МУЗЕЙ – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН БОРБОРУ

  • 26.03.2021
  • 0

Жакыңда Кара-Кулжа районундагы  Б.Исаев атындагы орто мектебинин  базасында  мектеп музейлеринин иш-аракеттерин  арттыруу, балдарга  билим берүүдө жана тарбиялоодо алардын ролун жогорулатуу, музей жетекчилердин иш тажрыйбаларын жайылтуу жана тажрыйба алмашуу, окуучуларды  музейде сакталган ата-бабалардын  колдонгон буюмдарын  сактоого, аны камкордукка алуу боюнча эмгектенүүгө тарбиялоо максатында «Музей – кыргыз  маданиятынын борбору»  аттуу  облустук семинар болуп өттү.

МУЗЕЙ – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН БОРБОРУ

Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун (ОБЧБнын) туризм жана экология бөлүмүнүн усулчусу О.Сулайманованын берген маалыматына таянсак,  окуучуларды  Ата мекенин сүйүүгө  болгон  сезимин ойготууда жана патриоттуулукка тарбиялоого  калыптандырууда өз кичи мекени, туулуп өскөн жери, айылы,  биринчи тамга таанытып, окуткан мектеби,  аны курчап турган адамдарга болгон жакындыгы  чоң роль ойнойт.

МУЗЕЙ – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН БОРБОРУ

— Ал үчүн өзүңдүн туулуп-өскөн жериңдин, мыкты инсандардын, мектебиңдин  тарыхын изилдеп,  окуп таанууң   керек. Мектеп музейлери ошол мектептин окуучулары үчүн гана эмес, өлкөбүздүн башка жерлеринин жашоочулары, чет өлкөлүк туристтер үчүн да жакшы таасир калтыруу керек.  Мектеп музейлерин уюштуруу, аны  жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде “Туулган жерим” туристтик жер-таануучулук экспедициясынын Жобосунун негизинде жүргүзүлүп келүүдө.  Ош облустук балдардын чыгармачылык   борбору  да   мектеп музейлеринин иштерин  алдыга жылдыруу үчүн ошол Жобонун негизинде бир канча алгылыктуу  иштерди жүргүзүп келатат, — дейт усулчу.

МУЗЕЙ – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН БОРБОРУ

 

Семинардын катышуучулары  Кара-Кулжа райондук «Кулун-Ата» мамлекеттик жаратылыш коругунун музейи менен таанышып  чыгышты.  Аңдан соң,  Б.Исаев атындагы  орто мектебинин базасыңда   «Музей — кыргыз маданиятынын борбору» аттуу облустук семинардын ачылыш аземи болду. Анда  Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаров   ачып,    ал өз сөзүндө “Туулган жерим” туристтик  жер-таануучулук экспедициясынын Жобосунун негизинде мектептерде он бир багыт менен иш алынып барыларын  жана анын он бир багыты тен мектеп музейлери экенин айтты.

МУЗЕЙ – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН БОРБОРУ

— Тарыхый, маданий эстеликтерин эсепке  алууга жана сактоого, табигый байлыктарга олуттуу кароо учур талабы болуп олтурат. Бүгүнкү күндө облус боюнча  64 мектеп музейи уюштурулган. Булардын ичинен 3 — элдик, 9  — мыкты мектеп музейи жана  42 — мектеп музейлери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.  Биздин семинардын негизги  максаты  —  мектеп  музейлеринин  ишин жакшыртуу, тажрыйба алмашуу, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу  жана    үлгүлүү тажрыйбаларын жайылтуу,  үгүттөө максатыңда жер-жерлерде ушундай семинарлар өткөрүлүп туруу.  Былтыркы «Аймактарды өнүктүрүү,  өлкөнү санариптештирүү  жана балдарды колдоо” жылынын алкагында, Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата облустук «Мыкты  мектеп музейи», “Мыкты бурч”  кароо-сынагы  18-май бүткүл дүйнөлүк Эл аралык  музей күнүнө  карата өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу онлайн режимиңде мыкты деңгээлде  өткөрүлүп,  жыйынтыкталды, — деди Р.Назаров.

Семинардын жүрүшүндө келген коноктор Б.Исаев атындагы тарыхый- этнографиялык музей менен таанышып чыгышты. Кара-Кулжа райондук  балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун “Музей активистерин окутуу” ийримдеринин  мугалимдери Э.Таиеванын “Дүйнөлүк туризмдин өнүгүшү” жана Д.Сыдыбаеванын “Тоготой айылындагы тарыхый жерлер”  аттуу   ачык сабактары жогорку деңгээлде уюштурулса, Б.Исаев атындагы тарыхый-этнографиялык музейдиң жетекчиси  К.Жунусалиев тарабынан уюшулгаң “Социалисттик  эмгектин баатыры Б.Исаевдин урпактары жана афган  ардагерлери менен жолугушуу” деген темада тегерек стол өтүлдү. Тегерек столго Б.Исаев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн  афган согушуна катышып келген ардагерлер жана Б.Исаевдин   небереси  Беделбай уулу Мэлис катышып, анда  ийрим окуучулары афган ардагерлерине жана анын урпагын улап, дайыма демөөрчү болуп келген небересине өздөрүнүн суроолорун берип, эң жакшы маалыматтарды алышты.

МУЗЕЙ – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН БОРБОРУ

Семинар  Б.Исаев атындагы орто мектебинин “Манас жаштары” уюмунун  өкүлдөрү тарабынан уюштурулган концерттик программасы менен коштолду. Анда   жаш таланттуу окуучулар кыргыздын улуттук бийлерин бийлеп,  мекен, туулуп өскөн айылы жөнүндөгү ырлары    зал ичин шаңга бөлөп  конокторду кубандырды.

  • Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Ресбупликасынын эмгек сиңиргең мугалими, А.Эшматов  атындагы «Элдик»   музейдин  жетекчиси А.Кенжебаева,  Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыров,  Араван райоңдук балдар чыгармачылык борборунун  ийрим  мугалими  Эл мугалими Ж.Хажиматов, Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору З.Сарыбашев, Өзгөн райондук балдар чыгармачылык борборунун  директорлору У.Абжапаровалар   сөз сүйлөшүп, семинар өз максатына жеткеңдигин жана уюштуруучуларга өз ыраазычылыктарын айтып, мындан кийин да жер-жерлерде ушундай семинарларды өткөрүп туруу   жөнүндө суңуштарын айтып өтүштү.
  • МУЗЕЙ – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН БОРБОРУ
  • МУЗЕЙ – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН БОРБОРУ
  • МУЗЕЙ – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН БОРБОРУ

Семинарды жыйынтыктоо менен ОБЧБнын директору Р.Назаров Б.Исаев атындагы орто мектептин директору Г.Ашымованы,   музейди уюштурууда өзүнүн талыкпас эмгегин жумшаган К.Жунусалиевди,  ийрим мугалимдери  Д.Сыдыбаеваны, Э.Таиеваны ОБЧБнын Ардак грамоталары менен сыйлап,  активдүү катышкаң “Манас жаштары”  уюмдарынын  мүчөлөрүнө  белектерди тапшырды, — дейт О.Сулайманова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер