МУГАЛИМДИН СӨЗҮ ЖЕ МУГ + ААЛЫМ = МУГАЛИМ!

  • 21.12.2020
  • 0

Адамдын бактысы – жакшы мугалимден жакшы насаат угуп, жакшы  тарбия алгандыгында

Адамдын адам экендигинин бир белгиси — анын сүйлөй алгандыгы, оозунда сөзү, башында ою, жүрөгүндө сезими бар экендиги. Ошентсе да, сүйлөп жатканы эле болбосо, бардык адам эле сөз биле бербейт. Сөз билген адам анын ички маани-маңызын, поэтикасын, тышкы музыкасын сезет, туят. Сөз билген адам сүйлөсө – ал ырдап тургансыйт!

Сөз, адамдын ички жигерин аныктап билгизет. Сөз билген, анын баасын, күчүн туйган адам таасын, так сүйлөйт, тандап, таап, акырын  айтат. Өз учурунда гана айтат. Ага ошол акырын айткан бир ооз сөзү жетиштүү болот.  «Cөз билген адам таап сүйлөйт, билбеген адам каап сүйлөйт» деген ошо.

Бул сапат — адегенде мугалимге тиешелүү болуусу керек. Анткени мугалимдин иши да — сөз, куралы да – сөз. Мугалим диплому менен гана эмес, сөзү менен мугалим. Ал сөз менен илим менен билимдин жолун көрсөтөт, тарбия менен таалимдин мунарасын курат, сөз менен адам деген улуу затты калыптандырат! Мугалим сөз менен адамдын тагдырын курат, ошон үчүн мугалим — адам тагдырынын куруучусу.

       Сөз — мугалимдин  маданияты, сөз — мугалимдин автопортрети

Албетте,  сөз – адамдын маданияты. Куучирендиги эмес, адамдын сөзү, жүрүм-туруму гана анын маданияттуулугун айгинелейт. Сөз – улуу тарбиячы, акылман насаатчы, мыкты мугалим. Жоокердин куралы – кылыч, соттун куралы – түрмө, жасоолдуку — ай балта. А тарбиячынын куралы – сөз. Ал курал баарынан күчтүү, курч да, баарынан өткүр. Сөз кандай болсо — тарбия да ошондой болмокчу. Демек, сөз баарынын башаты да, баарынын натыйжасы дагы.

Сөз — адамдын өзү, автопортрети. Эл билген аким сөз билген чеченге  башын ийиптир. Эл билген – улуу эмес, сөз билген – улуу. Эл билген акимдин артында бийлиги калбайт.  Сөз билгендин артында сөзү калат.

Ошол сыяктуу,  сөз — мугалимдин маданияты, мугалимдин сөзү — анын күзгүсү. Сөзү менен анын ким  экендиги билинет. Он жыл, элүү  жыл өтсө да колунан билим алган адамга мугалиминин сөзү калат. Анткени ал адам мугалиминин сөзүнөн адам болгон. Качан болсо, анын «менин мугалимим» деген сыймыктуу баасы  менен кала берет!

Мугалимдин эң жакшы сабагы — анын сөзү жана анын өзү

Бир сөздү айтып алып кейийсиң, а бир сөздү айтпай калып кейийсиң. Айтып алганыңда бирөөнүн жүрөгүн оорутуп алганыңда бир кейийсиң,  айта албай калып, өзүңдүн жүрөгүңдү оорутуп, экинчи кейийсиң… Мугалим да ошондой. Ал  мугалимдин  ыйманына тийиштүү. Мугалимдин ыйманы эки нерседен көрүнөт экен: биринчиси — тил адеби, экинчиси – жүрүм-турум адеби. Ошол үчүн «тилиң – ыйманың» деп бекер айтылбайт.

Адептүү, ыймандуу мугалим, адегенде, айтар сөзүн ойлойт. Окуучусуна  таалим менен тарбиянын сырын ачат, жан сырын төгөт сөзү менен. Укпас уул-кыз болсо, кайран сөздүн желге кетерин туюп бир кейийт. Бул – бир. Экинчиси – айтар сөзү менен  таалим-тарбиянын удулун тандайт. Айткан сөзү өз ордун  тапса, уккан уул-кыздын кулагына алтын сырга илинет. Үчүнчүдөн, айтар сөзүн айтуунун маанайын тандайт. Жылуу сөз, жумшак үн балага  жибектей оролуп, бойду жибитет. Анын  жумшак үнү менен жылуу сөзү баланын жан дүйнөсүнө жугат. Мындай  касиет-сапаты бар мугалимди ар дайым урмат-сый жандайт, баланы  өзүнө тартат. Демек, мугалимдин тилинин жана ыйманынын маданияты – анын эки канаты. Төртүнчүдөн, сүйлөгөн сөзү мугалимдин жеке маданияты  гана эмес, ал – улуттун маданияты. Себеби мугалим сүйлөп жатып  өзүнүн жеке маданиятын гана билдирбейт,  улутубуздун сүйлөө маданиятын билдирет. Ошон үчүн сүйлөгөндө, улутубуздун намысы – биринчи  туруусу кажет!  Мунун өзү — мугалимдин миң лекциясынан өйдө турат, анткени мугалимдин эң жакшы сабагы — анын сөзү жана анын өзү дегим келет.

Мугалимдин билимдүүлүгү гана эмес, сөзү жана маданияттуулугу айрыкча бааланат

Албетте, анткени мугалим билимдүүлүгү менен гана бааланбайт. Сөзү жана жүрүм–туруму менен, анын сүйлөө маданияты менен да артыкча  бааланмакчы. Мунун мааниси чоң. Тил – улуттун жаны жана да анын маданий дөөлөтү, андыктан мугалим  улуттук тилибизде сүйлөөдө ага байланыш-катыштын куралы же мамилелешүүнүн каражаты катары гана эмес, өзүнүн да  рухий маданиятынын деңгээлин, анын ичинен, сүйлөшүү маданиятын, тилибизге жасаган маданияттуу мамилесин билдирерин унутпашы керек. Анткени мугалимдин сөзү — илим гана же билим гана эмес, мугалимдин сөзү — балага жашоонун жолун көрсөтөт, адам болуунун пайдубалын түзөт, өнүгүүнүн уругун себет, өмүрүнө өчпөс шоола чачып турат!

Мугалимдин сөзү – анын жан дүйнөсүн чагылдырып туруучу күзгү

Мында мугалимдин өз кебине (сүйлөгөн сөзүнө) жасаган жеке мамилеси, эне тилинде сүйлөө деңгээли, кебинин сапаты, т.а. тазалыгы, тактыгы, тууралыгы, логикалуулугу, орундуулугу, адептүү сүйлөөсү, эмоционалдуулугу, поэтикалуулугу, байлыгы эске түшөт.

Адегенде, кебинин тазалыгы баамга урунат. Бул – кыргыз мугалими эне тилинде таза кыргызча сүйлөөсүн, чет сөздөрдү ыгы жок колдонбоосун  түшүндүрөт. Кээде чет сөздөрдү да жөнсүз бузуп, түзүлүшүн өзгөртүп, айрым учурда туура эмес которуп, же которбостон эле, айта турган оюн же түшүнүктү билдирер өз тилинин каражаттары бар экендигине карабастан, башка тилдин каражаттарын, мисалы, орус тилин аралаштырып сүйлөөнү адат кылып алган учурлар көп. Мындан мугалим өзүнүн жан дүйнөсүнүн байлыгынын деңгээлин  түшүндүрөт.

Буга төмөнкүдөй мисалдарды келтирсек болот: «студенттин окуусун  востановить этүү (калыбына келтирүү); «Мен заказ (табыштадым эле  дегени) бердим эле»; «Отпускамда пайдаланбай калган күндөрүм үчүн отгул (өргүү дегени) алдым»; «Компьютеримдин мышкасы (багыттагычы дегени) иштебей жатат»; «Кечиресиз,  отчествоңуз (атаңыздын аты дегени) кандай эле?» «Эртең төгөрөк үстөл (чогулуш дегени) болот»; «Ручкамдын запасы жазбай калды», (калемим жазбай калды дегени); «Сен мага мешайт (жолтоо дегени) этип жатасың»; «Биз ишти пландаштырып (акылдашып), көпкө отурдук» ж.б.

Мугалимдин сөзү — сүйлөө маданиятынын үлгүсү болууга тийиш.  Антпесе анын сөзү уккан, сабактарын алган бүтүндөй коомдун сөзү, аны менен бирге жан дүйнөсү бузулат. Анткени коом сөздөн бузулат, сөздөн оңолот.

Окуучу туура сүйлөөгө үйрөнүүдө – биринчи үлгү мугалим болушу керек!

Ооба. Көпчүлүк убактарда мугалимдер да жазуу жана оозеки түрүндөгү орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерибиздин бар экендигине карабай минтип туура эмес сүйлөгөн учурлар бар. Мисалга көңүл буралы: «Биз Ата мекенибизге ак кызмат кылыш керекпиз»; «Мен докладга даярданыш керекмин» (даярданышым керек дегени); «Окуучулардын мындай жолго барыштары туура эмес», «Мен Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестисин (повестин дегени) өтөм»; «Эл аралык фондулардын (фонддордун дегени) өкүлдөрү менен жолугушуу болду»; «Биз кыргыз тилин эне тил эмес катары (экинчи тил катары дегени) окутуп жатабыз»… «Алабаш теке — Суречкинин күйөөсү болгон»…. Мындай көрүнүштөрдү кебибизден четтетиш үчүн, эне тилибиздин сөздөрүнүн маанисин туура билип, оозеки жана жазуу эрежелерибизди туура сактообуз  жана аны туура колдонуубуз  негизги милдет.

Ушундай эле кээ бир мугалимдердин кебиндеги дагы бир каталык бул – айта турган оюн бышыктабай туруп айткандыктан кетирген каталыктар. Алар кептин так эместигинен кеткен каталык катары бааланат. Бир жолу окуу жайдын даражалуу эле мугалими кесиптешин куттуктап, белекке ак калпак жана кыргыз камчысын берип жатып мындай дебеспи: «Башыңдан ак калпак менен камчы түшпөсүн». Көрсө, анысы – «колуңуздан камчы түшпөсүн» деп алкап жатканы экен. «Карганын буту» дейт шаардык окуучу,  «шыйрагы» дегендин ордуна; «Тооктун мурдубу же оозубу?»  деп сурайт кенже класстын окуучусу. «Франциянын медициналык академиясынын залында Авиценанын портрети ушул күнгө чейин асылып турат» дейт, «илинип турат» дегендин ордуна, белгилүү эле окумуштуу илимий журналга жарыялаган макаласында. «Зарыл жеңенин үйүндө төрт баш адам жашайт» дейт  9-класстын окуучусу, өзүнүн дил баянында, «төрт адам жашайт» дегендин ордуна. Албетте, бул туура эмес. Окуучу туура жүрүүнү  гана эмес, туура сүйлөөнү да мугалимден үйрөнөт. Аны мугалим байкашы керек.

Мугалим ойдо жүрсө да, тойдо жүрсө да, эл аны мугалим дейт. «Мугалим билет, ошондон сурайлычы» дейт. Ошон үчүн мугалим дайыма мугалим бойдон калуусу керек!

Орунсуз жана адепсиз сүйлөгөн мугалим — мугалим эмес!

— Кээде айрым мугалимдер айтар сөзүн  байкабастыктан ыксыз айтып, орунсуз сүйлөп, ал үчүн өзү да ыңтайсыз абалга кабылган учурлар  жыш кездешет. Мындай учурларды орунсуз сүйлөө деп бааласак туура болчудай.  Педагогикалык жактан алганда, балага орунсуз сөз  айтуунун өзү орунсуз, анткени антип айтуу баланын табигый өсүүсүнө кедерги болоруна окумуштуулардын изилдөөлөрү далил.  Кептеги мындай моралдык-этикалык жагдайлар  адептүү сүйлөө маселесин эске салат.

Төмөндөгү мисалдарды окуп көрөлү: «Ой аксакал, эми сиз жаштарга теңелбей, жөн эле жүрбөйсүзбү», — дейт тыңсынган жаш директор жигит карыя мугалимге. Салам берип келгенди жактырбай, мырзасымак чиновник минтет экен: «Саламга жутаган эч ким жок, эмне жумуш менен келдиңиз, айтыңызчы!»; Мугалим жаман көргөн окуучусуна минтет: «Эй көк мээ, айбан, ушуну да түшүнбөйсүңбү!».

Мугалим ушундай осол сөздөрү менен да, осол эмес эле сөздөрү менен да окуучусун басынтат экен. Биринчиси — жогоркудай , «агрессивдүү» басынтуу. Аны уккан окуучусу — «мен ошондоймун» деп калыптанат же мугалимине «агрессивдүү» мамилеси бекемделет. Болбосо, кээ бир мугалимдер  окуучусуна: «сенин колуңдан ушул эле келет, ушуну эле айтып берсең, үч коюп берем…» деп, анын өнүгүүсүн биротоло чектеп жатканын, аны маданияттуу түрдө басынтып жатканын байкабайт!

Мугалим жан дүйнөсүнүн жана кебинин байлыгы менен  окуучусун байытат

Эне тилинде таза сүйлөбөөнүн өзү да ал мугалимдин  кебинин жардылыгынын бир далили эмеспи?! Өз эне тилиндеги сөздөрдү  колдонбой сүйлөөбүздүн кесепетинен улам, жеке лексиконубуздан эне тилибиздин бай корун сүрүп чыгарып, анын ордун көптөгөн чет  сөздөр ээлеп алганы жалганбы? Ушунун өзү адамдын сөзүнүн жардылыгынын негизги себеби болуп чыга келет.

Айрыкча, азыркы учурда жаштардын, анын ичинде студенттердин, окуучуларыбыздын сөзгө жарды болуп баратканы жан кейитет.

Мисал келтирели:  «Апам оорубай элеби?…», — дейт шаардагы кызы телефондон үлбүрөгөн үнү менен; «Биз жайында күн сайын бассейнге келчик…», — дейт мектеп окуучусу; «Беш кишилер келип, сизди күтүп жатат», — дейт катчы кыз башчысына. «Макулуңуз… макулуңуз», — дейт илбериңки кыз. «Досторго саламдар болсун!», — дейт радиодо сүйлөп жаткан журналист алып баруучу. «Шаарда балдардын акчалары түгөптүр…», — деп кейийт айылдагы ата-эне… Бул биздин мезгилдин  эң чоң кемчилиги. Аны оңдоочу адам — бир гана мугалим!

Ушундай. Мунун баары сөзүбүздүн баш жагында айтып өткөндөй, ар бир адамдын, анын ичинде, мугалимдин  өз эне тилиндеги сөздү колдонуп сүйлөө маданиятын, анын деңгээлин,  анын сүйлөө кебинин сапатын билдирет. Сабаттуу сүйлөп, мугалим окуучусу менен рухунун байлыгын бөлүшөт, аны окуучусу аркылуу жалпыга таратат.

Мугалимдин маданияты жана келбети — кийиминен эмес, сөзүнөн көрүнөт. Биз өзүбүздү ар дайым башкалардан кем калышпаган билимдүү жана маданияттуу сезебиз.  Ошо маданияттуу сезгенибизден да  башка тилде сүйлөгүбүз келет. Ошону маданият деп түшүнөбүз. Жаңылышабыз. Маданият дегендин өзү да улуттук тилде маданияттуу сүйлөөдөн башталат. Улуттук маданиятты артисттер гана таратпайт, аны таратуучу да, жаш муундардын жан дүйнөсүндө жаратуучу да – мугалим!  Ошондуктан мугалимдин сөзү — мектептеги гана сабакта кызмат кылбайт, ал коомду кайра жаратуучу да болуп саналат.

МУГАЛИМ  — КООМДУН ДАРЫГЕРИ!

МУГАЛИМ деген сөз, жакшылап тыңшаган адамга,  башка сөздөн башкача угулат.  Анын өзү да,  баамдаган адамга, башка адамдардан башкача, бөлөк адамдан бөлөкчө адам болуп көрүнөт.  Анткени МУГАЛИМ дегенде сөздүн ичинде «аалым» деген сөз бекинип жаткансыйт.

А «аалым» жөн адам эмес, ал ааламды аңтара караган, анын сырын билгиси келген, кечээкиси менен келечегин кошо көрө билген, эл карды тууралуу ойлонуп жатканда, ал калкы тууралуу ойлонгон,  эл эмелекиси тууралуу ойлонуп жатканда, ал эртеңкисин ойлогон, эл натыйжасын ойлоп жатканда, ал себебин издеген, өз баласын унутуп,  элдин баласына кам көргөн, эч кимге жаман болсо экен дебеген, жамандын да жакшы болушу үчүн азап жеген адам экен.…

Билерин да билген, билбесин да билген, айрыкча билимдүү адам экен. Ал ошол билими менен дүйнөнү бүтүн тааныткан, сабагына Жер шарын кармай келип сабак берген,  аты жөн ат эмес, «агай» жана «эжей» деген эч кимдин атына окшошпогон аты бар, баарынан башкача заты бар адам экен!

Ошон үчүн, Мугалим — уул баланы тарбиялап жатып, улутту тарбиялайт экен. Кыз баланы тарбиялап жатып, кылымдын жолун чабат   экен! Улуттун уул-кызы — мугалимден адам болот экен! Адам уулун адам кылган — МУГАЛИМ экен!

Коом менен коон эки башка нерселер, бирок  коон сыяктуу коом дагы бүчүр байлап көктөйт,  өнүгөт, өсөт жана  бышып жетилет.  Коон жакшы багылбаса, жакшы каралып сакталбаса, чирип кетет. Коом дагы жакшы адамдарысыз чирип жок болот. Аны сактаган жакшы адам — жалгыз гана  МУГАЛИМ !

Кокус коом ооруса,  ал оору адегенде мектепке жугат. Аны мугалим гана дарылап  айыктырат. Демек, коом мугалимге карап түздөнөт, мугалимдин  сөзүнөн оңолот, ооруса айыгат. Демек, коомдун дарыгери — Мугалим!  Коомду саясатчылар эмес, мугалимдер сактайт! Ошол үчүн ал адам – МУГ+ ААЛЫМ!

Сулайман РЫСБАЕВ,

профессор, жазуучу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер