ОКУУЧУЛАРДЫН ИЛИМИЙ БАГЫТТАГЫ ИЗИЛДӨӨ ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

  • 28.02.2024
  • 0

Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү менен алектенген, өзүнүн инсандык сапатын, таанып билүүчүлүк компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана илимий изилдөөчүлүк багыттагы изденүүнүн жолунда жүргөн, чыгармачыл изденүүлөрү жана табылгалары менен билимге кызыгуусун арттырып турган демилгечил окуучулардын дилгир ишмердүүлүктөрүн кубаттайбыз жана колдоого алабыз.

ОКУУЧУЛАРДЫН ИЛИМИЙ БАГЫТТАГЫ ИЗИЛДӨӨ ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Таанып билүүгө жана ой жүгүртүүгө үйрөтүү

Бүгүнкү күндө окуучулардын таанып билүүчүлүк компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу багытындагы педагогикалык ишмердүүлүк инсанга багыттап окутуу технологиясын, өнүктүрүп окутуу технологиясын, маалыматтык технологияны, долбоордук технологияны ж.б. окутуу технологияларын колдонуу менен жүргүзүлүшү зарыл.

Илимий багыттагы изилдөө иштерин жүргүзүү жана алардан алынган натыйжалар боюнча туура жыйынтык чыгарууга көнүгүү процесси өсүп жетилип келе жаткан өспүрүмдү — окуучуну — өзгөчө кызыктырган проблема боюнча булактарга таянуу менен өзүнүн илимий негиздеги таанып билүүсүн жана ой жүгүртүүсүн логикалуу ырааттуулукта бекемдей билүүгө үйрөтөт, өз оюн башкаларга угуза билүүгө, жеткиликтүү түшүндүрүп айтып бере билүүгө, илимий диалог жүргүзүүгө шыктандырат жана көнүктүрөт, изилдөө ишинин оптималдуу алгоритмин түзө билүүгө көнүктүрөт. Бул кыргыз адабий тилин илимий багытта өнүктүрүүгө зор түрткү болот.

Илимий билимдерди изилдөө ишмердүүлүгүнө дилгир болгон жаш изилдөөчүлөрдүн — окуучулардын — окуу→таанып билүү→изилдөө жүргүзүү ишмердүүлүгүнө предметтик мугалимдер жетекчилик кылышат жана тажрыйбалуу насаатчы педагогдор көмөктөшөт.

Долбоордук жана изилдөө ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү

Жалпы билим берүүдө окутуунун долбоордук технологиясы боюнча иш жүргүзүүдө изилдөө ишмердүүлүгү менен долбоордук ишти уюштуруунун ортосундагы айырмачылыкты билүү жана түшүнүү маанилүү болуп саналат. Изилдөө жана долбоордук ишмердүүлүктөрдүн ортосундагы принциптүү айырмачылык алардын милдеттеринин чечилишинде, ишке ашырылышында.

ОКУУЧУЛАРДЫН ИЛИМИЙ БАГЫТТАГЫ ИЗИЛДӨӨ ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Изилдөө ишмердүүлүгү практикалык колдонууну изденүүчү билимдердин кеңири спектрине таянат. Долбоордук ишмердүүлүк болсо практикалык милдеттерди ишке ашырууга багытталат. Адатта, изилдөөчү кандай натыйжа алынарын, эмне жыйынтык болорун билбейт. Изилдөөнүн жардамы менен биз объектте же процессте бар нерсени аныктайбыз, ал эми долбоорлоо менен жок нерсени түзөбүз, жаңыны жаратабыз.

Долбоордук ишмердүүлүк долбоорду же моделди түзүүнүн тажрыйбалык иш билгиликтерин калыптандырууну, аларды социалдык чөйрөгө киргизүүнү, керектүү маалыматтарды табууну, өнөктөштөр менен кызматташууну, жетекчилик кылууну, кырдаалдын мониторингин жүргүзүүнү, тобокелчиликтерди тастыктоону, милдеттерди чечүүнүн оптималдуу жолдорун жана каражаттарын тандоону шарттайт.

Изилдөө ишмердүүлүгү тийиштүү билим булактарын өз алдынча издеп таба билүүнү жөндөп турат, ошондой эле ой жүгүртүүнүн изилдеп-изденүүчү-лүк маданиятын калыпта  ндырат. Изилдеп-изденүүчүлүк маданияты дегенибиз — бул проблеманы жана карама-каршылыктарды көрө билүүгө, гипотезаларды (илимий божомолдорду) аныктоого, фактыларды тастыктоого, сыпаттап көрсөтүүгө жана түшүндүрүп берүүгө, байкоо жүргүзүүгө, эксперимент жүргүзүүгө жөндөмдүүлүк.

Изилдөө жүргүзүү процесси, албетте, илимий ишмердүүлүктүн методологиялык негиздерин колдонууну талап кылат, бирок ошол эле учурда ал толук маанидеги илимий ишмердүүлүк болуп эсептелбейт. Ошондуктан бул ишмердүүлүктү окутуунун долбоордук технологиясынын негизинде уюштурулган жана жүргүзүлгөн окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүк деп кароо максатка ылайыктуу болот.

Окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү долбоордук технологиянын негизинде уюштуруунун алгоритми

Долбоордук

окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн

этаптары

Окуучулардын долбоордук окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүнүн

этаптар боюнча

иш-аракеттери

Долбоордук

окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн

натыйжасы

1-этапДолбоордук

окуу-изилдөө ишмердүүлүгүнө түрткү

Окуучулардын долбоордук окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүккө кызыгуусун ойготуу, түрткү берүүОкуучулардын долбоордук окуу-изилдөө ишине психологиялык жактан даяр болушу
2-этапДолбоордук окуу-изилдөө ишмердүүлүгүн баштоо — максатын жана милдеттерин аныктооДолбоордук изилдөө ишинин темасын тандоо, проблеманы, максатты, милдеттерди талкуулоо жана аныктоо.

Долбоордук окуу-изилдөө ишмердүүлүгүнүн иш-аракеттик мөөнөттөрүн тактоо.

Долбоордук окуу-изилдөө ишмердүүлүгүн баалоо критерийлерин аныктоо.

Долбоордук окуу-изилдөө

ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү топторду түзүү, окуучуларды тактоо

Долбоордук окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн темасы, максаты жана милдеттери, изилдөө методдору, ишмердүүлүктү баалоо критерийлери

 

3-этапДолбоордук

окуу-изилдөө ишмердүүлүгүн пландаштыруу

Гипотезаларды, изилдөө методдорун талкуулоо жана аныктоо.

Окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн иш тажрыйбаларын актуалдаштыруу.

Маалымат алына турган булактардан маалыматтарды издештирүү, туура табуу жана иштеп чыгуу ыкмаларын жана алына турган натыйжаларды аныктоо, презентациялоонун формаларын тастыктоо.

Изилдөө тобундагы окуучуларга милдеттерди бөлүштүрүү

Долбоордук окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн жалпы планы

 

4-этапДолбоордук

окуу-изилдөө ишмердүүлүгүн иштеп чыгуу

Долбоордук окуу-изилдөө ишинин предметтик мазмунун окуп билүү; жаңы билимдерди өздөштүрүү; маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу.

Алынган натыйжаларды өз ара талкуулоо жана талдоо жүргүзүү аркылуу жыйынтыктоочу

корутундуларды чыгаруу.

Долбоордук окуу-изилдөө ишин презентациялоого даярдоо жана талапка ылайыктап жасалгалоо.

Долбоордук папканы даярдоо

Долбоордук

окуу-изилдөө ишинин презентациясы

 

5-этапДолбоордук

окуу-изилдөө ишмердүүлүгүн презентациялоо

Долбоордук окуу-изилдөө ишинин алынган натыйжаларын тастыктооДолбоордук

окуу-изилдөө ишин презентациялоо

6-этапДолбоордук

окуу-изилдөө ишмердүүлүгүн рефлексиялоо

жана баалоо

Долбоордук окуу-изилдөө ишинин алынган натыйжаларын талкуулоо жана ар бирине талдоо жүргүзүү.

Долбоордук окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүк процессин өз ара баалоо жана өзүн-өзү баалоо

Долбоордук

окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү баалоо

7-этапДолбоордук

окуу-изилдөө ишмердүүлүгүн жыйынтыктап бышыктоо

Долбоордук окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн келечегин талкуулооЖаңы долбоордук окуу-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү баштоо

 

Соңку 10–15 жылдан бери окуучуларды илимий изилдөө багытындагы ишмердүүлүккө тартуу жана көнүктүрүү максатын аркалоонун натыйжасында Кыргыз билим берүү академиясы жана «Билим Ордо» коомдук интеллектуалдык фонду тарабынан уюштурулган «Түрк дүйнөсү» багытындагы окуучулардын облустук, республикалык жана эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциялары өткөрүлүп келүүдө. Бул илимий-тажрыйбалык конференцияларга окуучулар зор жигердүүлүк менен катышып, өздөрүнүн алгачкы саамалык илимий изилдөөлөрү боюнча баяндама жасашып, ИТКлардын резолюцияларында жана жыйынтыктоочу тегерек отурумдарында белгиленгендей, билим деңгээлдеринин белгилүү даражада жогорулугун, изилдөө ишмердүүлүгүнө, стандарттуу эмес идеяларды жаратууга жана аларды ишке ашырууга ынтызарлык менен кызыга тургандыктарын көрсөтүп келишүүдө. Бул ИТКлар тууралуу маалыматтар өз учурунда https://www.bilimordo.com/ сайтына жайгаштырыл турат.

«Түрк дүйнөсү» багытындагы илимий-тажрыйбалык конференциянын максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхын жана маданиятын илимий жактан изилдеп-иликтөө ишине педагогикалык жана илимий коомчулуктун, өсүп жетилип келе жаткан өспүрүмдөрдүн жана жаштардын көңүлүн буруу, ошону менен бирге бул маселелер боюнча кызыкдар окуучулар, студенттер, мугалимдер, окутуучулар жана окумуштуулар ортосундагы илимий дискуссиянын көтөрүлүшү үчүн жагдай түзүү. Албетте, биз бул илимий баарлашууга катышуучуларга өзүбүздүн көз карашыбызды таңуулоодон алыспыз, биздин милдетибиз — бул илимий багыттагы дискуссияга кызыкдар жана ынтызар инсандардын бардыгы бирдей тең укуктуу катышуусун камсыз кылуу.

Кымбаттуу жаш изилдөөчүлөр!

Биз силердин стандарттуу эмес идеяларды жаратууда жана аларды ишке ашырууда ийгиликтерге жетишүүңөргө тилектешпиз. Силердин ар бириңердин жаратмандык ийгиликтерге жетишүүгө дилгирленүүңөр арта беришин жана алар жаңылыкты ачууга кызыкдар болгон башка жаш өспүрүмдөр үчүн өрнөк болушун каалайбыз.

Силерге чын дилибизден изги ийгиликтерди, илимий өнүгүүлөрдү каалайбыз! Чыгармачылык жигер жана чаалыкпаган кайраттуулук менен чыныгы илимий билимдерге ээ болгула!

Айгүл ЭЛЕБЕСОВА,

педагогика илимдеринин кандидаты,

окумуштуу-катчы, Кыргыз билим берүү академиясы,

Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги,

КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү

Бөлүшүү

Комментарийлер