НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУДАГЫ НЕГИЗГИ САПАТТАР

  • 12.05.2023
  • 0

Нарын облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы эки күндүк окутууда катышкан билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүүдөгү реформаларды ишке ашырууда мектеп директорлорунун орду өзгөчө экендигин белгилеп, республика боюнча директорлорду окутуунун жүрүшү мунун бирден-бир себеби экендигин билдирди.

НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУДАГЫ НЕГИЗГИ САПАТТАР

Мектеп директорлорунун орду өзгөчө

Маалыматка ылайык, окутуунун жүрүшүндө натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары, тармактагы эмгек укуктарынын жөнгө салынышы, жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары, жалпы республикалык тестке даярдануу ж.б. темаларда презентациялар жасалды.

НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУДАГЫ НЕГИЗГИ САПАТТАР

Ошондой эле катышуучулар топторго бөлүнүп, математикалык, табигый-илимий, окуп-түшүнүү жана санариптик сабаттуулук темаларынын үстүндө иш алып барышууда.

Окурмандык сабаттуулук

Нарындык директорлор үчүн  өткөн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы эки күндүк окутууда  Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент  Айнагүл Ниязова окурмандык сабаттуулук боюнча презентация жасады.

НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУДАГЫ НЕГИЗГИ САПАТТАР

— Функционалдык сабаттуулук – адамга окууга, жашоого, иштөөгө жардам бере турган сабаттуулук. Анын  негизги жана кошумча багыттарына токтолсок, маселен, негизгиси — математикалык , окурмандык  жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук. Кошумча багытына – финансылык, глобалдык компетенциялар, креативдик (чыгармачыл) ой жүгүртүү жана  санариптик кирет. Функционалдык сабаттуулукту изилдөөнүн модели РISA – 2018 карап көрсөк: табигый илимий сабаттуулук — 33%, глобалдык компетенциялар — 22%,  математикалык сабаттуулук  — 33%, окурмандык сабаттуулук — 4% түзгөн, — дейт вице-президент.

PISA – бул эмне?

— Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программасы (англ. Programme forInternationa lStudent Assessment,) — бул дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жана билимди практикада колдонуу мүмкүндүгүн баалоочу тест. 1997-жылы иштелип чыккан, биринчи жолу 2000-жылы өткөрүлгөн. Үч жылда бир жолу өтөт. Тест экономикалык жана өнүгүү уюму тарабынан улуттук борборлордун катышуусунда, алдыңкы эл аралык илимий уюмдар менен биргелешкен консорциумда уюштурулуп жатат. Изилдөөгө 15 жаштагы өспүрүмдөр катышат. Максаты — окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалоо. PISA – окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдейт. Изилдөө негизги үч багытта жүргүзүлөт: окуу, математикалык жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук, — дейт А.Ниязова.

PISAнын изилдөөсү боюнча  Чыгыш Азия өлкөлөрүндө мыкты орто билим берүү боюнча Кытай, Корея, Сингапур, Япония, Европада Финляндия, Эстония, Швейцария, Польша жана Нидерланды өлкөлөрү алдыңкы ондукка киришкен.

Ийгиликтерге жетүүнүн жолдору

— Бардык сабактарды (тилдер, математика, тарых, химия, биология ж.б.) окутууда негизги орунду окурмандык сабаттуулук ээлейт. Ошондуктан окутууда окурмандык сабаттуулукту өнүктүрүү зарыл. Окуу сабаттуулугу – адамдын алдына койгон максаттарына жетүү, билимин жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук турмушка катышуу үчүн тексттерди түшүнүү, колдонуу, баалоо, алар жөнүндө ой жүгүртүү жана окуу жөндөмдүүлүгү. Ал эми функционалдык окуу – бул белгилүү бир маселени чечүү же белгилүү бир тапшырманы аткаруу үчүн маалымат табуу максатында окуу. Функционалдык окууда көрүп окуу (просмотровое чтение) жана аналитикалык окуу ыкмалары (негизги сөздөрдү бөлүп көрсөтүү, диаграммаларды, графиктерди, таблицаларды түзүү) колдонулат. Ошентип, балага текст менен иштөөгө, аны өзгөртүүгө, талкуулоого, жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү менен биз логикалык ой жүгүртүүсүн, жазуу жана оозеки сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө салым кошобуз, ошону менен окуу сабаттуулугун калыптандырабыз, — дейт Айнагүл Маликовна.

Күчтүү абитуриенттер тандалат

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн тест, анын максаты, ролу тууралуу жасаган презентациясында абитуриенттердин 70% айылдыктар экенине токтолду.

– ЖРТнын максаты — ЖОЖдордо окуусун улантып кете ала турган жөндөмдүү абитуриенттерди тандоо.  Анын социалдык ролу – жогорку билим алууга бирдей мүмкүндүк түзүү. Билимдин көлөмүн эмес, жөндөмдү аныктай турган негизги жана жетишкендикти аныктаган предметтик тесттер тапшырылат.  Натыйжасы – ЖОЖдорго баарынан жөндөмдүү жана даярдыгы күчтүү абитуриенттерди тандоо болуп саналат. Абитуриенттердин 70%ы – айылдык,  алыскы аймакта жашаган абитуриенттер.  117 тест борбору иштейт, — дейт директор.

Тест эмнени текшерет?

Мисалы, математиканы алалы.  Концептуалдык түшүнүүдө – түшүнүктү, модель, диаграмма ж.б., аныктамаларды  билүү жана колдоно алуу, ошондой эле тыянак чыгара билүү текшерилет.  Процедуралык билимдер — туура чыгаруу ыкмасын аныктайт, маалыматты (таблица, график, диаграмма) чечмелейт, белгилүү бир кырдаалды алгоритмдештирет. Маселелерди чыгарууда — маселени аныктоо жана аны формулировкалоо, чыгаруу ыкмасын тандоо жана аны конкретүү жагдайга жараша өзгөртүү жана билимин жана ой-жүгүртүүсүн берилген кырдаалда колдонуу билүү керек.  Ал эми тесттин сөздүк-логикалык бөлүмүндө ой-жүгүртүүнү сөздөрдүн, сүйлөмдүн жана тексттин деңгээлдеринде текшерет.

НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУДАГЫ НЕГИЗГИ САПАТТАР

— Өткөн жылы Нарын облусу боюнча ЖРТнын жыйынтыктарын карап көрөлү. Жалпы катышкандар – 3540, 110 упайдан жогору алгандар — 59,6%, гранттык орундарга — 426, контракка — 1077 бала кабыл алынган, — дейт Ч.Батракеева.

ЖРТ катталган ар бир абитуриент үчүн жыл сайын акысыз китепчелер, тестке даярдануу үчүн колдонмолор берилет.

Иш-аракеттер өз жемишин берет

Эки күндүк иш-чарага катышкан  Бейшенаалы Бекжанов атындагы орто мектебинин директору Эсенкелди Токтобаевдин маалыматында семинарга республиканын башка облустарынан келген бенифицарлар да өздөрүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

— Министрдин иш сапарынын экинчи күнүндө Нарын мамлекеттик университетинде PISA — 2025 эл аралык баалоо боюнча сабактар өтүлдү. Министирликтин жана баардык билим берүү жаатындагы кызматкерлердин бул иш-аракети келечекте жакшы жемишин берип, өлкөбүздө өнүгүү болот деп ишенем, — дейт элеттик жетекчи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер