткөн абитуриенттер онлайн түрүндө катышса болот. Быйыл педагогикалык кесипке босого балл өлчөмү 115ке көтөрүлдү.

Онлайн коррупцияны ооздуктайт

— Онлайн кабыл алуу мөөнөтү такталды, министрдин расмий буйругу чыкты. Кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу 12-июлда башталды. 2020-жылдан баштап окуу жайларга кабыл алуу онлайн түрүндө жүргүзүлө баштаган. Быйыл да ошол салтты бузбай, онлайн форматта жүргүзүлөт, — дейт билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков.

Абитуриенттерди онлайн форматта  кабыл алуу жараяны адамдык факторду жоюп, коррупциялык көрүнүштөрдү оздуктоого шарт түзөт. Бул убакыттын үнөмдөлүшүнө жана  алыскы аймактардагы абитуриенттердин жеринен арыз берүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Башка жылдардан айырмаланып, быйыл кесиптик лицейлерге кабыл алуу да 16-июлдан тарта онлайн түрүндө жүргүзүлө баштайт.  Эске салсак,  колледждерге жана кесиптик лицейлерге кабыл алууга Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы талап кылынбайт.

Гранттык орундар кандай бөлүштүрүлөт?

Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана орто кесиптик башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызынын берген маалыматына таянсак,  буга чейин жогорку окуу жайларга 5795 бюджеттик орун бөлүштүрүлүп келген.

— Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Бишкек шаарындагы техникалык жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуунун жүрүшүндө,  Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э. Байсалов 2022-2023-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарынын  санын көбөйтүү жөнүндө тапшырмасын берген эле.  Аны аткаруу максатында  Министрлер Кабинетинин   токтомунун долбоорунда гранттык орундардын санын 205 орунга көбөйтүү сунушталган, — дейт башкы адис.

Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору менен 6000 мамлекеттик билим берүү грантынын ичинен 4463 орунду Билим берүү жана илим министрлигине караштуу ЖОЖдорго бөлүү сунушталды, калган гранттык орундар башка мамлекеттик органдар аркылуу каржыланат: Ички иштер министрлиги – 130 грант, Саламаттыкты сактоо министрлиги – 358 грант, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги – 206 грант, Коргоо министрлиги – 100 грант жана Тышкы иштер министрлиги – 20 грант.

Жогорку окуу жай жана мектеп

Кыргызстанда бери дегенде эле он жогорку окуу жайында, анын ичинде Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ, ОшМУ, ОшПУ, Бишкек, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен мамлекеттик университеттеринде, Дене тарбия академиясында, ошондой   эле жеке менчик, эл аралык жогорку окуу жайларда мугалимдерди даярдашат. Быйыл педагогикалык кесипке 1918 гранттык орун бөлүштүрүлдү. Бирок жылда эле бюджеттик орундар толбой калып, ким келсе деле ала берген жаман адат пайда болгон. Ал эми чыныгы мугалимдик кесипти эңсеп келгендердин саны өтө эле аз. Өзгөчө Жалпы республикалык тестирлөөдө төмөн балл алгандар эптеп эле дипломдуу болууну каалап, ыйык кесиптин баркын да, наркын да кетирип жатышат.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери мугалимдердин эмгек акысы болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Бюджеттик каржылоодогу педагогикалык окуу жайлардын биринчи курсунда жакшы окугандарга — 1000, экинчи курста — 2000, 3-курста – 3000, 4-курста – 4000 сом стипендия төлөнө турган болууда. Бирок педагогдорду даярдоонун сапатын жогорулатууда мугалимдин эмгек акысын, студенттин стипендиясын көтөрүү менен бирге башка жагдайлар дагы эске алынышы керек.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к., профессор Рахат Сулайманованын айтымында, жогорку окуу жайларда кесипкөй адистерди даярдоо көптөгөн себептерден көз каранды. Биринчиден, кесипкөй адис болуш үчүн келген абитуриент мугалимдик кесипти өзүнүн каалоосу менен тандап келүүсү зарыл. Экинчиден, анын мектептен окуп келген фундаменти жакшы болуш керек.

— Жалпы республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алгандар айласы жок мугалимдик кесипке келгени жашыруун эмес. Жогорку окуу жайда дагы ошого жараша жакшы даярдык, шарттар, күчтүү методисттер окутушу керек. Жогорку окуу жайларда илим, методика жана практика терең айкалыштырып окутулса, албетте,  күчтүү адистер даярдалып чыгат. Ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө мектептен жогорку окуу жай материалдык-техникалык базасы, методикалык, практикалык жагынан аксап, артта калып жатат.  Анткени мейли мамлекет болсун, мейли эл аралык долбоорлор болсун, баары тең көңүлдөрүн мектепке бурушат. Мисалы, STEM, “Окуу керемет!” ж.б.у.с. долбоорлор жогорку окуу жайга барышпайт, эми  гана кичине-кичине  иштеше башташты. Маселен, биздин студент практикага мектепке барса,  ал жерде жалаң акыркы муундагы технологиялар менен жабдылган. Албетте, заманбап технологияларды студент жогорку окуу жайда көргөн эмес, — дейт профессор.

Мектеп жаш адистерге муктаж

— Бюджеттик орундарга өтүү үчүн босого балл менен катар  кошумча балл дагы каралат. Быйыл мугалимдик кесипке  кызыккандардын саны арбыды.  Маселен, Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы педагогикалык колледждин бүтүрүүчүлөрү толугу менен биздин факультетке тапшырып, керек болсо орун толуп, сынак болгону калды. Анткени башка каалоочу абитуриенттердин саны дагы арбын болуп жатат. Бул абдан жакшы көрүнүш деп ойлойм. Бирден бир себеби, албетте, Президент Садыр Жапаровдун мугалимдерге көргөн камкордугу, өзгөчө апрель айында болуп көрбөгөндөй эмгек акынын 80-100% көбөйгөнү жаштардын мугалимдик кесипке көңүлүн жакшы бурду. Экинчиден, креативдүү билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин комплекстүү реформа баштаганы келечектен көптү үмүттөндүрүп жатат. Эгерде мурда мектеп жогорку окуу жайды, жогорку окуу жай мектепти күнөөлөп келсе, эми жогорку окуу жайга  чыныгы кесипти сүйгөн, нукура, таланттуулар келет деп ойлойм, — дейт декан.

Дагы бир жакшы жаңылык, бул факультеттин быйылкы бүтүрүүчүлөрү 100% мектепке кетишкен. Анткени сааттык жүктөмдөр азайып, мектепке мугалимдер жетишпей жатат. Андыктан мектеп учурда жаңы, жаш адистерге муктаж болуп жаткандарын билдирип, бүтүрүүчүлөрдү жиберүүнү өтүнүп жатышат.

— Биздин факультетке 200дөн ашык бала кабыл алынат. Окууну 150 гана бала аяктайт. Калгандары ар кандай себептер менен окуудан чыгып кетишет. Акыркы жылдары бюджетке болгону 15 гана орун берилип келе жатат. Көбөйсө мугалимдик кесипке ынтызарлык  да өсмөк.  Чынын айтуу керек, мугалимдик кесипке  айылдык  колунда жок карапайым үй-бүлөнүн балдары келип окушат. Ал эми орус тилдүү мектептерге математика, физика предметтери боюнча мугалимдер жетишпейт.  Ушул табигый илимдер боюнча адистерди даярдоодо да проблема бар.  Анткени орус тилдүү мектепти бүтүргөндөр мугалимдимк кесипке келишпейт. Мугалимдерди даярдоо боюнча өзүбүз анализ жүргүзгөнбүз. Ал иликтөө учурунда Кыргызстанда  64 жогорку окуу жай бар эле, азыркы учурда анын саны 73кө жетти.  Ошол иликтөөгө алынган 64түн ичинен  26 окуу жайда педагогикалык кадрларды даярдоо иштери жүргүзүлчү. Алардын  кээ бири балакавриат деңгээлинде даярдашса, айрымдары магистратураны кошо даярдашат.  Ошол эле кезде орто кесиптик деңгээлде да даярдалат.  Айрым окуу жайларда кесиптик билимди жогорулатуу курстары  өткөрүлөт.  Ушулардын ичинен  салттуу түрдө мугалимдик кесипке даярдаган окуу жайлар он чакты эле, алар коомчулукка белгилүү, — дейт Рахат Сулайманова.

Болон системасы  —  ийкемдүү система

Мугалимдерди даярдаган И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор  Төлөбек Абдрахмановдун пикиринде,  адистердин сапатсыз даярдалып жатканына бир нече себептер бар. Маселен, айрым мектепте окутулган сабактар жогорку окуу жайдын 1-2-курсунда кайра эле кайталанат. Маселен, кыргыз, орус, чет тилдери, дене тарбия сабактары.

— Ошол эле программа кайра эле кайталанат. Бул адистерди даярдоонун убактысын, ресурстарды, балдардын көңүлүн алат. Эки жыл окутуучулар ошону менен алпурушуп жүрүшөт. Айрым учурларда балдар окубайт, анткени бул материалдарды мектепте эле окушкан. Экинчиден, мектептик билим берүүнү бакалавриат улантып кете албайт. Анткени мектептик окуу планы менен бакалавриаттын программаларында байланышпаган жерлери бар. Биздин оюбузча, мектепти бүтүп келген программаны бакалавриат, аны магистратура улантып кетиш керек. Ушулар мамлекеттик жаңы стандартта каралып, эске алынат деп ойлойм, — дейт профессор.

И.Арабаев атындагы КМУ эки жылдан бери  3-4-курста окуган  мыкты студенттерди мугалим болуп иштегенге мектепке жиберип жатышат. Бир жагынан жаш адистер практикадан өтүшсө, бир жагынан кесипке тапталып жатышат.

— Бул студенттерге жардам берип жатабыз. Онлайн окушат. 4-курска чейин иргеп отуруп, көбүнчөсү жумушка алынып калды. Азыркы Болон системасын сындап жатпайбызбы? Бул — ийкемдүү система. Маселен, бакалавриатты бүткөндөн кийин балдарга магистратурага өткөнгө мүмкүнчүлүк берет. Себеби бакалавриатта албай калган билимди магистратурада толуктай алат. Же болбосо адис мектепке барганда физик же информатик мугалим жок болсо, анда ошону магистратурада толуктап алып, иштегенге болот, — дейт ректор.

Гүлүмкан Адышева, А.Молдокеев атындагы мектептин бүтүрүүчүсү, абитуриент:

— Мен Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетине тапшырып жатам. Мен мугалимдик кесипти тандап алган себебим, мектепте окуп жүргөндө эле англис тилине абдан кызыкчумун. Мектепте чет тилин окутуу абдан начар. Ошондуктан мен мыкты мугалим болуп, айылдык балдарга англис тилин окуткум келет. Экинчиден, мугалим – кесиптердин төрөсү, коомдун күзгүсү.

ПЕДАГОГИКА БАГЫТЫНДА КОНТИНГЕНТ САПАТЫ ЖАКШЫРАБЫ?

Сөз соңу

Ошентип, мугалимдердин эмгек акысы жогорулап, жакшы окуган студенттердин стипендиясы көбөйгөн үчүн бул кесипке ыктап, билим алам дегендердин саны көбөйүп жатканы жакшы жышаан. Демек, айрым учурда IT курсун окуп, мектепке информатикадан мугалим болуп киргендерге эми жол жок. Себеби  педагогика менен психологияны окубаган “мугалимдер” балдар менен сөз табыша албай, ыркы кетип, керек болсо балага кол көтөргөндөр четтен чыкпадыбы. Бул деген ыйык кесиптин баркын кетирип, балдардын ишенимин жоготуп жатат. Ошол эле кезде айрым тентек, колдон чыккан окуучулар эжей-агайларды шылдыңдап, мазактаган да учурлар кездешпей койбойт. Андыктан Кыргызстанда биринчи жолу мугалимди мазактоодон, агрессиядан коргоо мыйзамы даярдалды. Ал долбоордо мугалимге орой мамиле жасап, шылдыңдагандарга акчалай айып, эгер мыйзам бузуу кайталангандай болсо үч суткадан беш суткага чейин камакка алуу каралган.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер