ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАРДЫН ӨРГӨ БАШЧЫСЫ

  • 27.10.2022
  • 0

Рахманберди Назаров 40 жылдан ашык билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келатат. Агартуучулук эмгек жолунда жетишкен ийгиликтери, өзүн түйшөлткөн маселелер тууралуу бизге кызыктуу маек куруп берди.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАРДЫН ӨРГӨ БАШЧЫСЫ

Рахманберди Найманович 2015-жылдан бери Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору болуп иштейт. Ал 1977-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө кирип, аны 1981-жылы ийгиликтүү аяктаган соң, эмгек чыйырын өзү туулуп-өскөн Өзгөн районунун Ичке-Сай айылындагы мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Өмүрлүк жубайы Керемет Каралаева да педагог, экөө студент курагында баш кошуп, бирге түтүн булатып келатат.

— Артыма кылчайып карасам, өмүрүмдүн жүрөк толкутуп кубанткан эң кубанычтуу учуру да, жүрөк ооруткан учуру да мектеп, мугалимдер, окуучулар менен тыгыз байланышта болгон экен. Мугалимдин тагдыры негизи эле өзү ушундай эмеспи. Студенттик таттуу күндөрдөн кийин мугалимдин түйшүктүү турмушунда кайнап, улам бир ийгиликке умтулуп, өмүрүң окуткан балдарың, бирге иштеген кесиптештериң менен чиеленишип калганын сезбей да калат экенсиң. Мен өзүмдүн айылымдагы мектепте иштеп жүрүп, 1983-жылы турмуш шартка байланыштуу Ош шаарына которулуп келгенден кийин, Ош шаардык комсомол комитетине ишке кирип калдым. Ошондон баштап менин агартуучулук ишим коомдук иштер менен эриш-аркак өтө баштады. Айрыкча, Ош облустук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы балдардын туристтик станциясында методист, бөлүм башчы болуп иштей баштагандан тарта, окуунун жана эмгектин алдыңкыларынын ары кызыктуу, ары жоопкерчиликтүү иштерин аткарып, көптөгөн кызыктуу окуялардын күбөсү болдук.

Азыр кийинки жаштар жакшы билбей калышты го, союз учурунда ар бир союздук республикаларда жатаканалары менен туристтик базалар боло турган. Биз алар менен келишим түзүп, окууда жана эмгекте алдыңкы ийгиликтерге жетишкен окуучуларды путевкалар аркылуу ошол союздук республикалардын бирине кызыктуу саякаттарга жөнөтүп турчубуз. Ал кезде колхоз-совхоздордо өндүрүштүк бригадалар болор эле. Эмгекте ийгиликтерге жетишкендерге мотивация берүү үчүн колхоз-совхоздор өздөрүнүн каражатына путевкаларды алып берчү. Каникул мезгилинде балдарды коштоп Москва, Ленинград, Баку, Алматы, Минск, Ташкент, Бухара, Самарканд жана башка шаарларга бардым. Кийин ойлосом, абдан кызыктуу иштеген мезгилим ошол кез экен, — дейт.

Ал ошол туристтик базанын башчысы болуп иштеп турганда, миңдеген балдарды экскурсияга алып чыкканы эсинде. Ал ыкма балдарды окууга, эмгекке тарбиялоонун эң мыкты үлгүсү экендигин эч ким танбас. Балдар өндүрүштүк бригадада иштеп, тажрыйба топтоп эле тим болбостон, окуйм деген жаштарды жолдомолор аркылуу жогорку окуу жайларга окуткан да эң сонун тажрыйба бар эле.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАРДЫН ӨРГӨ БАШЧЫСЫ

Рахманберди Найманович андан кийин 1989-1990-жылы Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда методист, кабинет башчысы болуп иштеп жүрдү. Облустук билим берүү башкармалыгына инспектор болуп которулгандан кийин, ал жерде 1996-жылга чейин мектептер менен түзмө-түз иштеп, райондорго чыгып, семинарларды уюштурууда, иш тажрыйбаларын жайылтууда кесиптештери менен биргеликте эң жооптуу милдеттерди аркалады. 1996-жылы аны Ош облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнө которушту. Ал жерде да өзүнүн билимин жана тажрыйбасын пайдаланып, администрациянын билим берүү, маданият, медицина тармагын тейледи. Аппаратта иштеп жүрүп такшалып, “Манас-1000”, “Ош-3000” сыяктуу өтө жооптуу иш-чараларды өткөрүүгө түздөн-түз катышты. Ал ортодо 2005-жылы болгон төңкөрүштө запкы жеп калган да жайы бар.

— 2005-жылы Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп жаңы эле иштей баштаганда, төңкөрүш чыгып, ордумду бир “революционерге” бошотуп берүүгө туура келди. Андан кийин мени Сулайман тоосундагы тарыхый археологиялык музей-комплексине башкы директору кылып жиберишти. Ал жерде бирок көпкө турган жокмун, кайра эле облустагы эле эмес, республикадагы эң чоң район — Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп туура 10 жыл иштедим. Райондо ал кезде окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн 134 мектеп, беш миңден ашык мугалим-тарбиячылар бар эле. Мен иштеген мезгил аралыгында Ош облустук мамлекеттик администрациясы жыл сайын жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында, конкурстарды уюштуруп, ремонт иштери, билим сапаты боюнча өзгөчөлөнгөн райондорго акчалай сыйлыктарды берчү. Ошол он жыл ичинде мен жетектеген Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү жети жолу биринчи орунду ээлеп, сыйлыктарга, дипломдорго ээ болдук, — дейт сыймыктануу менен.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАРДЫН ӨРГӨ БАШЧЫСЫ

Рахманберди Назаров 2015-жылы Ош облустук балдардын чыгармачылык борборуна жетекчи болуп келгенден бери өнөрлүү балдардын өнөрлөрүн өркүндөтүү багытындагы иш-чаралар менен алектенип келатат. Борбор төрт багытта иш алып барат: кол өнөрчүлүк, техникалык-чыгармачылык, көркөм-эстетикалык, туризм-экология багытында иш жүргүзүп, өнөргө кызыккан балдардын башын бириктирип, жыл сайын өтүүчү эл аралык сынактарга активдүү катышып келишет. Мисалы, “Балажан”, “Сейтек” балдар борборлору, “Алтын-Түйүн” балдар академиясы менен тыгыз кызматташууга бар күчтөрүн жумшайт.

— Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунда учурда 23 ийрим бар, катышуучу балдардын саны миңге чукул. Облустагы жети район, бир шаарда балдардын чыгармачылык борборлору активдүү иш алып барууда. Балдар айрыкча кол өнөрчүлүккө көбүрөөк кызыкканы байкалат, кагаз, жыгач, кийиз, чий менен куурчак даярдоого көңүл бурушат. Ал эми техникалык-чыгармачылык багыты боюнча Бишкек, Ош шаарларынын деңгээлине жетиш кыйын, анткени аймактарда тиешелүү шарт жок жана кадр маселеси чоң көйгөйлөрдү жаратат. Мисалы, бизде робото техниканы, моделдештирүүнү билген инженер адистерибиз жок. Адистер болсо да, биздеги кичинекей эмгек акыга келбейт, — дейт.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАРДЫН ӨРГӨ БАШЧЫСЫ

Анын пикиринде, балдардын чыгармачылык борборлорунун материалдык базаларын чыңдоого, аларды алдыга алып чыгууга мезгил келип жетти. Көздү кубантып курулуп жаткан жаңы мектептер менен катар эле балдарды өнөргө үйрөтүп, шык-жөндөмүн өстүрүп жаткан борборлорду да куруу керектигин белгилеп, балдарды мектеп жашында билим менен бирге өнөргө үйрөтүүнүн терең маанисин чечмеледи.

— Азыркы талап боюнча балдарга сапаттуу билим менен кошо адеп-ахлакты, көркөм эстетиканы таанууга үндөгөн түрдүү өнөрлөргө үйрөтүү керек. Бала мектепти аяктап кеткиче бир өнөрдүн ээси болгону жакшы эмеспи. Биз алыбыздын жетишинче иштеп жатабыз, бирок база начар, окуу-усулдук көрсөтмөлүү буюмдар жок, мисалы, музыкалык аспаптар такыр бөлүнбөйт. Кээде спонсорлордун жардамы менен инструменттерди алып калабыз.

Борборлордун эң чоң көйгөйү – бул мектептердегидей типтүү кабинеттер жоктугу, мисалы, бий залдарына күзгүлөр коюлган зал, кол өнөрчүлүк боюнча устачылыкка ылайыктуу жабдуулар керек. Андыктан, ар бир районго бирден бирдиктүү типтүү долбоорду иштеп чыгып, балдар ырдап-бийлей турган залдары, кол өнөрчүлүгүн өркүндөтө турган устаканалары бар имарат куруп берсе, кандай сонун болор эле. Ошондой типтүү имараттар жоктугунан иш-чаралар мектептин базасында өтөт.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАРДЫН ӨРГӨ БАШЧЫСЫ

Бизде таланттуу, ар өнөргө шыктуу балдар көп. Мына жакында эле Ошто “Креативдүү технологиялар кербени” деген эл аралык фестиваль өттү. Ага 250дөн ашык Россия, Беларусь, Бишкек шаарынан 250дөн ашык өнөрлүү балдар катышып, пикир алмашып, достошуп, өздөрүнүн долбоорлорун көргөздү. Балдарга эле эмес, бизге да тажрыйба алмашууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзгөн фестивалды уюштургандыгы үчүн “Алтын түйүндүн” директору Жаркын Бапановага, анын креативдүү командасына, аймактардагы филиалдарында иштеген мугалимдердин баарына эң сонун майрам уюштуруп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз, — дейт.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАРДЫН ӨРГӨ БАШЧЫСЫ

Рахманберди Найманович басып өткөн эмгек жолунда эки доордун күбөсү болду, болгондо да билим берүү тармагынын ичинде кайнап, ысыгына күйүп, суугуна чыдап дегендей, шымаланып иштеди. Ошондон улам, мурдагы жана кийинки учурдун оң-терс жагын салыштырган оюн билгим келди.

—  Союз десе эле көбү чалкасынан кетет. Чындыгында анын да өз артыкчылыктары бар эле. Мисалы, союз мезгилинде биз жакшы билим алдык, жакшы мугалимдер окутту деп мен ишенимдүү айта алам. Себеби ал кезде мектепте эң жакшы окуган бала же кыз “мен мугалим болом” дечү. Ошондуктан күчтүү кадрлар мектепке келип, күчтүү балдарды даярдачу. Азыр антип айта албайбыз. Мыкты окуган балдардын баары юрист, прокурор, экономист болгусу келет. Билими орто заар, чала сабат адистер мугалим болуп, мугалимдин беделин, билим сапатын түшүрүп жатканы кейиштүү. А бирок акыркы эки жылдан бери педагогикалык адистикте окугандардын стипендиясын жогорулатып кызыктырып жатканы кубанычтуу. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндөн бери педагогика багытын тандагандар да көбөйө баштады. Биз келечекте жогорку балл алган балдарды мугалимдикке тандап окуткудай шарт түзүп берүүгө жетишүүбүз керек, — деди ал.

ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАРДЫН ӨРГӨ БАШЧЫСЫ

Рахманбек агай өмүрлүк жары Керемет эжей менен бирге үч кыз бир уулду тарбиялап өстүрүп, эрезеге жеткирди. Азыр ортодогу сегиз неберенин бал тилине балкып, бактылуу көз ирмемдерди башынан өткөрүп жаткан чагы. Балдарынын баары жогорку билимдүү, турмушта өз жолун таап, ар бири тандаган кесиби менен эмгектенүүдө. Рахманберди агай: “балдарым негедир кесип тандоого келгенде юрист, экономист, бажы тармагын тандады, алар балким убагында биздин кыйналганыбызды көрүп, мугалимдик кесиптен алыс эле бололу дешсе керек» – деп күлдүрдү. Агайдын бул тамаша кебинде чындык бардыр, анткени мугалим да бак өстүргөн багбандай, анын мээнети катуу болгон менен таткан мөмөсү таттуу болот эмеспи.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер