ОКУУЧУНУ КИТЕПКЕ КЫЗЫКТЫРУУСУ ҮЧҮН МУГАЛИМ ӨЗҮ КИТЕП ОКУУСУ КЕРЕК

  • 02.02.2023
  • 0

2023-жылдын 31-январында Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп лицейинин эмгек жамааты Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон Ала Дөбөт» повести боюнча китеп окуу сынагын тапшырышты.

ОКУУЧУНУ КИТЕПКЕ КЫЗЫКТЫРУУСУ ҮЧҮН МУГАЛИМ ӨЗҮ КИТЕП ОКУУСУ КЕРЕКОКУУЧУНУ КИТЕПКЕ КЫЗЫКТЫРУУСУ ҮЧҮН МУГАЛИМ ӨЗҮ КИТЕП ОКУУСУ КЕРЕК

Бул сынакка мектеп-лицейибизде эмгектенген бардык билим берүү кызматкерлери тартылып, сынак эсте каларлык көз ирмемдер менен коштолду. Буюрса, мындан ары бул иш-аракет токтобостон, бир гана мугалимдер арасында эмес, окуучулар арасында да жайылмакчы.

Биз, мугалимдер, коом арасында «агартуу тармагынын кызматкерлери» деген улуу наамды алып жүрөбүз. Демек, бул кесипти башка кесип ээлеринен айырмалап туруучу эң негизги белгиси – бул мугалимдердин өз билимин улам толуктап, улам өркүндөтүп, заман менен тең тайлашып, илим-билимден артта калбоо керек экендигин түшүндүрөт. Ал тургай «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү» деген китепте бул сөзгө төмөндөгүдөй түшүндүрмө берилет: Агартуу – окутуу, билим берүү (26-бет). Ал эми балдарды окутуп, аларга билим берүү үчүн эң алгач мугалимдин өзү билимдүү, мугалимдин өзү сабаттуу, эң негизгиси – өрнөк болууга тийиш. Анда бул жаатта биздин баштаган иш-аракетибиз жөнүндө кыскача кеп сала кетели.

ЖЕТЕКЧИЛИК ЖАНА ЭМГЕК ЖАМААТ УЛУУ ИШТЕРДИ ЖАСАСА БОЛОТ

Кандай гана чөйрө болбосун, анда алар жаратып жаткан ийгиликтер, же болбосо аларды буттан чалып, улам кадам шилтөөгө тоскоолдук жараткан бир нече себептердин очогу – бул, албетте, ынтымак экендиги шексиз. Мына ошондуктан №3 педагогикалык кеңешмеде «Окуучулардын билим сапатын кандай көтөрсөк болот?» деген суроонун негизинде кесиптештерибиз бир нече сунуштарды беришкен. Анын жыйынтыгында мугалим өзү китеп окубай туруп, а бирок окуучуларга «Китеп окугула» деп айтуусу сууну сиңбеген жерге чачкан менен барабар болмок. Андыктан, мектеп-лицейибиздин  кыргыз тили жана адабияты мугалимдери дал ушул озуйпаны өз моюнубузга алып, шымалана ишке кириштик.

БАРДЫК ИШТЕГИ ЭҢ НЕГИЗГИ НЕРСЕ – АЛГАЧ БАШТОО КЕРЕК!

Билим берүү жараянында ушундай бир эреже бар: жеңилден оорго; жөнөкөйдөн татаалга. Алгач китеп окуу сынагынын жобосун иштеп чыгып, жалпы эмгек жамаатыбыз үчүн белгилүү бир чыгарманы тандоодо аны ар тараптан талдап чыгууга аракет жасадык. Мисалы, чыгарманын көлөмүнүн чакан болуусу, андагы каармандардын аздыгы, окуянын кызыктуулугу ж.б. Жыйынтыгында мектеп жетекчилиги менен биргеликте «Ар бир айга бир китеп» долбоорун иштеп чыгып, январь айы үчүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон Ала Дөбөт» повестин тандап алдык. Аз эле убакыттын ичинде Ош шаарындагы «Book House» китеп дүкөнүнөн бул китепти көп санда сатып алып, эмгек жамаатыбыздын арасында бул чыгарма абдан кызыгуу менен окулуп жаткан учурду жарата алдык. Ал тургай мугалимдердин колдорунан бул китепти көп учурата баштаган окуучулардын да кызыгуусу артып, аларда да китеп окуу эпидемиясы башталгандыгына күбө болдук.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында биз ушул нерсени сездик: көрсө, бардык иште баштоо эң негизги күч экен. Андан ары сиз күтпөгөн, а балким, оюңузга келбеген бир нече чоң ийгиликтердин эшиги ачыла келет.

КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫНДА СУРООЛОРДУ ЧЕБЕРЧИЛИК МЕНЕН ТҮЗӨ БИЛҮҮ КЕРЕК

Элестетиңиз, сиз өзүңүздүн досторуңуз менен бирге эки тамактануучу жайга бардыңыз. Жыйынтыгында сиздин мээңизде салыштыруу деген жараян иштей баштайт. Албетте, сиз өзүңүзгө ыңгайлуу, тамак-ашты даамдуу жасаган, сизди мыкты тейлеген кафе-ресторанды тандайсыз, туурабы?

Андыктан, китеп окуу сынагын да мына ушундай жогорку деңгээлде уюштура билүү маанилүү. Айталы, суроолордун эч кандай талашсыз так, даана түзүлүшү, тест китепчелерин иштеп чыгуу, сынак өтүүчү кааналардын таза жана тыкандыгы, эрежелердин сакталуусу ж.б. Анткени китепти окуган мугалим өз билимин кайрадан текшерип жаткан учурда мүмкүн болушунча өзүн жеңил жана ыңгайлуу сезүүсү абдан маанилүү. А балким, сынак өтүүчү каанага жай музыка коюп койсоңуз да болот. Эң негизгиси бул сынакка катышкан мугалим кайрадан бул сынакты күтө турган абалга келиши керек.

КИТЕП ОКУУ МУГАЛИМ ҮЧҮН КАНЧАЛЫК ЗАРЫЛ?

Мамадали Баимбетов агайыбыздын жакшы бир кеби бар: «Мугалимдик кесип  – пакизалыктын, мамилелешүүнүн, сооп жыйноонун жана бала астында ар күн сайын сыноолордо туруунун кесиби» деген. Бул сөздүн өзү эле бул кесиптин коомчулук арасында канчалык маанилүү экендигинен кабар берет.

Андыктан, өзүнүн үстүнөн иштеп, өзүнүн жан дүйнөсүн улам байытууга аракет жасабаган мугалим — мугалим болуп эмгектенүүгө акысы жок деген тыянакка келебиз. Окубаган мугалимдин билим берүүгө кошкон эң чоң саламы – анын балдарга билим берүүнүн ордуна, өз жумуш ордун башка, окуган кызматкерге бошотуп берүүсү деп билебиз. Бул багытта биз өзүбүз үлгү болуу менен бирге окуучуларды, алар аркылуу ата-энелерди китеп окууга аз-аздан кызыктырып отуруп, китеп окуу «вирусун» коомчулукка жаюуга милдеттүүбүз.

КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫН АДАТКА АЙЛАНДЫРУУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Алгач сынактан жобосун дыкаттык менен так-даана иштеп чыгуу керек. Жободо китеп окуу сынагы ар айда ар башка чыгарма аркылуу улам жүргүзүлүп турары белгилениши керек. Ал эми жетекчилик жана усулдук бирикмелер мектепте эмгектенип жаткан бардык билим берүү кызматкерлеринин бул сынакка катышуусун көзөмөлгө алып, өздөрү да алар менен чогуу сынак тапшырууга аракет жасоосу керек. Сынак тапшырган мугалимдердин топтогон упайлары улам кошулуп отуруп, жыл жыйынтыгында алдыңкы орундарга мыкты байгелер убада кылынышы абзел.

Барчын Абдылсакы кызы,  Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

                                                                                                                         «Бекитемин»

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу»

                                                          мектеп-лицейинин директору Д.А.Курбанбаева

_______________

2023-жылдын 14-январы

Мектеп-лицейибизде эмгектенип жаткан бардык билим берүү кызматкерлери үчүн китеп окуу сынагынын

ЖОБОСУ

СЫНАКТЫН МАКСАТЫ:

 Мугалимдерди китеп окууга, изденүүгө шыктандыруу;

 Мугалимдердин ар тараптуу ой жүгүртүүсүн калыптандыруу;

 Сынак аркылуу мугалимдердин ынтымак, достук, биримдигин чыңдоо;

 Мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу менен башка мектептерге өрнөк

болуу;

 Мугалимдерди китеп окууга кызыктыруу;

 Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу.

СЫНАКТЫ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ:

 Сынакка мектеп-лицейибизде эмгектенип жаткан жетекчиликтен баштап, усулдук

бирикменин бардык мугалимдери милдеттүү түрдө катышат;

 Ар бир мугалим өз алдынча тандалган чыгарманы окуп чыгып, тесттик

тапшырмаларды да өз алдынча чечет;

 Тандалган чыгарма боюнча суроолор так, маанилүү деңгээлде мониторинг сыяктуу

(жоопторду жазуу керек болот) иштелип чыгат;

 Китеп окуу сынагы ар бир ай үчүн уюштурулуп, мугалимдердин алган упайы график

менен толукталып барат. «Акыркы коңгуроо» аземинде алдыңкы орунду ээлеген үч

мугалимге баалуу белектер ыйгарылат.

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ:

 Ар бир мугалим бир ай ичинде тандалган чыгарманы сөзсүз окуп чыгышы керек болот;

 Сынак учурунда ар бир мугалим өзү үчүн тесттик суроолорго жооп берет жана башка

мугалимдер менен ой бөлүшүүгө тыюу салынат;

 Сынактын жүрүшү максималдуу бир саат убакытка созулат;

 Сынакка биздин мектеп-лицейибиздин гана мугалимдери катыша алышат.

МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЖАНА УСУЛДУК БИРИКМЕ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МИЛДЕТТҮҮ:

 Ар бир мугалимге сынак боюнча маалымат берүүгө;

 Ар бир мугалимди айына бир ирет бул сынакка катыштырууга;

 Сынактын жобосу менен усулдук бирикменин жыйынында маалымат берүүгө;

 Сынак болуп өтүүчү күнүн жана убакытын мугалимдерге жеткирүүгө;

 Мугалимдердин сынакка катышып жаткандыгын көзөмөлгө алууга.

УЮШТУРУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ:

 Сынак үчүн чыгарманы тандоого;

 Сынактын калыс өтүүсүнө көзөмөл жүргүзүүгө;

 Суроолорду түзүү жана даярдоо;

 Керектүү материалдар менен камсыздоо;

 Жыйынтыгын чыгарып, алдыңкы мугалимдерди сыйлоо.

ЯНВАРЬ АЙЫНДАГЫ СЫНАК ТӨМӨНКҮ ЧЫГАРМА БОЮНЧА БОЛОТ

 Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон Ала Дөбөт» повести

СЫНАКТЫН ӨТҮҮЧҮ КҮНҮ:

 Өткөрүлүүчү күнү: 2023-жылдын 31-январы.

 Башталышы: 14:30

ЭСКЕРТҮҮ!

 Бул сынакка ар бир мугалим милдеттүү түрдө катышышы жана айына бир ирет

тандалып алынган китепти окуп чыгышы зарыл.

Бөлүшүү

Комментарийлер