НАРЫН: БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕР

  • 06.02.2024
  • 0

Мамлекет билим берүү тармагына жакшы көңүл бургандыктан, мектептер, бала бакчалар курулуп, мугалимдердин айлык маяналары жогорулатылды. Бирок эмгек акы көбөйгөнү менен Нарын облусунда билим сапаты төмөн болуп жатканын облус жетекчиси Алтынбек Эргешов айтып чыкты. Ал А.Салымбеков университетинин Билим жана инновациялык борборунда мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү, квалификациясын жогорулатуу сунушун айтты.

НАРЫН: БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕР

Кыйындар чыккан Нарын жергеси

Алыскы тоолуу Нарын облусу билим сапаты жагынан артта келатат деген доомат жыл сайын эле айтылып келет. Бул ЖРТнын көрсөткүчү менен эле аныкталган үчүнбү? Же андан да тереңде жатабы?

Айтайын дегеним, экологиялык жактан тамак-ашы таза, таза аба менен дем алган, мөлтүр булактан суу ичкен теңиртоолук мугалими болобу, окуучусу болобу аң-сезимдери, потенциалдары бийик, ой жүгүртүүсү терең болгон үчүн нарындыктардан бир топ төбөсү көрүнгөн инсандар бекеринен чыкпаса керек. Азыркы заманда деле нарындыктардын уучу кур эмес. Теңиртоолуктардын зоболосун көтөрүп, алардын атын далайга жеткирген интеллектуалдык потенциалдары өтө бийик меценат, коомдук ишмер Аскар Салымбеков, ф.и.д., профессор Алмаз Акматалиев, ак таңдай акын, манасчы Табылды Актанов, экс-министр, коомдук ишмер Накен Касиев, эл жазуучусу Асан Жакшылыков, окумуштуу, академик Үсөн Асанов, “Кут Билим” медиа борборунун директору Кубат Чекиров ж.б. бар. Булар дагы мектептен кезегинде татыктуу билим алышкан. Коомчулукка белгилүү,  айтылуу В.П.Чкалов мектеби дагы Нарын шаарында жайгашкан.  Ал мектепте экс-Президент Роза Отунбаева окуган.

Акыркы жылдардагы көрсөткүчтөр

Облустагы акыркы жылдагы көрсөткүчтү карап көрөлүчү.

Нарын облусунда жалпы 143 мектеп иш алып барууда. Алардын ичинен 139 орто, 2 башталгыч, 2 менчик мектеп бар. Окутуу тилдери боюнча 116 мектепте кыргыз,  7 мектепте орус, 20 мектепте аралаш тилде окутулат. 1 мектеп лицей-интернаты, 1 Нарын-лицейи,  4 гимназия мектеби бар. Ал эми орто мектептерде 60668 окуучу билим алып, 5692 мугалим эмгектенсе, анын ичинен 5244 жогорку билимдүү, 104 бүтпөгөн жогорку, 344 атайын орто билимдүү. Алардын ичинен 1480 мугалим пенсия жашындагылар болсо, 493 жаш мугалимдер.

НАРЫН: БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕР

 

2022-2023-жылда республикалык олимпиадага 34 окуучу келип, анын ичинен М.Субакожоев атындагы лицейдин 9-классынын окуучусу А.Айдарбеков информатика сабагынан 3-орунду, Ат-Башы районундагы А.Искендеров атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эмир Исаков физикадан 3-орунду жана Ак-Талаа районундагы С.Атамбеков атындагы мектептин 11-классынын окуучусу Даван Бексултанов  кыргыз тили жана адабиятынан 3-орунду камсыздашкан.  М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин бүтүрүүчүлөрү эл аралык  жана Улуттук олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болушкан.

Алтын тамга

2021-2022-окуу жылы артыкчылык аттестатына 175 талапкер болуп, бир гана окуучу татыктуу болсо, 2022-2023-окуу жылында артыкчылык аттестатына 111 окуучу талапкер болуп, артыкчылык аттестатына алты окуучу татыктуу болушту. Ат-Башы районунан төрт окуучу — Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин окуучулары – Таалайбекова Адинай, Төрөбекова Алима, К.Керималиев атындагы орто мектебинин окуучулары – Абдырасулова Айжан, Коногалиева Баян,  Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Жолдошбекова Алтынай, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин окуучусу Жаркынбаев Жанбол.

 ЖРТ

Жалпы республикалык тестирлөөгө 2022-2023-окуу жылы 3073 окуучу катышып, тестирлөөгө катышкан окуучулардын ичинен 1756 бала 110 баллдан өйдө алып, билим сапаты 57,14%  түздү. 200дөн жогору баллды 27 окуучу  алышкан. Ал эми ЖРТын жыйынтыгы боюнча билим сапаты Нарын облусунда 2021-2022-окуу жылында  59,7% түзгөн.

НАРЫН: БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕР

Нарындыктардын көрсөткүчүн алдыга чыгарган атбашылык окуучулардын экөө  Алтын аттестатты  тастыкташса, дагы төрт окуучу ЖРТдан жогорку балл алышкан. Алардын ичинен эң жогорку баллды Ат-Башы районундагы К.Керималиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Назарова Гүлайым 226 балл алып, Алтын сертификаттын ээси болгон. Ошондой эле Ак-Талаа районундагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Бейшенбек уулу Шаа-Хан 225 балл алып, ал дагы Алтын сертификаттын ээси болду. Билим сапатынын жалпы көрсөткүчүн карап көрсөк, Нарын облусу 2021-2022-окуу жылында 54,25% көрсөтсө, жыл өтпөй, т.а. 2022-2023-жылы бул көрсөткүч 53,05% төмөндөгөн. Ал эми окуу китеби менен камсыз болгонун сан менен карасак 2021-2022-окуу жылында 83, 26% болсо, кийинки жылы 85,65% көтөрүлгөн.

Билим сапатын көтөрүү аракеттери

Президенттин Нарын облусу боюнча ыйгарым өкүлүнүн сунушу боюнча иш-аракет башталганын Нарын облустук билим берүү борборунун жетекчиси Касымбек Мамытов айтып берди. Мониторинг жүргүзүү үчүн төрт топтон турган комиссия түзүлүп, өткөн жылы ноябрь айында Нарын районундагы жалпы орто билим берүүчү мектептериндеги окуучулардын билимине мониторинг жана иш кагаздарынын абалдары каралып, жеринен усулдук жардамдар көрсөтүлдү.

НАРЫН: БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕР

Окуучулардын билим сапатына мониторинг жүргүзүү жана райондун мугалимдери бири-бири менен тажрыйба алмашып, мугалимдерге жеринен усулдук жардам көрсөтүү максатында Нарын облустук билим берүү борбору тажрыйбалуу мугалимдер менен бирдикте райондун мектептерин кыдырып, жеринен педагогикалык кеңешме өтүп, мектептердин көйгөйлөрү менен таанышып, чечүү жолдорун жана окуучулардын билим сапатын көтөрүү үчүн эмне иштерди аткаруу зарыл экендиги талкууланды.

Учурда облус жетекчисинин сунушу менен А.Салымбеков университетинин Нарын шаарындагы Билим жана инновациялык борборунда окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоодо мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү курсу башталып, Нарын шаарынын жана Нарын районунун математика жана кыргыз тили сабактарынан берген предметтик мугалимдер окутулууда. Окутуу бардык райондордун мугалимдерине жүргүзүлөт. Окуп барган мугалимдер окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдашат.

Алдыга коюлган пландар

Билим сапатты көтөрүү максатында бир нече иштер пландаштырылыптыр. Алсак, окуу-тарбия иштериндеги мугалимдердин компетенттүүлүгүн көтөрүү, облуста окуу жылынын аягына чейин 940 мугалимди курстан өткөрүп, билимин жогорулатуу,  облустук, райондук деңгээлде семинар, тренингдерди байма-бай өтүү, иш тажрыйбаларды жайылтуу,  заманбап окутуунун технологияларын пайдалануу менен  окутууну ишке ашыруу, сапаттуу билим берүүдө жаңы платформа, программаларды пайдалануу: МОЗАИК, ЕДУКАПЛЕЙ,  ФЛИФИТИ, ТАРЗИЯ ж.б. каралган. Ошондой эле интерактивдүү ыкмаларды колдонуп сабак өтүү,  PISA -2025ке даярдыктарды уюштуруу, STEM билим берүүнү күчөтүү,  “Окуу керемет”, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорлору менен биргеликте иш алып баруу дагы каралган. Мындан сырткары ата-энелерди жана коомчулуктун өкүлдөрүн жамааттык топторго тартуу, биргелешип иштөөгө шарт түзүү, предметтер боюнча чейрек сайын мониторинг жүргүзүү, жыйынтыгын мектептердин педагогикалык кеңешинде жеринен талкуулоо, мектептердеги тажрыйбалуу методист-мугалимдердин күч-аракети менен ар бир предмет боюнча мугалимдердин сабагына анализ жүргүзүү; чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбасын жаш мугалимдерге жеткирүү боюнча ресурстук борбор ачууну да көздөп жатышат. Ал эми  ата-эненин баланы тарбиялоодогу ролун күчөтүү аркылуу сапаттуу билимге умтулуу, акыркы 5-10 жыл аралыгында облуска олимпиадага бир да окуучусу катышпаган мектептерди анализдеп, аларга жеринен методикалык-практикалык жардамдарды уюштуруу, Жалпы республикалык тестирлөөдө төмөнкү көрсөткүчтү берген мектептер менен иш жүргүзүп, аларды алдыңкы билим берүү уюмдарына шефтик көзөмөлдүккө өткөрүп берүү менен ар бир мектепте 11-класстар үчүн ЖРТга даярдоо боюнча сабактан тышкары кошумча сабактарды өткөрүү менен 11-класстардын окуучуларынын ноябрь, февраль, апрель айларында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ЦОМО) менен биргеликте ата-энелердин макулдугу менен тесттерди алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү да планга кирген. Предметтер боюнча жаңы инновациялык методдорду колдонуу менен кошумча кружокторду уюштуруу, мектептерде методикалык-практикалык иштерди натыйжалуу уюштуруу максатында Нарын мамлекеттик университети, Нарын педагогикалык колледжи менен (Меморандум түзүү) тыкыр кызматташып, облустук предметтик олимпиаданы өткөрүүдө Нарын мамлекеттик университетинин тажрыйбалуу мугалимдерин тартууну көздөп жатышат.

НАРЫН: БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕР

Тажрыйба алмашуу

2022-2023-окуу жылында  Кыргыз Республикасынын  Президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн макулдашуусу менен  бекитилген иш-пландын негизинде жалпы билим берүүчү орто мектептерде жана балдар бакчаларында алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча  облустук деӊгээлдеги семинарлар болуп өттү.

Усулдук жардам берүү

Өткөн жылы Нарын, Жумгал жана Ак-Талаа районундагы жалпы орто билим берүүчү мектептериндеги окуучулардын билимине мониторинг жана иш кагаздардын абалы каралып, Ат-Башы, Кочкор жана Нарын райондорунун алдыңкы мугалимдери барып, иш тажрыйба алмашып, жеринен усулдук жардамдар көрсөтүлдү.

 Кароо-сынактар

“Жылдын мыкты-мугалими” кароо-сынагында Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Имашов Бексултан облустан 1-орунду, ал эми республикалык кароо-сынакта 3-орунду камсыздады. “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагында Нарын шаарындагы “Чебурашка” балдар бакчасынын тарбиячысы Кыдыралы кызы Рахат облустан 1-орунду, ал эми республикалык кароо-сынакта 4-орунду камсыздады.

Сапат кимге көз каранды?

Билимдин сапаты биринчи кезекте мугалимден көз каранды экени талашсыз. Эгер мугалимдердин бардык убактылары отчётторго, текшерүүлөргө, көрсөтмөлүү маданий иш-чараларга коротулбаса, албетте, алар кесиптик жактан өнүгүүнүн үстүндө иштешмек. Бирок, тилекке каршы, алардын көп убактысы жогоруда белгиленген иштерге кетип жатканы белгилүү.

НАРЫН: БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕР

Мугалимдерден сапаттуу билим берүү үчүн ириде аларга иштөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлүшү абзел. Ата-энелер жана балдардын мугалимдерге сый-урматы өтө эле төмөндөп кетти. Албетте, тажрыйбалуу жана жаш мугалимдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана сый-урматты колдоо, ата-энелер менен сергек мамилелерди түзүү дагы маанилүү. Ириде мугалим окуучуга өрнөк болушу зарыл.

Маселен, Кыргызстанда таланттуу, чыгармачыл мугалимдерди аныктоочу, алардын тажрыйбаларын жалпыга жайылтуучу бир гана “Жыл мугалими” республикалык сынагы бар. Ал эми коңшу Казакстан Республикасынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен математика, физика жана информатиканын олимпиадалык резервинин мугалимдери жана машыктыруучулары үчүн Эл аралык ачык чыгармачыл IMPACT олимпиадасы өткөрүлүп келет. Бул олимпиада кесипкөй көндүмдөрүн көрсөтө ала турган таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди жана машыктыруучуларды аныктоого, аларды колдоого багытталган. Мындай сынакка окуучулар менен кошо катышкан мугалимдер жаштарга сөзсүз үлгү болот.

Дүйнө жүзү STEM билим берүүгө ыктап жатканда биздин өлкө да артта калбай мугалимдердин чыгармачылыгын колдоп, алдыга сууруп чыгуучу сынактарды өткөрүү  учуру келди окшойт. Ушундай идеяларды багып жүргөн мыкты жаш мугалимдер менен министрлик иш алып барса жаман болбойт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер