НАСААТЧЫ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ

  • 09.06.2022
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду  “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагындагы ментордук программасын ийгиликтүү ишке ашырып жатат.  Жакында эле Ош шаарында долбоорго тартылган менторлор үчүн тренинг өткөрүлүп, анда кантип менти кыздарды долбоорго тартуу керек, алар менен кайсы багытта сүйлөшүп, алардын лидерлик сапаттарын кантип ачуу керек  ж.б.у.с. маселелердин тегерегинде ачык-айкын талкуу жүрдү. Көбүнчө кыздардын долбоорго тартылышына ата-энелер кызыкдар эмес экени баса белгиленди.

НАСААТЧЫ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ

Кыздарга туура жол көрсөткөн программа

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директорунун орун басары Роза Кайыкова,  ментордук программа боюнча эксперт Анипа Усупкожоева ментордук программа боюнча эки жарым жылдын аралыгында көптөгөн иш-чаралар өткөнүн,  долбоорго катышкан ар бир инсандын  иш-аракеттеринен көп иштер аткарылып жатканын, аны алдыга  жылдырып, жемиштүү жыйынтыктарга жетүүдө ар бир катышуучунун эмгеги зор экенин белгиледи.  Ошондой эле фонд тарабынан STEM билим тармагындагы устаттык программаны “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду чыгарган  колдонмодо ментор, менти деген ким, алар кандай шартта иштеши керек ж.б.у.с. толгон-токой маселелерди чечүүчү,  кыздарга туура багыт берүүчү  орус жана кыргыз тилинде жарык көргөнү айтылып,  тренингдин ар бир катышуучусуна таратылды.

НАСААТЧЫ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ

Тренингдин катышуучулары бул программаны чектебей, жалпы региондорго жайылтып, толук маалымат берүү,  кыздарга эле эмес ата-энелерге да телевидение аркылуу жеткиликтүү түшүндүрмө берүү, тажрыйба алмашуу ж.б.у.с. сунуштарды ортого салышты. Өзгөчө ата-энелер менти кыздарды менторлор менен жолуктурбай, убакыттарын чектеп коюп жатышканы бир топ тоскоолдуктарды жаратып жаткандарын айтышты. Бул жерден ата-энелерге түшүндүрмө берүү керек экени өзүнөн-өзү эле келип чыкты.

Ментор деген ким?

Ментор — насаатчы, устат. Кыздардын келечегине кам көрүп жатышкан  менторлор бир сом айлык албай бирөөлөрдүн балдарына убакытын коротуп, аларды туура жолго салганга далбастап иштеп жүргөндөрү алкышка арзыйт. Насаатчылар, урматтуу ата-энелер, балдарды тарбиялоодо зор күч берип жатышат. Маселен, айрым гана ата-эне кызын, баласын маданий жайларга, т.а. театрга,  музейге, паркка экскурсияга алып чыгып, келечекте кесип тандоосуна багыт берсе, көбүнчөсү колунун бош эместигин шылтоолоп алып бармак турсун, түшүндүрүп, жок дегенде баласынын ал-ахывалын сурап койбогондор четтен чыгат. Ошондуктан өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген балдардын саны арбып, мугалимдерге, улуу адамдарга каяша айтып, айрым учурда кол салгандар кездешип жатканы өкүндүрөт. Мына ушундай жолдордон алыстатып, кыздарга туура жол, багыт берген насаатчылар — ата-энелердин түздөн-түз  жардамчысы.

НАСААТЧЫ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ

Ментордук (насаатчылык, устаттык) программага тартылган көптөгөн кыздар кесип тандоодо туура багыт алып, элдин алдына чыгып сүйлөгөндү үйрөнүп, ар кандай кызыктуу сынактарга катышып, айрымдары өз колдору менен спутник жасап, сферага учурганга жетишти. Бул  программага кирген кыздар эки-үч айдын ичинде ачылып, жашоого башка көз караш менен карап, өзгөрүп жатат. Анткени менторлор жашоо турмушунда ийгиликтерге жетишкен белгилүү айымдар. Алар өз тажрыйбасынын негизинде кыздарды тарбиялап, өзгөчө табигый илимдерге басым жасап жатышат. Албетте, мындай жолугушуудан кийин менти кыздар ата-энесине, бир туугандарына  айтпаган сырларын  устатына айтып, жүрүм-турумдары оңолуп, керек болсо өз курдаштарына лекция окуп, аларды дагы долбоорго тартып жаткан кыздар жок эмес.

Өнүккөн өлкөнүн  тажрыйбасы

Өнүккөн өлкөлөрдө ментордук программа абдан жакшы өнүгүптүр.  Американын белгилүү компанияларында сөзсүз түрдө ментордук багыт бар экен.

— Туура багыт, туура тарбияласак балдарыбызды күчтүү инсан кылып өнүктүрөбүз. Ошол сыяктуу эле кесибибизге байланыштуу жакшы устат тандап алып, анын аркасы, демилгеси, багыты  менен  иш жүргүзсөк,  ал жемиштүү жыйынтыктарды берет. STEM  багытындагы ментордук программа башкалардан айырмаланат, биз  кыздарды табигый илимдерге багыттайбыз. Өнүккөн мамлекеттерде STEM багытына өзгөчө көңүл буруп, аны өнүктүрүү  эң  биринчи талап. Ал эми бизде эми гана бул долбоорго  көңүл бөлүнө баштады. Мисалы, пандемия  мезгилин алсак. Мугалимдер онлайн-сабак өткөнгө даяр эмес болчу. Ушундай жагдайлар жашоого башкача көз караш менен, башкача иш жүргүзүүнү мажбурлайт. “Илимдеги кыздар” деп долбоор бекеринен аталган эмес. Мүмкүн болушунча кыздарды илим, технология багытына тартсак. Кыздар менен ментор өзүнүн башынан өткөн  тажрыйбасы менен бөлүшүп туруусу керек. Кыздар окуусунда кыйналып жатабы, курдаштары менен пикир келишпестиктери барбы, же үй-бүлөдөгү  кыйынчылыктар,  же ата-энеси менени пикир келишпестик болуп жатабы,  ушул учурда өспүрүм кыздардын жанында болуп, коркунучтуу нерседен да сактап калууга ментордун алы жетет, — деди Анипа Усупкожоева.

Ментордун ишиндеги  гендердик өзгөчөлүктөр
Эксперт Гүлжамал Султаналиеванын пикиринде,  бардык  балдарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү  керек. Ментордук программадагы кыздар да ар түрдүү. Аларды кантип бириктирүү керек, кантип багыт берүү керек деген маселе жок эмес. STEM  багытына аялдардын катышы боюнча  жасалган анализге көз чаптырсак, маселен, 1903-жылдагы Мария Кюринин мезгилинен бери физика, химия жана медицина боюнча Нобель сыйлыгын 17 аял гана алганга  татыктуу болгон, ал эми  бул сыйлыкты 572  эркек алган. Демек, STEM багытындагы  бул стереотип дүйнөлүк деңгээлдеги көз караш бар экени статистика көрсөтүп жатат.

НАСААТЧЫ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ

— Мусулман өлкөлөрүндө куран кабыл алган мамлекеттерде аялдар эркектер менен тең тайлашып, ийгиликтерге жетишет. Көп өлкөлөрдө аялдардын алдыга жылуусуна стереотип тоскоол эмес, — деди эксперт.

Демек, бала болобу, кыз болобу эң биринчи өзүнүн таанып билүүсү,  “мен киммин,  мен өнүккөнгө даярмынбы?”  ж.б.у.с.  өзүн-өзү баалоосу жогору болушу  керек. Өзүнө ишенүү, алдыга жылуу чоң ролду ойнойт.

— Кыздарды тандап жатканда бир кыздын жообуна таң калдым. “Так илимдерди жакшы көрөм, бирок биздин мугалим жакпайт, сабакты жакшы түшүндүрбөйт, уруша берет”, —  деди. Демек, мугалим терс мамилеси менен кыздын кызыгуусуна бөгөт коюп койгон.  STEM тандоосу үй-бүлөгө да  байланыштуу.  Ата-энелер “кыз бала күйөөгө чыгышы керек, эне болосуң, болду”  деп чекит коюп коюшат.  Ал кыз эне болгондо баласына кандай  тарбия берет, балага кандай багыт бере алат?  Гендердик көз карашта — үй-бүлө чоң роль ойнойт, — дейт Г.Султаналиева.

STEM багытында туура эмес көз карашты калыптандырган  окуу китептери бар экени айтылды.  Алсак, тренингдин катышуучуларынын пикиринде , “Алиппе” окуу китебин ачканда эле аял киши кир жууп отурат, эркек  ат минип турат.  Кыздарды кичинекей кезинен эле алардын орду үйдө гана отуруу деген ой пикир мээлерине сиңирилген. “Адам жана коом” деген китепте жалаң белгилүү  эркектердин сүрөттөрү менен маалыматтар коюлган. Ал эми белгилүү  Р.Ачылова, Ч.Баекова  айымдар тууралуу берилбептир.

НАСААТЧЫ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ

Ментордуктагы коуч-позиция
— Ментор шакиртти алдыга коюлган максаттарга карай алга илгерилете турган жана шакирттин өзгөрүүлөрү жана натыйжалары үчүн контекстти түзө турган иш-аракеттер пландарын түзүүдө шакиртти колдойт. Ошондой эле ал шакирт мурдагы жолугушууларда өзүнө милдеттенме алган аракеттер жөнүндө андан сурап, аракеттер кандай жүрүп жатканына көз салат. Шакирт эмнелерди жасай алганын, эмнелер колунан келбей жатканын, ал эмнелерди үйрөнгөнүн, мурдагы жолугушуу өткөн убактан бери эмнени аңдап-түшүнгөнүн билет. Суроолордун жана колдоонун жардамы менен ментор шакиртке жолугушуулардын ортосунда жолдон чыгып кетүүгө мүмкүндүк бербейт. Мындан сырткары кыздардын  чечимдерди кабыл алууга, өзөктүү маселелер менен иштөөгө жана өнүгүүгө (кайчы байланышты алууга, артыкчылыктарды жана окуунун темптерин белгилөөгө, ойлонууга жана тажрыйбадан таалим алууга) жөндөмүн өнүктүрөт, — дейт гендер боюнча эксперт.

 

Менторлордун пикири

Акчач ЖОЛДОШОВА, ОшМУнун психология кафедрасынын жетекчиси, ментор:

НАСААТЧЫ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ

— Ментордук ишти мен он жыл мурда эле баштагам. Мен 13 кыз менен иштедим. Азыр ал кыздар үй-бүлөлүү. Окуп да, иштеп да жатат. Азыркы учурда долбоорго тарткан кыздарды табигый илимдерге үндөө боюнча Эстониядан окуп келген тажрыйбамды пайдаланып жатам. Маселен, Эстонияда ментордук боюнча атайын пландары бар. Кыздарды экскурсияга, парктарга алып чыгат. Самолет кантип учат, аны ким башкарат деп болгон маалыматтары менен тааныштырып турат. Кыздарга мотивация берип, кызыктырып туруп  өзөгүнө өтсө, кыздар бул илимге бат кызыгат экен. Техника багытында  үч кыз колледжде окуп жатат. Бири токарлыкты, бири ширетүүчүлүк кесипти тандап алды. “Башында бул жумуштар эркек балдардыкы дебедиң беле?” —  десем, “Ширетүүчү  Россияда 80000 рубль алат экен, мага төрт эсе киреше алып келет”, — деди. Демек, менторлор берген маалыматтын  таасири — келечекте кесиптин пайдалуу жана каражат алып келгендигин карап жатат. Азыр ал Россияда иштеп жатат, велосипед тээп алып жумушка кетип бараткан сүрөттөрүн салат. Менин максатым – түштүк региондогу кыздардын ички дүйнөсүн, коомго болгон көз карашын өзгөртүү, ички  тоскоолдуктарды жеңүү. Негизи  мектептерге факультативдик курс киргизсек деген сунушум бар.

Рахима Ибрагимова, ОшМУнун инновациялык колледжинин окутуучусу, ментор:

НАСААТЧЫ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ

— Бир жылдык ментордук ишимде Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин мектебиндеги 9-10-класстагы менти кыздарды тарбияладык. Бул долбоордун негизинде сүйлөгөндөн көрө практикалык жумуштарды көрсөтсөк,  аларга кыйла кызыктуу болот экен. Азыркы жаштар башкача ойлонушат, ар бир кыздын жан дүйнөсү башкача. Кээ бир кыздар ачылып сүйлөбөйт, айрымдары талапчыл, аракетчил. Бардык кыздардын жан дүйнөсү менен таанышып, сүйлөшүп, өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүштүм. Азыр кыздар өзгөрдү,  мени көргөндө жүгүрүп келет. Бири-бири менен пикир алып, ачылып, сынактарга катышып, жүрүм-турумдары өзгөрдү, идеяларын айта баштады. Конкурстарда күчтүүлүгүн көрсөтүп жатат.

Окурмандын эсине сала кетели, долбоор башталгандан  бүгүнкү күнгө чейин 193 насаатчы 2100 шакирт менен беш айлык мөөнөттө ишмердүүлүктү уюштурганга жетишти. Насаатчылар кесипке багыт берип, ар түрдүү экскурсияларды уюштурушту.  Кесиптин артыкчылыктары боюнча маалымат берип, мастер-класстар өткөрүлдү. Эми күзгө чейин дагы 2600 кыз насаатчылык программадан өтөт.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер