ОКУУЧУЛАРДЫН НЕВРОЗУ – ЖАЛПЫ КООМДУН КӨЙГӨЙҮ

  • 03.07.2021
  • 0

Жумабаева Гулайым Абдысаматовна, 

Кыргыз билим берүү академиясынын

Педагогика илими кесиптик билим берүү борборунун

башкы илимий кызматкеринин м.а., п.и.к.

Аннотация: Макалада тоталитардык, конформисттик коомдогу невроздун себептери, тендециялар, андан арылуунун ХIХ кылымдан берки ыкмалары жазылган. Өзүн өзү актуалдаштыруу, өнүктүрүү андан арылуунун бир жолу катары белгиленип, бирок муну абсолютташтырууга болбостугуна көңүл бөлүнөт. Батыштын тажрыйбасына кайрылып, бизге андан сабак алуу менен, өз жолубузду аныктап, невроздон арылуунун этнопедагогикалык жолун окуучуларга көрсөтүү милдетин психологдордун, педагогдордун эсине салат.

 

Азыркы мезгилде окуучулардын арасында невротик балдар арбыды. Бул мугалимдерге кыйынчылык түзүүдө.  Эмне себептен окуучулар невротик болушат? Бул – психопатогенизмдеги маанилүү суроо.  Невроз – бардык жактан куру калган, кароосуз, үлүшсүз, бактысыз балдардын оорусу. Жашоосуна канааттанбаган, мээримсиз, жашоосу коопсуз адамдар да невроз болушат. Урмат-сыйдан калган, эч ким аны теңине албаган, өзүн кем тутуу комплекси бар адамдар да невроз болушат. Бала йодго, витаминге муктажмын деп айта албайт, ал чоңдордун оюна келбейт. Аминокислотанын, кальцийдин ж.б. жетишсиздиги да ооруга себеп болот.

Ар бир мезгилдин неврозу ар башка, ошого жараша психотерапиеси да айырмаланып келген. Совет доорунда жашаган элдер тоталитардык режимден, батыш элдери конформизмдеги (лат. konformis – окшош, ылайыкташтыруу, англис чиркөөсү негиздеген идеология) режимден невроз болушкан. Адлердин мезгилинде өзүн кем баалуу адам катары сезген, жашоосу маңыздуу эмес, экзистенциалдык вакуум  (көөдөндүн боштугу) невроздун себеби болгон. Конформизм менен тоталитаризмдин натыйжасы – экзистенциалык вакуум, бул элдин жашап кетүү иммунитетин жоготууга алып келген.  Интеллектуалдык потенциалы жогору, билимдүү, бирок адептик-рухий тарбиядан өксүгөн адамдардын негизги көйгөйү – эксизтенционалдык вакуум. Батышта жумушсуздук да невроздун себеби болгон.   Качандыр бир мезгилдеги туура эмес кылган ишин ойлоп, абийирден азап тартуу, баалуулуктардын алмашынын натыйжасындагы чыр-чатак – невроздун булагы. Сан-Францискодогу Беркли университетинин диссертанты Диана Янг тесттерди статистикалык анализ жүргүзүү аркылуу улууларга караганда жаштардын неврозу көбүрөөк болгондугун аныктаган. Салтты,  жашоонун маанисин жоготуу да неврозго түрткү болот деген жыйынтыкка келген.

КМШлык психологдор неврозду азайтуу үчүн баланын өзүн өзү коргоо, өркүндөтүү, токтоо алып жүрүү, өзүн өзү актуалдаштыруу, чыңалуудан кутулууга ж.б. үйрөтүүгө көңүл бөлүп келишкен. Фромм, Хорни, Юнг, К.Бюхлер, Анжиал, Роджерс, Шахтель ж.б. католик психологдорунун пикири боюнча: индивидуализация, автономдуулук, өзүн өзү актуалдаштыруу, өзүн өзү өнүктүрүү, продуктивдүү аракет, өзүн өзү таануу – синоним.

Өзүн актуалдаштырган адам сырткы сымбатын көрсөтөт,  сөзү жасалма адамдарды жаман көрөт. Эки жүздүүлүк, такыбасынуу, сопусунуу, арамзалык, алдамчылык, анткорлук, жакшы пикирде калсын деп аракеттенүү сыяктуу сапаттар аларга таандык эмес. Өзү кандай болсо, ошондой көрүнөт, өз кемчилине көнүп калган,  анча-мынчага кайгырбайт. Менструация, бойго бүтүү, туалетке баруу, секс алар үчүн –  табыгый нерсе, аны ачык сүйлөйт.

Өзүн актуалдаштырган адамга өзү жашаган коомунун аксынышы жакпайт, ошондуктан өзүн душмандын тылында калган чалгынчыдай сезет. Коомго нааразычылыгын жашырбайт. Кээде элдин аң-сезимин агартууга аракеттенет. Салтка айланып калган түркөйлүктү, терс кылык-жоруктарды ачуусу келгенде айтып салат. Алар ызаланган, таарынган, эзилген адамдарды коргойт. Ичинде чогулган “буусун” чыдамы жетпей калганда буркан-шаркан түшүп, кийинкисин ойлонбой айтат. Аны уккан кишинин ал жөнүндө пикири кандай болсо, ага баары бир.

Өзүн актуалдаштырган окуучу бай жашап кетүүнү ойлойт. Билимин өркүндөтөт, бирок толук кандуу өнүгүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги оюна келбейт. Психология илими өнүгүүсү жактан элден алды жакта бараткан интеллигенттерди, зээндүү адамдарды изилдебей, өнүкпөй калган, зордук көргөн, кысымга алынган, зарар тарткан көйгөйлүү адамдарды жана балдарды изилдейт. Өзүн өзү актуалдаштыруу – эгоцентризмге карама-каршы сапат.

Өзүн актуалдаштырууну максат кылгандардын айрымдары Ата Мекенге кызмат кылууну каалашат. Андай жаштарга өзүн өзү анализдөө, ревизиялоо мүнөздүү. Аларды өз маселеси аз толкундандырат. Өзү жөнүндө аз ойлонот. Алардын ар бири айрым бир маанилүү маселенин чечимин издеп, бүт энергиясын, күчүн сарпташат. Ал маселе өзү каалаган сүйүктүү иши эмес болсо да, ал ишти милдети катары тааныйт. Адамзаттын, элинин, жакындарынын бейпилдикте жашоосу аларга маанилүү. Ата Мекенге кызмат кылгысы келген жаштарды бытиенин, турмуштун философиясы, фундаменталдык жана адептик маселелер ойлондурат. б.а. алар дүйнөнүн ааламдык системасында жашашат. Аларды бүгүнкү элдин кызыкчылыгы, социалдык заказы эмес, адамзаттын тарыхый бай тажрыйбасы, доордун талаптары, баалуулуктары ойлондурат. Ошондуктан дүйнөлүк саясаттын багытынын, тенденциялардын пайда-зыянынын алдын ала айта алышат. Турмуштун философиясынан сабак алгандыктан, бардык шартта элди тынчтандыруу, элдештирүү менен алек болушат.

Элден четтеп, өзүнчө жалгыз калганда алардын жакшы көргөн иши, балдары бар. Алар өзүн кармай билишет, жоош, бейпил болушат. Жолу болбой, жеңилсе, эмоцияга алдырбайт, ачууга жеңдирбейт. Анын кыжырына эч ким, эч нерсе тие албайт. Аны бедели төмөн адам кемсинтип жатса да камырабайт, ага теңелбейт. Мүнөзү жакшы, жагдай боюнча өз пикири бар, башкалардын пикири аны толкундандырбайт. Элден обочолонуп жашайт. Элден обочолонуу – катаал, суз, болууга, мамиленин үзүлүшүнө чейин жетиши мүмкүн. Өзүн актуалдаштырган адам өз проблемасына караганда сырткы дүйнөнүн көйгөйлөрү көп толкундандырат. Кризиске келген оор шартта уйкусуз калбайт, аппетити начарлабайт, маанайы жакшы, жашоосу нормалдуу өтө берет. Алар катардагы адамдар менен маектеше албайт, анткени башкалар аны текебер, муздак, ынтымакка келгиси келбеген, атүгүл душман катары санашат. Ал өзү доско муктаж эмес. Шерикке муктаж адам дос күтөт. Ал автономиялуулугун, көз каранды эместигин жоготкусу келбейт. Жоопкерчиликти мойнуна алат, өзү чечимди издеп, эмне кыларын өзү аныктайт, табат, активдүү, эрки күчтүү, кайраттуу, сөзгө туруктуу. Мурда ал нормалдуу деп жүргөн адамдар ал үчүн рухий сыркоо, чабал, кемчилиги бар адамдар болуп саналат.

Көпчүлүк адамдар кийимди, ынанымды ж.б. өз табити менен тандабай, реклама, ЖМК таңуулаган нерсени тандашат.  Көпчүлүктү манипуляциялоого болот. Көпчүлүк адамдар саясый, экономикалык ж.б. оюндардын “оюнчугу” болуп, азап тартып жашай беришет. Мындай адамдар катастрофа (кыйроо) башталса да “ойгонбостон”, жашоосун уланта беришет. АКШнын изилдөөсүнө караганда 5-30% адамдар жагдайдан көз каранды. А.Маслоунун изилдөөсүнө караганда адамдардын 100% жакыны жагдайдан көз каранды. А.Маслоу: “Өзүн актуалдаштырган адамдардын эрки күчтүү болот, табияттын, коомдун, адамдардын жүрүм-турумуна, детермизмге (лат. determine — аныктайм, философия) ж.б. башы оорубайт. Элдин талабына, маданиятына, жагдайга жараша, ички жашыруун ресурстарды издейт.

Дарак күнгө муктаж болгондой эле адам сүйүүгө, коопсуз жашоого, көз каранды эместикке  муктаж. Көз каранды эместикке – жагымсыз жагдайдан, тагдырдын соккусунан, тууган-уругунун түгөнбөс түйшүгүнөн көңүлү калуудан, эзүүгө, кысымга чыдап эмгектенүүдөн чарчап, фрустацияга (лат.   frustration- алдоо, максатына жетпей калган адамдын психикалык абалы) жеткен адамдар жетишет, анан кыялга батып, чыгармачылыкка алагды болот. Алар башкалардын сүйүүсүнө, жактыруусуна, мактоосуна муктаж эмес. Атакка, популизмге, таанымал болууга умтулбайт. Жашоонун ар бир күнүнө канааттанып, кубанышат. Аркы-беркини көп байкабаган аңкоо сыяктуу көрүнөт, бирок андай эмес, рухий аракети тынымсыз, таңдын атканы, күндүн батканы, гүлдүн ачылганы, баланын өнөрү аларга ушунчалык татынакай көрүнөт.  Алтымышка чыккан аялы он сегиздеги кыздай көрүнөт, турмуш – аларга ырахаттын булагы. Табигаттын сулуулугун эң жакшы пейсаж катары баалайт. Чыгармачыл адамдар балдарды, музыканы ж.б. сүйөт. Акчадан же кечки клубдан ырахат албайт. Өзүн актуалдаштырган чыгармачыл адамдар ушундай болушат.

“Өзүн актуалдаштырууга умтулган адамды – ден соолугу чың, чыйрак, кубаттуу айбан деп атоого болот”,-деген А.Маслоу. “Анткени адамдын жактыргандарынын ичинен ага эч нерсе жат эмес. Ал уят-сыйыт менен иши жок, күнөөнү сезбестен, каалаганын кыла берет. Анын аппетити эң жакшы, уйкусу катуу, ал бардык физиологиялык умтулуудан ырахат алат, башка денгээлдеги талаптары коопсуз, сүйүүсү шарттуу” [4.188-б].

Эми невроз болбогон соо балдардын мүнөздөмөсүнө токтололу:

  1. Реалдуулукту жогорку деңгээлде түшүнөт.
  2. Өзүн, башкаларды, дүйнөнү кандай болсо, ошондой кабыл алат.
  3. Тышкы таасирдин эмес, ички себептердин натыйжасында аракеттенет.
  4. Маселени кунт коюп угат, терең түшүнөт, аны чечүүгө шыктуу.
  5. Жалгыз калып, өз алдынча аракеттенүүнү жакшы көрөт.
  6. Автономиялуу, башка маданиятты, баалуулуктарды кабыл алууга каршы.
  7. Жаңы маалыматты тез түшүнүп, өтө эмоционалдуу кабыл алат.
  8. Тез-тез маанайы өзгөрүп турат.
  9. Адамзат тукумун өзү менен теңдештирип салыштырат.
  10. Тегерегиндегилер менен мамилеси жакшы.
  11. Мүнөзү демократиянын тартибине ылайык.
  12. Чыгармачыл жөндөмү өтө жогору.
  13. Баалуулуктарды жакшы түшүнөт.

Мугалимге эң маанилүү суроо: окуучу өзүн өнүктүрүүгө багыт алыш үчүн кандай мамиле түзүп, эмне кылыш керек? Ушу суроого жооп табуу кыйын, анткени балдар ар башка. Интеллектуалдык жактан өнүкпөй калган окуучулардын адамдар менен өз ара мамиле түзүү тажрыйбасы жетишсиз,  аны үйрөтүү өзгөрүшүнө себеп болот. Ал эми көз каранды эмес окуучулар башкалардан аз коркот, душмандык мамилеси аз, алардын жардамына, мактоосуна муктаж эмес, ага көнүп калышын да каалабайт. Алар ардактуу болоюн деп да умтулбайт. Сыйлыкты, жогорку даражаны эңсебейт. Өзүн ишенимдүү алып жүрөт.

Невроздун табигатын толук билүүгө мүмкүн эмес сыяктанат, анткени бирдей кийинген, бирдей музыканы, композиторду ж.б. сүйгөн, бирдей шартта жашаган, ынанымы, ишеними бирдей эгиз аялдардын бири невроз, экинчиси жашоого жөндөмдүү болгон учур көп. Австриялык госпиталда бир невроз-сыркоо эч айыкпай койгон. Эң күчтүү психотерапевтти жардамга чакырса, “бул оорулуу өлөт”-деп латынча айткан. Оорулуу муну түшүнгөн, бирок анын жардамысыз айыгып кеткен.

Өзүн актуалдаштырган америкалык студент: “Мен окумуштуулук даражага жеттим. Эң жакшы маркадагы машинам бар. Каражаттан, секстен көз каранды эмесмин. Статусум жана мүмкүнчүлүгүм жогору, бирок мени кыйнаган бир суроо бар: Жашоонун маңызы эмнеде?” Адамга бардыгы жетиштүү болсо да, убакыттын кенендиги – жекшембилик неврозду пайда кылат.  Азыр Америка эли: “Жакында роботтун, техниканын жардамы менен 15% жумушчулар элди камсыз кыла алат”-деген жыйынтыкка келишти. 85% жумушчулардын неврозун ким тыят, кантип айыктырат?  ХХI кылымдын ортосунда робот жана техниканын жардамы менен 130 кесиптин ээлери жумушсуз калары азыр айтылууда.  Биздеги абал жакшырабы же анда невроз көбөйөбү? Илим кийинки туура жолду көрсөтө алабы?

ХIХ кылымда невроздон кутулуу үчүн физиологиялык медициналык концепция актуалдуу болгондугу психологиялык адабияттарда жазылып жүрөт. 150 жыл мурда Филипп Панель невроз сыркоолордун моралдык абалын оңдоо менен дарттан айыктыруу методун сунуштаган. ХIХ кылымда элдин моралдык сапаттарын оңдоого илим багыт алган. Оорукчал адамды үй-бүлөсү менен эмгектендиришкен, убагында бул натыйжалуу метод катары таанылган.

ХХ кылым эркектерди стерилдештирүү (тукумсуздандыруу), аялдардын боюнда болтурбоонун, аборттун кылымы болгондуктан көпчүлүк жашоонун маңызын жоготту. Эйнштейн: “Маңызы жоголгон жашоодон адам бактысыз болуп эле чектелбестен, жашап кете албай калат”-деген. Жашоону моралдаштырууга аракет кылуу азыр мурдагы кылымдагыдай натыйжа бербей калган. Мурдагы баалуулуктар маанисин жоготуп койгондуктан, америкада моралды онтологиялаштыруу (философиянын бөлүмү, грек.оn –  тукум, ontos – нагыз, анык) башталган.   Адамдар дайыма тукум улоого алектенип, жашап келишкен.  Америкалык психологдор жашоого керек жаңы баалуулуктарды киргизип, ал – адам реализациялоону каалаган нерсе катары түшүндүрүүдө. [1]. Бизге буларды билүү керек, бирок сырттан келген даяр формула, саясат же мазмун кыргыздын калк катары сакталып калыш үчүн оң натыйжа бербейт.

Учак (самолет) жерде жүргөндө эмес, асманга көтөрүлгөндө учактыгын көрсөтөт. Адам психикисы бар, биологиялык организм болуп чектелбейт, анын рухий кубаты бар. Аны пайдаланганды билсе, чыныгы адамдыгын көрсөтөт. Азыр окуучуларга мурдагыдай таалим-тарбия берүү туура эмес.  Абийирди ойготуу, моралдаштыруу да анча натыйжалуу болбой калды. “Адамдын психикалык жактан соо болушу үчүн диний ишеним өбөлгө болорун Олпорт Г. жазган.  (Личность в психологии. – М., КСП+:СПб:Ювента.1998. – С 103-112).  Азыр дүйнөдө 10 диний осуят (парз) эмес, 10000 осуятты 10000 турмуштук шартка колдонууга педагогдор үйрөтүп жатышат [4].

Психологдор адамдын психикасынын табигатын билишет, бирок, неврозду жеңе албай келе жатышат. Теологдор адамды Кудай кандай жараткандыгын, дилинин, рухунун табигатын билишет, бирок психологдон жардам албай, эч кимге зыяны жок жашап келе жатышат. Динди тааныган адамдар психикасы нормалдуу болуп, курчаган чөйрөгө толеранттуу мамиледе жашарын теологдор белгилешет. Мартин Бубер: “Невроз адамдын туура эмес багытынын натыйжасында конвульсивдүү (судорожный) айнып калышы, жандын индивидуалдык абалы”-дейт. Кыргыз Республикасында  “Дин маданиятынын тарыхы” сабагынын алкагында динди таанытабыз деп жатабыз. Бир дагы илим башка тармактын өкүлүнүн ортомчулугу менен таанылбайт. Физиканы физиктер, химияны химиктер окутушат. “Дин таануу” билиминин тагдырын теологдор эмес, тарыхчылар чечиши орунсуз көрүнгөнсүйт. Анын мазмунун атеисттик көз караштагы тарыхчылар эмес, динди тааныган теолог-педагогдор аныктап,  окутушу керек.

Окуучуларга динди таанытпаса, невроз азайбайт. Окуучулардын нервозу эч кимди толкундандырбай турган маселе боюнча кала береби? Бардык өлкөлөр окуучуларга динди таанууга багыт алышты. Бизге ойгонууга мезгил жетти.

Адабияттар:

  1. Алымбаева Б.Б. Жумабаева Г.А. Этнопедагогиканын негизинде балдарды үй-бүлөдө тарбиялоо. КББАнын Кабарлары. №2 (48). 2019 84-88-б.
  2. Ф.Н. Гонобилин. Психология. – М., Просвещение. 1973.
  3. Джон Кехо. Подсознание может все. Живите с умом. – Минск.2004.
  4. Психология личности в трудах зарубежных психологов. Хрестоматия. Составитель А.А. Реан. Санкт-Петербург. – Москва. Минск. Питер. 2000.
  5. Олпорт Г. Личность в психологии. – М., КСП+:СПб:Ювента.1998. – С 103-112.
  6. Э.Фромм. Психоанализ и этика. – М. 1994. С 100- 104.
  7. А.Маслоу. Психология бытия. – М.: Рефл-Бук. 1997. С 44-61.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер