ОРТО МЕКТЕПТЕ ОКУТУУ МЕТОДДОРУНА АРНАЛГАН ЭМГЕК

  • 14.12.2020
  • 0

Мектептеги окуу иши негизинен сабак формасында өтөт.  Бирок, сабак белгилүү бир методдор аркылуу ѳткѳрүлгѳндүктѳн анын сапаты тикеден тике тандалып алынган окутуу методдорунан жана ыкмаларынан кѳз каранды. Ошондой эле мугалимдин балдардын акылында, дүйнѳ таанымында, жѳндѳм шыгында ѳнүгүш ѳзгѳрүш жаратуу ниети окутуу методдору менен ыкмаларын билгичтик менен тандап, чебер колдоно алуу тажрыйбасынан кѳз каранды. Окутуу методдору жана ыкмалары бүтүндѳй ѳлкѳнүн билим берүү системасынын, мектептин, мугалимдин ишинин сапатын аныктоочу бирден бир кѳрсѳткүч болуп эсептелет. Дүйнѳдѳ таанымал билим берүү мекмелеринин баары обол окутуу ишин уюштуруу методдору менен айрымаланган. Тарыхта инсандык сапаттардын өзгөчөлүгү, өнүгүшү да окутуу методдорунун таасирдүүлүгүнѳ жараша ѳзгѳрүп олтурган.

ОРТО МЕКТЕПТЕ ОКУТУУ МЕТОДДОРУНА АРНАЛГАН ЭМГЕК

 

Ошондуктан менин терең ишенимимде бүткүл дүйнѳдѳ педагогикалык багыттагы китептердин баалуусу да жана нарктуусу да  окутуу методдору тууралуу китептер болуп эсептелет.  Арийне, Кыргыстанда окутуу методдору тууралуу китептер мурда да жарык кѳрүп келген. Бирок, тилекке каршы алардын кѳбү орусчадан которулуп бѳтѳн тилдеги  сүйлөм куруунун эрежелери менен жазылгандыктан  жеткиликтүүлүк, сиңимдүүлүк пайызы чектелип келген. Ал эми биз сѳз кылууга киришип жаткан Акматали Алимбековдун “Орто мектепте окутуунун методдору” (Б.; 2019) аттуу китеби нукура кыргыз тилинде жазылган оргиналдуу эмгек болуп эсептелет.

Китептин автору кыргыз педагогика илим журтуна аттын кашкасындай таанымал окумуштуу педагог. Анын буга чейинки жарыяланган  “Окутуунун жалпы методдору” (2004); “Азыркы сабак жана аны өткөрүүнүн технологиясы”. (2011) эмгектери ал эбак түрдүү мекемелердин педагогдорунун такай колдонгон кѳмѳкчү колдонмосуна айланып кеткен. Ал эми бүгүн кыргыз этнопедагогикасы илиминин ѳнүгүшүн Акматали Алимбековдун даанышмандык демилгелери активдүү аракетисиз түк элестетүүгө болбойт.

Китептин мазмунун мугалимдер журтуна тааныштыруу максатында айрым аспекттерине учкай токтоло кетүүнү эп кѳрдүк. Китептин “Окутуу процессин  ишке ашыруудагы окутуунун методдору, ыкмаларынын орду” аттуу  биринчи бөлүмүндө окутуу методдору жана ыкмаларынын маңызы, орток жана айрымалуу жактары, түрдүү классификациялары, методдорду тандоого таасир эткен факторлор тууралуу кеп болот. Мында окутуу методдоруна байланыштуу кѳптѳгѳн түшүнүктѳрдүн жалпы жана айырымалуу жактары эне тилдин образдуу, жетимдүү каражаттары менен туюнтулгандыктан оңой жана бат түшүнүүгѳ ѳбѳлгѳ жаратат.

Окутуу методдору тууралуу кеп болгондо салт боюнча аларды классификациялоого ѳзгѳчѳ маани берилет. Азыркы илимде аларды бири биринен айрымалуу бир катар классификациясы бар. Автор китепте дүйнѳлүк педагогикада анын ичинде Россиялык адабияттардагы кѳз караштардын артыкчылыктарын жана чабал жактарын адилет белгилѳѳ менен окутуу методдору боюнча ѳз классификациясын сунуш кылат. Автордук классификацияга ылайык  китептин кийинки бѳлүмдѳрү “Класстык сабакта же чоң топтордо колдонулуучу  окутуу методдору жана ыкмалары”,Чакан топтордо колдонулуучу  окутуу методдору жана ыкмалары” “Жекелештирилген окутуу методдору жана ыкмалары” –деген аталыштар менен берилген.  Мындай квалификация педагогика илими үчүн салттан тыш жаңычыл кѳрүнүш болгондуктан автордук ишенимдүү аргументтер менен бекемделген. Ырасында эле үйрѳтүү жана үйрѳтүү иштери чоң топтордо же класстарда, чакан топтордо, жеке бирме бир жана сабактан тышкаркы мезгилдерде жүзѳгѳ ашып ага ылайык методдор конкреттүү максаттарга ылайык тандалып алынат.

Китептеги ар бир топто колдонулган окутуу методдорунунун ареалы кѳп түрдүү жана  масштабдуу. Мында салттуу айтып берүү, суроо жооп методдорунан баштап   ѳз алдынча жеке үйрѳнүү ыкмаларына чейинки бардык метод ыкмаларды колдонуу боюнча рационалду кеңеш, нускалар берилет.

Китеп окутуу методдорун  ийкемдүү колдонуу боюнча бир топ артыкчылыкка ээ. Алсак, китепте 80 ге жакын окутуу метод жана ыкмалары тууралуу маалымат жѳн эле берилбей,  алардын ар биринин окутуу процессиндеги орду, артыкчылыктары жана чектелүү жактары конкреттүү ѳрнѳк мисалдар аркылуу  ачыкталат. Чындягында, реалдуу мектеп турмушунда мугалимдер өздөрүнө көндүм болгон методдорду колдонууга  аракет кылат. Анткени, кайсы бир жаңы методду колдонуу мугалимден каалоодон тышкары реалдуу процеесулдук билим жана тажрыйбаларды үйрѳнүүнү талап кылат. Автор ушул жагдайларды эске алуу менен тигил же бул окутуу методун колдонуунун эрежелери, этаптары жана колдонууну натыйжаларын  баалоонун критерийлерин кеңири ачып кѳрсѳткѳн.

Китеп мугалимдердин жеке таанымдык ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн, практикалык тажрыйбасын ѳркүндѳтүү максатында проблемалуу суроолор, практикалык тапшырмалар, көнүгүүлөр, адабияттардын тизмеси менен  жабдылган.

Биздин бекем ишенимибизде китеп ѳзүнүн окутуучулук компетенттүүлүктѳрүн ѳнүктүрүүгѳ ниет кылган ар мугалимдин китеп текчесинен татыктуу орун табат. Бул китеп биздин «Жаш мугалимдер мектеби» группабызда деле кызуу үйрөнүлүп, талкууланып келүүдө, китепти мектептерде окуу бөлүмүнүн башчылары, метод кенешмелерде окуп, үйрөнүп, талкуулап чыкса, эн жакшы таасир берет. ЖОЖдордун педагогика факультеттерине баардык мектептердин мугалимдер жамаатына өзгөчө жаш мугалимдерге зарыл колдонмо деп эсептейбиз. Сиздерге эсендик, ийгилик каалап…

КР Эмгек синирген мугалими,

педагогика илимдеринин кандидаты.

Г. Мадаминов (Лейлек району)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер