ОшМУдагы аспирантура же плагиат иш

  • 22.09.2022
  • 0

Ph.D. менен биздеги илимий наамдарды алуу жолун салыштырган макаламда плагиат темасына учкай токтолуп, бир мисалды өзүнчө сөз кылууга убада бердим эле: https://kutbilim.kg/news/inner/ph-d-darazhasyn-plagiat-arkyluu-ala-albaysyz/

ОшМУнун мугалимдери: аспирант Талгар Мамытбек уулу жана анын илимий жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты, профессор Муратбек Айбашев ушундай “ишке” аралашып калганын көрдүм. Алар менин Ph.D. программа боюнча илимий жетекчим Доктор Гэри МакЛиин менен биргеликте англис тилинде Human Resource Development International (https://doi.org/10.1080/13678868.2011.558316) (Scopus, Q2) журналына чыккан макалабыздын жарымынан көбүн орус тилине сөзмө-сөз которуп (Google translate колдонушса керек, жада калса, темасын да өзгөртүшкөн эмес), Россияда чыгуучу “Народонаселение” журналына  (DOI: 10.19181/population.2021.24.2.14) жарыялашыптыр. Биздин автордугубуз жөнүндө эч кандай сөз жок, пайдаланылган адабияттар тизмесинде да көрсөтүшкөн эмес.

ОшМУдагы аспирантура же плагиат иш

Адегенде бул тууралуу Муратбек Жолдошевичке кат жаздым. Ал мага жиберген жооп катында: “Мен жетекчи катары карап койсом болмок экен… Макаланы караганга убактым жетишпей калган эле”, — деди. Бул “илимий жетекчи” аспирантына бир нерсе окутуп, үйрөтмөк тургай, өзү авторлош болгон “макаланы” да окубаганы таң калтырат. Мен ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго кайрылып, ОшМУ өзгөчө макам алган, эл аралык рейтинге катыша турган университет катары мындай кесиптик деңгээли жана маданияты өтө төмөн мугалимдерден арылышы керек деп жаздым.

Азыр бул плагиат иштин үстүнөн 4 мамлекеттин — Кыргызстан, АКШ, оригинал макаланын автордук укук ээси катары Англия жана Россиянын өкүлдөрү катышкан териштирүү башталды. Жыйынтыгы чыкканда, коомчулукка билдиребиз. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген сөз эске келет. Бирок Айбашевдей “кумалактар” Кыргызстанда көп эле болсо керек. Бирок дал ушул окуя башкаларга да сабак болушу керек. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деп илгертен айтылып келген болсо, азыркы маалымат технологиялар өнүккөн доордо мындай жосундар тез эле ашкереленип калат. Эми бул окуя Кыргызстандагы жана башка мамлекеттердеги университеттерде антиплагиаттын таасын мисалы катары айтыла берет.

ОшМУдагы аспирантура же плагиат иш

Илимдеги мителикке каршы баарыбыз күрөшүүгө тийишпиз. Ушун ыӊгайдан алганда Ыдырыс Исаковдун “Илимди имитациялаган Академия” иликтөөсү (https://kzclip.net/video…), Жолдош Турдубаевдин “Саясий ушактар, имиштер менен кеч кирет. Илимди илең-салаң карабайлы” деген макаласы (“Азаттык”) маселенин Кыргызстанда канчалык орчундуу экендигинен кабар берет.

Сүрөттө: 1. Иллюстрация интернеттен бул шилтеме боюнча алынды: https://textmark.ru/plagiat-statej/

2. Эпчил аспирант менен жетекчиси уурдаган тексттер сары фон менен белгиленди.

Урмат Тыналиев, АКШдагы Миннесота университеттин Ph.D. программасын бүтүрүүчү.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер