ӨНҮГҮҮНҮН ӨР ЖОЛУНДА

  • 27.10.2022
  • 0

Быйыл Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик-техникалык билим берүүсүнө 80 жыл толду.

Кесиптик-техникалык билим берүү тарыхынан

ӨНҮГҮҮНҮН ӨР ЖОЛУНДА

1942-жылдын 2-октябрында түзүлгѳн баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү системасынын ѳнүгүүсү бир нече этаптарга бѳлүнѳт. Алгач 1917-1920-жылы Түркстандын элге билим берүү комиссариатынын чечими менен Кызыл-Кыяда, Сүлүктүдѳгү шахталарда төрт жумадан сегиз айга чейинки курстар уюштурулган. 1923-жылы Кыргыз ѳлкѳсүндѳ алгачкы ФЗО (фабрика-заводдордо окутуу) пайда болгон.

 

Ошентип, эл чарбасынын түрдүү тармактары үчүн квалификациялуу жумушчуларды даярдоо талабы келип чыккан. 1925-жылы Кызыл-Кыяда тоо-кен ѳндүрүшү үчүн үч жылдык мектептер ачылып, анда кен казуучулар, монтерлор, слесарлар даярдала баштаган. Кара-Сууда пахта тазалоо, Аламүдүн ГЭСинде, Пишпекте ишканаларда жумушчулук кесиптерге үйрѳтүүчү бѳлүмдѳр уюштурулган. 1926-1927-жылдары Фрунзе, Пржевальск, Жалал-Абад шаарларында кесиптик-техникалык окуу жайлары ачылган. 1927-1928-жылдары Ош аймагындагы 13 окуу жайында кесиптик багыт менен 1175 адам билим алган.

1930-1940-жылдары СССР элге билим берүү комиссариаты тарабынан «Эмгек резервинин башкы башкармалыгы» уюштурулган жана бул система бардык кесиптик мектептерди жана кол ѳнѳрчүлүк окуу жайларды бириктирген.

ӨНҮГҮҮНҮН ӨР ЖОЛУНДА

1942-жылы 2-октябрда Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү системасы түзүлгѳн. 1955-жылы толук орто билимдүү жаштарды тез арада кесипке окутуп үйрѳтүү талабы келип чыгып, техникалык училищелер ачылган. 8-классты аяктагандарды окутуу, кесипке үйрѳтүү жана тарбиялоо милдетин аркалаган шаардык жана айылдык кесиптик-техникалык окуу жайлар түзүлгѳн.

1959-1970-жылдары ѳлкѳбүздѳ сапаттуу окутуу, билим берүү жана кесипке үйрѳтүү системасы пайда болгон. 1971-1990-жылдарын кесиптик-техникалык билим берүү системасынын ѳнүгүү жана жаӊылануу жылдары деп белгилесек болчудай. 1980-1981-окуу жылында бардык окуу жайлар орто билим берүүчү жана техникалык училищелерге айландырылган. Кайра куруу башталган 1990-жылдары ѳлкѳбүздѳгү 122 кесиптик-техникалык окуу жайларында 230 кесиптин түрү боюнча адистер даярдалган.

Кесиптик билим берүү системасын ѳнүктүрүүгѳ кыргыз элинин кѳрүнүктүү мамлекеттик ишмерлеринин бири Жаманкул Тойгонбаевдин сиңирген зор эмгегин эскере кетпесек болбос. Ал 1956-1976-жылдары системаны жетектеп, кыргыз элинин тарыхына, тагдырына да тереӊ из калтырган адам. Жаманкул Тойгонбаев өзүнүн аткарган ишине жасаган ак ниеттүү мамилеси, маданияттуулугу, айкѳлдүгү, гумандуулугу менен айырмаланган.

Бул тармакты узак убакыт жетектеген дагы бир көрүнүктүү ишмер Касендеев Ильяс Касендеевичтин ысымын сыймыктануу менен айта алабыз. Ал кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик комитетти 20 жылдан ашык жемиштүү жетектеди. Чечкиндүү, жаӊычыл, реформатор, иштин кѳзүн тапкан жетекчи катары тармактын ѳндүрүштүк, экономикалык, чарба-каржылык, окуу-тарбиялык маселелерин ийгиликтүү чечүү менен катар эле эл чарбасынын ар кыл техникалык кесиптерге болгон муктаждыгын толук канааттандырарлык эмгек өтөгөн.

Кемин районундагы № 19 кесиптик лицейинин тарыхынан

Кемин районундагы Кара-Булак айылында №19 айылдык кесиптик-техникалык училище 1966-жылы уюштурулган. Анын туңгуч директору Темирбек Давлетбаков болгон. Аны менен бирге ийиндеш иштеген өз кесибинин устаттары А.Эсеналиев, А.Өмүркулов, А.Алтымышевдин ысымдары окуу жайдын тарых барагында түбөлүккө жазылып калды.

ӨНҮГҮҮНҮН ӨР ЖОЛУНДА

Окуу жайы эски барак үйлөрдө жайгашкан. Сабактар эптеп-септеп жабдылган кабинеттерде, мурунку кара куурай иштетилүүчү  (аркан, мүшөк, май, ж.б. чыгарылчу) цехтерде өткөн. Училищеге 8-классты аяктаган уландар кабыл алынып, заманга ылайык  “Мелиоративдик жумуштардын механизатору”, “Электр жана газ менен ширетүүчү”, “Экскаватор айдоочу”, “Электрик” кесиптерине даярдалган жана орто билим тууралуу аттестат алышкан.

ӨНҮГҮҮНҮН ӨР ЖОЛУНДА

Училищеде окуган окуучулар барак тибиндеги үйлөрдө жашаган, алардын жашоо  шарты өтө оор болгон, 2-3 катарлуу керебеттерде жаткан. Бара-бара жагымдуу жаңы  өзгөрүүлөр боло баштаган. Окуучулардын саны көбөйгѳн, жаңы кадрлар менен толукталган. Жаӊы окуу корпусун жана жатаканасын курууга убакыт келип, жаңы окуу комплексин, окуу корпусун, төрт кабаттуу жатакана, ашкана, устакана, стадион куруу үчүн проектиси иштелип чыккан жана 1976-жылы толук бүтүп, пайдаланууга берилген.

№19 кесиптик лицейдин 80 жылдык тарыхында жаштарга таалим-тарбия берүүдѳ жана кесиптик кѳндүмдѳрдү калыптандырууда ак эмгегин, билимин, тажрыйбасын арнаган кесиптештердин атын зор сыймыктануу менен атоого болот. Алардын катарында КР Билим берүүнүн эмгек синирген кызматкери Жумаалы Абдышев, кесиптик билим берүүнүн мыктылары: Роза Сулайманова, Дания Дүйшөналиева, Сталбек Мамбетказиев, Галима Мамбетгазиева, Турат Биримкулов, Асанбек Алиев, С

ӨНҮГҮҮНҮН ӨР ЖОЛУНДА

огушбек Букаев, Замира Давлетбакова, Мелис Мамбетказиев, Нурадин Карипов, Галина Веселова, Ташбүбү Абдраимова ж.б. көптөгөн улуу устаттарыбызды сыймыктануу менен айтабыз.

Өлкөбүздө кайра куруу башталып, эгемендикке ээ болгондон бери №19 кесиптик лицейдин турмушунда да заман талабына шайкеш жаңылануу шарданы жүрүп, жаштарды керектүү кесиптерге даярдоого багытталган иш-аракеттер ишке ашырылып келет. Окуу жайынын кѳпчүлүк кѳйгѳйлүү маселелери ѳкмѳттүк эмес эл аралык уюмдардын жардамы менен чечилип келатат.

ӨНҮГҮҮНҮН ӨР ЖОЛУНДА

2000-жылдан азыркы мезгилге чейин проекттердин түздөн-түз катышуусунда көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылды. Алсак, ПРООНдун программалары, Сорос-Кыргызстан, МерсиКо эл аралык уюмдарынын каржылык колдоосунда имараттарыбыз ремонттолуп, чатырлары жабылып дегендей, көптөн бери бүтпөй келаткан иштерибизди бүтүргөнгө жетиштик. 2002-жылы МерсиКо уюмунун “Лицей” проектиси менен биргеликте окуучуларды кошумча тамактандыруу максатында өздүк чарба уюштурулган. Ушул эле МерсиКо эл аралык уюмдун “Кесиптик билим берүү” проектиси менен  “Шабдан-Ата” №2 имараты лицейдин экинчи филиалы болуп ремонттолду. Ал азыркы учурда жаштарга жана жумушсуз жарандарга кесиптик билим берүү багытында иш жүргүзүп келет. МерсиКонун дагы бир “Кесиптик билим берүү-2” проектиси окуучуларды практикалык жактан үйрөтүү максатында окуу жайды тигүүчү машинкалар жана жабдыктар менен жабдууга жардам берди. Ушул жылдары “Жаӊы муун” программасынын “Надежда”, “Надежда-2” проектилери,  Юнифем ПРООН, “Техсервиз” проектиси менен да тыгыз кызматташтык. Мисалы, “Техсервис” проектисинин жардамы менен Алтымыш айылында биздин лицейдин базасында техсервис уюштурулуп, тогуз трактор, би комбайн, беш автомашина, үч прицеп, беш а/ч машиналары, 12 станок жана жабдыктар ремонттолгон.

ӨНҮГҮҮНҮН ӨР ЖОЛУНДА

Фермерлерге жардам берүү багытында иш жүргүзгөн “Хельветас” швейцариялык өнүктүрүү уюму “Ишкер-фермер” тобун уюштуруп, аларды окутту жана кондитердик цех, жүн кыркуучу пункт ачып берди. Биз алардан 838 нуска 79540 сомдук кыргыз тилиндеги окуу пособиелерин алдык. Кыскасы, мына ушундай көптөгөн эл аралык уюмдар менен иштешип, алардын жардамы менен кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасын чыңдап, окуучуларын заман талабына шайкеш окутууга жетише алдык. Эки жыл мурун  Азия ѳнүктүрүү банкынын “Кесиптик билим берүү кѳндүмдѳрдү ѳнүктүрүү” проектисинин II фазасы менен кызматташтык. Натыйжада окуу жайыбыз окуу устаканасы, 80 орундуу жатакана, окуу класстары, компьютерлер, окуу техникалары, тренажерлор, окуу китептери, эмеректер менен камсыздалды.

ӨНҮГҮҮНҮН ӨР ЖОЛУНДА

Азыркы убакта кесиптик билим берүү системасы интенсивдүү өнүгүп, заманбап кесиптерге окутууга өтүп жаткан учур. Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кесиптештеримдин баарын баштапкы кесиптик техникалык-билим берүү системасынын 80 жылдыгы менен куттуктап кетким келет. Жаштарга заманбап билим берүүдө эбегейсиз зор эмгек өтөп келаткан кесиптештеримдин иштерине ийгилик, бакубаттуулук каалайм.

Шайырбүбү АБДЫЛДАЕВА,

Кемин районундагы N19 кесипчилик лицейинин директору,

КР Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери,

Кемин районунун ардактуу атуулу.

Бөлүшүү

Комментарийлер