МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР, ТАРБИЯЧЫЛАР КҮЧ СЫНАШАТ

  • 22.09.2021
  • 0

Мугалимдердин күнүнө карата “Жыл мугалими – 2021” республикалык сынак Бишкекте 29-30-сентябрда өтөт. Облустук турдан өткөн алдыңкы мугалимдер, тарбиячылар республикага жолдомо алышты. Учурда алар республикага катышканы даярдык көрүп жатышат.

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР, ТАРБИЯЧЫЛАР КҮЧ СЫНАШАТ

Алдыга кимдер озуп чыкты?

Билим берүү жана илим министрлиги  тарабынан “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагын өткөрүү боюнча талабы да, тартиби да заманга шайкеш өзгөртүлүп, бир катар жаңычылдыктар киргизилди.

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР, ТАРБИЯЧЫЛАР КҮЧ СЫНАШАТ

— Райондук, шаардык сынактан суурулуп чыккандар облустук турга катышты. Облустук сынактын жыйынтыгында баш байгени Кара-Суу районунун №79 Чолпон орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Феруза Мирзаева, I орунга Ноокат районунун Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Зарина Аскарова, II орунга Араван районунун Кызыл-Талаа негизги мектебинин математика мугалими Манас Жалилов татыктуу болсо, III орунга эки катышуучу, Алай районунун М.Адышев атындагы мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Жыпаргүл Жумабай кызы жана Кара-Кулжа районуна караштуу Б.Исаев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Кулпунай Абдималик кызы жеңүүчү деп табылды. Алдыга озуп чыккандарга Ош билим берүү институту тарабынан Ардак грамоталар, дипломдор ыйгарылды, — дейт Ош облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары Асида Бабакулова.

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР, ТАРБИЯЧЫЛАР КҮЧ СЫНАШАТ

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР, ТАРБИЯЧЫЛАР КҮЧ СЫНАШАТ

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР, ТАРБИЯЧЫЛАР КҮЧ СЫНАШАТ

Айтмакчы, иш-чарага КР Өкмөтүнүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, билим  берүү кызматкерлеринин Ош облустук билим, илим   боюнча кесиптик бирлик комитетинин төрагасы жана ОшМУ, ОГПИ, ОшТУнун  ректорлору катышып, катышуучуларга диплом, акчалай сыйлык жана баалуу белектерди тапшырышты.

Ал эми Бишкек шаарында өткөн “Жүрөгүм балдарда” аттуу сынакта  “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты жаш мугалими”, “Эң мыкты класс жетекчи”, “Жылдын мыкты тарбиячысы”, “Мыкты статустуу мектеп”, “Мыкты мектеп”, “Мыкты мектепке чейинки мекеме”, “Кошумча билим берүүдөгү мыкты методикалык иштелменин программасы” номинациялары боюнча мыктылар ат салышып, сынак жогорку деңгээлде өттү.

— 3-этапта №57 мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлзат Жапарова “Жылдын мыкты мугалими” номинациясы боюнча 1-орунга чыкса, №100 бала бакчанын тарбиячысы Акмарал Байтанаева “Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясында алдыга озуп чыкты. Булар республикалык турга жолдомо алышты. Ошондой эле №70 гимназиядан “Мыкты класс жетекчи” номинациясын С.А.Беляева багындырса, ушул эле мектеп “Мыкты статустуу мектеп” деп аталды. №42 мектеп мыкты деп табылып, 1-орунга чыкты. Ал эми №48 бала бакча өзүнүн мыктылыгын баардык жактан көрсөтө алып, ал дагы жеңүүчүлөрдүн катарын толуктады. Мындан тышкары кошумча билим берүү мекемелеринин ичинен “Кыргызстан балдары” 1-орунду камсыз кылды, — дейт шаардык билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Гүлмира Акматова.

“Жүрөгүм балдарда – 2021” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар  Мугалимдер күнүнө карата тапшырылат.

Мыкты тарбиячылар биринчи жолу сынакка  катышат

Буга чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелери гана республикалык “Жыл мугалими” сынагына катышып келсе, быйылкы сынактын талаптары өзгөртүлгөнүнө ылайык “Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясы киргизилген.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки башкармалыгынын башкы адиси Самара Умралиеванын айтуусу боюнча, сынакка облустук турдан суурулуп чыккан тогуз гана тарбиячы катышат.

— Мугалимдер күнүнө карата республикалык “Мыкты тарбиячы — 2021” сынагына облустан биринчи орунга чыккан тарбиячылар республикага жолдомо алышты. Булар облуста эң мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, 1-орунду алгандар болуп эсептелет. Ошонун арасынан кандайдыр бир себептер менен 1-орунду ээлеген тарбиячы келалбай калса, өзүнүн макулдугу менен анда 2-орунду ээлеген конкурсант келет. Ар бир катышуучу өз ыктыяры менен катышат. Жободо белгиленгендей, катышуучунун өз арызы керек биринчи орунду ээлесе дагы. 4-этап эки тур менен өтөт. Биринчи жана экинчи турда конкурстук материалдар, түзүлгөн ачык сабак, өзүнүн иш тажрыйбасы жөнүндө презентация, тестирлөө, “Педагогикалык окуя” кырдаалдарды чечүү жана у.с. сынактар жүргүзүлөт. Сынактын өзгөчөлүгү – тарбиячылар биринчи жолу сынакка катышып жатат. Мурда “Мыкты бала бакча” деп мекеме катышчу, — дейт Самара Кыдырмаевна.

Кыргызстанда учурда 1648  бала бакча бар. Жыл сайын анын саны көбөйүп, коомчулукту кубандырып жаткан мезгил.

Сынактын максаты — таланттуу мугалимдерди аныктоо жана колдоо, алардын мыкты тажрыйбаларын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймактарындагы бала бакчаларга жайылтуу; мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында иштеген педагогдордун кесиптик жана инсандык өнүгүүсүн колдоо жана мектепке чейинки билим берүү проблемаларын чечүүнүн маанилүүлүгүнө жана анда иштеген  кызматкерлеринин кесибинин маанилүүлүгүн жана кадыр-баркын жогорулатууга мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири илимий-педагогикалык коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бурууну көздөйт.

— Алдыга чыккан тарбиячыларга 1-даражадагы диплом, баалуу белектер тапшырылат. Быйыл жеңүүчүлөргө сертификат тапшырылат. Ошол бааланган суммага жеңүүчү өзү каалаган буюмун сатып алууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Мугалим өзүнүн жүрөгү оорубагандай сатып алат. Мурда телевизор, компьютер сатып берчү элек, — дейт башкы адис.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер