НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК УУЛУ: “МУГАЛИМ ӨЗҮ ДА ТЫНЫМСЫЗ ОКУП, ҮЙРӨНҮҮ ЖОЛУНДА БОЛУШУ КЕРЕК”

  • 20.10.2022
  • 0

Быйыл да «Жылдын мыкты мугалими-2022» республикалык сынагынын баш байгеси Ош шаарындагы №52 мектептин энчисине тийди. Баш байгеге татыктуу болгон Кыргыз-түрк достугу мектебинин математика мугалими Акылбек уулу Нурсултан менен жол түшүп Ошко барып жолугуп, маектештим. Ал жолугушууга шаардык сынакта баш байгеге алган Матис-3 үлгүсүндөгү авто унаасын минип келип калды. Турмушта да, мектепте үлгү алган мугалими апасы экенин айткан Нурсултан, мугалим болуп иштеп келаткан алты жыл ичинде жетишкен ийгилиги, үй-бүлөсү, устаттары жөнүндө айтып берди.

НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК УУЛУ: “МУГАЛИМ ӨЗҮ ДА ТЫНЫМСЫЗ ОКУП, ҮЙРӨНҮҮ ЖОЛУНДА БОЛУШУ КЕРЕК”

— Мектепке ишке киргениме алты жыл болгону менен, студент кезден мугалим болуп иштеп баштаганымды кошкондо, баш аягы тогуз жыл болуп калат экен. Мен өзү Ош облусунун Ноокат районундагы Тажибай атындагы орто мектебин аяктагам. Мектептен кийин ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинде билим алдым. Студент кезимде мугалимим Гүлиза Борбаеванын сунушу боюнча Секом билим берүү жана өнүктүрүү борборунда иштеп жүрүп, мугалим болуп иштөөгө баш отум менен кызыгып кеттим. 2016-жылы окууну аяктап, Ош шаарындагы №52 Кыргыз-Түрк достугу мектебине математика мугалими болуп жумушка кирдим.

Мени мектепке кармап калган биринчиден — окуучуларым, экинчиден ынтымактуу эмгек жамааты жана жетекчилиги болду. Айрыкча, мектептин жетекчилиги мага окшогон жаш адистерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, методикалык жардам берүү үчүн ачык сабактарды коюп, сырттан тажрыйбалуу мугалимдерди атайын чакырып, үйрөтүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. ОшМУнун кыргыз тили жана адабияты мугалими Асылкат Маматова илимий изилдөөсүнүн апробациясын өтүүгө ушул мектепти тандап алганы бизге аябай ыңгайлуу болду. Насаатчы катары андан көптү үйрөндүм десем болот. Менден мурдагы жылы жеңүүчү болгон Ильгиз Шамырзаевдин насаатчысы да ошол эжей эле. Ал бизге: “Чыныгы мугалим кемчиликти өзүнөн издейт жана аны чечүүнүн жолун изденип табат”-деп ар дайым айтып келет, — дейт жаш адис Нурсултан.

Нурсултан сынакка чейин өзү башкалардан жардам алып үйрөнүп келсе, эми ага семинар, тренингдерди, мастер класстарды өтүү боюнча сунуштар түшө баштады.

— “Мыкты мугалим” наамын алгандан кийин, жоопкерчилик мурдагыдан да эки эсе күчөйт экен. Мыкты мугалимден үйрөнгүсү келгендер көбөйүп, мугалимдерден сунуштар түшө баштады. Андан сырткары, сырттан жүрүм-турумуңа карап, үлгү алсам деген көз караштарды да байкай баштадым. Чындыгында мугалимдин иши ансыз деле жоопкерчиликтүү эмеспи, окуучуларга билим эле бербестен, үлгү да болууга милдеттүүбүз деп эсептейм. Сынактын шаардык турунда жеңүүчү болгондо мэрия мага “Матис 3” үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаган. Айтылган жерге кечикпей барганга абдан ыңгайлуу болуп, жыргап эле калдым, -дейт кубанычын жашырбай.

НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК УУЛУ: “МУГАЛИМ ӨЗҮ ДА ТЫНЫМСЫЗ ОКУП, ҮЙРӨНҮҮ ЖОЛУНДА БОЛУШУ КЕРЕК” НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК УУЛУ: “МУГАЛИМ ӨЗҮ ДА ТЫНЫМСЫЗ ОКУП, ҮЙРӨНҮҮ ЖОЛУНДА БОЛУШУ КЕРЕК”

Жаш адис Нурсултан шаар мэриясынын “Эгерде республикалык сынакта жеңүүчү болсоң, батир белекке тартуулайбыз” деген убадасын эстеп, байсалдуу башталган мугалимдик жолуна, мугалимдик кесиптин үрөнүн сепкен ата-энесине тымызын ыраазы болот.

Нурсултандын үй-бүлөсү жалаң мугалимдерден куралган десек куп жарашат. Ата-энеси мугалим, алган жубайы Бакытбек кызы Элнура да апасындай башталгыч класстын мугалими. Экөө бир мектепте иштеп жүрүп баш кошкон. Муну тагдыр дейбизби, пешене дейбизби, кандай десек да, университеттен тогуз коргоол оюнуна барып жүрүп ушул кызга көз кыры түшкөнү бар. Анан ушул мектептен табышып, баш кошуп калышты.

— Мугалимди мугалим гана түшүнөт дегенге терең ынанам. Менин атам да, апам да мугалимдер. Атам Тажибаев Акылбек өзүнүн кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими болгону менен, мугалимдердин жетишсиздигинен, аскерге даярдоо сабагын кошумча окутуп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Апам Аттокурова Кимия башталгыч класстын мугалими. Апамды мектептен кетиргилери келбейт. Ал менин жана менин классташтарымдын биринчи мугалими. Классташтарымдын баары мыкты чыкты, арасында чабалы эле мен элем, “Жылдын мыкты мугалими” болгонумдан кийин, классташтарым мага телефон чалышып: “Эми сен да биздин катарыбызга кошулдуң” деп кубанышты, — дейт Нурсултан күлүп.

НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК УУЛУ: “МУГАЛИМ ӨЗҮ ДА ТЫНЫМСЫЗ ОКУП, ҮЙРӨНҮҮ ЖОЛУНДА БОЛУШУ КЕРЕК”

Мыкты классташтарынын катарына кошулган Нурсултан Акылбек уулу сынакта жетишкен жеңишинде көптөгөн устаттарынын салымы бар экендигин айтты. Үйүндө ата-энесинен, мектепте мугалимдеринен билим-тарбия алса, ушул кезге чейин ар түрдүү тармактагы адистерден билим, тарбия, тажрыйба алуудан баш тартпайт.

— Конкурска катышуу үчүн адам өзү биринчи психологиялык жактан даяр болушу керек. Конкурс мен үчүн тажрыйбалык жактан такшалуу, өзүмдү сыноо болду. Эми мен да насаатчы агайымдай, шакирт катары бирөөнү даярдап, мыкты мугалим деңгээлине чыгарсам деген максатым бар. Мисалы, былтыр мен Ильгиз агай менен сынакта баштан аяк бирге жүргөм. Быйыл мени да мугалим болом деген жаштар коштоп жүрдү. Мунун өзү команда түзүп, команда менен иштөө зарылдыгын айгинелейт. Бул эң сонун көрүнүш.

Мен сынакка катышууга мектепке адеп келгенден баштап эле өз ичимден даярдана баштагам. 2014-жылы Мелис Музулманов деген агайыбыз республикада биринчиликти алып, машина уткандан баштап кызыгуум ого бетер артты. Максатка жетүү үчүн тыкыр даярдык жана команда менен иштеше билүү керек. Мисалы, мен Мелис агайымдан грамматикалык сабаттуулукту, жүрүм-турумду үйрөнсөм, Дамира Курманбаевадан тактыкты, документ иштерин даярдоону үйрөндүм. Ал өз кесибине ушунчалык берилген адам. Эгерде бир эле учурда мектепте жана үйдө иш чыгып калса, ал эжейибиз сөзсүз мектепти тандайт. Мен да ишиме ошондой мамиле жасагым келет. Ал эми сахнада өзүн алып жүрүүнү, эл алдында чыгып сүйлөөнү кыргыз тилчи мугалим жана тамада Эртөштүк Жумабаев деген агайымдын шакирти болуп жүрүп үйрөндүм. Ильгиз агайымдан медиа сабаттуулукту үйрөндүм. Мына ушунун баары биригип, мени жеңишке жеткирди деп эсептейм, — дейт Нурсултан ийгилик сыры менен бөлүшүп.

НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК УУЛУ: “МУГАЛИМ ӨЗҮ ДА ТЫНЫМСЫЗ ОКУП, ҮЙРӨНҮҮ ЖОЛУНДА БОЛУШУ КЕРЕК” НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК УУЛУ: “МУГАЛИМ ӨЗҮ ДА ТЫНЫМСЫЗ ОКУП, ҮЙРӨНҮҮ ЖОЛУНДА БОЛУШУ КЕРЕК”

Нурсултандын айткандарын угуп отуруп, мугалимдик кесиптин үрөнү үй-бүлөсүнөн өнүп чыкса, аны бапестеп өстүрүп, мөмөлүү даракка айландырган мектеби экенине ынандым. Мектеп директору, мугалимдери жалаң жеңүүчүлөр болгон жерде, кантип башкалар да жеңишке умтулбасын?!

Нурсултан өзү университетте кызыгып катышкан тогуз коргоол оюнуна мектепте да жакшы көңүл бурулат экен. Нурсултандын окуучулары тогуз коргоол, “Билерман ордо” интеллектуалдык оюндарынын да активдүү катышуучулары. Жакында эле 8-класстын окуучусу Азема Эсеналиева Казакстанда өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын атынан барып коло медаль алып келди. Ал мектепте окуп жүргөндө математика боюнча олимпиадаларга катышып, облустук турга чейин келген. Университетте окуп жүргөндө 1-орунду ээлеген.

— Конкурска мыкты инсандар, мыкты педагогдор катышты. Балким менин конкурста артыкчылыгым – математиканы турмуш менен байланыштырып өткөндүгүм болгондур деп ойлойм. Математиканы турмуш менен багыттатып өтүп, көптөгөн окутуу технологияларын пайдаландым. STEM билим берүүнү практика жүзүндө сынап көрдүм. Окуучу сабакта өзү көзү менен гана көрбөстөн, колу менен кармап, сынап көрүп билиши керектигине көзүм жетти. Сиздин “Жеңүүчү болгондон кийин мектепти таштап кетүү жөнүндө ойлоно элексиңби?” деген сурооңузга менин жообум – конкурстан кийин мен тескерисинче, мектепте иштесем деген оюн бекемделди. Энергиям бар кезде дагы иштеп, окуучуларга билим берип, өзүмдү дагы такшалтышым керектигине ынандым. Мен конкурста жеңгенимди жогорку чекке чыгуунун алгачкы баскычына кадам таштадым, өнүгүүнүн бир эшигин ачтым деп эсептейм” – деп жооп берер элем. Балким кошумча окуу борборунда иштешим мүмкүн. Мени көрүп кээ бир окуучуларда “мугалим болуп деле машина алып, үйлүү болсо болот турбайбы” деген ой пайда болгону мени ого бетер шыктандырат. Албетте, бардык эле окуучуларымды математик кыла албасам да, аларды турмуштагы маселени чыгарууга үйрөтө алсам деген мүдөө-тилегиме жетериме ишенем, — дейт, “Жылдын мыкты мугалими” Нурсултан Акылбек уулу.

НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК УУЛУ: “МУГАЛИМ ӨЗҮ ДА ТЫНЫМСЫЗ ОКУП, ҮЙРӨНҮҮ ЖОЛУНДА БОЛУШУ КЕРЕК”

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер