“ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ”

  • 15.07.2021
  • 0

Рахат Сулайманова,
Ж. Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетинин деканы, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору:

– “Окуучу күткөн мугалим” жайкы эс алуу мектебинин максаты – мугалимдик кесипти даңазалоо, мугалимдин зоболосун көтөрүү, бул кесипке мыкты жаштарды шыктандыруу, мугалимдик кесипте иштеп жаткан инсандардын шыгына шык, демине дем кошуу менен чыныгы окуучу күткөн мугалимдердин катарын көбөйтүү. Ошону менен бирге бул иш-чара мугалимдерге ар аймактагы алдыңкы, чыгармачыл, жаңычыл кесиптештери менен байланыш курууга шарт түзүп, педагогдук чеберчилигин байытуу менен, алардын жан дүйнөсүндө эң сонун көз ирмемдер катары терең орун алат. “Мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, баарлашуу маданиятын, сүйлөө чеберчилигин өстүрүү” боюнча Кыргызстандагы белгилүү мугалимдердин бири, ЮСАИД “Окуу керемети” долбоорунун улуттук тренери, КРнын билим берүүсүнүн мыктысы Нургүл Шарапова “Заманбап окутуунун жана баалоонун технологиялары”, “Санариптик билим берүү” боюнча семинар-тренинг өтүп, тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле Ош шаарында өткөрүлгөн “Мыкты мугалим — 2021” сынагынын баш байгесинин ээси Илгиз Шамырзаевдин “Мыкты мугалим болуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?” деген аталыштагы мастер-классы мугалимдерди кайдигер калтырган жок. Ал эми эл аралык кызматташ Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин педагогика жана психология кафедрасынын башчысы Адлет Кариев “Развитие умений учителей педагогически сопровождать исследовательскую (проектную) деятельность учащихся” аттуу презентациясы мугалимдердин кызыгуусун жаратты. Мындан сырткары “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун санариптик долбоорлор боюнча координатору Данияр Сүйүндүк уулу “Санарип жана каржылык сабаттуулук” боюнча эң сонун сабак өтүп, мугалимдерге баалуу маалыматтар менен бөлүштү. Тренер С.Нааматов атындагы НМУнун табигый-илимдик билим берүү кафедрасынын башчысы, б.и.к., профессор Н.Ибраева “Эмоционалдык чарчоодон арылуунун жолдору” аттуу, Ж.Баласагын атындагы КУУнун МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы, профессор Г.Адылбек кызы “Предметтерди дифференциациялап жана интеграциялап окутуу” тренингдерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Окуу китеби” борборунун жетектөөчү адиси Бийик Рыскулов “Окуучулар менен чыгармачылыкта иштөө методикалары” жана Нарын районунан келген мектеп директору Мирзат Мамбетова “Окуучунун шык-жөндөмүн арттыруунун ыкмалары” боюнча мастер-класс өтүштү.

“ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ”

Албетте, иш күнү эс алуу менен коштолуп, көл жээгинде эстафеталык оюндар, “Көңүлдүү старттар” өткөрүлдү. Ар бир күн чыгармачыл коллективдердин программасы менен жыйынтыкталып жатты. Мугалимдер “Рух Ордо” маданий борборуна саякатка чыгышып, Чынгыз Айтматовго таазим кылышты. Ар бир таң мугалимдер үчүн көл жээгиндеги ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөр, флешмоб, медитациялар менен коштолуп жатты. Чыгармачыл мугалимдер “Окуучу күткөн мугалим” жайкы мектебинин кечки аземдик программасын уюштуруп, өз таланттарын окуучуларга тартуулашты. Ошондой эле “Кырчын” жайлоосуна саякат жасалып, жаратылыш койнундагы жандуу баарлашуу болду. Мугалимдер күнү бою ыр майрам, сармерден уюштуруп, улуттук жана спорттук оюндарды ойношуп, селкинчек тебишти. Оору-сыркоо, кара тумоодон аман-эсен арылуу максатында кыргыздын салт-жөрөлгөсүн жасашып, кан чыгарып, бата тилешти. Коштошууга жакын теплоход менен Ысык-Көлдү айланып, мугалимдер кыргыз берметине суктануусун жашыра алышкан жок. Жайкы мектепти жыйынтыктоо аземи өтүп, катышуучуларга сертификат, эстелик сүрөттөр, эл мугалимдери түшүрүлгөн календарлар тапшырылды. Фестивалдын жабылышы гала-концерт менен коштолду. “Биз коштошпойбуз, көрүшкөнчө” деген асыл ойлор менен ар аймакка, үйлөрүнө асыл кесиптин ээлери тарашты. Бул жайкы эс алуу аларга зор энергия тартуулап, кесибине болгон
сүйүүсүн ого бетер арттырды.

“ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ”

Илгиз Шамырзаев, Ош шаарындагы №°52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Ош шаарында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими — 2021» кароо-сынагынын баш байгесинин ээси:

–  Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгине келип, жайгашып, алты күндүк программа менен тааныштык. Дал ошол алты күн өтө кылдаттык жана чеберчилик менен иштелгендиктен мугалимдердин ар бир мүнөтү натыйжалуу пайдаланылып жатты. Белгилей кетсек, өз тармагында мыкты деп табылган бир нече тренерлердин бизге берген маалыматтары, бөлүшкөн тажрыйбалары, үйрөткөн ыкмалары – булардын баары биздин билим куржунубузду толтуруп, өз тармагыбызда ийгиликтүү мугалим болууга дагы да болсо шыктандырды.

«Окуучу күткөн мугалим» аттуу бул жайкы мектепке катышуу аркылуу мен жети дубандын мугалимдери менен тааныша алдым. Азыр алардын ар бири менин эң жакын эжекелеримдин, эң ынак агайларымдын катарында турат. Алты күн. Кулакка аз угулганы менен дал ушул алты күн мугалимдердин ортосундагы достукту бекемдеп, аларды билим берүүгө дагы да болсо шыктандырып, мугалимдерге чоң дем-күч бере алды. Мен сыяктуу бул жайкы мектептин мугалимдери кийинки мектепти зарыгуу менен окуу бүтпөй жатып сагына баштадык. Кантсе да өмүрүбүздөгү ары өзөктүү, ары өрнөктүү жашоону бизге дал ушул жайкы мектеп үйрөттү. Бул жайкы мектептен алган ар бир сабак, ар бир тажрыйба, ар бир үлгүлүү окуялар бизге аманат. Жакшылыкты жайылтып, жамандыкты тыюу, алган маалыматты бөлүшүп, билим казынабызды улам толтуруу ар бир мугалимдин озуйпасы эмеспи.

“ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ”

Адлет Кариев, к.п.н., зав. кафедрой дошкольного и начального образования Казахского Национального женского педагогического университета:

– Летняя школа стал для меня интересным опытом общения с кыргызскими коллегами по актуальным вопросам развития образования и науки. Я получил много полезной информации об инновационных методах обучения, познакомился с результатами практической деятельности педагогов Кыргызстана. Как исследователя, меня очень заинтересовали научные подходы к исследованию тенденций развития науки, предложенные экспертами Летней школы. Также хочется отметить, насыщенную программу школы (как формальная, так и неформальная ее части) – семинары, дискуссии, презентации, работа в группах, экскурсии – позволила установить отличные дружеские и профессиональные контакты со многими участниками. Уверен, что наше общение продолжится, и мы сможем успешно взаимодействовать для реализации совместных проектов. Будет очень здорово, если международные летние школы станут традицией.

Мирзат Мамбетова, Нарын районун Жер-Көчкү айылынданы Баймонол Кыязов атындагы орто мектебинин директору:

– Сексенден ашуун мугалим окуу менен эс алууну айкалыштырып, жарпыбыз жазыла мугалимдик кесиптин ой кырын аңтарып, уй мүйүз тартып олтуруп кеңешип-кесип келечек муунга келчү жана берчү билим берүүнүн ооматынан кеп салып, кантип ишке ашыруунун улуу баянын улап, күндөр кантип өткөнүн билбей да калдык.

Мага жакканы Кырчын жайлоосундагы узун учук кептешүүбүз болду. Ата-бабаларыбыз мураска таштаган ыйык жерлерге этият мамиле кылуу жана сактоо маселеси катуу талкууга алынды. Бизге ата-бабаларыбыз коркунучсуз ойгонгонго жер калтырган, а биз азыр коркунучтуу да, кооптуу да жер калтырып жатабыз деген маселе ойго салды. Бул эң жөнөкөй мисал.

“ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ”

Жайкы мектеп бизди күүлөгөн күчтүү мотор болуп бере алды. Билим кайыгында чогуу түшүп күүлөнгөн мотор менен күз айында күч-кубат менен киребиз. А иш жүзүндө мугалимдерге заманбап окутуу кандай жүргүзүлүшү керек экендигин көрсөтүп берүү жагын тыкыр көзөмөлгө алып, күчтүү тренерлер менен бирге көзүбүздү ачып, көкүрөккө куйган мыкты сабактарды уюштурган “Мугалим” журналы эс алуудан эргүү, сергүү да, таанышуу да, табышуу да, сырдашуу да болгон эмгектин изги иштерин көрсөтүп бергени, баладай өрөпкүп баарына эт бети менен кирген кесипкөй адистердин дагы көбөйүшүнө шарт түзүп койду.

Кетээрге келгенде көз жаш тамызган мугалимдик гумандуу сезимдер менен биздин коомдо мына ушундай мугалимдер жашап, иштеп жатканда азыр бааланбаган жез тыйындык эмгегиңиздер кыргызды кыргыз кылып сактап турганын сездим. Ошол жез тыйындык эмгектин баатыры Рахат Сулайманова эжеге топ башы катары ат көтөргүс эмгегине акы албай кам көрүп жүрүүсү чыныгы иштерман, жаратман, чыгармачыл адамдын, педагогдун элесин өз жүрөгүмө үлгү катары сиңирип алдым.

Келечек мына ушундай мугалимдер менен өлбөйт жана кыргыз эли түбөлүк бактылуу болот!

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер