“Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы

  • 30.04.2024
  • 0

Балыкчы шаарында 26-27-апрель күндөрү таланттуу окуучулардын чыгармачылык “Өнөртай – 2024” фестивалы болду.

 

“Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы

Көл жээгиндеги көркөмдүү шаардын балдар билим берүү борбору өткөргөн жетинчи сынак-фестивалы эки күн жүрүп, ийгиликтүү аяктады.

Фестивалга облустун алты районунан жана эки чоң шаарынан делегация келди. Бул 700дөн ашык окуучу катышкан эң масштабдуу иш чара болуп калды.

Биринчи күнкү сынактар эстрадалык ыр, манас айтуу, төкмөчүлүк жана драма боюнча болду. Экинчи күнкү сынак комуз жана бий боюнча өттү.

Балыкчы балдар билим берүү борборунун жетекчиси Махабат Бейшеева фестивалдын конокторун жаркыраган маанай менен тосуп алып, фестивалды жогорку уюшкандыкта алып барды.

“Өнөртай” сынагы Балыкчы шаарынын мэриясынын колдоосу менен жетинчи жолу өткөрүлүп келе жатат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын президентинин инсандын руханий, адеп-ахлак өнүгүүсүн жана дене-тарбия жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата, Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнө 85 жыл толушуна жана Саякбай Каралаевдин 135 жылдыгына карата өткөрүлдү.

“Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы

Шаардын мэри Азамат Арнабек уулу фестивалдын ачылыш аземине катышып, мындай сынактар балдардын мындан да чоң ар кандай сынак, фестивалдарга катышуусуна өбөлгө болуп келе жатканын жана “Өнөртайдын” балдардын патриот болуп өсүшүнө салымы чоң экенинин билдирди:

“Өнөртай” – кыргыз элинин маданиятын, искусствосун, маданий мурастарын, тарыхын сыйлоого, келечек муундун руханий адеп-ахлактык,  мекенчилдик аң-сезимин өнүктүрүп, тарбиялоого зор салымын кошууда. Балдар өзүлөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашып, ата-бабалардын республика болуп жашап атканыбызга өзүлөрүнүн салымын кошуп кеткен тарыхын чагылдырышты. Ошондой эле, “Мамлекеттин келечегин көрө турган болсок, жаштарына карагыла” демекчи, биздин жаштарыбыз патриот, ушундай өнөрү менен өсүп, чоңоё турган болсо, анда сөзсүз түрдө биздин мамлекет өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет деген үмүтүбүз чоң”, — деп баса белгилеп өттү шаар башчысы.

Сынакка катышууга облус боюнча 28 мектеп, 7 чыгармачылык борбордон 700дон ашык окуучу өтүнмө берген. Фестивалга келген окуучулар 7-9, 10-13, 14-17 жаш курактары боюнча категорияларга бөлүнүп эстрадалык ыр, манас айтуу, төкмөлүк өнөр, драма, жеке бий, жамааттык бий, комузда жекече ойноо, сүрөт тартуу —  өнөрдүн сегиз түрү боюнча ат салышты.

Өнөрлүү окуучулардын аткаруу чеберчилигине «Кыргыз сериалы» мамлекеттик мекемесинин башкы режиссеру Насриддин Кудайбердиев баш болгон калыстар тобу баа берди.

“Борбор калаада актёрдук чеберчиликте окуп, ошол жакта кандай деңгээлде ойносо, бул сынакта дагы ошондой деңгээлде туруп ойногон балдарды байкадым. Негизи эле, керемет Ысык-Көл облусунан кыргыз элинин керегине жараган чыгаан уул-кыздар, эр-азаматтар чыккан. Эки-үч команда Жусуп Абдрахмановду эскертишти. Ал Ысык-Көлдүн кулуну, кыргыз элинин татыктуу уулу. Жусуп Абдрахманов жөнүндө драманы коюп жатышканда, чынында, менин ыйлагым келди. Сиздер да эртеси ошол адамдын ордун баса турган Ысык-Көлдүн кулунусуңар. Жети облуска салыштырмалуу көлдүн жаштары активдүүсүңөр, силер менен сыймыктанса болот”, — деди Насирдин Кудайбердиев.

“Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы

Драма боюнча сынакта 1-орунду “Саймалуу Таш” Ак-Суу балдар чыгармачылык борбору, төкмөлүк өнөрдөн 1-орунду №1 Л. Толстой атындагы гимназия-мектебинин окуучусу Кадыров Бекжан ээледи.

“Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы

Манас айтуу боюнча жарышта 1-орунга 10-13 жаш категориясында  Ак-Суу районунун Н.Мамакеев атындагы мектеп-гимназия окуучусу Маматоморов Адилет, 14-17 жаштагы окуучулар арасында Жакыпалиев Ж. татыктуу болду.

Эстрадалык ырдоодо баш байгени Ак-Суу балдар билим борборунун  окуучусу Акынбекова А. жеңип алды.

“Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы

Сынактын эң кенже катышуучуларынын бири, тогуз жаштагы Жанэр Шеркулов төкмө өнөрүнөн кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду.

Комузда жекече ойноо номинациясы боюнча сынакта Балыкчы шаарынын №3 К.Абдылдаев атындагы мектептин окуучусу Бакбердиев Н.  жана №4 мектеп-гимназиядан Усенова А. жеңүүчү аталды.

Сүрөт номинациясы боюнча 1-орунду Балыкчы шаарынын №1 Л.Толстой атындагы мектеп-гимназия окуучусу Жумакадырова А. жана Каракол шаарынын Темирбекова Ж. алдыга чыкты.

«Кут Билим» медиа борборунун директору Кубат Чекиров алдыга суурулуп жеңүүчү болгон окуучуларды таптаган мугалимдерди медиа борбордун грамотасы менен сыйлады.

Нуриза Осмонова, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү 

 

 

 

 

“Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы “Өнөрүң болсо, өргө чап”. Балыкчыдагы “Өнөртай” фестивалы

Бөлүшүү

Комментарийлер