Ноталардын аталыштары жана созулуштары

  • 14.01.2025
  • 0

Негизги компетенттүүлүк:

1) Маалыматтык компетенттүүлүк; НК-1;

2) Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк; НК-2;

3) Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү; НК-3.

Предметтик компетенттүүлүк:

1) Эмоциялык-баалуулук компетенттүүлүгү;  ПК-1;

2) Музыкалык-эстетикалык компетенттүүлүгү; ПК-2;

3) Аткаруучулук компетенттүүлүгү; ПК-3.

Сабактын максаты:

1) Билим берүүчүлүк:  Ноталардын аталыштары жана созулуштары жөнүндө түшүнүк алышат.

2) Өнүктүрүүчүлүк : Суроолорго жооп беришет жана ноталарды атап беришет.

Пианино аркылуу музыкасы менен ноталарды созуп жана тез темп менен аткарышат.

Жалпы, кичи топто жана жекече ноталарды үн чыгарып аткарып беришет.

Ноталык стан сызыгын сызышат жана ноталарды жазышат;

“Балаты” ырын угушат жана ноталары менен хор аткарышат.

3) Тарбия берүүчүлүк:  Кичи топто бири-бирин угуп жардам берүүгө көнүгүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы сабак

Сабактын усулу:

Музыкалык чыгарманы угуу жана талдоо;

Хор менен жана жекече ырдоо;

Көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү прогресс
стратегиясы;

Түшүндүрүү жана негиздөө стратегиясы;

Окуучулардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы– нота жазуу иштери.

Сабактын формасы: Жалпы, кичи топто, жекече.

Сабактын жабдылышы: Ноталар, ноталык стан сызыгы, пианино, карандаш.

“Балаты” ырынын тексти, ватман скотч, маркер.

Сабактын жүрүшү:  Уюштуруу

Класстык чөйрөгө, окуучулардын керектүү каражаттарына байкоо жүргүзөм.

ШЫКТАНДЫРУУ: ( 1 минута)

Кана достор, алга!

Шыгыңарды ачкыла.

Ак шооладай ааламга,

Нуруңарды чачкыла!

Сабактын темасын, максатын окуучуларга угуза айтам. (1 минута)

Балдар, музыка сабагынан биз ноталардын аталыштары жана созулуштарын өтөбүз. Ноталардын аталыштары жана созулуштары жөнүндө түшүнүк аласыңар. Суроолорго жооп бересиңер жана ноталарды атап бересиңер. Пианино аркылуу музыкасы менен ноталарды созуп жана тез темп менен аткарасыңар. Жалпы, кичи топто жана жекече ноталарды үн чыгарып аткарып бересиңер. Ноталык стант сызыгын сызып, ноталарды жазасыңар. Балаты ырын угуп, ноталары менен хор аткарасыңар.

Жаңы тема: Ноталардын аталыштары жана созулуштары

Суроо: Музыкалык сабатта канча добуштарды  билесиңер? (3 минута)

Атап бергилечи? Нотаны кантип созобуз?

Ойлонууга 20 секунд убакыт беремин.

Талкуу: Окуучулар өз ойлорун айтышат.

— Музыкалык сабатта жети добуш бар.
До Ре Ми Фа Соль Ля Си До.

— Нотаны созуп жана кыска айтсак болот.

Кайчылаш пикир: — Музыкалык сабатта сегиз добуш бар деп 1-“Б” класстын окуучусу айтты. Силер ушул ойго кошуласыңарбы?

— Жок.

— Эмне үчүн кошулбайсыңар?

-Анткени До добушу  экинчи кайталанып айтылат, ошол үчүн музыкалык сабатта жети добуш бар.

Моделдештирүү жана жыйынтыктоо:

(6 минута)

— Балдар, добуштарды жазуу белгисин  нота дейбиз. Музыкалык сабатта жети добуш бар. Кайталап көрөлүчү: (Пианинонун жардамы менен)

Ноталардын аталыштары жана созулуштары

До Ре Ми Фа Соль Ля Си До

Музыкалык сабатта ноталар ар түрдүү болуп созулат.

Ноталардын аталыштары жана созулуштары

Мисалы: 

Добуштарды нота менен жазыш үчүн жарыш ноталык сызыктар чийилет. Беш жарыш сызык ноталык стан деп аталып, төмөндөн жогору карай саналат.  Ал сызыктарды ноталык стан дейбиз.

Ноталар туура жайгаштыруу үчүн ноталык стандын башталышына ачкыч коюлат. Соль нотасынан башталган ачкыч скрипкалык ачкыч деп аталат.

Ноталардын аталыштары жана созулуштары

Ноталар – ноталык стандын сызыктарына жана сызыктардын ортолорунда жазылат.

Ноталардын аталыштары жана созулуштары

Калыптандыруучу баалоонун “Кол белги” техникасын колдоном. (2 минута)

Балдар, бүгүнкү теманы ким түшүнгөн болсо колубуздун бармагын жогору көтөрөбүз.

Ноталардын аталыштары жана созулуштары

“Бир аз түшүнбөй калдым” дегендер

“Эч нерсени түшүнбөдүм!” дегендер

Ноталардын аталыштары жана созулуштары

— Айтчы сен эмнени түшүнбөй калдың?

— Сен эмнени түшүндүң?

Ар бир окуучу өз оюн айтат. Ал ойлорго толуктоо жүргүзүлөт.

Ноталардын аталыштары жана созулуштары

ПРАКТИКА:

1-Тапшырма:  Жалпы, кичи топтордо жана жекече ноталарды үн чыгарып аткарып бересиңер.  (4 минута)

Физминутка: (1 минута)

До, до, до, до мен болом,

Ноталардын агасы.

Ре, ре деген мен болом,

До агамдын иниси.

2-Тапшырма: (8 минута) Ноталык стан сызып, ноталарды жазасыңар.

Ар бир кичи топ биргелешип ноталык станга ноталарды жазышат.

Ноталардын аталыштары жана созулуштары

Ар бир кичи топтон бирден окуучу чыгып, добуштарды үн чыгарып окуп берет. (5 минута)

Сабакты бышыктоо: (9 минута)

— Балдар, жакында кандай майрамды белгиледик?

— Жаңы жыл майрамын.

— 2024-жылды Президентибиз эмне жылы деп белгиледи эле?

— “Тоолордун эко системасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыяланган жана 2024-жыл “Кылым окуяларынын жылы” деп белгиленди.

— 2024-жылында Кара-Кыргыз АОнун түзүлгөндүгүнө 100 жыл толду. Анткени Кара- Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 21-октябрда түзүлгөн. 100 жылдык мааракеге биздин мектептин мугалимдер жамааты жана  окуучулары өз салымдарын кошуп, иш-чараларды өткөрүштү. Бул иш-чаралар башка  аймактарда да өткөрүлдү.

— Балдар, Жаңы жыл жөнүндө кайсы ырды үйрөндүк эле?

— “Балаты” ырын.

Сөзү:

З.Александрованыкы,

Обону: М.Красевдики

Алгач “Балаты” ырын угуп алалы. Пианинонун жардамы менен добуштарды атап ырдап чыгабыз.

Ар бир сапты кайталап чыгалы.

Ырдын бир куплетин толук обону менен хор аткаралы.

  1. Кичине балаты үшүдү кышта,

Токойдон алып келдик калтырбай тышка.

Токойдон алып келдик калтырбай тышка.

 

  1. Канча бир оюнчук кооздоп байладык,

Алтындан тоо бурчак, пряник камдадык

Алтындан тоо бурчак, пряник камдадык.

 

  1. Айланып биз аны ырдап бийлейбиз,

Кутмандуу Жаңы жыл, келсең кетпегин.

Кутмандуу Жаңы жыл келсең кетпегин.

 

— Балдар, бүгүнкү сабак эмнеси менен силерге  кызыктуу болду?  (3 минута)

— “Балаты” ырын ырдоо, ноталарды обону менен айтуу, биргелешип иштөө, ноталарды жазуу, физминуткадагы ноталар, ноталардын созулушу, пианино менен аткаруу, белек алуу жакты.

Класстагы окуучулардын иш-аракетине жалпылап баа берем. (2 минута)

Катышуучуларга ыраазычылык билдирем. Балатыдагы белектен берем.

Ноталардын аталыштары жана созулуштары

Замира АТАКУЛОВА,
№70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими, Билим бер
үүнүн мыктысы, Кара-Суу району

Бөлүшүү

Комментарийлер