ОКШОШ САБАКТАР МЕНЕН  БАЛДАРДЫН БИЛИМГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУСУН  ӨЧҮРҮП АЛБАЙЛЫ!

  • 19.04.2024
  • 0

Ар намыс, адал эмгек, Ата Мекен,

Жүрөктөн конуш жайлап орноп бекем.

Астыртан ой жүгүртсөм бул үчөөнө,

Кадырлап баштагандан жылыйт чекем.

Кулунбек Адамкулов,  “Ата Журт”

Мекен – бул сөз кыргызда ата-бабанын конушу, балдай таттуу учурларын башынан өткөргөн жер. Менин да өз мекеним бар. Улуу Жибек жолунда жайгашкан, Борбор Азиядагы тоого бай, күнөстүү Кыргызстан!

ОКШОШ САБАКТАР МЕНЕН  БАЛДАРДЫН БИЛИМГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУСУН  ӨЧҮРҮП АЛБАЙЛЫ!

Өзүм өсүп чоңойгон кичи мекеним: кооз дөңсө, адырлардын түбүндө жайгашкан чакан кыштак. Жайдын толуп турган мезгилинде талааларда эгиндери бышып, мөмө-жемиштери сабында мөлтүрөп көз жоосун алган, жол бою кыдырата тизилип, дарбыз саткан баба-дыйкандары бар, Отуз-Адыр суусунун боюнда жайгашкан, берекелүү Садырбай айылым.

ОКШОШ САБАКТАР МЕНЕН  БАЛДАРДЫН БИЛИМГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУСУН  ӨЧҮРҮП АЛБАЙЛЫ!

Кереметүү айылымдын даркан талаасы менен гана мактанбай, анда жашаган сыйчыл, токтоо, эмгекти сүйгөн жана өз билими менен, эл үчүн  өтөгөн кызматтары менен, бүтүндөй кыргыз элиме таанымал инсандар менен да мактангым келет.

Айлымдагы интеллигенциянын өкүлү катары, Садырбай элинин атын чыгарган Аманбай Жунусов – зоотехниктен Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин кеңешчилик кызматтарына чейин жеткен. Байбагышев Жали – райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Муратов Акыл — учкуч, Муратов Жали — дасыккан дарыгер, Айдаров Мамыр — дарыгер, Ражапов Илияз – вице-мэр жана башка жаш ишкерлердин аттарын өсүп келе жаткан жаштарга үлгү катары  көрсөтүп айтып келебиз.

Бул аталган инсандарды, айылымдан чыккан типтүү интеллигенттер деп айта алам.

Интеллигенция — акыл эмгеги, көбүнчө татаал, чыгармалык эмгеги менен кесип кылып, маданиятты өнүктүргөн жана жайылткан элдин катмары. Типтүү интеллигенттердин катарына дагы бир кесип ээлерин кошкум келет. Алар жан дүйнөсү бала деп соккон асыл кесиптин ээлери — мугалимдер.

Айтканга “мугалим” деген кесип жеңил болгону менен, анын “ат көтөргүс” оор жүгү бар. Жүрөгүң каалап, эңсеп, бала деп сагынып турбасаң, анда бул кесиптин түйшүгүнөн ырахат ала албайсың. Улутубуздун эзелтеден мурас болуп келаткан уңгулуу урпак тарбиясынын учугун татыктуу улантуу, ар бир баланы келечекте ийгиликтүү инсан кылып тарбиялоого, мугалим жан үрөп эмгектенет. Балдардын ийгилик жаратуусуна мугалимдин салымы зор деп айта алам.

Убакыт өтүп, коом өзгөрүп, айыл жеринде жаңы интеллигенция өкүлдөрү түзүлө баштаганы байкалат. Интеллигенциянын өкүлдөрү коомдун түрдүү катмарынан чыгат. Алар илимий-техникалык, аскер, укук коргоо, мугалимдер, медицина кызматкерлери жана башкалар.

Айыл болобу, шаар болобу интеллигенция өкүлдөрүнүн орду зор. Азыр илим-техниканын өнүккөн  заманында, айыл жерлерге сөзсүз түрдө жаңы интеллигенциянын өкүлдөрү аябай керек, себеби  жаш, билимдүү, таланттуу, уюштуруучулук жөндөмү жогору болгон мугалимдерге, айыл эли чаңкап турган мезгил.

Өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо, аларга жугумдуу билим берүү жылдан жылга көп көңүл бурууну талап кылып жатат. Чындыгында окуучу-мугалим мамилелери барган сайын татаалдашып баратат. Окуучулардын тартиби алсырап бараткандай. Учурдун окуучулары жаңы технологиялар  менен аябай эле алаксып калышты. Бул — коомдук жөндөмдөрдү үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн азайтууда. Бирок, бул алаксылоорго карабай, айыл мектептеринде билимге умтулган, компьютер, телефондон пайдалуу маалыматтарды ала билген, патриот, гумандуу балдарыбыздан куру эмеспиз десем жаңылышпайм.

ОКШОШ САБАКТАР МЕНЕН  БАЛДАРДЫН БИЛИМГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУСУН  ӨЧҮРҮП АЛБАЙЛЫ!

Азыркы глобалдашуу доорунда, техниканын өнүккөн заманында мугалимдердин артта калбай өнүгүүсү зарыл. Анткени  балдардын телевизор, телефондон алып жаткан маалыматтарына караганда, мугалимдин берген информациясы, билими кызыктуу, баалуу, таасирдүү болушу керек. Эскирген, бири-бирине окшош сабактар менен  балдарыбыздын билимге болгон кызыгуусун өчүрүп албайлы!

Демек, эл жашаган аймактар кичине болобу, чоң болобу, сөзсүз түрдө интеллигенциянын өкүлдөрү айыл элине керек! Ошондой эле алардын түзүлүшү үчүн колдоо гана керек! Себеби, жаңы муун жогоруда айтылгандай, супсак сабактарга кызыгышпайт, алар күн сайын мугалимдерден жаңыча, кызыктуу сабактар өтүлүшүн күтөт.

Заманбап айыл болуш үчүн, мектептерди  заманбап техникалар менен камсыздап, жаңы интеллигенция коомуна материалдык жана моралдык колдоону көрсөтүш керек. Мындай шартты түзүү үчүн жалгыз мугалимдин аракети жетишсиз. Ал үчүн азыркы орто муундун да колдоосу зарыл. Анткени азыркы учурда ар бир айылда “Жаштар коомдору” түзүлүп өз айылдарынын чечилбей жаткан маселелерин көптөп колдоого алып, чечип жаткан учуру. Мына ушундай коомдордун аткарып жаткан иш-аракеттери өсүп келе жаткан жаш муун үчүн үлгү жана чыныгы турмуштук тажрыйба. Демек, коомдун өсүп-өнүгүүсүндө мугалим жалгыз эмес, ага жардамчы боло тургандар көп.

Чыгаан педагог В.А.Сухомлинский: “Инсандын жан дүйнөсү толук чыгармачылык, ишмердик кайнаган жерде гана бала мугалимге, адам адамга магниттей тартылат”, — дегендей, ар бир баланын жан дүйнөсүндөгү чыгармачылыгын сыртка чыгарууда мугалимдин таасири өтө чоң.

Мугалимдик кесип — ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү, аны менен катар эле сыймыктуу да иш. Мен да өзүмдү дал ушул кесиптин ээси болгонум үчүн, интеллигенциянын өкүлүмүн дей алам.  Мугалим катары балдарга билим алуунун сырларын ачып, жашоого даяр болушуна, адамдык асыл сапаттарга ээ болушуна, ар тараптуу өнүгүшүнө, алардын ички дүйнөсүндө себилген үрөндөрдү өстүрүп чыгаруу, келечекте мыкты инсан болуусуна өбөлгө түзүп, тарбиялоо менин максатым. Берген билимим натыйжалуу жемиш бергидей болушу үчүн, мен тынымсыз ар тараптуу өнүгүп турушум керек. Анткени окуучу — бул мугалимдин жүзү.

Балдардын иш-аракеттерин көзөмөлдөп, жол көрсөтүп, багыттап, максаттуу нукка буруп туруучу, ар бир мээнетин баалап турган адам бул — мугалим.

Мугалим гана окуучуларынын баарынын кулк-мүнөзүн, эмнеге кызыккандыгын, балага эмне жагаарын кеңири айтып бере алган инсан.

Акырында айтаарым, интеллект — бул акыл-эс деген түшүнүктү берсе,  интелекттүүлүк  -билимдүү, акылдуу жана адеп-ахлагы менен башкаларга үлгү болгон маданияттуу инсан дегенди түшүндүрөт. Демек, интеллигенттүү адамдардын коомдогу орду баа жеткис десек болот, болгондо да айыл жергесине суу менен абадай зарыл. Ошондой ар тараптуу өнүккөн инсандарды тарбиялап, өстүрүү мугалим үчүн зор жетишкендик, эмгегинин үзүрү жана мээнетинин кайткандыгы деп билсек болот. Туура багыт алып, алдына  туура максат кое билген адам гана, өз эли-жеринин өнүгүп-өсүшүнө чоң салымын кошо алат.

“Жашоо адамга бир берилет, аны өкүнбөгөндөй жашап өтүү керек”, — дегендей, ар бирибиз түйшүктүү, талыкпаган эмгегибиз менен айыл  турмушун көтөрүү үчүн, интеллектуалдуу инсандарды чыгаруу үчүн аракеттенели!

Мен бул ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесибим менен сыймыктана алам. Анткени келечек муунга туура жол көрсөтүп, келечектеги даңгыр жолуна кетчү  жолду туура тандоосуна өбөлгө түзчү, жардам берүүчү инсан экендигим менен сыймыктанам. Ушул тарбиялап, билим берип жаткан окуучуларым айылымдын каймактары  жана интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү болооруна ишеничим зор.

Келечектеги интеллигенциянын өкүлдөрүнө билим берип жатканым менен мактана алам, жана алар менин аруу тилек, максаттарымдын өтөсүнөн чыгышат деген үмүттөмүн.

Сергул ЮЛДАШЕВА, №107 А.Жунусов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими,  Садырбай айылы, Кара-Суу району, Ош облусу

Бөлүшүү

Комментарийлер