НААЛЫБАЙ ЭЛЕ, ТУУРА СЫНДАГАНДЫ ҮЙРӨНӨЛҮ

  • 18.06.2021
  • 0

Наалыбай эле, туура сындаганды үйрөнөлү

 

Мамлекеттин саясаты анын географиясынан башат алат.

Наполеон Бонапарт.

 

Өлкөбүздүн географиялык абалы биздин саясий күн тартибин аныктай тургандыгы талашсыз чындык. Демек, соңку айлардагыдай окуялар мындан ары да боло бериши толук ыктымал. Ички саясий тутумубуздан тартып тышкы саясатыбызга чейин камтыган маселелер жакабызга жабышып, этегибизге илээше берет окшойт.

Суу башы, кендерге бай жана геосаясий жактан маанилүү аймакта отурукташып жашоонун да белгилүү бир «төлөмү» болот, албетте. Көпчүлүгүбүз табигый байлыктарыбыз толугу менен өлкөнүн кызыкчылыгына иштегидей кылып геосаясий позициябызды бышыктап алган күн келет деп үмүттөнөбүз. Андай күн болбойт! Бул – табияттын мыйзамы.

Бул маселелердин чечилиши үчүн өтө узак мезгил керек. Ушул ирет деле кыргыздын талуу жеринен кармаган жаңы маселелер, баш ооруулар пайда болот же атайы жаратылат. Демек, мамлекет катары биз бул мүшкүлдөр/проблемалар менен чогуу жашаганды үйрөнүүбүз зарыл деп ойлойм.

 

Душман жигитти курч кармайт

 

Мүшкүл менен күрөшүүнү тынымсыз улантуу менен улуттук жана географиялык өзгөчөлүгүбүзгө чак келгидей иммунитетти бекемдеп алуу да мүмкүн. Андыктан бүгүнкү күнгө, такшалбаган аткаминерлерге, мезгилдин саясий кризистерине дегеле бүт жагымсыз жагдайларга наалып гана отура берүү маселенин чечилүүсүнө кыпындай салым кошпойт. Эгер наалыган менен маселе чечилсе, кайнаган майрамдардын катарына «Элдик наалуу күнү» деген майрамды да кабыл алып расмийлештирип, ошол күнү республика боюнча жакшылап наалып эле кыңыр, купулга толбогон иштердин баарын жолго коюп алмакпыз да.

Бул жерде кайгылуу окуяларды такыр сөз кылбаш керек деген жокпуз. Кеп жаман окуяларга карата кантип туура реакция кылуу жөнүндө болуп жатат. Коомдук пикир катары, терс көрүнүштөргө карата ой билдирүү менен кошо аны чечүүнүн ар тараптуу жолдорун издөөнү жана жүзөгө ашырууну адат кылып алуу суудай зарыл болуп турат.

Наалуу, пессимисттик ойлорду бөлүшүү пайдасыз эле эмес, зыяндуу экендиги менен да кооптуу. Айрыкча маалымат каражаттары кеңири жайылган азыркы кезде бул ого бетер кооптуу болуп кетти. Мисалы, буга чейин бир окуяны туура эмес түшүнүп алып жөнү жок жерге кайгыра берген киши, айтылуу кыжаалатчылыгы менен ашып барса айланасындагы адамдарды гана кыжаалат кылып, алардын ошол күнкү маанайын бузганга жетчү. Азыр болсо окуяны түшүнгөнү, түшүнбөгөнү деле, билими бары, билимсизи деле “түз эфирге” чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калбадыбы?..

Алсак, “Нью-Йорк Таймстын” изилдөөсүнө таянсак, дүйнө боюнча азыркы жаштардын 87 пайызы Инстаграм колдонот экен. Булардын 32 пайызы Инстаграммдагы жалган маалыматтардын таасиринде калып, депрессиялык абалда жашап келет. Б.а. Инстаграмда адамдар (өзгөчө жаштар) жасалма сулуу, акчалуу, бактылуу, ийгиликтүү болуп көрүнө бергенден улам, алардан таасирленген адамдар «Эмне үчүн менде анча акча жок, неге мен анчалык бактылуу же ийгиликтүү эмесмин?» деген ойго чөмүлүп, психологиялык жактан жабыга берет экен. Демек, мындан Фейсбуктагы жөнү жок наалыган посттордун да көптөгөн аң-сезимдерди жабыр тарттырып келе жатат деп тыянак чыгаруу ыктымалдан узак эмес.

 

Айзада унутулдубу?

 

Мисалы, кечээ жакында Айзада деген кыздын трагедиялуу окуясы тууралуу дароо ой билдирбегендиги, милдетин так аткарбагандыгы үчүн деген жүйө менен милициядан тартып өлкө башчыга чейин каргап- шилеп, акарат кылбаган калбады окшойт эле. Ошол окуядан улам республика боюнча наалып жатып калдык десем аша чапкан болбос чыгармын. А бирок маселенин чечилүүсүнө мунун пайдасы тийдиби? Башкача айтканда, ошол күндөрдөгү элдин реакциядан улам мамлекеттик деңгээлде, үй-бүлөлүк зомбулукту азайтууга багытталган кадам таштата алдыбы?

Мамлекеттик деңгээлде кадам таштоого «жаман саясатчылардан» улам күчүбүз жетпеди дейли. Ал окуядан улам канча киши, туура кулк-мүнөзгө ээ болууга багытталган бир китеп же макала окуду болду экен? Б.а. үй-бүлөлүк зомбулук, дегеле адамдардын бири-бирине күч колдонуусу, анын себептери, кантип андай туура эмес кадамдардан арылуу керек деген сыяктуу суроолорго жооп издөө максатында канча киши билек түрдү экен?

Эгер мындай окуяларга карата калың катмар катары биздин реакциябыз Фейсбук менен Инстаграмда айтылуу жаңылыкты ачуусу келген быйтыкчалардын коштоосунда бөлүшүп, туш келди ар кимди айыптап, сөгүп, анан эки күндөн кийин унутуп калуудан турса, анда биз мындай зөөкүрлөр менен аралашып жашоого, шордуу күндөрдү баштан кечире берүүгө татыктуу экенбиз да!..

Ырас, көпчүлүк Айзаданын өлтүргөн кишини жоопко тартууну гана талап кылды. А бирок дээрлик эч ким мындай кайгылуу окуялардын баш каармандарын жараткан «аң-сезим өлтүргүчтөрдү» жоопко тарткан жок!.. Менимче, мындай окуяларга карата жарандык жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырып, укуктук аӊ-сезимди өнүктүрө турган маңыздагы бир китеп окуу керек эле. Ал эми жамааттык, коомдук реакция катары коомдук аң-сезимди жогорулатуучу масштабдуу иш-чараларды баштоо жана чечкиндүүлүк менен улантуу зарыл эле. Мисалга, бала тарбиясы, үй-бүлөлүк гармонияны калыптандыруу боюнча сапаттуу материалдарды даярдоо жана аны калктын калың катмарына окутуу багытындагы иш-пландарды жүзөгө ашыруу максатка ылайык болор беле дейм.

 

Саясатчылар качан оңолот?

 

Биздин өлкөдө каргышка калган эки тармак бар. Бул тармактарда чындыгында эксперттер өтө көп. Бирок ошого карабастан, эмнегедир, иш жүзүндө купулга толорлук өнүгүү такыр жок. Булар – саясат жана дин жааты.

Маалымат майданында саясатчылардын деңгээлине такыр ичи чыкпаган, болгон нааразылыгын кусуп аткан посттор көп. Саясий абалыбыз ойдогудай оӊолбой жаткандыгы талашсыз. Башыбыздан өтө оор саясий кырдаалдарды өткөрсөк да, элдин максат-мүдөөсү толугу менен орундалбай келе жатканы да чын. Ошол эле учурда саясий көз карашынан улам бири-биринин саясий лидерлерин «эл душманы», «чыккынчы» катары сыпаттагандар да аз эмес. «Мына ошолор эле болбосо, гүлдөп өнүгүп кетмекпиз»,- деген кыялга чөмүлүп, болгон күчү менен душман көргөн саясатчысын каралагандар да бар.

Саясий аренадан «жамандарды» толугу менен сүрүп чыгып, «жакшыларды» калтыруу кыялы реалдуу эмес. Жалаң гана жакшы, элге күйгөн кишилерди тандап алып бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгартып, элдин кызматына салганга эмне жетсин? Бирок мындай абалды  жаратуу табияттын мыйзам ченемдүүлүгүнө каршы келет. Муну так ошол «Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу»,- деген осуятты айтып кеткен Манас атабыздын өзүнүн өрнөгүнөн көрүүгө болот. Анткени Манас атабыздын убагында, кыргыз улустун кызыкчылыгы үчүн биригүүгө болуп көрбөгөндөй муктаж болуп турган учурда деле айкөлдүн бир туугандары Абыке менен Көбөш сыяктуу тетирилер болгон…

Демек, саясий майдандагы шалаакы иштерди аңдып, ага наалып эле отура бербеш керек. «Ушуларды өлтүрүп эле салыш керек», — деген тайыз, жөнү жок пикирлер менен баш оорутпоо кажет. Андан көрө дал ошол бузуку саясатчылар менен күрөшүүнү токтотпой, кармашты улантуу менен кантип ийгиликке жетүү мүмкүн экендигин ойлонгон оӊ.

 

Медиа сабаттуулукка арналган бир сунуш

 

Демек, негативдүү кабарды таратууда аны чечүүгө салым кошуу атуулдук озуйпа болуш керек. Балким, кээде мындай маңыздагы кабарды бөлүшүп коюунун өзү деле маселени чечүүгө карата ташталган бир кадам болуп калар? Буга эч ким эч кандай каршы болбойт деңизчи. А бирок кээде маселенин аны чечүүгө өбөлгө түзбөй турган жагын эле сөз кыла беришет.

Мисалга, өткөндө бир жаш баланы мончодо зордукталгандыгы тууралуу бир видео материал тарады. Бул чоң ката болчу. Мындай окуя маалым болору менен, иликтөө иштери дароо башталып, окуянын купуялыгы камсыз кылынышы керек эле. Анткени мончодогу окуянын деталдарын калайык калкка жарыя кылуу ал маселени чечүүгө жол ачпайт, тескерисинче көп адамдардын психологиялык жабыгуусуна себеп болот. Бул жана буга окшогон окуялар жөнүндө сөз кылганда, жеке купуялык бекем сакталышы керек.

Азыр медиа сабаттуулукту калыптандыруу зарыл экени анык. Ал үчүн бир топ кадамдарды таштоо керек чыгар. Мына ошол кадамдардын бири деп ушул ойлорумду ортого салдым.

 

Элмурат Кочкор уулу, докторант. Түркия.

Бөлүшүү

Комментарийлер