ОРУС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ ЖЕТИШПЕЙТ

  • 11.03.2021
  • 0

Учурда республикада  жалпы 615 мугалим жетишпейт, арасында  орус тилчилер да бар. Россия Кыргызстандын аймактарында мектеп куруп берүүнү убадалап жатат. Эгерде ал ишке ашып калса, орус тилчи мугалимдердин тартыштыгы мындан дагы көбөйөт. Ошондуктан  бизге орус тилчилерди даярдоого болгон мамилени өзгөртүү мезгили келди.  

ТАРЫХКА КЫЛЧАЙСАК

Орус тилчи мугалимдер негизинен Бишкек мамлекеттик университетинде даярдалат. Бул окуу жайы өзү дагы тээ 1979-жылы орус тили мугалимдеринин тартыштыгын жоюу максатында Орус тили жана адабияты педагогикалык институту (ПИРЯиЛ) деп ачылган. Алгач орус мектептери үчүн орус тили жана адабияты, кыргыз мектептери үчүн орус тили жана адабияты деген эки факультет болгон. Жаңы ачылган кезде  Е.К.Озмитель, В.Д.Скирдов, И.А.Шерстюк, Р.Н. Хлыпенко, П.И.Харакоз сыяктуу алдыңкы педагогдор  иштеп,  Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө чоң салым кошушкан. Өзгөчө Петр Харакоздун орус тилин окутуунун методикасын негиздөөгө сиңирген эмгеги зор. Анын китеби азыр дагы негизги окуу куралы катары пайдаланылат. Алардын катарында ушул күнгө чейин университетте иштеп жаткан Светлана Елебесова да бар. Ал окуу жай жаңы ачылганда жаш адис катары келип, ошондон бери орус тили мугалимдерин даярдоодо күжүрмөндүк менен иштеп келет. Отуз жылга жакын ушул факультетти жетектеди.  Азыр  Шанхай кызматташтык уюму университетинин Билим берүү программалары бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодо.

  • Мен институт жаңы ачылган жылы Кыз-келиндер институтунан жаш кадр катары келгем. Себеби бул институт ачылганда Кыз-келиндер институтундагы орус тили жана адабияты факультети кабыл алууну токтотуп, ал жакта иштеген жаш адистердин баарын бул жакка алып келишкен. Ошол күндөн бери ушул окуу жайында үзгүлтүксүз иштеп келе жатам. Мен иштеп баштаган кафедраны педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Табаева Римма Шакировна жетектеген. Ал Кыргызстанда орус тилин кыргыз мектептеринде окутуу методикасын негиздеген, өз ишин мыкты билген, ишине берилген, чебер устат жана мыкты мугалим болгон. Мени институттун биринчи ректору Скирдов Василий Данилович дагы окуткан. Биз  студент кезибизде да ушуларга окшогон күчтүү педагогдордон билим алганбыз, кийин алар менен бирге иштешип калдык, — дейт Светлана Александровна.

90-жылдары бул институт Мамлекеттик тил жана  гуманитардык илимдер институту болуп өзгөргөн. Андан кийин 2019-жылга чейин Бишкек гуманитардык университети статусун алып жүрдү.  Эки жылдан бери Бишкек мамлекеттик университети деп аталып келет. Университет менен кошо орус тили жана адабияты факультети дагы өнүгүп, бүгүнкү күндө славян таануу факультети катары төрт кафедрада келечектеги орус тилчилерди даярдоодо. Негизги басым кыргыз мектептери үчүн орус тили мугалимдерин даярдоого жасалат.

ОРУС ТИЛЧИЛЕР АЗ ДАЯРДАЛАТ

Светлана Елебесованын айтымында, орус тилчи мугалимдердин тартыш болуп жаткандыгынын бир катар себептери бар. Биринчиден, союз таркагандан кийин кабыл алуу планынын кескин кыскартылышы мугалимдердин жетишсиздигине алып келди. Азыр талап кылынгандан да аз даярдалууда. Экинчиден,  орус тили жана адабияты сабагынын саатынын кескин кыскарышы да чоң таасирин тийгизди. Себеби сааттардын кыскарышы эмгек акынын азайышына алып келет. Жөнөкөй мектептерде иштегендер үчүн өтө эле кыйын. Себеби аларда гимназияларга окшоп кошумча акча берилбейт.

ОРУС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ ЖЕТИШПЕЙТ

  • Мурун, СССР убагында бул институтка тапшырууну каалагандар көп болгондуктан, конкурс абдан чоң болгон, мыктынын мыктыларын тандап алып окутушкан. Тилекке каршы, кийин педагогикалык адистиктерге болгон кызыгуу алда канча төмөндөп кеткен. Орус улутундагы мугалимдердин Россияга агылып кеткени дагы бир топ түйшүк жараткан. Менин эсимде, 2013-жылы кабыл алуу планы толбой калган. Ошол жылы кабыл алынгандардын 80 жакыны эле бүттү. Азыр болсо жылдан жылга студенттердин саны көбөйүп жатат. Албетте, СССРдин убагы менен салыштырып болбойт. Ал кезде бир жылда  миңден ашуун бүтүрүүчү чыгарчубуз. Азыр болсо 150дөн ашпайт. СССР кулагандан кийин кабыл алуу планы чукул кыскарды. Беш жүздөн элүүгө түштүк. Кыйын кырдаалды башыбыздан кечирдик, бирок жеңдик. Азыр бизде төрт кафедра иштейт. Министрлик уруксат берсе, мурункудай миңден болбосо да пландалгандан көбүрөөк алып, окутканга кудуретибиз жетет. Мисалы, быйыл чет мамлекеттиктер менен магистранттарды  кошпогондо 206 студент кабыл алынды. Былтыр 146 бүтүрүүчү аяктаган. Азыр бизде бюджеттик орундарга дайыма конкурс болот, контракттык орундар толбой калган учурлар болбойт, — дейт Светлана Александровна.

Бул факультетти аяктагандардын ишсиз калган учурлары болбойт. Болгону турмуштук жагдайларга байланыштуу иштей албай калышат. Себеби көбүнчө кыз балдар окушат. Мисалы, азыр Бишкек шаарындагы №55 мектеп  бир айдан бери орус тилчи мугалим издеп жатат. Себеби бир мугалими кош бойлуу болгондугуна байланыштуу декретке кетүү алдында турат.

САПАТТЫК ӨСҮШ КЕРЕК

Убагында эмгек акынын аздыгынан мугалимдер мектепти таштап, алардын ордуна башка эле мугалимдер же башка кесиптин ээлери иштеп калган.  Ошол кезде даярдык начарлап, натыйжада жогорку окуу жайларына начар билими төмөн балдар келип, алар кайра мектепке барып иштеп, билим сапаты төмөндөп кеткен. Бул маселе азыр дагы көңүл чордонунда турат. Себеби эмгек акынын аздыгынан мугалимдердин көбү башка жерлерде да иштешет. Көп иштеген киши сабакка тийиштүү деңгээлде даярдана албай калат. Ал сапатка таасирин тийгизет.

  • Билим сапаты төмөндөп жатканын баарыбыз эле билип, айтып жатабыз. Тил билүүдө айылдык балдар менен шаардык балдардын ортосунда айырма бар. Бул социалдык кырдаал менен да байланыштуу. Себеби ал бала окуган мектепте сабакты орус тили мугалими эмес, башка кесиптин ээси же, башка сабактын мугалими берип калышы мүмкүн. Мектептерде орус тили мугалимдери жетишпегендиктен биздин студенттер жогорку курстан эле иштеп башташат. Мыкты менеджер директорлор эрте эле бизге кайрылып, күчтүү студенттерибизди 3-4-курсунан эле ээлеп алышат. Кээде бюджетте окугандар жетпей калып, контрактта окугандарды да сунуштайбыз. Азыр биз чет мамлекеттик студенттерди дагы окутуп жатабыз. Бирок салыштырмалуу биздин студенттердин тилдик даярдыгы Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан келген студенттердикине салыштырмалуу абдан эле жогору. Мектептен эле кандайдыр бир даярдык менен келишет, — дейт Светлана Александровна.

МУГАЛИМГЕ ЖАРДАМЧЫ БОЛО АЛАБЫЗ

Светлана Александровна иштеген славян таануу факультетинин жетекчилиги менен жамааты замандын талабына ылайык мугалимдерге жыл сайын эмес, күн сайын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу зарылдыгы келип чыгып жаткандыктан,  республикадагы баардык орус тилчи мугалимдерге методикалык жактан жардам берүүгө даяр экендигин билдиришти.

  • Мурун биздин университеттен алган билимибиз он, он беш жылга жөн эле жетчү. Эч болбоду дегенде беш жылда бир кесиптик чеберчилигибизди жогорулатып турушубуз керек болчу. Азыр болсо замандын өзгөрүшү, маалыматтардын көбөйүшү менен мугалим жыл сайын эмес, күн сайын окуп, чеберчилигин жогорулатып турушу керек болуп калды. Ошондуктан бизге тажрыйба алмашуу үчүн, жаңы ыкмаларды өздөштүрүүдө Россиянын болобу, же башка мамлекеттин болобу ыктыярчы мугалимдери менен иштешүү мезгил талабы болуп турат. Биз алардан жардам сурагандан эч качан уялбашыбыз керек. Себеби азыр заман башка, талап башка, көз караштар башка. Интернетте дагы маалымат көп, бирок кайсынысы жакшы, кайсынысы начар, кайсынысын пайдаланса натыйжалуу болорун ажырата албай калып жатабыз. Азыр онлайн окууларды өткөрүү жагын дагы колго алышыбыз керек болуп калды. Себеби  аймактардагы мугалимдер жыл сайын борборго келип кесиптик чеберчилигин жогорулата алышпайт, мүмкүнчүлүгү жок. Биздин факультет бул ишти өз мойнуна алууга даяр. Анткени аралыктан билим берүүнү жакшы эле өздөштүрүп алдык, — дейт Светлана Александровна.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер