МУГАЛИМДИН БИР КҮНҮ

  • 15.04.2022
  • 0

Мугалимдин эмгегин көпчүлүк анчейин деле баалай бербейт. Биз бүгүн анын бир күндүк эле жасаган ишин өз көзүбүз менен көрүп, ал аркылуу бүтүндөй агартуучулардын түйшүгү жөнүндө коомчулукка айтып берели деп иш сапарга чыгып, айылдык мугалимдин үйүндө бир күндү чогуу өткөрдүк.

МУГАЛИМДИН БИР КҮНҮ

Биздин каарманыбыз Абдылдаева Жыргал Чүй облусунун, Сокулук районуна караштуу Шалта айылынын Дайыр Дооронбеков атындагы орто мектебинде жети жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенет. Үч баланын апасы. Жалгыз келин болгондуктан кайын эненин колунда. Бул үйгө 19 жашында келин болуп келген. 16 жылдан бери ушул үйдүн «оту менен кирип, күлү менен чыгат». Башкача айтканда, бир чоң үйдүн бүтүндөй түйшүгү Жыргалдын мойнунда. Ал бир күндө иштин баарына жетишип калыш үчүн кечинде канчада жатканына карабай эртең менен саат алтыда турат. Тураары менен колуна чакасын алып уй сааганы жөнөйт. Эки уйду саап, сүтүн өткөргөнгө даярдап коюп, чайын белендеп, балдарын тургузат. Эртең мененки чайды ичип бүтөөрү менен балдарын кийинтип алып, мектепке жөнөйт.

– Азыр 4-класстын класс жетекчисимин. Бул экинчи классым. Буга чейин дагы бир классты бүтүргөм. Жалпы 27 окуучум бар. Сабакка дайыма даяр келгенге аракет кылам. Себеби азыркы балдар башкача, өтө эле активдүү. Жакшылап даярданып, сабакты кызыктуу кылып өтпөсөң, сабакка кызыгышпайт, — дейт Жыргал.

Каарманыбыз сабакты кызыктуу өтүү үчүн дайыма изденип, акыркы технологияларды өздөштүрүп, ар дайым кесиптик чеберчилигин жогорулатып турууга аракет кылат. Өзгөчө пандемия жаңы башталып, мектептер аралыктан окууга өткөн кезде абдан кыйналган. Кээде таңкы бешке чейин видеосабактарды даярдаган күндөрү болгон.

МУГАЛИМДИН БИР КҮНҮ

– Аралыктан окууга өткөн кезде өзүмө ноутбук сатып алгам. Алгач видеосабак даярдоодо абдан кыйналдым. Салттуу сабак менен онлайн сабактын айырмасы чоң экен. Кээде таңкы бешке чейин сабак жасаган күндөр болду. Ошондо көп нерсени үйрөнүп алдым. USAIDдин “Окуу керемет” долбоору менен дайыма иштешип келем. Конференциялар, тренингдерге катышып, түрдүү сабактардын үлгүлөрүн алып турам. Бул тажрыйба топтогонго абдан ыңгайлуу, — дейт Жыргал.

Сабак бүткөндөн кийин Жыргал дароо үйүнө кетип калбайт. Окуусунан аксап жаткан балдарды алып калып, ар бири менен жекече иштейт. Кээде коомдук иштерге катышып, ата-энелер менен жыйындарды өткөрүп, түрдүү иш-чараларга даярданган күндөрү да болот. Үйгө келгенден кийин чарба, үй иштери менен алек болуп, кандай кеч киргенин деле билбей калат. Кечки тамагын жасап, уйун саап, үй иштерин бүтүргөнчө кечки саат тогуз, он болот. Үйгө мейман келген күндөрү болсо мындан да кеч калат. Ата-эненин конушу болгондон кийин чоң үйдүн түйшүгү дагы чоң.

Кечки тамактан кийин өзүнүн балдарын окутуп, андан кийин эртеңки сабагына даярданууга киришет. Алгач дептер текшерет. Классында 27 бала болгондуктан күнүгө ошончо дептерди текшерип чыгууга туура келет. Ага эле эки саатка жакын убактысын коротот. Андан кийин сабакка даярданат. Ошентип жатканча эле түнкү он эки, бир болот.

МУГАЛИМДИН БИР КҮНҮ

– Күнүгө дептер текшерилбей калса, сабакка даяр болбой калсам, мен өзүм эле окуучуларды жалкоолукка, жоопкерсиздикке тарбиялап жаткан болом деп эсептейм. Айыл жери болгондуктан балдарды мектепке даярдабай туруп эле берип салышат. Ошолорду тамга таанытып, жазганга үйрөткөн абдан кыйын. Жетишпей жаткандарын сабактан кийин алып калып окутасың. Ошентип жүрүп кечинде өзүмдүн балдарыма жеткенде чарчап калам. Бирок чарчадым деп аларды да карабай койгонго болбойт. Биринчиден, балдарымдын сабаттуу, билимдүү болушун каалайм. Экинчиден, ортончу балам Нурэл өзүмдүн классымда окуйт. Ал сабак окубай барса башка балдардан кантип талап кылам. Ошондуктан эң биринчи балдарымдын сабагын карап, баарын окутуп коюп анан эртеңки күнгө даярданам. Балам мени мектептен “апа” дебей, “эжей” дейт. Жанымдан да алыс жүрөт, “апалап” келе бербейт. Окуучуларым Нурэлди менин балам экенин 2-класста билишти, — дейт каарманыбыз.

МУГАЛИМДИН БИР КҮНҮ

Жыргал өзү Чүйдүн Кегети айылынын кызы. 1985-жылы 5-январда мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы
Абдылдаев Турат эл агартуунун отличниги, көп жыл бою агартуу тармагында иштеп, мектеп директору болгон. Азыр ардактуу эс алууда. Апасы Сатыбалдиева Асылбүбү дагы өмүр бою мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. Жыргал алгач мугалимдикти эмес, башка кесипти тандаган. Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырып, 1-курста окуп жүргөн кезинде турмушка чыккан. Кайын журтунун колдоосу менен университетти бүтүп, кайра Кара-Балтадагы колледжден, андан кийин И.Арабаев атындагы КМУдан билим алган. Азыр дагы кайын энеси колдон-буттан алып, ар дайым колдоо көрсөтүп турат. Жолдошу Болот дагы келинчегинин оорун колдон, жеңилин жерден алган мыкты өмүрлүк жар.

МУГАЛИМДИН БИР КҮНҮ

– Жыргалдын келин болуп келгенине быйыл 16 жыл болду. Келинимди кайсы жагынан мактасам да жарашат, иштесе иши бар, колунан баары келет. Үй тиричилигинде камчы салдырбайт. Апа деп эле жаны калбай, мага канат болуп келет. Мага мындан артык эмне керек эле? Балдарыбыз өссө экен, өнсө экен деп эле колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз, — дейт кайын энеси Жыпар Маатказиева.

Жыргал кесиптештеринин арасында да чоң кадыр-баркка ээ. Мектептин директору ага кандай иш болсо да ишенип тапшыра берсе боло турганын айтат.

– Жыргал кыска мезгилдин ичинде ишке болгон жөндөмдүүлүгүн, компетенттүүлүк деңгээли жогору экендигин көрсөтө алды. Жетекчи катары өзүнүн кесибин сүйгөн, ишине берилип иштеген адис деп жогорку баа бере алам. Балдар менен дайыма чыгармачылыкта иш алып барат. Ишине жаратмандык менен мамиле кылат. Окуучулары абдан эркин. Интерактивдүү сабактарды өтүп, дайыма өзүн-өзү өнүктүрүп турат, — дейт Дооронбекова Үмүтбүбү.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА

Нурзат КАЗЫБЕКОВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер