МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТЧҮ ТАЛАПТАР

  • 02.04.2024
  • 0

Мектепте башкы фигура – мугалим. Бүгүнкү билим берүү системасын модернизациялоого мектепте иштеген  89 000 ашык мугалим замандын чакырыгына, билим берүүнү трансформациялоого даярбы?  Заманбап мугалимди калыптандырууга карата коюлган бүгүнкү коомдогу талаптардын бири —  педагогикалык билим берүүнү мындан ары жаңылантуу, модернизациялоо.

МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТЧҮ ТАЛАПТАР

Чечкиндүү кадамдар

Чечкиндүү кадамдарга барып жаткан министр Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагын модернизациялоодо командасы менен күн-түн иштеп, “жети өлчөп, бир кесип баратканы” дайын. Албетте, мындай өзгөрүүлөрдү ишке ашырчу, Чолпонбайдай көкүрөктү тоскоолдуктарга каршы турган фигура – мугалим эмеспи. Эгерде мугалимдин деңгээли өтө начар болсо, албетте, билим берүү системасын өзгөртүү иши сөз менен эле калып калуу коркунучу да жок эмес.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомамбетовдун пикиринде, бүгүнкү күндө мыкты билим берүү системасына жетишкен Түштүк Кореяда башталгыч класстардын мугалими болуш үчүн Жалпы республикалык тест алууда алдыңкы беш пайызга киргендер гана документтерин тапшыра алат. Ал эми Финляндияда алдыңкы 10 %га, Сингапур менен Гонконгдо алдыңкы 30%га киргендер мугалим боло алат.

— Мугалимдерди даярдап жаткан жогорку жана атайын окуу жайларга талапты күчөтүп, чыгарган адистери кийин мектепте жакшы иштей албаса, начар натыйжаларды көрсөтсө, аларга жазалоо чараларын (бюджеттик орундарды азайтуу, рейтингин аныктоодо муну эске алуу, маалымат каражаттарына жарыялоо ж.б.) колдонуу практикасы Англияда, АКШда да бар, ал жакта мындай окуу жайларга бөлүнүүчү гранттар, субсидиялар кыскарат. Демек, программанын өзөктүк багыттарынын бири – мыкты мугалимди даярдоо жана анын дараметин арттыруу, — дейт жетекчи.

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын айтуусу боюнча, 12 жылдык модель — эл аралык билим берүү мейкиндигине шайкеш келген, кесиптик билим берүүгө багытталган, замандын талабын ылайык уюштурула турган система.

— Биз буга чейин да жогорку окуу жайындагы жалпы билим берүү предметтеринин санын кыскартып, кесиптик блоктордогу дисциплиналардын кредитин  көбөйтүү менен сапаттуу адистерди даярдоо маселесинин үстүндө иш алып барып келген элек. Анын натыйжасында, Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылган эксперименталдык окуу пландары ишке киргизилген.  Учурда И.Арабаев атындагы КМУ билим берүүнүн жаңы моделине өтүүдө талап кылынуучу мугалимдердин кесиптик жогорулатуусун, педагогикалык кадрларды кайра даярдоо курстарын уюштуруп берүүгө даяр. Биздин окуу жайдагы  Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан бул багытта атайын иш-чаралар пландаштырылууда, — дейт ректор.

Ал эми ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун ою боюнча, кадрларды билим берүүдөгү жаңы технологиялар, жаңы жетишкендиктер менен трансформациялоого батынып кирип, өнүккөн өлкө куруу үчүн мекенчил сезимдерибизди күчтөндүрүп, Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн кайра даярдалышыбыз, өзгөрүшүбүз керек.

Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо – заманбап мугалимге болгон талап

Ж.Баласагын атындагы КУУнун  И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор  Рахат Сулайманованын айтымында,  жаш муундарды калыптандыруу ишин коомдун талабына ылайык улам жаңылап, жакшыртып туруу маселеси коюлат.

— Ушул жагдайдан алып караганда, билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жакшыртуу эң алгач окутуу жана тарбиялоо процессиндеги негизги феномен болуп саналган мугалимге көз каранды экенин, андыктан бул ишти мугалимдик кесипке даярдоо этабынан баштоо зарылдыгын көрсөтөт. Педагогикалык теория менен практикада мугалимдин адистик деңгээлин жогорулатуу маселеси олуттуу мааниге ээ. Анткени, окуу-тарбия иштеринин сапатын жакшыртуу, биринчи кезекте, педагогикалык чеберчиликти калыптандыруу, ошондой эле болочок мугалимдердин инсандык жана кесиптик компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө көз каранды. Мугалимди даярдоо маселеси жогорку педагогикалык билим берүүнүн калыптануу жана өнүгүүсүндөгү негизги изилдөө предмети болуп эсептелет, — дейт профессор.

Р.Сулайманованын пикиринде, эң биринчи кезекте ал окуучунун эң жакын адамы болуу керек. Анткени — ал мугалим. Ал – жол көрсөтүүчү. Ал жаш адамды алдыга сүрөөчү бирден бир таасирдүү инсан. Андыктан анын эмгеги да баланын көңүлүн өстүрүүгө, жан дүйнөсүн байытууга багытталышы зарыл.

— Л.Н. Толстой: “Жакшы мугалим эки гана сапатка ээ болуусу зарыл – алар: терең билим жана мээримдүү жүрөк” – деп айткан. Азыркы учурда мугалимдин алдына коюлган башкы милдети болуп заманбап маалыматтык технологияларды жана окутуунун эффективдүү методдорун колдонуу менен балдарга жаңы билим алууга, ошондой эле окуучуда маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу менен, аларда кызыгууну, таанып билүүчүлүк жана чыгармачылык ишмердүүлүктү өстүрүү болуп саналат. Башкача айтканда, заманбап мугалим кайсы бир окуу предмети боюнча өзүндө болгон билимди өткөрүп берүү гана эмес, ал балдарга мектептен алган билимди колдонуу менен ойлонууга, ой жүгүртүүгө, өзүнүн пикирин коргой билүүгө жана башкалардын пикирин сыйлоого үйрөтө алуусу керек. Бул ойлорубузду А.Дистервегдин: “Окуучу үчүн мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үйрөнүүчү сабак, эң башкы жандуу үлгү бул — мугалим. Ал – окутуунун жандуу ыкмасы, тарбиялоо принцибинин ишке ашуусунун өзү” экендигин айткан пикири бекемдейт, — дейт директор.

Заманбап мугалимди калыптандырууга карата коюлган бүгүнкү коомдогу талаптар педагогикалык билим берүүнү мындан ары жаңылантуу, модернизациялоо талабын коюуда. Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо – азыркы коомдун талабына жараша мугалимдик кесипке даярдоону жаңылоо, жакшыртуу, жаңылантуу, ага жаңы түс берүү дегенди түшүндүрөт

МУГАЛИМДИ ӨЗГӨРТЧҮ ТАЛАПТАР

Педагогикалык ишмердүүлүктүн маанилүү атрибуту катары мугалимдин социалдык ролу жана кесиптик статусу менен аныкталган анын өзгөчө бийлик жүргүзүү, үстөмдүк кылуу укуктарынын бар экендигин белгилеп кетүү керек. Буга байланыштуу педагогикалык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн антын даярдоо жана аны өз ишмердүүлүгүнө киришүүдө бердирүүнүн зарылдыгын көрсөткөн суроо өз актуалдуулугун бүгүнкү күндө жоготкон жок. Мындай иш-аракет медициналык билим берүү системасында эзелтен бери эле ишке ашырылып келатканы белгилүү.

Мугалим бүгүн окуучулар үчүн негизги маалымат булагы боло албай калгандыгы талашсыз. Бул нерсе мугалимдин кесиптик функцияларын ишке ашыруудагы приоритеттердин алмашуусуна алып келди.

— Анын негизги милдеттеринин бири катары окуучуларга билимди өткөрүп берүү эмес, аларга керектүү маалыматты издөөгө, туура маалыматты иргеп алуу билгичтиктерин калыптандырууга, маалыматтын ишенимдүүлүгүн, алынган билимдин практикада колдоно билүүгө үйрөтүү, башкача айтканда, “үйрөнүүгө үйрөтүү” маселеси актуалдашты десек болот. Мугалимдин башка маалымат булактарынан негизги айырмачылыгы жана өзгөчөлүгү катары анын окуучуларга конкреттүү окуу дисциплинасы боюнча үйрөнүп жаткан объект же кубулуштун манызын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзө алгандыгы, предметтик тармак боюнча системаланган билимдерди калыптандырууга көмөк көрсөтө билгендиги, ыраттуу билим системасына ээ кыла алгандыгы эсептелет жана ал анын артыкчылыгы катары кала берет. Мугалим менен окуучунун өз ара аракеттешүү процессинде маалыматка чогуу ээ болуу гана эмес, окуу предметин биргеликте үйрөнүү дагы ишке ашат, — дейт директор.

Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоонун фактору катары заманбап мугалимге коюлучу талаптар: мугалимдин окуучуга педагогикалык колдоо көрсөтүүгө даярдыгын күчөтүү;  педагогикалык ишмердүүлүктүн этикалык жагдайын ишке ашырууга даярдоо; мугалимдин окуучулар үчүн эффективдүү болгон маалыматтык баалуулук деңгээлин көтөрүү; мугалимдин маанилүү кесиптик сапаттары катары анын эмпатияга жана рефлексияга жөндөмдүүлүгүн арттыруу;  мугалимдин эң маанилүү социалдык функциясы катары маданиятты өткөрүп берүүчүлүк сапаты;  болочок мугалимдин кесиптик педагогикалык ишмердүүлүккө карата чыгармачылык мамилесин калыптандырууга багытталышы; мугалимдин кесиптик жан дүйнөсүнүн анын адамдык сапаттарын максималдуу ачып берилишине көз карандылыгы; мугалимдин инновациялык программаларды, азыркы маалыматтык технологияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багыт алышы; мугалимдин кесиптик жана инсандык жактан өнүгүүсү үчүн анын өзүн-өзү актуалдаштырууга умтулуусу; мугалимдин этнопедагогикалык даярдыгына жана көп улуттуу коомдо жашоого байланыштуу компетенциялардын калыптанышы.

— Коомдун улам өнүгүү шартында улуттук баалуулуктарды унутка калтырбоо, аны көздүн карегиндей сактоо, кийинки муунга педагогикалык улуттук улуу дөөлөттөрдү өткөрүп берүү, өсүп келе жаткан муунда мекенчилдик сезимди уютуу милдети турат. Мунун негизинде мугалимдин этнопедагогикалык даярдыгына өзгөчө талап коюлат. Мугалим үчүн оозеки жана жазуу коммуникациясына ээ болуу компетенциясы абдан маанилүү экендиги күмөн туудурбайт. Бул мугалимдин билим берүү чөйрөсүндөгү эле ийгиликтүүлүгүн эмес, анын жалпы коомдогу эффективдүүлүгүн аныктоочу шарт болуп саналат. Мугалим үчүн окутууну компьютерлештирүүгө байланыштуу маалыматтык технологияларды колдоно билүү маалыматтык ресурстардын начар жана күчтүү жактарын түшүнүү, аларда камтылган материалдарды сынчылдык менен кабыл алуу компетенцияларына ээ болуусу да абдан маанилүү. Болочок мугалимдин коммуникативдик, кесиптик-этикалык, этнопедагогикалык компетенттүүлүктөрүн, технологиялык, психологиялык, аналитикалык, чыгармачыл иш билгилигин, өзүн-өзү актуалдаштыруусун калыптандыруу жана өнүктүрүү аркылуу гана жогорудагы аныкталган талаптарга ылайык келүүгө мүмкүн, — дейт Р.Сулайманова.

Ырас,  алдыда иштер көп. Анан калса түшүнүп-түшүнбөгөн “диван эксперттери” социалдык желелерде коомчулуктун оюн бузган, ирээнжиткен толгон-токой кыйынчылыктар, тоскоолдуктар эмитен эле башталды. Качан гана эң көп армиясы бар билим берүү тармагы “бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып“ бир бүтүндөй ишке киришсек, албетте, келечек үчүн кам көргөн идеянын мөмөсү себилгенден кийин өсүп чыгаары шексиз. Келечек үчүн жасалып жаткан демилгени колдоп алуу, жаңыча көз карашты калыптандыруу, жаңыча ой жүгүртүү, дүйнөлүк билим берүүгө тендешүү ар бирибиздин колубузда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер