“ОЛИМПИАДАНЫН МАКСАТЫ –ӨЗГӨЧӨ ЗЭЭНДҮҮ БАЛДАРДЫ АНЫКТОО”

  • 20.11.2020
  • 0

Азыр өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жалпы билим берүү уюмдарында окутуу дистанттык формада жүрүп жаткандыктан, олимпиадага толук кандуу даярданууга мүмкүнчүлүк болбойт. Ошондуктан окуучуларга даярданууга убакыт берүү үчүн 2020-2021-окуу жылында өтүлүүчү Республикалык олимпиадасын өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча билим берүү жана илим министрлигинин атайын чечими чыгарылып, төмөнкүдөй график пландаштырылды: I этап (мектептик) – декабрь, II этап (райондук) – январь, III этап (облустук) – февраль, IV этап (республикалык) – мартка пландалууда. Биз бул билим сынагынын жүрүшү, уюштурулушу туурасында министрликтин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура КУСЕИНОВАга бир нече суроо менен кайрылдык.

— Айнура Сүйүндүковна, жыл сайын салтка айланган билим олимпиадасынын жүрүшүнөкандай талаптар коюлууда?

— Олимпиада жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелери, ооруларды алдын алуунун территориалдык органдары жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын макулдугу менен өтөт.

Сынакка окуучулар өз каалоосу менен катыша тургандыгын эске алуу, ага катыша турган окуучулардын курамын ата-энелердин макулдугу менен келишимдин негизинде бекитүү,  даярданууда бардык санитардык эрежелерди сактоо боюнча окуучуларга жана мугалимдерге шарт түзүп берүүнү камсыздоо, олимпиада өтүлүүчү окуу бөлмөлөрдү, мектептин жайларын жана санитардык түйүндөрдү тазалоо жана дезинфекциялоо пландарын иштеп чыгуу, аны катуу сактоо, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо, кирүүчү, чыгуучу жерлерде катышуучулардын топтолуусуна жол койбоо үчүн алардын келүү — кетүү графигин иштеп чыгуу, ажатканага кирүүчү жана чыгуучу жерлерде самын жана суу менен кол жууш үчүн жайларды даярдоо жана камсыздоо, окуучулардын санына жараша ар бир предмет боюнча өзүнчөокуу бөлмөбекитип берүү, даярданууну мектептен өткөрүү үчүн ийкемдүү график түзүү, ага катыша турган окуучулар менен машыгууларды дистанттык формада уюштуруу, машыгууларды бардык санитардык («кирүү фильтри», беткап, аралыкты сактоо, кол жуучу каражаттар ж.б.) эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү камсыздоо, олимпиаданын катышуучулары жана алардын ата-энелери же алардын ордундагы адамдар менен санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрмөиштерин жүргүзүү туурасында бардык мектептерге атайын кат жөнөтүлдү. Министрлик койгон бул талаптарды мектептер милдеттүү түрдөаткарууга тийиш.

Эми ошол олимпиаданы өткөрүү учурунда аткарылуучу иш-чаралар кандай шартта уюштурулмакчы?

— Сынак башталарга чейин, окуучулар болбогон учурда окуу бөлмөлөрдөөтмөжелдетүүнү камсыздоо зарыл. Мында вирустун мектепке сырттан кирип кетүүсүн жана окуучулардын жугузуп алуусун алдын алуу максатында балдар «кирүү фильтринен» өткөрүлүүсү тийиш. Журнал түзүп, ага дене температурасы нормалдуу көрсөткүчтөн жогору (37˚жана андан өйдө) болгон окуучуларды, педагогдордун, комиссия мүчөлөрүнүн, административдик жана техникалык кызматкерлердин маалыматтарын киргизиши керек.

Оорунун белгилери бар окуучуларды, мугалимдерди, комиссия мүчөлөрүн ж.б. кызматкерлерди өз убагында четтетүү, олимпиада учурунда ата-энелерди, алардын ордундагы адамдарды жана башка кишилерди мектепке киргизбөөшарт. олимпиаданы өткөрүү учурунда бардык санитардык эрежелерди сактоо, социалдык аралыкты камсыздоо максатында ар бир предмет боюнча катышуучулар окуу бөлмөгөбекитип, “шахмат” иретинде отургузулууга тийиш. Олимпиада учурунда сөзсүз түрдөмедициналык кызматкер болуусу керек. Бул иш-чарага даярдануу жана өткөрүү учурунда бардык мектептерге Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген “2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында пандемия шарттарында окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча” нускамада берилген эрежелерди эске алуу жана аткаруу милдеттендирилди.

— Олимпиадада базалык жана гимназия багытында окуган окуучуларды бөлүп өткөрүү жөнүндөпикирлер айтылып келет?

— Айрым мектептерде математика, физика, химия, биология, информатика, англис тили предметтери тереңдетилип окутулат. Айрым жерлерде андай эмес. Мында базалык, гимназиялык деп бөлүнбөйт. Мамлекеттик стандарттар баарына бирдей эмеспи. Бирок тереңдетилип окугандар бөлүнүп каралат. Кээ бир лицейлерде олимпиадага атайын даярдаган борборлор иштейт. Ошондуктан жакшы натыйжа берип жатса керек.

— Немис, француз тилдеринде окугандарга да сынак болобу?

— Бул предметтер республикалык олимпиадага киргизилген эмес. Себеби бардык эле мектептерде аталган тилдерде окутуу жүргүзүлбөйт. Окутса да аз санда.

Олимпиаданын негизги максаты базалык билимди эң мыкты өздөштүргөндөрдү тандообу же өзгөчөталанттуу балдарды аныктообу?

— Максаты – өзгөчөзээндүү балдарды аныктоо жана шыктандыруу, жөндөмдөрүн өнүктүрүү. Андан тышкары сынакта мугалимдердин да дараметин байкоого мүмкүнчүлүк бар.

Билим жарышынын тапшырмалары кандайча түзүлөт?

— Суроолор мамлекеттик билим берүү стандарттарына негизделип түзүлөт. Бирок зээндүү окуучулар катышып жаткандыктан, атайын логикалык, сынчыл көз караштагы тапшырмалар да берилет. Министрлик үч жылдан бери олимпиаданын тапшырмаларын түзүү үчүн көз карандысыз уюмдарды тартууда. Ал үчүн тендер өткөрүлүп, уткан уюм ошол тапшырмаларды түзгөнгөжана өткөргөнгөукуктуу болот. Үч жылдан бери Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тендерге катышып, олимпиадалык тапшырмаларды түзүп, катышууда. Биринчи этабындагы тапшырмаларды мектеп өзү түзөт. Экинчи этабына райондук билим берүү борборлору түзүп келген. Былтыртан баштап министрлик бардыгына бирдей деңгээлде тапшырмаларды берип, аларды баалап, жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн райондук этапка да тапшырмаларды түзүү үчүн көз карандысыз уюмдарды тартып, тендер жарыялап келет.

— Калыстар кандайча тандалат? Адамдык факторду болтурбоонун чаралары кандай?

— Биринчи турда калыстардын тобун мектеп өзү түзөт. Ага мугалимдер кирет. Райондо деле өздөрү түзүшөт. Ал эми республикалык акыркы этапка келгенде, биз ЖОЖдордун окутуучуларын, тажрыйбасы бар мектеп мугалимдерин тартабыз. Андан тышкары иш-чаранын жүрүшүндөкөз карандысыз байкоочулар катышат. Кабинеттерде видео көзөмөл коюлат. Мунун баары сиз айткан калыстыкты кепилдейт.

— Алдыңкы орунга чыккан жеңүүчүлөргөкандай артыкчылыктар берилет?

— Алгачкы үч этабында мектеп, район, облус өздөрү сыйлайт. Жыйынтыктоочу этабында жеңүүчүлөр министрликтин атынан сыйланышат. Жылдагыдай эле ар кандай даражадагы дипломдор, баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Олимпиаданын окуу жылында болуп өткөн IV этабында I даражадагы диплом алган 11-класстын бүтүрүүчүлөрү предмети дал келүүчү табигый илимдер, гуманитардык, социалдык-экономикалык, медициналык, айыл чарба жана техникалык профилдеги адистиктерге жеңилдиктер каралган. Бирок сөзсүз түрдөжалпы республикалык тестирлөөгөкатышат.

Олимпиаданын IV этабында II же III даражадагы дипломдорду алган 11-класстын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгөкатышкан учурда тийиштүү предмети профилдүү болгон педагогикалык адистиктерге өтүүдөартыкчылыкка ээ болушат.

— Олимпиадага даярдаган мугалимдерге кандай сыйлыктар бар?

— Алдыңкы орунду камсыз кылган окуучунун мугалимдерине Ысык-Көлдөгү “Санат” пансионатына жолдомо берилет. Мындан тышкары билим берүүнүн мыктысы, ардак грамота, ыраазычылык каттар тапшырылат.

— Ал эми альтернативдик сынактын жүрүшү кандайча өткөрүлмөкчү?

— 2019-2020-окуу жылында министрлик пилоттук негизде альтернативдик олимпиада уюштурган. Буга катышуу үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүшөт, жыйынтыктоочу этапта эл аралык олимпиаданын уюштуруу комитети аныктаган квотага ылайык рейтинг боюнча эң жогорку балл алган окуучулар катышат. Математика, физика, биология, химия жана информатика боюнча альтернативдүү олимпиаданын I жана II этаптары декабрь айынан баштап онлайн, үчүнчү жана төртүнчү этаптары офлайн режиминде өткөрүлөт. Альтернативдик сынакка катышкан окуучулар республикалык олимпиадага деле катыша алат. Былтыр үчүнчү этабына 90 окуучу катышып, 67 бала алдыңкы орунга чыкканын айта кетейин.

— Эл аралык олимпиадага барган окуучулардын чыгымын ким төлөйт?

— Алгач эл аралык уюм катышуу взносун аныктайт. Ошого жараша Билим берүү жана илим министрлиги каржы менен камсыз кылат.

Дагы бир эскерте кетчү жагдай, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Коронавирус инфекциясынын өлкөаймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөөбоюнча республикалык штабдын жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин чечиминин негизинде сынакты өткөрүү мөөнөттөрү жана форматтары өзгөртүлүшү мүмкүн. Республикалык олимпиаданын II, III жана IV этаптары жана альтернативдүү олимпиаданын III жана IV этаптары боюнча маалымат кошумча берилет.

Аңгемелешкен
Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер