ОРОК МЕКТЕБИНДЕГИ ЧЫРДЫН ЧОО-ЖАЙЫ

  • 09.03.2023
  • 0

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн комиссиясы Орок мектебине барып, мектептеги тазалыктын жоктугу жана акча чогултуу жөнүндө арызданган ата-энелер менен жолугуп, сүйлөшүп, арыздын чын-бышыгын териштирди. Мектептеги акча чогултулуп жатканы тастыкталган жок. Бирок мектепти жууп-тазалоо иштерин тийиштүү деңгээлде уюштурбай койгону үчүн мектеп директоруна сөгүш жарыяланды. Мындай териштирүүгө макул эмес ата-энелер кайрадан билим берүү жана илим министри К.Иманалиевге келип, мектеп администрациясын толугу менен алмаштыруу талабын коюшту.

ОРОК МЕКТЕБИНДЕГИ ЧЫРДЫН ЧОО-ЖАЙЫ

— Мектепке дайындалган жаңы директорго каршы иштеп жаткан жергиликтүү депутаттар бар окшойт. Жыйынга келген ата-энелер балдарынын буттары ылайга батып барып жатканын өз моюнуна алып, мындан ары тазалап тураарын билдиришти. Өз кызыкчылыктарыңар үчүн эмнеге балдарды ызы-чууга кошуп жатасыңар, чүйлүктөрдү уят кылдыңар дедим. Мектеп директору Рахат Дүйшеналиевага тапшырылган эмгек милдеттери тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн  сөгүш берилди. Ушул ызы-чуудан кийин бир пол жууган эжеке бошоп кетти. Блогердин айтымында, мектепти мугалим, ата-эне, окуучу да жуубашы керек экен. Анда тазалыкты кантип кармайбыз? Ата-энелер өздөрү жумасына бир жолу келип, башталгыч класстын кабинеттерин тазалап берип жатышат. Анын эмнеси жаман? Жыйынга блогер Улукбек келгенде эле баягы арызчы ата-энелер мугалимдердин аброюна шек келтирип, “балитсиңер” деген жаман сөздөрдү айтып, капа кылып, ыйлатышты. Мен дагы жетекчи катары мугалимдерди коргоп, аларга катуу айттым. Эмнеге мугалимдерди кол-жоолук кылышат? Кайсы күнөөсү үчүн? Мугалимдер дагы даярданып АКИпресске чыгып, өзүбүздү коргойбуз деп жатышат, — деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Сатарбаева.

Кыскасы, түзүлгөн комиссия жеринен ата-энелер тарабынан айтылган кемчиликтерди териштирди.

Жогорку аты аталган  мектептин ичинде текшерүү күнү окуу кабинеттери, залдардын ичи таза, бардык белгиленген эскертүүлөр эске алынып, санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык тазалоо жана жыйноо иштери жүргүзүлгөн.

Арызда мектептин соцпедагогу  Султаналиева Манзура тарабынан балдарды окууга кабыл алууда ата-энелер тарабынан акча берилгендиги тууралуу айтылган. Бул факт комиссия тарабынан тастыкталган жок.

М.Султаналиева 2022-жылдын 27-августунан баштап балдарды мектепке кабыл алуу менен алектенбей калган. Ал эми  өткөн окуу жылында мектепте Камкордук кеңеши тарабынан ата-энелер чогулткан акчаларга окуу процессин уюштурууга керектүү 28 проектор, 44 интерактивдик доска жана 44 телевизор сатып алынган. Ушул эле каражаттардын эсебинен жаңы имараттын залдары, фойеси  жасалгаланган.

Ата-энелердин арызы, блогердин ээнбаштыгы

Өткөн жумада Орок мектебиндеги окуучулардын ата-энелеринин чакан тобу мектепте тазалык болбой, акча чогултуу токтобой жатканын арызданып, Билим берүү жана илим министрлигине келишкен болчу.

Көрсө, айрым ата-энелер чогулуп, мектеп жетекчисине көйгөйдү айталы деп барышса, директорду жумуш ордунан таппай, тиешелүү жетекчилерге үндөрүн жеткирүү максатында  блогер Улукбек Карыбек уулун чакырышкан. Ал мектепке уруксатсыз кирип, чаң баскан кире беришинен ашканасына чейин камерага тартып, этикалык эрежени бузуп, окуучу балдарды кошо тартып, социалдык тармакка жарыялап салып, андан кийин ата-энелер менен кошо министрликке келип, ызы-чуу салып, чаңдатып кирген. Мамлекеттик мекемеде жарандарды  кабыл алуучу атайын график бар экенин билбеген блогердин жүрүм-туруму, сүзө качырып киргени, ата-энелер менен жолукканы чыккан башкармалыктардын кызматкерлерин демитип, кекетип суроо бергени, анын адепсиздигин, маданиятсыздыгын көрсөттү. Ошондуктан бул окуяда блогердин жоругуна иренжип сынга алгандар көп болду.

Ырас, көйгөй бар экен, бирок аны чечүүнүн өзүнчө тартиптүү жолдору бар да. Ал үчүн эң оболу жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуу туура болмок. Ансыз деле министрлик жолугушууга Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Сатарбаеваны чакырып, ата-энелерге жоопту анын өзү берди.

— Мен бир жактуу бул маселени карай албайм. Жеринде барып, ата-энелер менен чогуу жолугуп, маселени жеринде угуп, анан министрликке жооп берем. Мен он жыл мектеп директору болуп иштегем, мектептин ишин жакшы билем. Келгиле, балдарыңар мектепке дагы бир таза бут кийим ала келсин. Ошондо тазалык сакталат. Жарыбаган айлыкка иштеп жаткандарды керели-кечке пол жуугула деп айта албайбыз. Ошондуктан башталгыч класстын ата-энелери пол жууган эжекеге 20 сомдон кошумча айлык төлөп берсеңер эмнеге болбойт? — деди жетекчи.

Арызданып келген эне Марифат Кылыеванын айтымында, сапырылган чаңдан мугалимдер окуучуларды “көп сүйлөбөгүлө, чаң жутуп аласыңар” деп аяшат экен.

— Районо башчысы бар экенин билбептирбиз. Эгер билгенде ошол жакка эле бармакпыз. Башталгыч класстын эжейинин чаңдан үнү чыкпай калыптыр, кийген кофтасынан бери чаң. Кыздардын көздөрү кыпкызыл, ооздору чыла. Ал эми коридордогу гүлдөрдөн чаң чыга баштаптыр, — дейт эне.

Орок айылындагы мектепте жакынкы айылдардан, сегиз дачадан келип окугандардын саны арбын. Ойноок балдар балчыктарды кечип, баткак, чаң буттары менен мектепке келет. Жок дегенде ата-эне менен администрация сүйлөшүп, мектепке окуучу кошумча таза бут кийим алып келүүнү адатка айлантып алганда бул маселе чыкмак эмес.

Ырас,  убак-убагы менен коридор сүртүлүп, тазаланып  турушу зарыл. Бирок 2700 окуучу билим алган мектепте болгону эки гана техникалык кызматкер иштейт экен. Ал эми эки кабаттуу мектепти улам-улам жууп турганга эки кишинин шайы да, даремети да келбейт. Ошондуктан мектептин кире беришинен төрүнө чейин чаң экенин келген ата-энелер айтып чыкты.

Жетекчилердин айтымына караганда,  тазалыкты сактоо үчүн окуучулардын санына жана мектептин кв.м. жараша штатта алты адам бар болсо, аны администрация 1,5 ставкадан бөлүп берген экен. Ошондуктан жарыбаган 6700 сомго эч ким келбегендигинен техникалык кызматкерлер 1,5 ставкасына балдарын  жаздырып коюп, өздөрү тазалайт.  Жыйынтыгында терезенин чаңдары сүртүлбөй, жада калса коридордо турган гүлдөр да чаңга басылып калганын видеодон көрсө болот.

Мектеп акча чогултпайт

Арызданып келгендердин экинчи маселеси – мектептеги акча чогултуу. Кыргызстандын Конституциясында жарандарга акысыз билим берүү кепилденген. Жакында эле Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевди кабыл алганда, мектептерде мыйзамсыз каражат чогултууга жол берилбеши керек экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Керек болсо мектепке керектүү майда-баратка мамлекет каражат бөлүп берерин да айткан.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ата-энелердин жылдык салымын аныктап, аны мектептердин материалдык-техникалык базасын колдоого пайдаланса жаман болбой турганы айтылып келген эле. Бирок бул демилге коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатка каршы келет. Андыктан мындан кийин ата-энелерден акча чогултулбайт.

Эгер мугалимдер ата-энелерди мажбурлап акча чогулта турган болсо жоопкерчиликке тартылат. Ата-энелер мектептин керек-жарагына деп өз каалоосу менен акча чогулткан учурлар болуп жүрөт. Бул нерсеге эч ким тыюу да сала албайт. Фондго, гүлгө, борго, күзөт кызматкерлерине деген өтүнүчтөргө ата-эне кааласа берет, каалабаса бербейт. “Акча берген жоксуң” деп мугалим окуучуга туура эмес мамиле жасап баштаса, кодуласа, ата-эне тиешелүү органдарга арыз менен кайрылышы керек.

Эгерде мектеп жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтоо же окуучуларга алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, тартиптик жаза чарасы көрүлүп, кызматынан бошотулат.

Сөз соңу

Бүгүнкү күндө мугалимдин алган маянасы көтөрүлдү. Муну менен катар коомчулуктун мамилеси да жакшырып, окутуучунун баркы көтөрүлөт деп үмүттөндүк эле. Тилекке каршы, жогорудагыдай мугалимге сый-урмат көрсөтпөй, басынтып, жаман мамиле кылган көйгөйдү чечүүнүн жолун мамлекеттик деңгээлде чогуу кароо керек окшойт.

6700 сомго пол жууганга келбей жатышса, эки штатка бир адамды алса, ал мыйзамга каршы келсе, мугалим, ата-эне, окуучу  өз ыктыяры менен пол жууп жатса, ал дагы туура эмес деп айрым ата-энелер ызы-чуу салышса, анда күнөөсүз эжей-агайларды жөн жерден күйгүзүп, ыйлатканда  маселе чечилеби?

Кандай болгон күнү дагы мектеп жетекчиси өз милдетин так аткарганга жооптуу. Албетте, ал тазалык маселесин биринчи кезекте карашы керек эле. Чаңга аллергиясы бар, астма менен ооруган балдардын саны жыл сайын көбөйүп баратат. Ата-эненин тынчсыздануусунун да жөнү бар. Бирок адамзат үч нерсеге карыздар экенин унутпашыбыз керек. Биринчи — жарык берген Күнгө, экинчи — жарык дүйнөгө алып келген Энеге жана үчүнчү — билим берген Мугалимге. Мугалимдерди ыйлатпайлы, ата-энелер! Мектепсиз мугалимди, мугалимсиз мектепти элестетүү кыйын.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Соцтармакта эмне кеп?

Темирлан Султанбеков, коомдук ишмер:

— Биз мектепте окуп жүргөндө “дежурство” деген болчу: бир айда эки жолу кезек келет эле тактаны ар бир сабакта жууп-тазалап туруу, күн бүткөндө пол жууп, айнектерди тазалоо. Андан сырткары, ай сайын ишембилик болчу эле: спортивка кийип, мектептин территориясын мусордон тазалап, бак тигип, сугарчубуз. Анан шаардык да ишембиликтер болчу, андан сырткары, окуу жыл аягында дубалдарды акиташ менен сырдачубуз, парталардын баарын тазалап жуучубуз. Эч кимибиз андан ооруп дагы калган жокбуз, өлгөн дагы жокбуз. Окуучулардын тазалоо иштерине катышуу менен окуучулардын жоопкерчилик сезимин, командада иштөөнү жана айлана-чөйрөнү урматтоо сезимин өстүрө алышат, мунун баары алардын ийгиликтүү келечеги үчүн зарыл.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер