МЫКАНДАГЫ ЭКСПЕРИМЕНТ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?

  • 19.10.2022
  • 0

Бишкектеги Улуттук консерваториянын акыркы курсунда билим алган ырчы Байыш Эгембердиев Аламүдүн районундагы Жакыпбек Бердибеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде комуз ийримин жетектейт.

МЫКАНДАГЫ ЭКСПЕРИМЕНТ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?

Шаар четиндеги Мыкан айылында жайгашкан бул заманбап мектепте Байыш менен бирге дагы үч жаш адис борбордон барып-келип иштейт.

— Мугалимдердин жетишпестигин ушинтип чечип жатабыз. Дистанттык формада Арабаев университетинен билим алып, бизде ийгиликтүү иштеп жаткандар бар. Кыргызстан эл аралык университети менен да жаш адистерди жумушка тартуу боюнча максаттуу иш алып барабыз, — дейт мектеп директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Гүлзат Абдыкеримова.

Мектеп жетекчисинин айтуусунда анын ишиндеги эң оор күндөр артта калыптыр.

— Биз үчүн 2015-жыл өзгөчө сыноо болду. Эскилиги жеткен мектепте мугалимдер иштегиси келбеди. Муну көрүп ата-энелер да балдарын алып кете баштады. Болгону үч мугалим, анан 2-класста эки окуучу, 3-класста бир окуучу калды. Кайра чогултуу өтө оор болду. Үймө-үй кыдырып, итке таланган күндөрүмдү унута албайм. Бизди айылдын алдыңкы ата-энелери, ардагерлер, коомчулук өкүлдөрү колдоду. Өзгөчө Кожогулов Орозбек атанын эмгеги эбегейсиз. Чоң аракет менен биринчи класска 12 окуучуну, жалпы болуп 34 окуучуну топтоп, аз комплектүү мектеп катары каттоодон өтүп, ишибизди баштадык, — деп эскерет ошол оор күндөрдү мектеп жетекчиси.

МЫКАНДАГЫ ЭКСПЕРИМЕНТ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?

Азыр мектептеги 11 класста 210 окуучу билим алууда. Мында балдар-кыздардын татыктуу билим-тарбия алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Бул мектеп жаңы бийликтин билим берүү тармагындагы эң алгачкы көрүнүктүү иши болуп саналат. 2021-жылдын февраль айында Садыр Жапаров Мыкан айылына келип, келечектеги курулушка капсула салып кеткен. Сауд Арабиясынын каржылык колдоосунда билим очогу тогуз айда салынып бүтүп, 2021-жылы 25-октябрда окуучуларга өз эшигин ачты. Ошондогу кубанычтуу ирмемдерди чагылдырган тарыхый сүрөттөрдү мындагы коридордон көрүүгө болот.
Ушул эле жерде өткөндөгү Баткен согушунда баатырларча курман болгон жоокерлердин сүрөттөрү илинип турат.

— Мектепте жөө жүрүш уюштурдук. Окуучулар Баткен баатырларына таазим этишти, — дейт мектеп жетекчиси.

Чакан мектепте балдарды китеп окууга кызыктыруу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатыптыр. Мага мугалимдердин «Окурман паравоз» аттуу табылгасы жакты.
Ар бир паравоздо бирден окуучунун сүрөтү жана ал окуучу окуп чыккан китептин аталышы жазылган желекчелер баштыкчага салынган экен.

— «Окурман паравоз» — биздин эң биринчи жардамчыбыз. Балдар биринен-бири калбай, жарышып, китеп окуп жатышат. Жыйынтыгын чыгарып, эң көп китеп окугандарга белектерди берип турабыз, — деди Гүлзат Дайырбековна китепканадагы эсепсиз желекчелерди көрсөтүп.

МЫКАНДАГЫ ЭКСПЕРИМЕНТ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?

Чындыгында эле бул ыкманы колдонуп китеп окууну сүйүүчүлөрдүн санын көбөйтсө болчудай. Бир жагы азыркы телефонго азгырылып, китептен алыстаган доордо окуучу жаштар үчүн аба менен суудай зарыл ыкма экени айдан ачык көрүнүп турат.

МЫКАНДАГЫ ЭКСПЕРИМЕНТ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?

Мындагы сонун табылга тууралуу айтпай кетпесек болбойт. Жергиликтүү мугалимдер эки жыл катары менен башталгыч класстарда предметтик окутууну ишке ашырып көрүшкөн.
Быйылкы окуу жылынан баштап, сааттардын тартыштыгынан улам эксперименттен баш тартып, мурдагыдай эле башталгыч класстарды окутууну бир мугалимге табыштап беришти.

— Башталгыч класстарда предметтик окутуунун артыкчылыгы талашсыз. Анткени окуучулар төртүнчү классты аяктагандан кийин негизги мектептин талаптарына бат көнүгөт. Предметтик окутууга чейин айрым ата-энелер: «Менин балам башталгыч класста жалаң жакшы деген бааларга окучу. Эмне үчүн баалары төмөндөп кетти?» дешчү. Предметтик окутууда мындай суроолор өзүнөн өзү берилбей калган, — дейт орус тили жана адабияты мугалими Венера Сапаралиевна.

Мектептин дагы бир жаңылыгын белгилеп кетели. Бул жерде окуучулардын тамактануусун туура уюштуруу программасы өз жемишин берип жатыптыр. Ысык нанды ушул жерде бышырышат экен.

— Акыркы сабактарда курсагы ачып, эс-учун жоготуп койгон окуучулар көп болбосо да учурап жатты. Ата-энелер бул маселени ошол бойдон калтырбай, Байкоочулар кеңешине көтөрүп чыгышты. Анан демөөрчүлөр табылды. Учурда бардык класстарга ысык тамак берип жатабыз, — деди мектеп директорунун милдетин убактылуу аткаруучу.

МЫКАНДАГЫ ЭКСПЕРИМЕНТ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?

Өлкөнүн башка мектептериндей эле бул жерде да мугалим агайлар аз санда. Болгону экөө — музыка жана дене тарбия мугалимдери.

— Спортзал демөөрчүлөрдүн планында жок болчу. Биздин сураныч менен президенттин алдында салып беребиз деп сөз беришти. Анан ушундай жаркыраган спортзалдуу болдук, — дешет мыкандык мугалимдер.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер