ПЕДАГОГДОРДУН АЛТЫН БЕШИГИНЕ 80 ЖЫЛ
- 17.01.2025
- 0
Быйыл педагогикалык окуу жайлардын флагманы болгон И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 80 жылдык мааракесин белгилейт. Кечээки чакан окуу жай бүгүнкү “Даңк” орденинин, Европа уюмунун «Quality Choice Prize-2022» сыйлыгынын ээси.
ДАҢККА ЖЕТЕЛЕГЕН ДАРКАН ЖОЛ
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарыхый жолунун башталышы Улуу ата мекендик согуш жылдарына туура келет. Апааттын башталышы менен аздыр-көптүр тажрыйба топтогон мугалимдер фронтко тартылып, өлкөнүн батыш райондорунан эвакуацияланып келген балдардын эсебинен мектеп курагындагы балдардын саны өскөн. Согуш мезгилинин кыйынчылыгына карабастан Кыргызстанда билим берүү системасы ишин токтоткон эмес жана окуу жайлардын уюштурулушу боюнча келечектүү кадамдарды жасаган. Мугалимдерди даярдоо иштери андан ары улантылган.
Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин 1944-жылдын 15-декабрындагы №825 токтомунун жана Кыргыз ССРинин Эл агартуу комиссариатынын 1945-жылдын 19-январындагы №11 буйругунун негизинде Фрунзеде кыз-келиндер педагогикалык окуу жайы ачылган. Алгач кыргыз кыздарынын арасынан башталгыч класстын мугалимдерин даярдоону көздөгөн. Окуу жайдын өз ишмердигин ийгиликтүү башташына жана андагы окуу процессинин ойдогудай уюштурулушуна биринчи директору Джолдошева Акиманын кошкон салымы зор. Анын жетекчилиги алдында алгылыктуу иштер жасалган.
Окуу жайга жылына 100 студентти кабыл алуу планы коюлуп, жети жылдык билими бар 15-17 жаштагы кыргыз кыздар окуган. 1945-жылдан 1951-жылга чейин 319 кыз-келин бүтүрүп, башталгыч класстын мугалими квалификациясына ээ болгон. Студенттер толугу менен мамлекеттин камсыздоосунда эле.
Беш жылдан кийин өлкөдө жети жылдык жалпы билим берүү киргизилип, ал үчүн мугалимдерди даярдоо иши башталган. Анын негизинде Мугалимдер институту ачылган. Директору болуп Жумагүл Мусаева дайындалган. Үч жылдан кийин алгачкы бүтүрүүчүлөрү – жалпы 82 студент жети жылдык мектептин мугалими квалификациясын алып чыккан.
Кийин жети жылдыктан жалпы орто билим берүүгө өтүү планын ишке ашыруу белгиленген. Мындай планды аткаруу жогорку педагогикалык билимге ээ мугалимдерди даярдоону тездетүүнү талап кылган. Ошол себептен Кыргызстан КП (б) Борбордук комитети 1952-жылдын 7-майындагы №261/15 токтомунун негизинде СССР Министрлер Советине 1952-жылдын сентябрь айында Кыргыз кыз-келиндер мугалимдер институтунун курамында тарых, филология, физика-математика, география жана биология факультеттери бар Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун уюштурууга уруксат берүүнү сунуштайт. Анын негизинде 1952-жылдын 1-сентябрынан Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту болуп кайрадан түзүлгөн. 1952-1953-жылдары 1-курска 200 студент кабыл алган. Институтка В.Маяковскийдин ысымы ыйгарылган. Ушул жылдарда көптөгөн белгилүү педагог, илимдин докторлору, профессорлор педагогикалык багыттагы кадрларды даярдап чыгарууга өзүлөрүнүн алгылыктуу салымдарын кошушкан. Алсак, академиктер К.Юдахин, И.Батманов, илимдин докторлору, профессорлор А.Браун, А.Берлин, Г.Сухомлинов; доценттер Г.Земляная, З.Хакимов, Т.Ташевская, Д.Брудный, Л.Батманова, А.Исхаков кыз-келиндер педагогикалык жогорку окуу жайынын башатында турушкан.
Институтта окуу процессин кайрадан уюштуруу иши 1954-1963-жылдары Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун алгач директору, кийин ректору Күлүйпа Токтомамбетова тарабынан улантылган.
50-жылдардын аягында институттун окуу процессине бир нече өзгөртүүлөр киргизилген. Маселен, 1958-1959-окуу жылында музыка жана ыр мугалимдерин даярдоо үчүн музыкалык-педагогикалык бөлүм ачылат. Акырындык менен студенттердин, профессордук-окутуучулар курамынын саны көбөйүп, 1963-жылы бул бөлүм өз алдынча музыкалык-педагогикалык факультет болуп түзүлгөн. Анын калыптанышы жана өнүгүшүнө кыргыз искусствосунун белгилүү өкүлдөрү, профессор, композиторлор С.Юсупов, М.Абдраев, А.Жаркынбаевдин салымы чоң. 1968-жылдан тарта музыка жана ырдоо кафедрасын белгилүү композитор Н.Давлесов жетектейт. Аталган кафедрада Эмгек сиңирген ишмерлер – композитор Б.Феферман, СССРдин эл артисти К.Сартбаева, Эл артист Д.Жалгасынова ж.б. эмгектенген. 70-жылдардын аягы 80-жылдардын башында факультеттин түзүмү өзгөрүп, музыканын теориясы жана тарыхы кафедрасы түзүлгөн, анын башчылыгына СССРдин эл артисти, Кыргызстандын башкы дирижеру А.Джумахматов келген.
1963-1976-жылдары окуу жайды тарых илимдеринин кандидаты, доцент Абдуазизова Нарпаша жетектеген. Бул жылдары институт республиканын алыскы аймактары үчүн мугалим кыз-келиндерди даярдоочу борборго айланган. Ошол кезде филологиялык, музыкалык-педагогикалык, физика-математикалык, чет тилдери факультеттери жана 18 кафедра түзүлгөн.
1977-1987-жылдары окуу жайда ректорлук милдетти Татыбекова Жанетта аркалап, анын жетекчилиги астында 80-жылдардын башында институттун курамына олуттуу өзгөрүүлөр киргизилген.
Ошол жылдары институт педагогикалык адистерди даярдоодогу жетишкендиктери үчүн Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1987-жылы жетекчилик кызматка Рахат Ачылова дайындалган.
ЖАҢЫ КАДАМДАР, ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР
Эгемендүүлүк шартында институттун ишмердүүлүгү түп-тамырынан бери өзгөрүүлөргө дуушар болду. КР Президентинин 1992-жылдын 23-июнундагы буйругуна ылайык институт Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту болуп өзгөртүлгөн. Аны менен институтта кыз-келиндерден тышкары эркек балдарды да окууга кабыл алуу башталган. Ушул эле жылы Өкмөттүн 24-ноябрдагы №62 токтомунун чечими менен институтка кыргыз элинин көрүнүктүү окумуштуусу, коомдук ишмер, Кыргызстандагы педагогикалык билим берүүнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошкон Ишеналы Арабаевдин ысымы ыйгарылган. Кийин Өкмөттүн 1994-жылдын 11-майындагы токтому менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети деп аталган.
2005-жылы 3-майдагы КР Президентинин буйругу менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети болуп уюштурулушун жаңылануулардын натыйжасы деп түшүнүү керек. Ушул жылдан баштап университетте билим берүүнүн жаңы багыттары ачылып, жаңы адистиктер боюнча кадрларды даярдоо ишине жол берилди. Ишмердиктин рынокко ылайыкташкан ушундай түрлөрү университетке кандайдыр бир деңгээлде автономдуулукту камсыз кылды, жогорку окуу жайларынын түзүмдөрүнүн жаңылануу реалияларын эске алып, кайра уюштуруу кадамдары жасалды.
Маселен, 90-жылдардын аягында Коомдук илимдер департаментинин ачылышы менен университетте тарых предмети боюнча мугалимдерди даярдоо башталды. Анын уюштуруучусу жана алгачкы башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Эгемберди Маанаев болгон.
Ошол эле мезгилде педагогика илимдеринин доктору Магрифа Рахимованын уюштуруусу менен Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту ачылган. Бул жылдарда дагы башка бир нече жаңы түзүмдөр ишке кирген.
Ар кайсы жылдарда окуу жайды белгилүү окумуштуулар жана коомдук ишмерлер: Зайнидин Курманов, Алтай Бөрүбаев, Амангелди Бекбалаев, Абылабек Асанканов, Аскарбек Бекбоев, Төлөбек Абдырахманов жетектеген. Учурда университеттин жамааты филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Абдраеванын жетекчилиги астында жигердүү эмгектенүүдө.
Билим берүү иши орто кесиптик, жогорку, кошумча жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү тармагында – PhD докторантурасынын алты, жогорку кесиптик билим берүүнүн 71, орто кесиптик билим берүүнүн 23, кошумча кесиптик билим берүүнүн 28 багыты боюнча жүргүзүлөт. Университеттин тутумуна кирген ар бир түзүм жаңылануунун үстүндө.
Бардык имараттарда жаңы муундагы компьютердик класстар иштейт. Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин университеттери менен онлайн лекцияларды өткөрүү үчүн заманбап технологиялар менен жабдылган үч конференц-зал бар. Студенттер жана окутуучулар үчүн электрондук китепкана кызмат кылат.
Учурда жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү окуу жайлар менен кызматташтык активдүү өнүгүп, алар менен 90дон ашык келишимдер түзүлгөн. Университет бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү.
2022-жылы КР Президентинин Жарлыгы менен “Даңк” ордени менен сыйланды. 2022-жылы Европа уюмунун Сапатты изилдөө коому тарабынан эл аралык “Сапатты тандоо” («Quality Choice Prize 2022») сыйлыгына ээ болгон. 2023-жылы «Жылдын университети – 2022» эл аралык сынагында «Эл аралык өнөктөштүк» номинациясында жеңүүчү аталды (Канада).
Университетте алгачкы жолу медицина, юриспруденция адистиги ачылып, IT адистиктери кеңейтилди. Бул жагынан алганда окуу жайды республикадагы классикалык университет болууга жетишти десек болот.
Окуу процессине олуттуу өзгөрүү киргизилип, санариптештирүүнүн натыйжасында QR-код системасы ишке ашкан. Сабактардын жүгүртмөсү, группалык жана кафедралык журналдар, сааттардын бөлүнүшү жана алардын отчеттору электрондук түрдө даярдалып, бекитилет.
Окуу жайдын жалпы имиджи өзгөртүлүп, сырткы көрүнүшү заманбап дизайн менен жасалууда. Эң башкысы жети кабаттуу жаңы кампус салынууда.
Назира Усупова,
И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессору, т.и.д.,
Комментарийлер