ПЕДАГОГДУК КЕСИПТИН БААСЫ, БАРКЫ ЖОГОРУЛАЙТ

  • 06.05.2022
  • 0

Айлыктын өсүшү менен быйыл педагогикалык багыттагы адистиктерге конкурс чоң болору күтүлүүдө. Өкмөт мугалимдик адистиктеги студенттердин стипендиясын да көбөйткөнү жатат. Мындай арымдуу аракеттер мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мугалим болсом деген кыялдарынын ишке ашуусуна жол ачты.

Өлкөбүздө азыр бул жаңылыкка кубанбаган адам жок. Ушундан улам апрель айынан көбөйгөн айлыктарды көрүп, пролетариаттын жол башчысы Владимир Ильич Ленин да биздин агай-эжейлердин эл ичиндеги баркы көз көрүнө жогорулап баратканына жүрөк жарыла кубанмак деп да ойлоп калдым. Анткени Ленин баштаган Октябрь төңкөрүшүнүн алдыга койгон максаттарынын бири – мугалимдердин коомдогу ордун болуп көрбөгөн деңгээлге чыгаруу болчу. Тилекке каршы, коммунизм идеясы ишке ашпагандай эле, мугалимдердин коомдогу абалы колхоздогу эсепчи, бригадирлердин айлыгынан ашып түшкөн жок. Ошон үчүн Чыңгыз Айтматовдун калеминен жаралган “Биринчи мугалимде” элге арип тааныткан Дүйшөн кийин барып активдер олтурган жерге кире албай, улагада калганы кейиштүү сүрөттөлөт. Айтматовдун генийлигин көрбөйсүздөрбү, чыгармадагы ушул кичинекей көрүнүш аркылуу коомдогу мугалимдин абалын ачыктап жатат. Социализмдеги мугалимдердин жашоосу мышык ыйлагыдай болгон үчүн Айтматовдун дагы бир таасирдүу чыгармасы – “Ак кемеде” элдин мүлкүнө кол салып, ошону менен күн көргөн Орозкул үстүндөгу пальтосун он жылдан бери кийип жүргөнүн айтып, мектеп мугалимин шылдыңдайт эмеспи. Ойлоп көрсөк, эгемендүүлүккө ээ болгон отуз жылдан бери деле Кыргызстанда агай-эжейлердин социалдык абалында жарытарлык өзгөрүү, алга жылуу болбоптур. Акаевдин тушунда мугалимдер эки-үч айлап айлыгын, үч-төрт жылдап өргүү акчаларын албай келишсе, 2005-жылдагы Март козголоңунан кийинки бийлик берилбей келген өргүү акчаларын кайтарып беришкени эсибизде. Убактылуу Өкмөттүн, Атамбаевдин, Жээнбековдун бийлигинде деле мугалимдердин айлыгына сезилерлик кошумча төлөмдөр кошулган эмес. Айрым бир жылдары маяна 5-10 пайызга жогорулаганы менен, инфляциянын айынан мугалимдердин жашоосунда өзгөрүү жүрбөй келди.
Аз айлык мугалимдердин күнүмдүк жашоосуна гана оордук алып келбестен, коомдо да бир топ көйгөйлөрдүн жаралышына себепкер болду. Булардын ичинен эң эле сезилерлиги – мектепте окуучулардын билим сапатынын кескин төмөндөп кетиши эле. Кыргызстан эки жолу көз карандысыз ПИЗА сынагында эң акыркы көрсөткүчтү камсыз кылды. Аз айлыктын айынан ЖРТда жогорку баллга жетишкен бүтүрүүчүлөр да баарынан мурун мугалимдикти эмес, экономист, юрист, банк кызматкери, программист сыяктуу башка кесиптерди тандап келди. Өкмөт ЖРТнын жыйынтыктары боюнча эң көп бюджеттик орундарды педагогика багытындагы адистиктерге бөлгөнү менен ЖОЖдорго мугалим болом деп тапшырган абитуриенттердин билим сапаты иш жүзүндө бийик болбоду. Ушундан улам учурда мектептер билимдүү, кесипкөй адистерге суусап турат.
Андыктан, азыркы бийликтин агай-эжейлердин айлыгын көтөрүү аракети өз убагында көрүлгөн мыкты чечим болду десек жаңылбайбыз. Мугалимдердин эмгек акысы буга чейин окуткан сааттарынын санына карап төлөнүп келсе, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-мартындагы №181 токтомуна ылайык, мындан ары мугалимдердин айлыгы ставка менен төлөнөт. Эми ошол эле магистр жаңы эсептөөлөр боюнча канча эмгек акы аларына көз жүгүртөлү: эгерде ал 1-4-класстарга сабак берсе – 19 миң сом, 5-11-класстарга – 15 миң сом алат. Эгерде ал математика, физика, химия биология сыяктуу так илимдерден сабак берсе – 19 миң сом эмгек акы алат. Булардын баары ставкага которулду. Республика боюнча сааттардын көлөмү ставкага отургузулду, башкача айтканда, өтүлгөн сааттарынын көлөмүн 16 саатка бөлөбүз, мындан ары сабактан сырткары иштер боюнча деген болбойт. Бир ставка — 1-4-класста – 16 саатты, 5-11-класста – 18 саатты түзөт. Сентябрь айында жаңы окуу жылы башталгандан тартып, бир жарым ставкага уруксат берилет. Азыр эгерде 20 саатты эсептесек, эң көбү 25 саат, 5-11-класстардыкы – 27 саат болот. Мисалы, бир ставка 850 саат болсо, аны 1,5 ставкага көбөйтсөк — 1275 саатты түзөт. Бардык сааттар окуу жылы аяктаганга чейин сакталат, ким буга чейин эки ставкада иштеп келсе, ал алдыдагы эки ай ошол боюнча айлык алат. Жаңы окуу жылынан баштап, бир жарым ставкадан ашык коюуга уруксат берилбейт, анткени ашыкча жүктөм алган мугалимдин билим сапаты биз каалагандай болбой каларын тажрыйба көрсөттү.
Көрүлүп жаткан аракеттердин аркасында мугалимдин эмгек акысы саат боюнча канча, оклад боюнча канча болуп калганын карап көрсөк. Эгерде мугалим 20 саат үчүн 11 миң сом акча алып келсе, эми 16 саат үчүн 19 миң эмгек акы алат. Бул оклад боюнча алган эмгек маянасы гана, ал эми ага кошумча алып жүргөн акчаларын кошкондо андан да көбөйөт. Мисалы, класс жетекчилиги үчүн – 2700 сом алат. Бул жерден мугалим бир гана класска жетекчи болушу керектигин баса белгилеп кетким келет. Математика жана жазуу боюнча дептер текшергендиги үчүн 1400 сом алат. Ага педагогикалык стажын кошуу керек. Мурда педстаж беш жылдан баштап эсептелсе, эми үч жылдан баштап кошула баштайт. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, 2019-жылдан бери айылдык мугалимдердин эмгек акысына 1000 сом кошулуп келген, эми ал сумма 1800 сомго көбөйдү. Бул элет мугалимдери шаардык мугалимдерге караганда, 1800 сом көбүрөөк алат дегендик. Мурда стимул берүүчү фонд киргизилип, ошонун эсебинен ар бир мугалимдин кошумча эмгегине жараша кошумча каражат төлөнүп келсе, мындан ары мектептерде стимфонд деген болбойт.
Мындан тышкары, бийик тоолуу аймакта жашаган мугалимдерге кошумча төлөнүүчү төлөм мурдагыдай эле төлөнө бермекчи.
Ошондой эле мугалимдер мындан ары категорияларына жараша төлөнчү кошумча акчаны кайрадан ала баштайт. Тарифтерге ылайык, азыр анын да суммасы өзгөрүлдү. Эгерде жогорку категориядагы мугалим мурда үч миң сом алып келген болсо, эми беш миң сомдон ала баштайт. Ал эми биринчи категориядагы мугалим үч миң сом, экинчи категориядагы мугалим эки миң сом алат.
Мугалимдин категориясын мындан ары атайын программа аркылуу аныкталып, тесттин жыйынтыгы боюнча кайсы категория ыйгарылганы маалым болот.
Буга кошумчалай кетсек, башталгыч класстын мугалимдеринин таңсыздыгын жоюу үчүн 2019-жылдан бери 1-4-класстын окууларына 20% кошумча акча төлөп келишкен. Бул ыкма өзүн толук актады. Азыркы учурда математика, информатика, химия, физика, биология предметтеринин мугалимдери жетишсиз болуп жаткандыктан, аларга да 20% кошулган.
Бул маалыматтарды министрликтин Бюджет саясаты жана каржы анализи башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлнара Токтахуновадан алдык.
Мындан ары мугалимдин эмгегин баалоодо эски бирок, азыр жаңы өңүткө ээ болгон «ким иштесе, ал тиштейт» принциби ишке ашмакчы. Мисалы, окуучулары республикалык олимпиадада жеңген мугалимдерге биринчи орун үчүн бир окуу жылынын ичинде ай сайын 10 миң, экинчи орунга 7 миң, үчүнчү орунга 5 миң сом сый акча берилет. Ал эми эл аралык олимпиадада байгелүү орунга жетишкен окуучунун ийгилиги үчүн мугалимине бир жолу 500 миң сом сый акча берилмекчи. Бул кубанычтуу кабарды биз өткөндө социалдык тармак өкүлдөрү менен президенттин жолугушуусунда билим берүү министри жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин өз оозунан укканбыз.
Ошентип буга чейин эзели материалдык жактан жыргабаган мугалим азыр акчага капчыгы толуп, көөнү да ток болуп, иштеген ишине, окуучуларына карата ишеними андан бетер артып, кубанычы тоодой болуп турган кези! Ылайым эле дайыма ушундай болсун!
Мугалимдердин кубанычына улай педагогикалык кесипти тандаган бүтүрүүчүлөрдүн саны да күндөн-күнгө арбып баратат. Айрымдарынын пикирин угуп көрсөк.

— Мен келечекте мугалим болуп, жаш муундарга өз билимимди берип, алардын сый-урматына ээ болсом деген аруу тилегимди ишке ашыруу максатында ЖРТга даярданып жатам, — деп жазат Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Бабатаева Мээрим.

— Мага жаш балдардын кирсиз таза дүйнөсү, жоодураган көздөрү, жасалмалуулукту билбеген баёо мүнөзү жагат. Ошондуктан башталгыч класстар мугалими болууну максат кылдым, — дейт ушул эле мектептен Канатбекова Сезим.

— Дүйнө жүзүн каптаган оорудан улам мектептер жабылып, окуу онлайн түрүндө жүрө баштаган мезгилде мен мугалимдердин иши түйшүктүү жана сыймыктуу, коомубуз үчүн эң пайдалуу жана ардактуу экендигине толук ынандым, — деп айтат Мээрим менен Сезимдин курбусу Шералиева Мадина.
Мугалим болом деген тилектерин бизге алыскы Лейлек районунун бүтүрүүчүлөрү да билдирди.
— Ата-энем, бир туугандарым, досторум менин бул кесипти тандагандыгымды кубаттап жатат, — дейт Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 11-«Б» классынын окуучусу Абдуллаева Нозанин.
— Мен кыргыз тили жана адабияты сабактарын окуткан мугалим болгум келет.
Буга чейин кыргыз тили жана адабияты сабактары боюнча олимпиадаларга катыштым, — деди Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 11- «А» классынын окуучусу Түркбаева Айгүл.
Ушундай эле жагымдуу пикир Кара-Суу районунан келди.
— Мага мугалим болуу, балдар менен иштөө аябай жагат, — деп жазат райондогу Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Абдыразак кызы Нуриза.
Ак тилектерин билдирген быйылкы бүтүрүүчүлөргө айтып коёр бизде да жакшы маалыматтар бар. Угушубузга караганда, быйыл ЖОЖдорго ЖРТнын жыйынтыгы боюнча педагогикалык адистикте билим алган биринчи курстун студентине миң сом, экинчи курстагы студентке эки миң, үчүнчү курстагысына үч миң, төртүнчү курстун студенттерине төрт миңден стипендия берилерин өкмөт пландап жатат. Бюджетттик бөлүмдүн башка адистиктеринде билим алып жаткандарга да педагогика багытына которулганга уруксат берилери айтылууда.

А. АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер