НАМАТБЕК ОРУНТАЕВ:“МУГАЛИМДИК КЕСИПТИН ТҮМӨН ТҮЙШҮГҮНҮН БААРДЫК БАСКЫЧЫН ӨТТҮМ”

  • 30.07.2021
  • 0

Соңку жылдары ардактуу эс алууда жүргөн эл мугалими Наматбек Орунтаев кез-кези менен Билим берүү жана илим министрлигине баш багып, өзүнүн кеп-кеңеши, сунуштары менен министрге жолугуп турат. Бул жолку келишинде “Кут Билим” гезити агайды балалыгы, баскан жолу жана билим берүү тармагынын бүгүнкү абалы жөнүндө азын-оолак кепке тартты.

НАМАТБЕК ОРУНТАЕВ:“МУГАЛИМДИК КЕСИПТИН ТҮМӨН ТҮЙШҮГҮНҮН БААРДЫК БАСКЫЧЫН ӨТТҮМ”

“Бала кезимен математика мугалими болом дейт элем. Мектепти бүткөндө мугалимдик окууга тапшырам десем, бир тууган агам каршы болду. Элдин баары эле мугалим болуп жүрөт мен деле мугалиммин, сен инженер бол деп. Бирок буйрук экен бала кездеги кыялым акыры мугалимдикке жетелеп келди”, — дейт Наматбек Орунтаев.

Мугалимдикке карай жол

Наматбек Орунтаев Кыргызстандагы алгачкы техникалык окуу жайлардын бири болгон Бишкек авто-жол техникумунда жарым кылымга жакын эмгектенди. Анын ичинен 21 жыл директорлук кызматты аркалады.

“Техникум 1957-жылы негизделген. Мен 1965-жылы мугалим болуп ишке орноштум. Бир жолу Транспорт министрлигине барып калсам, техникумга мугалим керек болуп жатат иштеп бербейсизби деп калышты. Ал кезде Балыкчыдагы жүк ташуучу автобекеттин башчысы болуп иштейт элем. Ойлонуп көрүп, мугалим болууну чечтим. Ошентип мугалимдик кесиптин түмөн-түйшүгүнүн баардык баскычынан өттүм. Техникумдун тарыхында эң узак убакыт иштеген директор дагы болдум. Техникумдун таламын талашып, коргоп жүрүп  карыдым”.

Ал 1958-жылы Фрунзе айыл чарба техникумунун «Айыл чарба ишканаларынын бухгалтери», 1963-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Автомобиль транспортунун инженери» адистигин бүтүргөн.

Математикага кызыгуу

Мектепке беш жарым жашында барып, математиканы жакшы окугандыктан “математик” деген атка дагы конгон.

“Бир тууган эжем 1945-1946-жылдары мектепте мугалим болчу. Эжем кайда барса ээрчип жүрүп, эрте окуп калдым.Так илимдерди кызыгып окуйт элем, өзгөчө математика сабагын. Үйгө берилген тапшырмаларды тыныгууда эле чыгарып койчумун. Менин эсеп чыгарган дептерим классташтарымды аралап, колдон-колго өтүп кетчү (күлүп).

Мектепти бүтүп жатканда бүтүрүүчү экзамендерди тапшырат эмеспизби. Ал учурда айылда кезек-кезек менен кой кайтарат элек. Математика сабагынан экзамен болоор күнү биздин кезүү келип калыптыр. Ата-энеме койду айдашып келгиче экзаменге кечигип калдым. Мени директор менен завуч урушуп, эмдиги жылы бүтөсүң деген чейин барышты. Анда менин математикадан берген эжейим “Намат экзаменге кирбесе, эсепти ким чыгарат?” деп айтып куткарып кеткен”, — дейт Орунтаев.

Орус тилдин азабы

Мектепти бүтүрүп шаарга келгенде орус тилинен кыйла кыйналган. Лекциялардын баары орус тилинде болгондуктан, бир сүйлөмдөн эки, үч сөз жазып калганга араңӊ жетишет элем деп эскерет агай.

“Союз мезгилинде мектепти бүтүрүп, шаарга окууга келдим. Ал кезде орус тилин деле кыйратып билбейм. Бир сөзүн туура жазсаң, экинчисин ката жазасың. Сабактан чала-була жазган конспекттеримди үйгө келип кайра оңдоп чыкчумун”.

1989-жылы Президент Аскар Акаевдин кыргыз тилине өтүү боюнча буйругу чыккан. Ал учурда техникумда кыргызча окуган бир дагы топ болбоптур. Мындан улам Намат агай орус, еврейлерге атайын курс ачып, кыргызча окута баштаган. Бул үчүн агайды “Улутчул” деп айтып чыккандар дагы болгонун
айтат.

“Мунун сага эмне кереги бар дегенсип, башында мени сөгүп жүрүштү. Кыргыз тилин билбесеңер, эртең жумушсуз каласыңар деп көгөрүп, өзүмдүкүн бербей, максатыма жеткем”.

“Талаптарды күчөтүү керек”

Чет өлкөдө дасыккан профессор, илимпоздорго билим алат элем деп студенттер өздөрү жазылат. Бул системаны техникумга киргизүүнү сунуштасам колдоо таппады”. Эртеби-кечпи бул система киргизилиши керек деп эсептейт.

“Союз мезгилинде окуу программалардын баары Москвадан келип, бирдей система менен окутулчу. Азыр ар бир окуу жайдын өзүнүн билим берүү системасы бар. Эгемендик алгандан кийин жардан куладык десем болот. Жогорку окуу жайлары козу карындай эле жайнап кетти. Бул билим берүүнүн сапатын дагы төмөндөттү. Азыр эптеп контракт төктүрүп, диплом берген окуу жайлар дагы жок эмес. Жогорку окуу жайларына болгон талаптарды күчөтүп, санын кыскартуу зарыл”, -деди Намат Орунтаев.

Союз убагында жогорку окуу жайларга өтүү кыйын эле. Ата-энеси үчүн баласынын окууга өткөнү чоң сыймык болчу. Ал эми окуудан чыгып, кулап калгандан өткөн жаман нерсе жок эле. Окуудан кулап калдым деп айылга баргандан намыстанып турушчу. Азыр ал нерсе жок деп өкүнөт эл мугалими.

“Лицей, колледж, кесиптик жана жогорку окуу жайлары бири-бири менен тыгыз байланышып иштеши керек. Себеби, ар биринин билим берүү системасы ар башка. Мындан улам бири-бири менен көп баскычтуу даярдоо боюнча тыгыз кызматташуусу кажет. Кесиптик окуу жайын бүткөн студент бакалаврды төрт жылда эмес, эки жылда бүтүрүүсү зарыл. Ошондо балдар убактысын бекерге кетирбейт. Көп баскычтуу даярдоонун мааниси дагы өзүнөн-өзү жогорулайт”.

Наматбек Орунтаев Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы менен сыйланган. Кыргызстандагы Эл мугалими жогорку ардак наамга татыктуу болгон. Билим берүүнүн мыктысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент.

Учурда агай 80дин кырын ашып, ардактуу эс алууда. Агайга бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз!

Нурзат Казыбекова, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер