НАЗГҮЛ КАНЫБЕКОВА: “МЕНИ МУГАЛИМ КАТАРЫ ТАПТАГАН – ОКУУЧУЛАРЫМ”

  • 08.10.2024
  • 0

Бишкекте өткөн республикалык “Жыл мугалими – 2024” сынагынын баш байгесин ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды. Ал «КР билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана Ардак грамота менен сыйланды.

НАЗГҮЛ КАНЫБЕКОВА: “МЕНИ МУГАЛИМ КАТАРЫ ТАПТАГАН – ОКУУЧУЛАРЫМ”

Мыктынын мыктысы

Билим берүүнүн тарыхында биринчи жолу чоң байге коюлду, жети дубандан 17 предмет боюнча эң мыкты деп аталган 128 мугалим  келген эле. Конкурс  үч тур менен өтүп, иргелип отуруп акыры 21 мугалим күч сынашты. Акыркы 3-турдан кийин гран-прини жана «Жылдын мыкты мугалими» номинациясын ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды.

Назгүл Каныбекова 1990-жылдын 19-майында Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында карапайым адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Ал тогуз  бир туугандын эң кичүүсү. Назгүл 1997-жылдын 1-сентябрында Сатыбалды Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебине 1-класска кирип, 2008-жылы артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин математика адистигине тапшырып, 2014-жылы бул окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ушул эле жылы аталган окуу жайдын магистратура бөлүмүнө тапшырып, 2016-жылы аны дагы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сынактын жеңүүчүсү 2014-жылдан бери ОшМУнун “Билим” лицейинде окуучуларга математика сабагынан билим берип келатат. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын энеси. Жолдошу Балажан Ахматов, Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде дене тарбия мугалими болуп эмгектенет.

Ийгиликтин ачкычы

— Ар бир ийгилик, ар бир жакшылык жөн жерден келе калбасы белгилүү. Анын артында көп жылдык мээнет, аракет, ата-эненин, устаттардын батасы, ыраазычылыгы турат. “Дагы кайсы чиновниктин тууганы?” – деген соцтармактагы комментарийлерди окуп алып жылмайдым. Анткени мен карапайым үй-бүлөдө төрөлүп, чоңойдум. Карапайым үй-бүлөгө келин болуп келдим. Тогуз бир туугандын эң кичүүсүмүн. Кечээ конкурстун жыйынтыгы чыкканда ата-энеме чалып, мени төрөп чоңойткону үчүн ыраазычылык билдирдим, — дейт Назгүл.

Биздин каарманды ыраматылык Каныбек Исаковдун кызы деп да  чыгышты. Анткени  ал чындыгында эле Каныбек агайдын шакирти болгон.

— Айрым суроо салгандарга ал киши экинчи атамдай болуп калган устатым экенин түшүндүрдүм. Атамдай болуп калганы, кызындай кам көргөнү жалган беле. Тирүү болгондо терисине батпай барбалаңдап сүйүнмөк, кайран гана агайым!.. Адамдын жашоосундагы эң чоң бактысы – жакшы мугалимге туш болушу экенине ынанам. Анткени мектепте да, университете да эң жакшы устаттарга туш болдум. Мен ар бир жасаган ишимди конкурс үчүн, жеңиш үчүн деп аракет кылган эмес элем. Жөн гана ар бир сабагыма окуучулардын алдында уят болбоого тырышып, алардын суроолоруна жооп таба албай калбайын, математиканы ар биринин дараметине, деңгээлине, кызыгуусуна жараша окутайын деп жүрүп олтурдум. Ошондуктан мени мугалим катары таптаган биринчи сынчыларым – окуучуларым, — дейт жеңүүчү.

“Оюнум да, оюм да, басканым да, турганым да мугалимди туурап атып мугалим болуп калдым”

Ар бир баланын шыгына, дараметине, деңгээлине жараша математиканы окутуу – бул менин “идеологиям”.

Кепти бир аз алыстан, мугалимдик кесипти кантип тандап калгандыгымдан баштагым келип турат. Баланын чоңойгондо ким болору анын кичинесинде ойногон оюнунан эле билинет экен деп ойлоп калдым. Кичинекей кезимде мени атам менен апам “басканын кара, басканын, эжекенин басканындай” деп эркелетишчү. Анда мен ансайын боюмду түзөп, согончогумду көтөрүп (эжекемин туфли кийгенин туурагым келген го), какайып басчумун. Эч качан өзүмөн чоңдор менен ойногон эмесмин. Жалаң гана өзүмдөн кичинелерди айланама топтоп алып ойногон жакчу. Эки жакка эки тазикти көмөрө коюп, анын үстүнө узун тактайдан жаткырып парта жасап, таштардан олтургуч тизип, ашкананын артына, көңкананын жанына дароо эле “Дүйшөндүн мектебин” кура кетчүмүн. Алар кичинекей да, али окуй элек. Үйүндө дептер-ручкасы жок. Ошондуктан өзүм аларга эки сомдук көк дептерди ортосунан кыркып, сыртына аты-жөнүн жазып, анан кленка пакет менен сырттап… Пакеттен дептер тыш жасоо да өзүнчө керемет иш. Аны тегиздеп кыркасың, бириккен жерлерин күкүрттү күйгүзүп туруп басып-басып койсоң өзүнчө эле “дельфин” тыш дапдаяр. Ошентип, ар биринин  колуна карматам. Сабактан кийин сөзсүз жыйнап алам. Антпесе кайран мээнет күйбөйбү.

Кудум эжекемди туурап эшиктен кирип, алар менен саламдашып өзүмө даярдаган “өзгөчө” орундукка олтуруп, сабак баштайм. Көбүнчөсү мактап, алакандарына, дептерине беш коюп берем. Өтө берилип кеткенде уруша кетем, эки да коюп жиберем. Андайда окуучуларым “мен ойнобойм” деп кетемге түшөт. Кайра эле өзүм жалдырайм “эжеке деген калп эле урушат да” демиш болуп.

Доскабыз – сыртынын краскасы көчкөн көк трактордун эшиги. Бор маселесине келсек акыбалым оор болчу. Азыр ойлоп көрсөм, ошол кезде доскага жазган ак борлор таңкыс болгон окшойт. Себеби менин эжекем 2-3 борду кагазга ороп келип жазып, кайра сабактын аягында унутпай кагазына тамекини орогондой көздү кызартып ороп, кайра алып кетчү. Унутуп калса экен деген тилегимди таш каап кала берчүмүн. Анткени менин борум – кадимки отко күйүп бүткөн жыгач – көө эле. Трактордун эшигине жакшы эле жазылчу. Болгону кайра өчүрүү кыйын эле. Колдорум капкара болуп, тилик-тилик болуп жарылып кеткенине деле кайылмын.

Ошентип, оюнум да, оюм да, басканым да, турганым да мугалимди туурап атып бул кесипке болгон сүйүүм артып мугалим болуп калдым.

XXI кылым – илим менен техниканын кылымы деп айтып келебиз. Илимде да, техникада да болуп көрбөгөндөй чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ушундай заманда биз 20-30 жыл мурдагы методдорубуз менен эле балдарды окута берсек, анда биз алардын келечегин уурдаган болоорубуз айкын. Бүгүн биз ар бир баланын деңгээлине, шыгына, кызыгуусуна жараша предметибизди багыттабасак болбойт.

Бул окуучуларды жакшы-жаман деп бөлүүгө алып келет дешиңиз мүмкүн. Жок, андай эмес. Бул ар бир баланын туруктуу өнүгүшүнө алып келет. Үйдө да 5 жашар кызыңызды дандырга нан жап деп урушпайсыз да, дандырга нан жапканды билбей атат деп капа да болбойсуз. Андан көрө чаң аарчы деген тапшырма берсениз, кызыңыз да апама жардам берип жатам деп мунун кубануу менен жасайт. Класста да ар бир окуучу математикадан коюлган тапшырмаларды чыгара алганына кубанат, шыктанат, умтулуу пайда болот.

Совет педагогу математик-физик Виктор Федорович Шаталов: “Окуй албаган бала болбойт, окута албаган мугалим болот” деген. Окуудагы жакшы жыйынтыктын кепилдиги – бул мугалим тарабынан класста түзүлгөн жагымдуу, чыгармачыл атмосфера. Муну Шаталов “туздалган бадыраң принциби” деп атаган. “Эгерде банкадагы туздалган сууга бадыраңды салсаң ал кааласа да, каалабаса да туздалган болот” деп айтканы бар. Андыктан бардык бала окууга, ишмердүүлүккө тартылган класста окубай олтурган баланын өзү болбойт”.

Жандоочу кийик аттырат…

Илгертен кыргызда эл башкарган падышалар эс алууга, аң уулоого чыкканда жанына эң жакын, ак ниет вазирин ээрчитип алчу экен. Анткени Кудайым ырыскыны кайыптан берет эмеспи.

НАЗГҮЛ КАНЫБЕКОВА: “МЕНИ МУГАЛИМ КАТАРЫ ТАПТАГАН – ОКУУЧУЛАРЫМ”

— Жандоочуң ниети ак болсо жолуң ачык, жумушуң шыр болот дегенге кечээ конкурска барганда дагы бир ирет ынандым. Мени жандап барган устатым Жоогазын Мырзабековна мени менен бирдей уйкудан калып, мен сабакка кирип кеткенде олимпиадада күрөшкө шакиртин салып жиберген тренердей эле тердеп-кургап атты. Эжекенин ар бир токтоо айткан кеңешин илип алып, керек жерде пайдаланып аттым.  Экинчи жандоочум – досум Айчүрөк. Ички сырткы сулуулугу бир-бирине дал келген өзгөчө инсан. Эч кимге катуу айтпаган, бирөө менен урушканды да билбеген жумшак кыз. Үчүнчү жандоочум — түстүү принтерин жүктөп алып, жанына күл азыгын камданып, бизден мурда жолго аттанган өкүл балам Эламан. Ал менден өтүп шашма. Колума кол, бутума бут болуп, бардык жакка ташып жатты.  Бул үч адамга өзгөчө ыраазычылык билдирем, — дейт жеңүүчү.

Сынактын жыйынтыгы чыкканда Назгүлгө чалып, сүйүнчүлөсөм, ыйлап жиберди. Көрсө, турмуштун айынан жолдошу үй алганга акча топтоп келейин деп Россияга миграт болуп кеткен экен.

— Эгерде үй утсаң, анда келем деди жолдошум. Менин кызым да үй алсак деп тилей берет. Буюрса, тилегибиз орундалды, — деп кудуңдады.

“Жакшы тилек, жарым ырыс” демекчи, сынакка коюлган баш байге да берилип калаар.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”    

Бөлүшүү

Комментарийлер