МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ДАРАМЕТИ ЫЙГАРЫЛГАН КАТЕГОРИЯСЫНА ЫЛАЙЫК БОЛУШУ КЕРЕК

  • 04.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги учурда мугалимдердин ишмердүүлүгүн категориялар аркылуу баалоону кайра киргизүү багытында аракеттерди көрүп жатат. Министрликтин мектепке чейинки, мектеп, мектептен сырткары билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевдин айтымында, мектепте иштеген мугалимдерге категория ыйгаруу боюнча атайын түзүлүп-иштеп жаткан жумушчу топтун иштиктүү сунуштары ушул айдын аягына чейин КР Өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлмөкчү.

МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ДАРАМЕТИ ЫЙГАРЫЛГАН КАТЕГОРИЯСЫНА ЫЛАЙЫК БОЛУШУ КЕРЕК

Жумушчу топ эки отурумду өткөрдү, анда ар бир предметтик мугалим боюнча кандай талаптар, кандай сунуштар болот, жаш мугалим категорияны качан алат, категориялар кандай шартта жана кандай ыкмалардын жардамы менен ыйгарылат деген сыяктуу жол-жоболору каралып жатат. Ал жумушчу топ 20-декабрда жыйынтыктоочу отурумун өткөргөн соң, сунуштарыбызды карап чыгууга КР Өкмөтүнө жөнөтөбүз”,-деп билдирди.

30 жылга чукул педагогикалык стажы бар Ат-Башы районундагы Ой-Терскен мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлүмкан Турганбаева жогорку категориядагы мугалим болчу. Ал мугалимдердин эмгегин категорияларга бөлүп баалоонун материалдык эле эмес, моралдык да колдоосу дурус болчу деп эскерет.

– Менимче, мугалимдердин эмгегин категориялардын алкагында баалоонун жакшы жактары көбүрөөк болгон. Ал жоюлуп, анын ордуна дем берүүчү грант аркылуу мугалимдин артыкчылыктарына жараша баалоо түзүмү киргизилбеди беле. Ал түзүм боюнча деле кошумча тыйын алабыз, бирок алар көп учурда нааразычылыктар менен коштолуп кетет. Себеби ар бир мектептин өзүнүн жобосу иштелип чыгып, ошонун негизинде мугалимдин эмгегин чогулган упайлар аркылуу квартал сайын ич ара баалашат, бул талаштуу көп критерийлерге көз каранды. Экөөнү салыштырып көрсөм, категория боюнча баалоонун артыкчылыктары көбүрөөк. Албетте, аттестациялык комиссиянын негизинде мөөнөтү келгенде категория алууга даярдануу керек. Мурда беш жылда бир жолу аттестациядан өтчүбүз, бирок эгерде ишиңден бир ийгилик жаратсаң, мөөнөтүнөн мурда деле ыйгарылган учурлар болуп келген. Мисалы, мен башталгыч класстарда өтүүчү “Алиппе” майрамын ийгиликтүү даярдап, өткөргөндүгүм үчүн беш жылда эмес, эки жылдан кийин эле экинчи категорияга ээ болгом. Жөнөкөй мугалимден категориялуу адистин алган эмгек акысынын айырмасы кадыресе билинип калган, азыр так эстей албайм, анткени мындан дээрлик он жыл мурда алган эмгек акыларыбыз да башка өлчөмдө эмес беле. Бирок чындыгында эле изденип иштөөгө, өз алдынча даярданууга түрткү берип, категория тапшырам деп, толкунданып күтүп калчубуз, — деп эскерет Гүлүмкан Турганбаева.

Ал иштеген райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, эгерде министрликтин сунушу өтүп калса, мугалимдер жаз айларынан баштап, категория алууга даярдана башташмакчы, ал азыркы заман талабына ылайык компьютердик тестирлөө аркылуу жүргүзүлүшү күтүлүүдө.

— Менин эсимде, жогорку категорияга тапшырып жатканда, компью-
тердин жардамы менен тесттеги суроолорго жооп бергенбиз. Ал кезде компьютерлер биз жакка жаңы жетип жаткан кез беле, айтор, толкунданып, сүрдөп атып тапшыргам. Бизге Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери келишкенде, мугалимдердин суроолоруна жооп беришип, категорияларды ыйгаруу жөнүндө да айтышкан. Менин жеке оюмда, эгерде мугалимдин эмгегин категориялардын жардамы менен баалоо тутуму ишке ашып калса, мугалимдерге берилүүчү суроолор алдын-ала берилсе, бизге даярданууга аябай эле ыңгайлуу болмок. Албетте, ансыз деле даярданабыз деңизчи, бирок суроолор өзүбүздүн кесибибизге, кесиптик чеберчиликти арттырууга гана багытталса деген сунушум бар. Анткени, эсимде, мурда категорияга тапшырган учурда, психологиялык тестте мугалимдик кесипке тиешеси жок деле суроолор орун алган. Мисалы, мага окшогон башталгыч класстын мугалимдерине ылайыктуу болсо же ар бир мугалимдин өзүнүн предметине тиешелүү гана суроолор болсо эң сонун болмок, — деген ою менен бөлүштү.

Республикабызда мугалимдерди аттестациядан өткөрүп, ыйгарылган категориясына жараша кошумча акы төлөө 2009-жылы алып салынганын айткан Ысык-Ата районундагы Ч .Айтматов атындагы Ивановка № 1 мектеп-гимназиясынын директору Дарика Сартбаева, бул жагдай мугалимдердин кесиптик денгээлинин өнүгүшүнө бөгөт койгондой сезилет деп эсептейт.

– Мен эмне үчүн мындай тыянакка келип атам? Себеби, педагогдун эмгек акысы анын профессионалдуулугуна, ишке болгон жөндөмдүүлүгүнө эч байланышпай калды. Бул менин жеке пикирим. Мурда категорияга байланыштуу эмгек акыларында айырмачылыктар болуп, мугалимдер категорияга жетишүү үчүн айлап, жылдап кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун үстүндө иштешээр эле.

2011-жылдын май айынан билим берүү уюмдарына бюджеттик каражаттан стимулдоочу фонд катары (КТУ) мугалимдердин эмгегинин сапатына, жыйынтыктуулугуна байланыштуу жалпы эмгек акысынын фондунан 10 % кошумча акы төлөнүүдө. Бул төлөм квартал сайын жүргүзүлүп турат.

Квартал ичинде мугалимдин кесиптик денгээлин баалоо, аныктоо мүмкүн эмес. Алар утурумдук өзгөчөлөнгөн иштери үчүн гана акы алып жатышат. Мындан сырткары, эмгек стажы көп мугалимдер үчүн төлөм жогорураак болот да, ал эми жаш мугалимдердин эмгек стажы азыраак болгондугуна байланыштуу, айлыгы азыраак чыгып, стимулдоочу фонддон да ала турган акчасынын көлөмү төмөнүрөөк болуп калат. Бул аракет кылган жаш мугалимдер үчүн бир аз өкүнүчтүүрөөк болуп калууда. Эгерде категория ыйгаруу кайтарылса, ар бир мугалим өз дараментин далилдеп, өз деңгээлине жараша акы алса, эң эле туура болмок. Мындан сырткары, алдыга умтулуу, өнүгүү, өсүүгө шарт түзүлмөк. Категориялар, разряддар үчүн акы ченеми да сезилээрлик болсо, мугалим кайсы бир категорияга жеткенде айлык акысынын дээрлик жогорулаарын билсе, сөзсүз өсүүгө умтулуу болот.

Чындыгын айтканда азыркы учурда адамдар материалдык колдоого өтө эле муктаж. Ал эми билим берүү тармагындагы адамдарды учурдун баатырлары дээр элем.

Аралыктан окутуу учурунда да окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн мугалимдер жаны технологияларды өздөштүрүшүүдө. Өз каражаттарына сапаттуу телефон, ноутбук ж.б. сатып алышууда. Жеке материалдык кызыкчылыгынан да мектептин ишин биринчи орунга коюп эмгектенип жатышат. Бул мени абдан кубандырат.

Категориянын ыйгарылышы кайрадан каралып жатканы эн жакшы нерсе болуп жатат. Менин оюмча, деги эле көпчүлүк педагогдордун ою боюнча категорияларды кайтаруу туура болот. Баардык нерсе сапатына жараша бааланышы керек деп эсептейм, — дейт Дарика
Макешовна.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер