МУГАЛИМДИК КЕСИПКЕ ДАЯРДООНУ ЖАКШЫРТУУ, АГА ЖАҢЫ ТҮС БЕРҮҮ – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ
- 14.01.2024
- 0
Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү бирден бир негизги кыймылдаткыч күч — бул билим берүү системасы болуп саналат. Себеби өлкөбүздөгү жети миллионго чукул калктын 1 миллиондон ашыгы мектеп жашындагы балдар, 200 миңдейи студент болсо, ал эми жалпы билим берүүчү мекемелерде 80 миңге чукул мугалим, жогорку окуу жайларда 15 миңдей окутуучу-профессорлор эмгектенет. Демек, калктын төрттөн бир бөлүгүн билим берүү тармагына кирген адамдардын тобу түзүп турат.
Албетте, бул катмардагы жаш муундар эртеңки келечектин ээлери, өлкөнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Мындан жаш муундарды калыптандыруу ишин коомдун талабына ылайык улам жаңылап, жакшыртып туруу маселеси коюлат. Ушул жагдайдан алып караганда, билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жакшыртуу эң алгач окутуу жана тарбиялоо процессиндеги негизги феномен болуп саналган мугалимге көз каранды экенин, андыктан бул ишти мугалимдик кесипке даярдоо этабынан баштоо зарылдыгын көрсөтөт. Педагогикалык теория менен практикада мугалимдин адистик деңгээлин жогорулатуу маселеси олуттуу мааниге ээ. Анткени, окуу-тарбия иштеринин сапатын жакшыртуу, биринчи кезекте, педагогикалык чеберчиликти калыптандыруу, ошондой эле болочок мугалимдердин инсандык жана кесиптик компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө көз каранды. “Бүгүн билим берүү мекемесинин негизги милдети катары: дайыма жүрүп турган техникалык өсүү шартында жемиштүү эмгектенүүгө жөндөмдүү, жогорку маданияттуу жана гумандуу, гармониялуу өнүгүүгө жана кеңири тармактуу билимге, өз алдынчалыкка, азыркы өнүккөн коомдо ийгиликтүү жашоого мүмкүнчүлүк түзө билген сапаттардын комплексине ээ болгон жаңы типтеги педагогду калыптандыруу жана өстүрүү эсептелет”.
Мугалимди даярдоо маселеси жогорку педагогикалык билим берүүнүн калыптануу жана өнүгүүсүндөгү негизги изилдөө предмети болуп эсептелет. Кыргызстанда мугалимди кесиптик жактан даярдоо жана анын инсандык жактан калыптандыруу маселесине Г.Акиева, Н.Асипова, А.Калдыбаева, Д. Бабаев, Д.Байсалов, И.Бекбоев, К.Добаев, А.Алимбеков, А.Раимкулова, Л.П. Кибардина, Э.Мамбетакунов, А.Мамытов, Н.Дюшеева, Л.П.Мирошниченко, Н.Н.Палагина, Т.В.Панкова, М.Рахимова ж.б. окумуштуулар изилдөө жүргүзүшкөн. Андыктан аталган макала бир катар чет элдик жана ата-мекендик изилдөөлөрдүн алкагында азыркы мектептердеги мугалимдин орду, анын инсандык касиеттери жана кесиптик чеберчилигине коюлуучу талаптар, ошондой эле буга ылайык жогорку окуу жайлардагы заманбап педагогикалык адистерди даярдоону модернизациялоонун айрым маселелерин иликтөөгө арналды.
Заманбап мугалим. Ал кандай болушу керек?
Бул суроо билим берүү маселесиндеги эң маанилүү суроолордун бири болуп саналат. Албетте, эң биринчи кезекте ал окуучунун эң жакын адамы болуу керек. Адамзат коому жашап турган чакта бул ой өткөн чак, учур чак, келер чакта да ушул боюнча калары шексиз нерсе. Анткени ал мугалим. Ал – жол көрсөтүүчү. Ал жаш адамды алдыга сүрөөчү бирден бир таасирдүү инсан. Андыктан анын эмгеги да баланын көңүлүн өстүрүүгө, жан дүйнөсүн байытууга багытталышы зарыл. Д.С.Лихачевдун пикири боюнча: “Мугалимдик эмгек – бул жазуучунун же композитордун эмгегинен кем калбаган эбегейсиз, бирок аларга караганда оор жана жоопкерчиликтүү. Мугалим адамдык жан дүйнөгө композитор сыяктуу музыка, сүрөтчү сыяктуу боектор аркылуу эмес, аларга түздөн-түз таасир этет. Адамды өзүнүн билими жана сүйүүсү, өзүнүн дүйнөгө болгон мамилеси менен тарбиялайт” [3].
Л.Н.Толстой: “Жакшы мугалим эки гана сапатка ээ болуусу зарыл – алар: терең билим жана мээримдүү жүрөк” – деп айткан. Тагыраак айтканда, ал “мектептеги окутуу ишинин ийгилиги мугалимдин бир гана маанилүү сапатына – сүйүүгө байланыштуу. Эгер мугалим өз ишин сүйсө – ал жакшы мугалим. Эгер ал окуучуну анын ата-энесиндей сүйсө, анда ал дүйнөдөгү бардык китептерди окуп бүткөн, бирок ишине да, окуучусуна да болгон сүйүү сезими жок мугалимден артыгыраак. А эгер мугалим өз ишине болгон сүйүүнү окуучусуна болгон сүйүү менен айкалыштыра алса, анда ал эң мыкты мугалим” деген ойду бекемдеген [4]. Бул ойлор мурда кандай мааниге ээ болсо, азыр да, кийин да өз актуалдуулугун жоготпойт. Ж.Г.Аветисяндын пикиринде: “Азыркы учурда мугалимдин алдына коюлган башкы милдети болуп заманбап маалыматтык технологияларды жана окутуунун эффективдүү методдорун колдонуу менен балдарга жаңы билим алууга, ошондой эле окуучуда маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу менен, аларда кызыгууну, таанып билүүчүлүк жана чыгармачылык ишмердүүлүктү өстүрүү” болуп саналат [5]. Башкача айтканда, заманбап мугалим кайсы бир окуу предмети боюнча өзүндө болгон билимди өткөрүп берүү гана эмес, ал балдарга мектептен алган билимди колдонуу менен ойлонууга, ой жүгүртүүгө, өзүнүн пикирин коргой билүүгө жана башкалардын пикирин сыйлоого үйрөтө алуусу керек. Бул ойлорубузду А.Дистервегдин: “Окуучу үчүн мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үйрөнүүчү сабак, эң башкы жандуу үлгү бул — мугалим. Ал – окутуунун жандуу ыкмасы, тарбиялоо принцибинин ишке ашуусунун өзү” экендигин айткан пикири бекемдейт [6].
Кыргыз эл мугалими Ж.Өзүбекованын пикиринде: “Заманбап мугалимдер ак пейил, сезимтал болуш керек. Эмне дегенде биз энесин сагынган балдарды, ата-энеси ажырашкандарды, тамакка ток келген балдар менен ток келбеген балдарды окутабыз. Ар түрдүү сабактын ар түрдүү формаларын колдоно билиш керек. Сүйлөй ала турган, уга турган, консенсуска келе турган, чыдамкай, атаандаштыкка муюй турган, мейли математика, физика, химия бардык предметти окутсун, бирок инсандык сапаттарды калыптандырып өтүп турушу керек. Академиялык билим берип окутуп жатып турмушка даярдаш керек. Азыр мектепке ушундай мугалимдер керек. Анан мектепке киргенде жеке проблемалар, көйгөйлөр унутулуп, сабакка мугалим катары гана кирип, баланы ойготуп турушу зарыл” [7].
Жогорудагы ой-пикирлер менен катар, мугалимдер арасында жүргүзүлгөн анкеттештирүү ишинин натыйжасы төмөнкүдөй жалпыланган аныктаманы иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү: Заманбап мугалим – бул инсандык бийик деңгээлдеги сапаттарга жана кесиптик ар тараптуу компетенттүүлүктөргө ээ болгон, өз кесибине берилген, балдарды, мектепти сүйгөн, жоопкерчиликтүү, жаш муунга үлгү көрсөтө алган, жаңы билим берүү технологияларын жакшы өздөштүргөн, ишине так, убакытты туура пайдалана билген, чыгармачыл, өзүнүн үстүнөн иштеген, өнүгүүгө умтулган, бул процесске окуучуларды ийгиликтүү аралаштыра алган кесип ээси.
Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо
Заманбап мугалимди калыптандырууга карата коюлган бүгүнкү коомдогу талаптар педагогикалык билим берүүнү мындан ары жаңылантуу, модернизациялоо талабын коюда. Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо – азыркы коомдун талабына жараша мугалимдик кесипке даярдоону жаңылоо, жакшыртуу, жаңылантуу, ага жаңы түс берүү дегенди түшүндүрөт.
Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо маселеси тууралуу Э.Мамбетакунов, Н.Асипова, А.Калдыбаева сыяктуу атамекендик педагог-окумуштуулардын пикиринде, азыркы ааламдашуу, технологиялашуу, аралыктан окутуу шартында педагогикалык кесипке болгон талаптардын күчөтүлгөндүгүн, кесипке карата жаңыча мамиленин келип чыккандыгын көрсөтүшкөн. Алардын айтымында, айрым бир баалуулуктар өзгөргөндүгү, мисалы, улуу муундагы технологияны жакшы өздөштүрө албаган окумуштууларга караганда, жаңы технологияларды жогорку чеберчиликте колдоно билген жаш мугалимдерге болгон артыкчылыктын күчөшү; билимдин мазмунуна басым жасалган окутуудан алган билимди турмушта пайдалана билүү жөндөмдүүлүктөрүн окуучуларга өздөштүрүүгө мүмкүндүк түзө билүү компетенттүүлүктөрүнүн болушу; коомдо болуп жаткан ар кандай агрессия, коркунуч, кайдыгерликке, социалдык жетимдикке, социалдык теңсиздикке дуушар болгон балдар менен иштей билүү үчүн мугалимдеги инсандык бийик сапаттар: адамгерчилик, боорукердик, сабырдуулук, чыдамкайлык, окуучулардын тагдырына, келечегине болгон жоопкерчилик сапаттары, аларга болгон мээримдүүлүк, сүйүү сезимдеринин болушу тууралуу белгилешти. Ал эми А.Ибирайым кызынын пикиринде: “Ал глобалдашуунун тенденциясына кирүүгө алып келип, билим берүүгө компетенттик мамиле кылууну шарттап, инсандык өнүгүүнү гумандуулук парадигмасынын нугунда алып барууну талап кылды. Модернизациялоо зарылчылыгы ушул талаптарга туура келет. Модернизация – учурдун жана курчап турган чөйрөнүн чакырыгына, талабына адекваттуу болгон максат, мазмун, форманын стратегиясын жана тактикасын кайра түзүү болуп саналат”[9].
«Өз кесибин өтө мыкты билген эң тажрыйбалуу кызматчы чебер болуп эсептелет»
Заманбап мугалим тууралуу сөз кылууда, анын педагогдук чеберчилиги тууралуу түшүнүк алдыңкы планга чыкпай койбойт. И.Бекбоевдин аныктоосу боюнча: «Өз кесибин өтө мыкты билген эң тажрыйбалуу кызматчы чебер болуп эсептелет» [10, 39-б.] деп чеберчилик түшүнүгүнө мүнөздөмө берилсе, окумуштуулар Б.Апыш, Д.Бабаев, Т.Жоробеков ж.б. педагогикалык чеберчиликти кесипкөйлүк иш-аракеттин, өзүн-өзү уюштуруунун жогорку деңгээлин камсыз кылган инсандык касиеттердин комплекси катары аныкташат. [11, 130-131-б.] Ал эми учурда педагогикалык билим берүүнү модернизациялоонун жаңыча теориялык-методологиялык негиздерин издөө маселесинин актуалдашуусу азыркы мектептердин, окуучулардын алдында турган маселелерди чечүү менен байланыштуу экендиги белгилүү. Алар заманбап мугалимдин алдына коюлуучу талаптарга ылайык ишке ашат. Бүгүнкү күндө Кырыз Республикасынын педагогикалык билим берүү тармагына байланыштуу документтерге талдоо жүргүзүү менен аны жакшыртуу, жаңылантуунун бирдиктүү концепциясынын иштелип чыга электигин көрө алдык. Ал эми Россия Федерациясынын Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо концепциясынын долбоорунда [12] бир нече аспектилерге токтолгон. Аталган концепцияга, илимий-педагогикалык изилдөөлөргө, жогоруда сыпатталган эмпирикалык изилдөө методдоруна талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен төмөндө биз заманбап мугалимге коюлуучу бир нече талаптарды аныктоого мүмкүн болду.
Биринчиден, Н.Асипованын пикиринде: «Мугалимдин инсандык жана адистик жактан калыптануу ишмердүүлүгүндө анын окуучуга педагогикалык колдоо көрсөтүүгө даярдыгынын болуусу керектиги көрсөтүлөт». [13, 44-б.] Мугалим менен окуучунун өз ара аракеттешүү процессинде алардын ортосунда тажрыйба, билим, дүйнө таанымдык көз караштары менен алмашуу жүрүп, педагог тарабынан тарбиялануучуну инсандык жактан да калыптандыруу аракети жасалат.
Мугалимдин конфликтологиялык маданиятка ээ болуу менен окуучунун турмуш жолундагы адамзаттык маданиятуулуктун жетишкендиктерине, коомго аралашууда, өзүн табууда, жашоосунун максатын жана маӊызын андап сезүүдө дайыма тушуккан ар кандай маселелерди жана карама-каршылыктарды чечүүгө колдоо көрсөтө алуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу анын кесиптик ийгилигинин эң маанилүү фактору болуп саналат.
Мындан, болочок мугалимдин өзүнүн окуучулары менен өз ара жемиштүү аракеттешүүсүнө, кызматташууга, аларга ар тараптуу көмөк жана колдоо көрсөтүүгө карата инсандык жана адистик жактан даярдыгын калыптандыруу, педагогикалык билим берүүнүн эң маанилүү милдеттеринин бири болуу менен заманбап педагогикалык окуу жайдын бүтүрүүчүсүнүн жалпы жана кесиптик маданиятынын белгиси болгон коммуникативдик компетенттүүлүгүнүн базалык критерийи болуп каларын белгилөөгө болот.
Экинчиден, педагогикалык ишмердүүлүктүн этикалык жагдайын ишке ашырууга мугалимди даярдоо маселесин педагогикалык билим берүүнү модернизациялоонун маанилүү жагдайы катары көрсөтүүгө болот. Этикалык аспект мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүндө анын баалуулуктарынын, мамилелеринин, адептик көз караш нормаларынын системасын чагылдыруу менен, кесиптик аракеттеринин моралдык негизин түзүп, педагогикалык ой жүгүртүүсүнүн гуманисттик багытын аныктайт.
Педагогдун ишмердүүлүгүндө этикалык нормаларды кармануу кесиптик эң башкы талаптардын бири болуп саналат. Бул талаптын маанилүүлүгү педагогикалык кесиптин өзүнүн: маданияттуулукту, адептик баалуулуктарды алып жүрүүчү үлгү, ага карата түздөнүүнүн эталону катары мугалимдин окуучунун инсандык жактан калыптануусуна, анын андан аркы турмуштук жолуна таасир эте алуу спецификасынан келип чыгат. Андыктан, маданияттын транслятору катары мугалимдин ар бир сөзү, аракети, педагогикалык кырдаалды чечүүдөгү альтернативдүү ыкмалардын арасынан жасалган анын тандоосу дайыма эң биринчи кезекте алар жашап жаткан коомдогу этикалык нормаларга жана баалуулуктарга ылайыкталышы зарыл. [13, 116-124-б.]
Ошону менен бирге эле педагогикалык ишмердүүлүктүн маанилүү атрибуту катары мугалимдин социалдык ролу жана кесиптик статусу менен аныкталган анын өзгөчө бийлик жүргүзүү, үстөмдүк кылуу укуктарынын бар экендигин белгилеп кетүү керек. Буга байланыштуу педагогикалык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн антын даярдоо жана аны өз ишмердүүлүгүнө киришүүдө бердирүүнүн зарылдыгын көрсөткөн суроо өз актуалдуулугун бүгүнкү күндө жоготкон жок [14]. Мындай иш-аракет медициналык билим берүү системасында эзелтен бери эле ишке ашырылып келет. Болочок мугалимде кесиптик жүрүш-туруштун жана жоопкерчилик этикасынын принциптери калыптанган болушу керек.
Жогоруда белгиленген ой корутундуларынан болочок мугалимде педагогикалык ишмердүүлүктүн негизги мазмунуна жооп берген, өзүнүн окуучулары үчүн моралдык устаттын, үлгүнүн, адептик эталондун миссиясын ишке ашыруунун шарты катары кесиптик-этикалык компетенттүүлүктү калыптандыруунун зарылдыгы тууралуу жыйынтык чыгарууга болот.
Үчүнчүдөн, окуучулар үчүн эффективдүү болгон мугалимдин маалыматтык баалуулугунун деңгээлин көрсөткөн анын кесиптик ишмердүүлүгүндөгү маанилүү факторду белгилеп айтуу керек. [15, 79-б.] Аталган фактор азыркы компьютердик технологиялар доорунда өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Анткени мугалим бүгүн окуучулар үчүн негизги маалымат булагы боло албай калгандыгы талашсыз. Бул нерсе мугалимдин кесиптик функцияларын ишке ашыруудагы приоритеттердин алмашуусуна алып келди. Анын негизги милдеттеринин бири катары окуучуларга билимди өткөрүп берүү эмес, аларга керектүү маалыматты издөөгө, туура маалыматты иргеп алуу билгичтиктерин калыптандырууга, маалыматтын ишенимдүүлүгүн, алынган билимдин практикада колдоно билүүгө үйрөтүү, башкача айтканда, “үйрөнүүгө үйрөтүү” маселеси актуалдашты десек болот. Мугалимдин башка маалымат булактарынан негизги айырмачылыгы жана өзгөчөлүгү катары анын окуучуларга конкреттүү окуу дисциплинасы боюнча үйрөнүп жаткан объект же кубулуштун манызын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзө алгандыгы, предметтик тармак боюнча системаланган билимдерди калыптандырууга көмөк көрсөтө билгендиги, ырааттуу билим системасына ээ кыла алгандыгы эсептелет жана ал анын артыкчылыгы катары кала берет. Мугалим менен окуучунун өз ара аракеттешүү процессинде маалыматка чогуу ээ болуу гана эмес, окуу предметин биргеликте үйрөнүү дагы ишке ашат. «Окуучу бул ичин толтуруп коюучу идиш эмес, ал тутантуучу шам чырак» демекчи, мындан кесиптик жактан даярдоо процессинде негизги көңүлдү кеңири предметтик билимди калыптандыруу принцибинен маалыматты сапаттуу жана сандык жактан туура тандап алуу, системалаштыруу, ишенимдүүлүк деңгээлин аныктоо технологияларын окутууга алмаштыруу зарылдыгы келип чыгат.
Төртүнчүдөн, мугалимдин маанилүү кесиптик сапаттары катары анын эмпатияга жана рефлексияга жөндөмдүүлүгүн белгилөөгө болот. [15, 175-б.] Эмпатияга карата болгон жөндөмдүүлүк педагогикалык кесиптин гуманисттик маңызына жооп берип, мугалимдин тарбиялануучуну түшүнүүгө, анын көйгөйүнө кошо аралашууга даярдыгын мүнөздөө менен, аны менен конструктивдүү өз ара аракеттешүүнүн, ага педагогикалык колдоо көрсөтүүнүн зарыл шарты болуп саналат. Мугалимдин кесиптик ийгилигиндеги басым жасоочу кырдаал катары анын рефлексияга жөндөмдүүлүгүн эсептөөгө болот. Өзүнүн жеке ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына, кызыкчылыктарына, жүрүш-турушуна, кабыл алган чечимдерине, кетирилген катачылыктарына талдоо жүргүзүү анын педагогикалык тажрыйбаны топтоосуна, кесиптик жактан калыптануусуна жана өнүгүүсүнө негиз боло алат. Буга байланыштуу болочок мугалимдерди кесиптик педагогикалык жактан даярдоо процессинде эмпатияга жана рефлексияга карата жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ болот.
Бешинчиден, мугалимдин эн маанилүү социалдык функциясы катары маданиятты өткөрүп берүүчүлүк сапатын белгилеп кетүү зарыл. Мугалим маданият менен үйрөнүп жаткан субъекттин ортосундагы медиатордун миссиясын ишке ашырат. [13, 116-б.] Мындай иш-аракетке карата болочок мугалимдин тиешелүү даярдыгын калыптандыруу анын кесиптик билим алуусундагы жана инсандык өнүгүүсүндөгү маанилүү милдет болуп саналары шексиз. Себеби ал педагогикалык билим берүү мейкиндигиндеги студент менен педагогикалык реалдуулуктун ортосунда боло турган көрүнүш.
Алтынчыдан, заманбап педагогикалык билим берүүнү жакшыртуунун өзгөчөлүгү катары болочок мугалимдин кесиптик педагогикалык ишмердүүлүккө карата чыгармачылык мамилесин калыптандырууга багытталышын белгилөөгө болот. [15, 111-б.] Педагогдун чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн негизги максаты катары тарбиялануучуда идеалдуу тарбиялоо көз карашына жооп бере алган жаңы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн демилгелениши саналат. Мындай максатка жетүү жолунда педагог алдыга маселелерди коюу менен аларды чечип, педагогикалык кырдаалдарды талдап, аныкталган шарттардагы көбүрөөк натыйжалуу деп эсептелген ишмердүүлүк ыкмаларын тандап, аларды модификациялоо аркылуу буга чейин белгилүү болгон форма, метод, каражаттар менен айкалыштырып жана зарылдыгына жараша жаңыларын колдонуу менен, келечексиз, натыйжасыз аракеттерден арылат.
Жетинчиден, педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо аспектисинде мугалимдин кесиптик жан дүйнөсү абдан маанилүү деп көрсөтүлөт. (Б.З. Вульфов). Мугалимдин кесиптик жан дүйнөсү анын чебер аткаруучулук жөндөмүнүн аркасында өзүнүн адамдык сапаттарын максималдуу ачып көрсөтүшү катары сыпатталат. Мугалимдин ишмердүүлүгүндөгү инсандык жана кесиптик касиеттердин жуурулушун күбөлөндүргөн абалдын жогорудагыдай келтирилген аныктамасы студентти бийик гуманисттик баалуулуктарга туруктуу багыт алган инсан катары даярдоо процессин моделдөөнүн жана анын мазмунун калыптандыруунун өтө маанилүү негиздемеси катары кароого мүмкүнчүлүк түзөт.
Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо иши мугалимдин социалдык баалуулук жана кесиптик баалуулук миссиясын чагылдырган анын кесиптик жан дүйнөсүнүн уникалдуулугун эсепке алуу менен жүргүзүлгөндө гана ишке ашат.
Сегизинчиден, мугалимдин азыркы билим берүү процессинде эффективдүү жыйынтыктарга жетүүсүнүн негизги факторлору катары инновациялык программаларды, азыркы маалыматтык технологияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багыт алышы саналат.[13, 310-б.] “Санариптик келечек билим берүү системасынын алдына санарип чөйрөсүндө натыйжалуу иштей ала турган жана андан ары өнүктүрө ала турган адистерди даярдоо маселелерин көтөрөт. ЖОЖдордун алдында бүтүрүүчүлөрдүн жаңы шарттарга ылайыкташуу жана инновациялык методдор менен жаңы технологияларды практикага киргизүү зарылчылыгы маселелери турат” [16; 17]. Демек, педагог тарабынан инновациялык технологиялардын колдонулушу анын пайдаланган дидактикалык методдорунун жана каражаттарынын диапазонун кеңейтип, окутуунун принциптерин комплекстүү ишке ашырууга, окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн, конкреттүү педагогикалык кырдаалдын спецификасын эске алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул маселе акыркы убактарда өтө жайылтылып бараткантыгын белгилөөбүз керек. Ага карата аткарылып жаткан ЖОЖдордо жана жалпы билим берүүчү мектептерде «Санарип мугалим» долбоору, «Билим Илим», «Баластан» телеканалдары, Zoom, Google Meet, Google Classroom, платформалары аркылуу өтүлүп жаткан сабактар, multiurok.ru, www.lib.kg, www.kitep.edu.gov.kg, сайттары, башталгыч класстар үчүн iBilim, «Билим булагы» билим берүүчүлүк сайттарынын жана башка көптөгөн иш-аракеттерди, ошондой эле ар бир мугалимдин бул тармакта жасап жаткан иштерин айтууга болот.
Тогузунчудан, мугалимдин кесиптик жана инсандык жактан өнүгүүсү үчүн анын өзүн-өзү актуалдаштырууга умтулуусу өзгөчө мааниге ээ. Азыркы мезгилде өзүн-өзү өстүрүү, өзүн-өзү жакшыртуу, өзүнө өзү турмуштан ордун таптыруу маселелеринин актуалдуулугу мурдагыдан да жогору мааниге ээ болууда. Себеби өзүн-өзү актуалдаштыруу деңгээлине жеткен адам өзүнүн талантын, жөндөмдүүлүктөрүн, потенциалын толугу менен пайдаланууга жетишип, бир сөз менен айтканда, толук кандуу өзүн ишке ашырган адам болуп калат (мисалы, ар кыл өзүн таануу, мотивация берүү курстары аркылуу өзүн-өзү өстүрүү аракеттери). Студенттерди педагогикалык ЖОЖдо даярдоо алардын жеке турмуштук мазмунун ишке ашыруунун жолу катары каралышы керек. Окутуунун эффективдүүлүгү студенттин инсандык мазмунунун анын окууга болгон мотивациясы менен байланышта болушу аркылуу артарын түшүнүү зарыл. Андыктан кесиптик педагогикалык жактан даярдоо процессинде студенттин өзүн-өзү актуалдаштыруусуна колдоо көрсөтүүгө багытталган максаттуу аракеттерди жүргүзүү керек.
Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоонун фактору катары заманбап мугалимге коюлуучу талаптар болуп төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
— мугалимдин окуучуга педагогикалык колдоо көрсөтүүгө даярдыгын күчөтүү;
— педагогикалык ишмердүүлүктүн этикалык жагдайын ишке ашырууга даярдоо;
— мугалимдин окуучулар үчүн эффективдүү болгон маалыматтык баалуулук деңгээлин көтөрүү;
— мугалимдин маанилүү кесиптик сапаттары катары анын эмпатияга жана рефлексияга жөндөмдүүлүгүн арттыруу;
— мугалимдин эн маанилүү социалдык функциясы катары маданиятты өткөрүп берүүчүлүк сапаты;
— болочок мугалимдин кесиптик педагогикалык ишмердүүлүккө карата чыгармачылык мамилесин калыптандырууга багытталышы;
— мугалимдин кесиптик жан дүйнөсүнүн анын адамдык сапаттарын максималдуу ачып берилишине көз карандылыгы;
— мугалимдин инновациялык программаларды, азыркы маалыматтык технологияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багыт алышы;
— мугалимдин кесиптик жана инсандык жактан өнүгүүсү үчүн анын өзүн-өзү актуалдаштырууга умтулуусу;
— мугалимдин этнопедагогикалык даярдыгына жана көп улуттуу коомдо жашоого байланыштуу компетенциялардын калыптанышы.
Аталган талаптарга болочок мугалимдин компетенттүүлүгүн калыптандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган педагогикалык билим берүүнүн компетенттик парадигмасын ишке ашыруунун алкагында ылайык келүүгө мүмкүн. [13, 126-б.] Себеби “компетенттүүлүк мамиленин максаттуу мазмуну мугалимдин ар кандай кесиптик, этикалык, коммуникациялык жана башка маселелерди чечүүгө даярдыгын жана жөндөмдүүлүгүн билдирет деп айтууга болот”. [18, 46-б.]
Мугалим үчүн мамлекеттик жана коомдук жоопкерчиликти моюнга алуу, жамааттык чечимдерди кабыл алууга катышуу, кыйчалыш кырдаалдарды конструктивдүү чечүү, демократиялык институттарды колдоо жана жакшыртууга катышуу сыяктуу саясий жана социалдык компетенцияларга ээ болуунун актуалдуулугу артууда.
Коомдун улам өнүгүү шартында улуттук баалуулуктарды унутка калтырбоо, аны көздүн карегиндей сактоо, кийинки муунга педагогикалык улуттук улуу дөөлөттөрдү өткөрүп берүү, өсүп келе жаткан муунда мекенчилдик сезимди уютуу милдети турат. Мунун негизинде мугалимдин этнопедагогикалык даярдыгына өзгөчө талап коюлат. Ошону менен бирге азыркы учурдагы миграциялык процесстердин өнүгүү шартында педагогикалык ишмердүүлүк үчүн көп улуттуу коомдо жашоого байланыштуу компетенциялар маанилүү деп саналат. [13, 233-б.] Андыктан окуучуну инсандык жактан өнүктүрүү процессинде мугалим улуттук аң-сезимди калыптандыруу менен маданияттар аралык мамилени жөнгө салуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болушу зарыл.
Мугалим үчүн оозеки жана жазуу коммуникациясына ээ болуу компетенциясы абдан маанилүү экендиги күмөн туудурбайт. Бул мугалимдин билим берүү чөйрөсүндөгү эле ийгиликтүүлүгүн эмес, анын жалпы коомдогу эффективдүүлүгүн аныктоочу шарт болуп саналат.
Мугалим үчүн окутууну компьютерлештирүүгө байланыштуу маалыматтык технологияларды колдоно билүү маалыматтык ресурстардын начар жана күчтүү жактарын түшүнүү, аларда камтылган материалдарды сынчылдык менен кабыл алуу компетенцияларына ээ болуусу да абдан маанилүү. Демек, кыргыз мамлекетин жана коомун модернизациялоо шартында күндөн күнгө интенсивдүү алмашып жаткан социалдык маданий турмуштун талаптарына жооп бере алган инновациялык ишмердүүлүктү ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү өтө актуалдуу болуп саналат.
Инсандык бийик деңгээлдеги сапаттарга жана кесиптик ар тараптуу компетенттүүлүктөргө ээ болгон, өз кесибине берилген, балдарды, мектепти сүйгөн, жоопкерчиликтүү, жаш муунга үлгү көрсөтө алган, жаңы билим берүү технологияларын жакшы өздөштүргөн, ишине так, убакытты туура пайдалана билген, чыгармачыл, өзүнүн үстүнөн иштеген, өнүгүүгө умтулган, бул процесске окуучуларды ийгиликтүү аралаштыра алган кесип ээси болгон заманбап мугалимди даярдоо азыркы коомдун талабына жараша мугалимдик кесипке даярдоо ишин жаңылоо, жакшыртуу, жаңылантуу, ага жаңы түс берүү милдетин койду. Ал билим берүүгө компетенттик мамиле кылууну шарттап, инсандык өнүгүүнү гумандуулук парадигмасынын нугунда алып барууну талап кылат. Болочок мугалимдин коммуникативдик, кесиптик-этикалык, этнопедагогикалык компетенттүүлүктөрүн, технологиялык, психологиялык, аналитикалык, чыгармачыл иш билгилигин, өзүн-өзү актуалдаштыруусун калыптандыруу жана өнүктүрүү аркылуу гана жогорудагы аныкталган талаптарга ылайык келүүгө мүмкүн.
Бул изилдөө педагогикалык билим берүүнү жакшыртууга багытталган айрым бир аракеттердин бири жана ал белгиленген багыттагы ишти улантууну талап кылат. Ал эми анын жыйынтыктары болочок мугалимдерди даярдап жаткан окуу жайлардын стратегиялык максаттарын аныктоого көмөкчү ой корутундусу катары кызмат кыла алат.
Рахат СУЛАЙМАНОВА,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, “Мугалим” журналынын башкы редактору, педагогика илимдеринин доктору, профессор
КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ
- Дюшеева Н.К. Формирование будущего учителя новой формации в вузе / Н.К.Дюшеева. [Электронный ресурс] Режим доступа: www. http://libraryiksu.kg/public/assets/upload/vestnik/1383_IGU_DUSHEEVA_2011-30.pdf5ec361c334ba7.pdf
- Государственный образовательный стандарт высшего профессионального образования по направлению «Педагогическое образование» – бакалавриат и магистратура. [Текст]. – Б., 2015. – 361 с.
- Лихачев Д.С. Учительство – это искусство, труд не менее творческий, чем труд писателя, композитора, но более тяжелый и ответственный / Д.С. Лихачев. [Электронный ресурс] Режим доступа: https://www.lihachev.ru/news/1753/5560/
- Наставления Л.Н.Толстого учителю. [Электронный ресурс] / https://studme.org/118237/pedagogika/nastavleniya_tolstogo_uchitelyu
- Аветисян Ж.Г. Каким должен быть современный учитель? / Аветисян Ж.Г. [Электронный ресурс] Режим доступа: https://nsportal.ru/shkola/raznoe/library/2013/09/14/kakim-dolzhen-byt-sovremennyy-uchitel
- Дистервег А. Цитаты об учителях / А. Дистервег [Электронный ресурс] Режим доступа: https://ru.citaty.net/avtory/adolf-disterveg/tsitaty-ob-uchiteliakh/
- Өзүбекова Ж. Мугалим өтө сезимтал болушу керек. / Ж. Өзүбекова [Электронный ресурс] Режим доступа: http://kutbilim.journalist.kg/2016/08/22/
- Русско-киргизский словарь: 51000 слов/ Под ред. К.К. Юдахина. – Б.: Шам, 2000. – 992 с.
- Ибирайым кызы А. Билим берүүнүн сапаты: маселелер жана педагогикалык изилдөөлөр / А.Ибирайым кызы. // Известия КАО. – Бишкек, 2015. – №2 (34). – С. 17-22.
- Бекбоев И.Б. Педагогикалык процесс: эски көнүмүштөр жана жаңычыл көз караштар. [Текст] / И.Б.Бекбоев. – Б., 2006. – 290-б.
- Апыш Б. Педагогика. [Текст]: ЖОЖдордун студенттери үчүн окуу куралы. / Б.Апыш, Д.Бабаев, Т.Жоробеков, – Б., 2002. – 348 б.
- Концепция модернизации педагогического образования РФ. [Электронный ресурс] /http://www.myshared.ru/slide/837226/
- Асипова Н.А. Заманбап билим берүү парадигмалары. [Текст]: ЖОЖдордун педагогика багытындагы магистратура, аспирантура жана докторантура деӊгээлиндеги студенттер үчүн окуу куралы. / Н.А. Асипова. – Б.: 2019. – 362-б.
- Рысбаев С.К. Мугалимдин анты. [Текст] / С.К. Рысбаев. // «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы. – Б., 2016. – №15. – 80-б.
- Калдыбаева А.Т. Педагогикалык чеберчиликтин негиздери. [Текст]: Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери жана мектеп мугалимдери учун окуу куралы. / А.Т. Калдыбаева, Н.К. Койлубаева, Т.М. Бектурова, ж.б. – Б., 2019. – 262-б.
- Молдосанов У.Н. Влияние цифровизации страны на систему образования (на примере дистанционных образовательных технологий) / У.Н. Молдосанов // Научные исследования в Кыргызской Республике. – Б., 2019. Т.4. – С. 192-197. [Электронный ресурс] Режим доступа: http://journal.vak.kg/wp-content/uploads/2020/08/St.-Moldosanova.pdf
- Калдыбаев С. Непрерывное образование как условие развития современного общества / С. Калдыбаев // Alatoo Academic Studies. – Бишкек, 2016. – №3. – С. 343-349.
- Сулайманова Р.Т. Компетентностный подход как основа новой парадигмы образования [Текст] / Р.Т. Сулайманова // Alatoo Academic Studies. – Бишкек, 2019. – №4. – С. 41-47.
Комментарийлер