ОРТОК ЧЕЧИМДЕРГЕ КЕЛИШ ҮЧҮН ДҮЙНӨЛҮК СОГУШТУ КҮТҮҮ КЕРЕКПИ

  • 03.04.2024
  • 0

 

 

ОРТОК ЧЕЧИМДЕРГЕ КЕЛИШ ҮЧҮН  ДҮЙНӨЛҮК СОГУШТУ КҮТҮҮ КЕРЕКПИБиринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардан кийинки эл аралык келишимдер, макулдашуулар эл аралык аренада негизги эрежелердин көбүн калыптандырганы менен, дүйнөлүк мамилелерди кандайдыр бир тартипке салууга жетишсиз боло баштады. Тагыраагы, алардын аткарылышы чоң проблема. Албетте, ар бир процесске, тенденцияга, реалдуулукка жана чакырыкка карата дүйнөдө жалпы глобалдык, регионалдык жана улуттук (бир мамлекеттин масштабында маанисинде) мамиле бар. Биз буга чейинки тажрыйбага кайрылып, айрым эл аралык проблемалардын мисалында проблеманы чечмелеп көрөлү.

Суверенитет жана адам укугун сыйлоо, күч колдонбоо, мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө, милдеттенмелерин абийирдүүлүк менен аткаруу, мамлекеттердин чек араларынын бузулбастыгы, өлкөлөрдүн территориалдык бүтүндүгүнө доо келтирбөө, талаш маселелерди тынчтык жол менен чечүү деген сыяктуу принциптердин айрымдары мындан бир нече кылым мурда, калгандары кийин, биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштардан кийин, далай талаштан улам кабыл алынган. Маселен, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана суверенитет принциптери 30 жылдык согуштан кийин 1648-жылы Вестфалиядагы тынчтык конференциясында макулдашылган. 1928-жылы декабрда Улуттук саясаттын куралы катары согушту колдонуудан баш тартуу тууралуу келишимге кол коюлган. Тарыхта Бриан- Келлог пактысы деген ат менен белгилүү. Ушул шартнаманы демилгелеген француз сырткы иштер министри менен анын сунушун колдогон АКШ дипломатынын ысымдары менен аталган бул келишим 3 эле беренеден турат. Биринчи жана экинчи беренеде макулдашткан тараптар эл аралык талаштарды жана өз ара мамилелелерди жөнгө салууда согуш аракеттерин көрүүдөн баш тартат, ар кандай чыр-чатакты чечүүдө тынчтык жолдорун издөөгө тийиш деген жөнөкөй жана түшүнүктүү милдеттенмелер жазылган.

Жогоруда саналган принциптер адамзатты азапка салган согуштардан улам келип чыккан укуктук, саясий, нравалык муктаждык. Кан менен жазылган, терге жуурулган, көз жашка сугарылган баалуулуктар. Бирок аймактык жана эл аралык жаңжалдар, ар кандай чырлар милитаризациялана баштаганын байкоо кыйын эмес. Украинадагы согуш деп аталбаган согуш, Израиль-ХАМАС кандуу кармашы, Азербайджан/Армения жаңжалы, Сирия, Ливан, Йемен, Ирак, деги ондогон мамлекеттердеги куралдуу кармаштар буга күбө. Жанжалдашкан тараптарды элдештирүү аракеттеринен азырынча майнап чыга элек. Каршылаш тараптарга курал-жарактарды берүү он эселеп өстү. Акылгөйлөр 2-кансыз согуш тууралуу, ал эми саясатчылар менен аскер башчылары өзөктүк согуш тууралуу кадимкидей кеп кыла баштады. Кансыз согуш демекчи биринчи кансыз согушта ири державалар куралдуу жаңжалга жеткен эмес.

Эми casus belli (согушка шылтоо) сөзү жаңыра баштады. Кубаттуу державалардын башчылары бул терминди оозана элек, бирок алардын аракеттерин талдаган учурларда жалпыга маалымдоо каражаттары активдүү колдоно баштады. Сasus belli – согушка формалдуу шылтоо Бриан- Келлог пактысы, кийин БУУ Уставы кабыл алынганга чейинки мезгилде эң кеңири колдонулуп келген. Маселен 1914-жылы Сараеводо эрцпгерцог Фердинанддын өлтүрүлүшү Биринчи дүйнөлүк согушка шылтоо болсо, 1939-жылы Глейвиц шаарындагы радиостанцияга жасалган провокация Германия үчүн шылтоо болгон. БУУнун Уставында согушту биротоло саясаттын каражаты катары жокко чыгарганы менен, согушту токтото албады. Мисалы, Вьетнамдагы согушка 1964-жылы Тонкин булуңундагы инцидент шылтоо болгону маалым.

Эми “согуш жарыялоо” термини да анык эмес бойдон калууда. Согуш жарыялоо юридикалык акт, демек бир мамлекет эл аралык мамилелердин башка субъектисине карата согуш абалына өткөнүн жарыялоону билдирет. 1907-жылдагы Гаага конвенциясында каршылаш тарапка так ультиматум формасында эскертилмейин жана негизделген согуш жарыяланмайын, согуш аракеттерин баштоого болбойт деген жобо кабыл алынган. Бирок БУУнун Уставында “согуш укугу” жокко чыгарылган соң, “согуш жарыялоо” институту да түшүнүксүз бойдон калды. Азыркы учурда бул көп мамлекеттердин конституцияларында жана мыйзамдар жыйнагында кездешпеген жобо. “Согуш жарыялоо” терминин ордуна “согуш абалы” термини колдонулат да өлкөгө агрессия болгон учурда же тыштан куралдуу кол салганда жарыялана турган абал катары чечмеленет.

Израилдин мисалына келсек, бул өлкөнүн мыйзамдарында согуш жарыялоо өкмөттүн компетенциясында, бирок ХАМАСтын террордук акцияларына каршы операциясы “өзүн коргоо” максатындагы “согуш” аталды, чечимди Кнессети (парламенти) кабыл алды. Бирок БУУнун Уставы боюнча “өзүн коргоо” аракеттери ошол өлкөгө башка мамлекет кол салса гана жооп катары ишке аша турган аракет, а ХАМАС мамлекет эмес, демек Израил уюмду мамлекет рангына чыгарды. Ар кандай дефиниция ошол нерсеге карата мамилени аныктайт. Философ Рене Декарт жана Нобель сыйлыгынын лауреаты Альбер Камю айткандай, кептин баары окуянын же кубулуштун аталышында. Эки дүйнөлүк согуштун азабын көргөн өлкөлөр Бириккен Улуттар Уюмун негиздегенде болочоктогу муундарды согуш азабынан азат кылуу максатын көздөгөн. Бириккен Улуттар Уюмун Уставында тынчтыкты орнотуу башкы максат катары белгиленген жана согушту болтурбоо милдет деп жарыяланган (https://www.un.org/ru/global-issues). Эң сонун максат. Бирок Африканын, Жакынкы Чыгыштын, Азиянын айрым аймактарында жана өлкөлөрүндө, куралдуу жаңжалдар басылбай келе жатканын жогоруда белгиледик. Чыгыш Европада куралдуу конфликттер басылды го дегиче, эми минтип орус-украин жаңжалы башталганына эки жылдан ашты.. Миндеген адамдар курман болуп, он миңдеген адам качкын-бозгун. Кызыгы ошол трагедиялуу процесстер “согуш” аталбайт, “конфликт”, “локалдык жаңжал”, этникалык, диний “кагылыш”, “куралдуу кармаш зоналары” же башкача аталат. Согуш коллективдүү зордук-зомбулук формасында максаттуу ишке ашуучу феномен. Жогоруда айтылгандай, эл аралык гуманитардык укук мамлекеттер ортосунда мамиледе согушту колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Ушул укук кандай гана максатты көздөбөсүн мамлекеттер ар кандай конфликттерде массалык кыргынга алып келүүчү, тынч жарандарга запкы көрсөтүүчү күчтү колдонууга болбостугун белгилейт. Куралдуу конфликттерди жөнгө салуучу мыйзамдар кылымдар бою иштелип чыгып, такталып, акыры эл аралык келишимдердин, конвенциялардын, макулдашуулардын предметине айланган, так жоболор менен белгиленген жана аныкталган. Ошол эл аралык келишимдерге ылайык, мамлекеттер агрессиядан коргонууда гана куралдуу күчтөрдү колдонууга тийиш. Калган учурларда куралдуу күчтөрдү колдонууга тыюу салынат. Бул эрежелер 2-дүйнөлүк согуштан соң дагы өркүндөтүлүп, бардык өлкөлөр өз ара талаш-тартыштарын тынчтык жол менен чечүүгө тийиш, тынчтык жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк түгөнгөндө, эл аралык коопсуздукка шек келгенде, тынчтыкты орнотуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунунун уставына ылайык эл аралык куралдуу күчтөрдү колдонууга болот деген эрежелер кабыл алынган. Ушул келишимдерди дээрлик баардык өлкөлөр ратификациялаган. А иш жүзүндө эл аралык мыйзамдар иштебейт же кай бир учурларда (ad hoc) гана иштейт. Бирок эл аралык мамилелердин субъекттери, ошол конфликттердин акторлору аталган мыйзамдарды сактабагандыктан, согуш аталбаса да согуштар токтогону жок, жаңжалдар басылбады, куралдуу күчтөр негизги каражатка айланды, жарандар запкы жеп, азабын тартууда. Тигил же бул аймактагы согуштардын кесепети ошол аймак менен чектелбейт экен. Башка өлкөлөргө түрдүү деңгээлдеги жана масштабдагы залакасы тийүүдө. Ал эми азыр Украинада болуп жаткан трагедиялуу окуяларды АКШ, Европа “агрессия”, “аннексия”, “адамзатка каршы кылмыш” десе, Россия “атайы аскер операциясы”, “денацификация”, “демилитаризация“, “контртеррордук операция”, “орус аймактарын ыктыярдуу түрдө Россияга кайра бириктирүү” деп эсептейт. Бир эле окуя карама-каршы аныктамага ээ.

Баарынан кызыгы, “согуш” азыркы кездеги эл аралык укукта юридикалык термин болуп эсептелбейт. Себеби, эл аралык мыйзам башка мамлекеттин территориалдык бүтүндүгүнө жана саясий көз карандысыздыгына каршы күч колдонууга тыюу салынгандыктан, согуш жарыялоого болбойт.

Ошентип “согуш” деген түшүнүк эл аралык мыйзамдарда жок нерсе, а бирок дегеле токтой элек. Азыр 20-кылымдын башында актуалдуу тема катары талкууланып келген “коопсуздук архитектурасы” термини да айтылбай калды. Жаңы дүйнөлүк тартип болуусу абзел. Дүйнөлүк тартип – бул дүйнөлүк саясатьагы эрежелер топтому гана эмес, баалуулук да болуусу абзел. Бирок баалуулук тургай өздөру кабыл алган жана макулдашкан эл аралык келишимдердеги жоболорду сактабай жаткан мамлекеттер баалуулукту барктамак беле. Мындан ары да конфликттер ырбаса, кайсы бир чоң мамлекет же мамлекеттер тобу “согуш” дебей туруп согуш ачса, анысын “контр баланча операция” деп атаса, анда не болот.

Демек диалог талап кылынат. Тынчтык сүлөшүүлөрүнө барууга сунуштарды да жектеп турушат. Маселен, Рим папасынын орус-украин жанжалы боюнча “ак желек” көтөрүп, элдешкиле маанисиндеги кайрылуусун “украиндерди” багынгыла деп чакырып жатат деп ири алдыда католиктер басымдуу Батыш ызы-чуу салууда. Тынчтык орнотуу демилгелелери да кабылданбай тарган денгээлге жетип калышты, каршылаш тараптар. Мунун аягы жакшы болбойт.

Эл аралык укуктун проблемаларын талкуулаш керек. Идеологиялык жана саясий догмалардан башы бош, илимий негиздүү күн тартибин түзүп, ошол тартипте топтолгон проблемаларды талдоо керек. Адегенде эл аралык укуктук конференцияларда талкууланып, орток пикирге келген соң жаңы дүйнөлүк тартиптин башкы принциптери жана эрежелери БУУнун чоң жыйынында кабыл алынышы керек. Эл аралык укуктун, анын ичинде БУУнун бардык системалары суверендүү мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн. Мамлекеттер гана ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Мамлекеттер аралык мамилелер мамлекеттерге жараша. БУУ суверендүү мамлекеттердин биримдиги болгон соң ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алуусу абзел.

 “Эл аралык (дүйнөлүк) тартип” термини, эл аралык мыйзамдардын аткарылышы ошол тартипти орноткусу жана жашагысы келген мамлекеттер тарабынан терең талдоого алынып, акыл калчап, кеңешип алганы туура. Адамзатка эн керектүү чечимдердин көбүнө адамзат Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин келген. Эми да орток чечимдерге келиш үчүн дүйнөлүк согушту күтүү бери болгондо акылсыздык же бейжоопкерлик.

Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер

Бөлүшүү

Комментарийлер